Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:33

Сузакта жараксыз мектепти жашоочулар өздөрү оңдоп жатышат


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар эски мектепти өз каражаттарына оңдоп жатышат. Кокон айылындагы эскилиги жеткен №52-мектепти ата-энелер акча чогултушуп, өздөрү оңдой баштаганын жергиликтүү эл “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, мектеп 1908-жылы салынган. 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 2013-жылы Экотехинспекция билим берүү имаратын жараксыз деп корутунду чыгарган.

Быйыл августта райондук Билим берүү башкармалыгы мектепти жаап, окуучулар коңшу айылга барып окусун деген чечим чыгарган. Бирок ата-энелер буга макул болбой коюшкан. Айыл тургундары 100 миң сом чогултуп, имаратты оңдоого киришти.

Аталган мектепте 400дөн ашуун окуучу билим алып, 27 мугалим сабак берет. (RsK)

XS
SM
MD
LG