Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Карысы менен жаш баласын кароосуз калтырбаган жалпы кыргыз эли таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды коюуну колдойбу же каршыбы? Мындай жаңылыкка жаштар менен дин өкүлдөрүнүн мамилеси кандай? Мындай камкордук таштанды балдардын санын чын эле көбөйтүп жибербейби?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды. Талкууга Энелер менен балдарды коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдубалиева жана Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкери БилалидинСайпиев ажы катышты.

“Азаттык”: Сагын айым, Саламаттык сактоо министрлиги "бейби бокс" же таштанды балдарды калтырчу кутуларды төрөт үйлөргө коюу идеясын жарыялагандан бери коомдо ага каршы болгондор да, колдогондор да көп болууда. Министрлик мындай чечимге кийинки кезде ымыркайын талаага, дааратканага, таштандыга таштап кеткендер көбөйгөндөн улам барса керек. Бул эми бейкүнөө балдарды өлүмдөн сактап калуунун бир жолу да, туурабы? Жылына Кыргызстанда канча бала ташталып жатат?

Сагын Абдубалиева: Саламаттык сактоо министрлиги мындай сунушту жылына расмий түрдө 95 бала ташталгандан улам киргизди. Ал эми расмий түрдө каттоого алынбаган балдардын саны канча экендиги белгисиз. Мындай демилгени мындан төрт жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова көтөрүп, ага канча каражат кетерин жана аны ишке ашыруу жолдорун сунуштаган. Министрлик мына ошондон бери бул багытта иш жүргүзүп жаткан. Мындай ыкма адамзаттын тарыхында биринчи кылымда эле пайда болгон жана алар чиркөөлөрдө уюштурулган. Ага аялдардын өз балдарынын жанын ар кандай жолдор менен кыйгандыгы себеп болгон.

“Азаттык”: Билалидин мырза, балдарды калтырып кетчү кутуларды коюу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул идеяны колдойсуңарбы же каршы болуп жатасыздарбы?

Билалидин Сайпиев: Жараткан Алла Таалага чексиз мактоолор болсун. Балдарды кутуларга таштап кетүү биздин адеп-ахлак, намысыбызга таптакыр туура келбеген, элибиздин түшүнө кирбеген көрүнүш. Мунун аты эле айтып тургандай бул батыштын бир долбоору. Кыргызда “Эгерде каракчыларды кырбасаң, калкты кырат”, деген сөз бар. Эгер кыз-келиндерди зынадан тыйбасаң, наристелерди кырат деген сөз бар. Ошон үчүн шариятта Садду зарыя деген хадис бар, ага ылайык бардык нерсени алдын ала иш жүргүзүү керек. Анын мааниси зынага, никесиз иштерге барбагыла деген талапты билдирет. Эгер адам котур болсо анын канын тазаламайынча башкаларга жуга берет. Ошон үчүн мындай иштердин тамырын кыйыш керек.

Ал эми төрөп койгондон кийин энелерге психологиялык же медициналык жардам берүү экинчи маселе. Биз ушундай иштердин болушуна такыр каршыбыз. "Бэби бокс" зынаны жоюунун жолу эмес.
Билалдин Сайпиев

“Азаттык”: Сагын айым, бала ташталчу кутулар бүткүл Кыргызстан боюнча коюлабы же азырынча Бишкекте эле болобу?

Сагын Абдубалиева: Азыркы учурда Европа мамлекеттеринде ушундай кутучалар көп коюлган өлкө Германия жана кутулардын саны 200дөн ашат экен. Азия мамлекеттеринин ичинде 300дөн ашык кутуча Пакистанда иштейт экен. Орусияда Краснодар крайында орнотулуптур. Ал эми бизде кутуларды орнотуу үчүн каражат зарыл. Азыр бир кутунун баасы 6 миң евро болот экен.

“Азаттык”: Билалидин мырза, Орусия жана башка мамлекеттерде орнотулган "бэби бокстардын" маңдайына баласын таштай турган энеге жардам берүүчү психологдун, диний мекемелердин жана өзгөчө учурларда жардам берүүчү кызматтардын телефондору илинип коюлат экен. Алар кыйын абалда турган аял чалса, бекер жардам беришет. Себеби, ал аял кандай күнгө туш келип баласын таштап жатканы белгисиз да. Биздин диний кызматкерлер ушундай жардамдарды берүүгө даярбы?

Билалидин Сайпиев: Эгер балдарды "бэби бокстарга" таштап кетсеңер күнөөлөнбөйсүңөр, мыйзамдык жоопко тартылбайсыңар, камалбайсыңар, эгерде таштандыга же дааратканага таштай турган болсоңор жоопко тартыласыңар деп аябай кызыктырып, биздин элге күтүлбөгөн нерсе сунушталып жатат. Муну менен чоң шарт түзүлүп жатат. Буга биз абдан каршыбыз. Бул балдардын түбү жок, ата-теги белгисиз жана алардын коомго тийгизер кесепети абдан чоң болот. Шарият боюнча мындай балдар никелүү адамдардын жанында экинчи сорттогу адам болуп калат. Ошон үчүн мектептерде ыйман сабактарын киргизип, Кудайды таанытуу керек. Анткени, Кудайды тааныган адам мындай жаман иштерге барбайт. Биз баланы таштоого түрткөн жалпы жаман иштерге каршыбыз. Ал эми төрөп койгондон кийин энелерге психологиялык же медициналык жардам берүү экинчи маселе. Биз ушундай иштердин болушуна такыр каршыбыз. "Бэби бокс" зынаны жоюунун жолу эмес.

“Азаттык”: Сагын айым, Орусияда ушундай кутулар 2011-жылдан баштап орнотулган. Алардын иштешине мыйзамдык негиз түзүү үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, баласын ошол кутуларга таштаган эне кылмыш жазасына тартылбайт деген жобону жазышкан.

Бирок Мамлекеттик Дума аны кабыл алган эмес. Орусиянын балдар омбудсмени Павел Астахов бул балдарды сатууга шарт түзөт деп 2015-жылы кутуларды жабуу арызы менен Башкы прокуратурага кайрылган. Себеби, БУУнун балдар укугун коргоо боюнча комитети 2014-жылы бала төрөлөрү менен ат коюлуп, документтүү болууга укуктуу, ошон үчүн "бэби бокстарды" жоюп, баланы таштоонун себеби менен күрөшүүгө мамлекеттерди чакырган. Мына ушул жагдайдан алып караганда, Кыргызстанда "бэби бокстарды" ачуу мыйзамсыз болуп калбайбы, бул иш боюнча атайын мыйзам даярдалдыбы?

Сагын Абдубалиева: Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта чоң долбоордун үстүндө иштеп жатат. Албетте, кутулар ишке киргизилгенде аябай көп суроолор пайда болот. Баланы кабыл алуу, багуу, эгер кайра алам десе кайтаруунун мыйзамдык жолдору иликтенип жатат.

Жок дегенде өмүрү сакталып калсын деп ушундай кадамга барган жатабыз. Кандай бала болсо да, кимден төрөлгөн бала болсо да, ал жарык дүйнөгө келгенден кийин жашоого укуктуу.
Сагын Абдубалиева

“Азаттык”: Билалидин мырза, баласын таштады дегенде эң ириде эне күнөөлүү деген көз караш биздин коомдо катуу калыптанып калган. Ал эми атанын жоопкерчилиги экинчи планда калат. Баланы жараткандан кийин экөөнүн күнөөсү, жоопкерчилиги бирдей да, туурабы? Мына ушул жагдай тууралуу жума намаз маалында маалыматтар айтылабы? Менимче, атанын жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгы пайда болуп калды го, кандай дейсиз?

Билалидин Сайпиев: Ошондой окуяларды жарата турган жаштар жума намазга барбасын деп тыюу салынып жатат. Бул профилактиканын жоктугун билдирет. Жогорку мектептердин окуучулары жана студенттер бара турган бир сааттык мейманканалардын иштеши, тартип коргоо органдарынын ушундай жерлерге рейд жасап, көзөмөлдүк салбаганы, акушерлер аборт жасап, акча таап жатканы, арактын кеңири сатылганы ушундай көрүнүштөргө шарт түзгөн себептер. Булардын баары ыймансыздыкка түртүп жатат. Ал эми аталардын жоопкерчилигинин төмөндөшүнө кыздардын хижаб кийбей аураттарынын баарын ачып коюп, эркектердин шахыбатын козгоп, зынага түртүп жатат. Анан элибиз “Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” деп айткандай, кыздар ыймандуу болбой жаткандыгы да башкы себеп болуп атат. Ата-энелердин балдарын жаштайынан жоопкерчиликке тарбиялабай жаткандыгы да бир себеп. Никелүү баланы эч ким таштабайт, никесиз төрөлгөн балдар гана ташталып жатат.

“Азаттык”: Никелүүлөр такыр таштабайт деген ойдосузбу?

Билалидин Сайпиев: Никелүүлөр таштаган балдардын саны 0001% гана болушу мүмкүн. Жаңы туулуп ташталган балдардын ата-энелери никесиздер.

Бэйби бокс
Бэйби бокс

“Азаттык”: Жигит ушундай иштерге барбашы үчүн аталык жоопкерчилигин, аң-сезимин көтөрүү зарыл го?

Билалидин Сайпиев: Ал үчүн жума намазга барышы керек. Анан мектептерге ыйман сабагын киргизүү керек. Билим берүү министрлиги ыйман сабагын 10 - 11-класстарга киргизебиз деп талашып атат, 9-классты бүткөн бала ыймандан куржалак калып жатат. Ошон үчүн 7-класстан баштап ыйман сабагын киргизүү керек деп жатабыз. Төрөгөн баласын кутуга таштап кете бер дегендин өзү күкүккө окшоп таштап кете бер деп шарт түзүп берүү. Эгер баласын таштаган киши жоопко тартылбаса, сөзсүз турдө мындай көрүнүштү дагы көбөйтөт.

Сагын Абдубалиева: Биз медициналык кызматкерлер кандай бала болсо да анын өмүрүн сактоого жана ден соолугу үчүн кам көрүүгө милдеттүүбүз. Ошон үчүн жок дегенде өмүрү сакталып калсын деп ушундай кадамга барган жатабыз. Кандай бала болсо да, кимден төрөлгөн бала болсо да, ал жарык дүйнөгө келгенден кийин жашоого укуктуу. Балким ал баладан мамлекетти башкарган мыкты адам чыгаар. Биз таштанды балдардын өмүрүн сактоого, коргоого милдеттүүбүз.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, кутуларды орнотуп коюу бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Бирок, бейкүнөө балдар коомдун камкордугуна муктаж экендигин да эстен чыгарбашыбыз абзел. Мындай көрүнүштү азайтуу үчүн медицина кызматкерлери же дин өкүлдөрү гана эмес, жалпы коомчулук киришип, жаштарга ата-эне болуу жоопкерчилигин кенедейинен мээсине куюп, аң-сезимин тарбиялоо зарыл деген ойдобуз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG