Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:36

Базарда өткөн балалык


Жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда балдардын 26% иштейт.

“Бир өлкөнүн келечегин көргүӊ келсе, ошол өлкөнүн жаштарына көз чаптыр” - деген сөз бар. Акыркы учурда Ош шаарынын базарларында араба түртүп, бут кийим аарчып, соода-сатык менен алек болгон, жашы 18ге толо элек жаштардын саны күн санап өсүүдө.

Кара-Суу районунан келген Тимур Баатырбеков кара курсактын айынан окуудан кийин иштөөгө мажбур. Ал Оштогу борбордук базарда араба түртүп иштейт. Эгер акчага муктаждык болбогондо, окуу менен алек болмок.

“Ата-энем айылда жашайт. Жумуш жок, ошондуктан, аларды аяп, сабак бүткөндөн кийин араба сүйрөп иштейм. Башында бир топ кыйын болчу, азыр көнүп деле калдым. Кээде жүк көп болуп, кээде жумушсуз калган кездер болот. Базардын жолу жаман болгондуктан, жүк көп болгондо, арабаны айдоо бир топ кыйынга турат”,- деди Тимур.

Тимурдун бир айлык кирешеси 10 миң сомдун тегерегинде. Тапкан акчасы батирине, тамак-ашына, күнүмдүк чыгашаларына араң жетет. Ал шаарга алгач келгенде жумушсуз да жүргөн.

Араба түртүп иштеген балдар эртеӊ мененден тарта түшкө чейин гана буйрутма ала алышат. Көбүнчө чоӊдордон жумуш артпай каларын белгиледи орто жаштагы Изат Исраилов.

“Азыр балдарга эле эмес, чоӊдорго да жумуш жетишпейт. Мурда көп эле балдар арабакеч болуп иштешчү. Азыр суук түшүп калгандыктан, алар жумушка көп чыкпай жатышат”,- деди И.Исраилов.

Борбордук базарда Тимурга окшогон ондогон балдар араба сүйрөп, бут кийим тазалап, коробка жыйнап, соода кылып иштешет. Булардын арасында өз атын атагысы келбеген 4-класстын окуучусу байпак сатып иштейт. Тапкан акчасын өзүнө жумшайт.

Ал эми 15 жаштагы Ислам Боронбаев күркөдө соода кылат. Мектептен кийин ал апасына жардам берет.

“Убактым сабакка аз болгондуктан, окуум жакшы эмес. Кичинекейимден бери балалыгым базарда өткөндүктөн, досторум менен ойной да алган эмесмин. Азыр да сабакка барганга убакыт жок болуп калат. Мен сабактан 12де чыгып келип, кечки 7ге чейин иштейм. Соода жайдын жарым бөлүгү тосулбагандыктан, кышкысын клеенка менен тоссок да, суукта кыйналабыз.”,- деди Ислам.

Турмушка эрте бышкан балдар

"Азаттыктын" апталык түрмөгү жаштайынан иштеп, акча тапкан балдарга арналды. Аймактардагы кабарчыларыбыз окуучулар жайкы каникулда кантип акча табышат жана алардын укуктары корголуп жатабы деген маселеге кайрылышты.

Ал эми 6-класста окуган Арген аптанын ар жума күнү базарда гезит сатып иштейт. Тапкан кирешесин өзүнүн керектөөсүнө колдонот.

“Негизинен, ата-энем окутат. Алардын жумушу бар. Мен жөн гана өзүмө керектүү буюм алганы иштейм. Күнүнө 300 сомдон табам. Келечекте футболист болгум келет. Кыялдарым үчүн аракет кылам. Бул тапкан акчама футболго бут кийим алам”,- дейт Арген.

Ушул жыл ичинде иштеп жаткан балдарды аныктоо боюнча эмгек инспекциясы прокуратура, өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясы менен биргеликте Ош шаарында эки жолу рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында базарда иштеп жаткан 37 бала аныкталган. Алардын көпчүлүгү аймактардан келгендер.

“Иштеп жүргөн балдардын тек-жайын, дарегин аныктап, алар жөнүндөгү маалыматтарды билим берүү башкармалыктарына жибердик. Бул балдар мектепке тартылып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,- деди балдар эмгеги боюнча инспектор Махмуд Вахапов.

Эмгек кодекси боюнча 18 жашка чейинки балдар оор жумушка иштөөгө, алкоголь ичимдиктерин сатууга, согушка катышууга, сойкулук кылууга тыюу салынат. Бирок, ата-энесинин жана ага жооптуу адамдардын уруксаты менен 14 жаштан баштап жеңил иштерге иштөөгө болот. Бирок жумуш берүүчү менен келишим түзүлүшү керек. Медициналык маалымкат да алуу зарыл. Жашы жете элек балдар жеӊил жумуштарда 4-6 саатка чейин иштөөгө болот. Ошондо да 14 килограммдан ашык көтөрүүгө мүмкүн эмес.

Балдар эмгеги боюнча ата-энелердин түрдүү пикирлери бар. Жамийла апа балдардын чоӊдор катарында иштегенине каршы:

“Оор жумушта иштеген бала ден-соолугу гана эмес психологиялык жактан да жабыр тартуусу мүмкүн. Ал эми ошол иште иштеткен ата-энелер ойлонушпайбы? Өздөрүнө ишенсе гана балалуу болушсун да”,- деп ата-энелерге жоопкерчилик тагат.

Ал ишке тартылган балдардын социалдык абалдарын мамлекет изилдеши керектигин белгилейт:

“Эгер иштеп жаткан бала болсо, мамлекет анын абалын караштырышы керек. Балким ал үй-бүлөнүн жашоо-шарты өтө эле начардыр, баланы иштетпей, окутууга каражаты тартыштыр”,- дейт Жамийла апа.

Ал эми Нургүл Асанова баланы эмгекке тарбиялоодо оор жумушка салбоо керектигин айтат:

“Бала ата-энеге жардам берсе, ал жашоого тыӊ болуп чоӊоет. Бирок, аны окуудан ажыратып, ден-соолугуна зыян тийгизе турган ишти жасатпаш керек”,- дейт Н.Асанова.

Адистердин айтымында, жаштайынан жумушка аралашкан бала айланадагылар менен тез мамиле түзө алат. Балдар психологу Тынчтыкбек Бакытов балдарды мажбурлап жумушка салууга каршы.

"Балдарды эмгекке үйрөткөн жакшы, бирок мажбурлап иштетүү ден соолугуна жана аӊ-сезимине терс таасирин тийгизет. Кээ бир учурларда ата-энелер балдарды өзүнө жардам берүү максатында иштетишет. Бирок базарда иштеп жүргөн учурда бала теңтуштарынын ойноп жүргөнүн көрүп, анда кызгануу жана кемсинүү сезими пайда болот. Ошондуктан, өспүрүмдөр балалыгын түйшүк тартпай өткөрүшү керек”,- деди Тынчтыкбек Бакытов.

Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, балдардын көпчүлүгү айыл чарбасында иштешет. Балдар эмгеги эӊ көп катталган аймактар Ош жана Нарын облустары. Кыргызстандагы балдардын 26%ы эмгекке тартылган.

Макаланын авторлору, медиа-лагердин катышуучулары.
Макаланын авторлору, медиа-лагердин катышуучулары.
Бул макаланы Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы жана «Сорос- Кыргызстан» фондунун жаштар программасынын каржылоосу менен уюштурулган «Медиа түрлөрүн даярдоо аркылуу регионализм маселесин чечүү» деген аталыштагы медиа – лагердин катышуучулары Билим Асанкадыров Нуризат Мирланбек кызы, Дилнура Бактыяр кызы жана Мусулманкул Кочкорбай уулу даярдады. Cүрөттөр да авторлордуку.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG