Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстанда 600дөй мектеп жетишпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп тартыштыгына байланыштуу маселени чечүү үчүн өлкө аймагында 600гө жакын мектеп салынышы керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2018-жылдын аягына чейин өлкөдө 78 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Биздин анализ боюнча, 600дөй мектеп курулса, маселе чечилет. Бул боюнча тийиштүү органдардын баарына маалымат бергенбиз.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылып, балдар коңшу айылдарда же жакын жердеги билим уяларына көчүрүлгөн. Айрым кыштактарда турак жайлар мектеп катары пайдаланылып келет. Арасында чатырда окуткандар да бар.

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда мектептер үчүн бюджеттен 16 миллиард сом бөлүнүүдө. Анын 120 миң сому окуу куралдарына жумшалса, калганы айлык акы, ремонт жана башка иштерге сарпталат. (SE)

XS
SM
MD
LG