Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Жалал-Абад: жараксыз мектеп, боз үйдөгү сабак


Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектеп. Ал быйыл да окуучуларды кабыл алат.
Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектеп. Ал быйыл да окуучуларды кабыл алат.

Жалал-Абаддагы 34 мектеп имараттары кооптуу деп табылганына карабай быйыл да 1200дөн ашык окуучуну кабыл алууга даярдалды. Адистер каражат тартыштыгы балдардын өмүрүн тобокелге салып, эски имараттарды окутууга аргасыз кылууда дешет. Токтогулда болсо быйыл башталгыч класстардын окуучулары сабактарын боз үйлөрдө башташат.

Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылындагы башталгыч класстардын 300дөй окуучусу жаңы окуу жылын кайрадан боз үйлөрдө баштайт. Быйыл апрель айында кооптуу имараттан чыгарылган балдар боз үйлөрдө окуй баштаган. Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатыр бербей жатканын айтты.

- Ал мектепте башталгыч класстардын окуучулары окуган имарат эскилиги жетип, урай баштаганда аргасыз сыртка чыгардык. Апрель-май айларында окуучулар айыл өкмөт даярдаган боз үйлөрдө окушту. Эми сентябрь айында да айыл өкмөт башчысы боз үйлөрдү караштырып жатат. Кыш түшкөнгө чейин балдарды боз үйдө окутуп, кышкысын башка корпустарга киргизебиз, - деди ал.

Токтогулдагы боз үйдө окуган балдар.
Токтогулдагы боз үйдө окуган балдар.

Айылдагы Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектептин жаңы имараты 2010-жылы 120 орундуу болуп курулуп, бирок 600дөн ашык окуучуга тартыш болуп калган. Ошол себептүү башталгыч класстын окуучулары 1957-жылы ашар жолу менен курулган эски имаратта окууга аргасыз болушту.

ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов жергиликтүү бийликтен чатыр тууралуу кайрылуу болбогонун билдирди:

- Токтогул районундагы №36 мектептин башталгыч класстар окуган имараты 2016-жылы эле райондук жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылган. Ал жерде боз үйдө окуп жаткан окуучуларга чатыр бөлүп берүү маселеси боюнча жергиликтүү бийликтен бизге кайрылуу келип түшкөн эмес. Эгерде чатыр маселеси болсо биз алып берүүгө даярбыз.

Облус аймагында ушу тапта жалпысынан 34 мектеп имаратын адистер жараксыз деп табышкан. Бирок быйылкы жаңы окуу жылында 1200дөн ашык окуучу кооптуу имараттарда окууга аргасыз болушат. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова кооптуу имараттарда окуган балдар өзгөчө көзөмөлдө экенин белгиледи:

Гүлзат Аширова.
Гүлзат Аширова.

- Кооптуу деп саналган мектептерде билим алган имараттардагы окуучуларда жарандык коргонуу боюнча машыгуулар, окутуулар өтүп жатат. Ошонун негизинде ар кандай кырдаалга окуучуларды даяр кармап турууга аракеттерди көрүп жатабыз. Бирок өтө кыйрап калуу абалындагы коркунучтуу имараттар жок десем болот. Бул тууралуу маселе көтөрүлүп келе жатканы менен мамлекеттин абалын түшүнүп, балдарды ошол жерде окутканга аргасыз болуп жатабыз.

2002-2018-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусундагы мектептердин баарын райондор менен шаарлардагы жарандык коргонуу комиссиялары текшерип, жыйынтыгында 34үнө "жараксыз" деген атайын бүтүм чыгарылган. ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов бул жалпы чечим болгонун эске салды:

Дайырбек Каримов.
Дайырбек Каримов.

- "Жараксыз" деген бүтүмдү ӨКМ жалгыз өзү чыгара албайт. Райондор менен шаарлардын акимдери, мэрлери башчылык кылган жарандык коргонуу комиссиясына биз мүчө катары гана кирип, ошолор текшерүүнүн жыйынтыгы менен гана чечим кабыл алат. Ал чечимди жергиликтүү бийлик аткарууга тийиш болчу. Биз жараксыз мектептер боюнча маселени такай көтөрүп келе жатабыз. Кооптуу имараттарда окуган балдардын өмүрүнө жергиликтүү бийлик жоопкерчилик алат.

Өткөн жумада жаңы окуу жылына карата даярдыктарды талкуулаган облустук коллегиялык жыйын учурунда ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жараксыз деп табылган мектептерге окуучуларды киргизбөө тууралуу чечим кабыл алууну облус жетекчилигине сунуш кылды. Бирок балдарга башка имарат табыш кыйын экенин айткан жергиликтүү бийлик азырынча адистин сунушун колдогон жок жана окуучулар кооптуу имараттарда окуусун уланта беришет.

Жалал-Абадда быйыл жыл аягына чейин алты жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, дагы алты мектептин курулушу көп жылдардан бери токтоп турат. Быйыл ата-энелерден эле мектеп имараттарынын ремонтуна 40 млн. сомдук каражат жыйналган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG