Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:59

Ак калпактын алдындагы караңгылык


Иллюстрациялык сүрөт.

Ак калпактуу канча макта бабаңды, Ак калпактын алды бирок караңгы! (Автордон)

Немистин улуу философу Артур Шопенгауэрдин таамай айтканы бар: "Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок". Оо качанкы сөөгү сөпөт болгон Шопенгауэрдин бул айтканы бүгүнкү реалдуу турмушубузда жүзөгө ашып турган кезең. Парламент депутаттарыбыздын саларга кушу, кыларга иши жоктон бетер жакында эле ЖК депутаты Экмат Байпакбаев ("Республика-Ата Журт" фракциясы) тарабынан кыргыздын улуттук баш кийими – калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Минтип эл өкүлдөрү коргоого ала турган башка ыйык маселе жокпу, бизде? Ак калпактын алдындагы караңгылыктан чыккан маселеби бул, же ошончолук эле баш кийимдин мааниси башыбызды жаздыкка тынч жаткырбай, уйкубузду ала турган мааниге ээби?! Ооба, баш кийим ыйык экенинде шек жок. Өзгөчө кыргыз урпагы үчүн баш кийим дегениң төтөн түшүнүк болуп келген эмеспи, эзелтен бери. Ошол эзелтен бери кайкайган калпак, сүлкүлдөгөн суусар тебетей кийсек да, бирок ошол кайкайган калпак, сүлкүлдөгөн суусар тебетей алдындагы бүлкүлдөгөн мээбизди жарамдуу иштеткен калк боло алдыкпы, бүгүн?!

Албетте, ак калпагыбызды улуттук баш кийим катары канча аздектеп кийбейли, канча кастарлабайлы, тек анын мааниси менен шааниси эмнеде?! Кеп калпактын сырткы апакай көрүнүшүндөбү же калпак алдындагы караңгылык каптаган, бүгүнкү күндөгү илим-билим, рухий жакырчылыкка кептелген кейпибиздеби?! Же ошончолук эле баш кийимибиз тебелендиге калганы үчүн парламент депутаттарынын тынчын ала турган көрүнүштөргө көмүлүп калдыкпы?

Арийне, улуттук баш кийим – калпакты мазактагандарды жазага алуу демилгеси мүмкүн былтыр кайсы бир соода борборунда уюшулган шоу-программанын алкагында иттин башына кийгизилген ак калпак окуясынан улам, депутат Байпакбаев, быйыл да ошондой шойкомдуу шоу оюндарына чара көрүү зарыл деп туйгандыр. Аныгында, ак калпакты итке же итке теңебес ача аяктуу адам баласына кийгизип койсо да – экөөнүн айырмасы кайсы?.. Ансыз да ит кылбаган жосунду кылган ак калпактуу кыргыз улутунан чыккан түркөйлөр толуп кетти го!

Чын-чынында бүгүн улуттук баш кийимибиз Байбакпаевдин да, Калпакбаевдин да колдоосуна муктаж эмес. Колдоого муктаж башка маселелер толуп жатат. Маселен, калпактын алдындагы мээбизге шооласын чачаар илим-билим системабыз кыйрап жаткан үчүн эки-үчтөн дипломго ээ болгондор чекеден табылат ко. Мектеп партасында билим алып жаткан келечек муунду өз эне тилинде ою жетик, тили жатык деңгээлде тарбиялап өстүрүү колубуздан келбеген үчүн бүгүн кыргыз тили жардыланып бүттү го!

Кыргыз тилинде таза сүйлөгөн ак калпак элдин урпагын чак түштө чырак менен издеп табуу кыйын. Ооба, ал түгүл Диоген чак түштө чырак көтөрүп Афины шаарын аралап Адам издеген сымал; азыркы күндө кыргыздар жашаган айыл-кыштактарды аралап көргөн болсоңуз, үйүндө китеп турган бүлөлөрдү табуу кыйын! Мектепте окуган балдарынын бирин-экин китебин айтпаганда, үйүндө көркөм адабият көзгө урунган үй-бүлөлөрдү чанда кезиктирүүгө болот! Мына, караңгылык! Анан көңдөй башыбызга кийиз калпак түгүл, алтындан таажы кийип алсак да, улуттук баш кийимибиз эмнебизди көрктөйт?!

Балдарыбыз өз эне тилинде жомок окуп, ыр жаттап чоңойсун деген ата-энелер чанда болгон үчүн бүгүнкү күндө бөбөктөргө арналган "Байчечекей" журналынын тиражы 2,5 миңден ашпаганы эле эмнени айттырат?! Башкасын айтпайлы, ааламга атагы тараган Ч.Айтматовдун китептеринин саны 1 миң тираждан ашпагандан кийин эмнени айтууга болот? Анан кайсы арыбызга улуттук намысыбызды коргойбуз да, кайсы арыбызга Ак калпак күнү менен Эне тил күнүн майрамдайбыз?! Сыягы, бул эки майрамды ойлоп тапкан ашкере улутчулдарга карата ыраматылык Салижан Жигитовдун: "Колунан эч нерсе келбегендер гана патриот болуп чыгат" дегени куп жарашар. Болбосо, Ак калпак күнү менен Эне тил майрамынын мааниси канча?..

Макул, илим-билим жолунан оолак калдык дейли. Ал эми күнүмдүк тириликтеги чындыкка жакын өндүрүш жаатын карайлычы: айыл чарба, мал чарбабыз кандай абалга жетти? Малдын териси менен жүнүн иштете албаганыбыздан улам калпагыбызды да, байпагыбызды да кытайлар өндүрүп берүүдө. Калпак менен байпак өндүрүшүн кытайларга тарттырып ийгенибизге неге намыстанбайбыз да, калпакты бирөөлөр мончого, бирөөлөрү итке кийгизгенине жер сабап, чуу салабыз?..

Агер анык чуу салчу маселеге келсек, ал – улуттук баш кийимде эмес. Анык кокуй башкада. Бүгүнкүдөй кедергисинен кеткен элибиздин социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуудан мурда элдин аң-сезим деңгээлин өстүрүү эң башкы мааниге ээ экендигин аңдай турган кезең келди. Аң-сезими өспөгөн элдин эртеңки келечегин кой, учурдагы – бүгүнкү абалын көрүп атабыз: турмуш-тирлиги тыңыганы деле адам сыягындагы жүрүм-турумдан ажырап, коом жарым-жарты жапайы дуңку сезимде жашаган абалга кептелди!

Атасы кызын зордуктап, бир тууган жатындаш карындашын агасы боозуткан, энеси өз наристесин өз колу менен тындым кылган жапайычылык, зөөкүрчүлүк, түркөйлүк туурасында үрөй учурган жаңылыктар кыргыз коомчулугунда күнү куру эмес айтылып да, жазылып да келет, бирок андан кылмыштуулук токтоп калдыбы?! Жок, тескерисинче, адам оюна келбеген суук кабарларга бышы кулак болуп көнүп бараткандайбыз! Тескерисинче, дене бойду дүркүрөткөн суук кабарды кубалап окуп, бүйрү кызып кулак түрүп тыңшаган массанын саны күндөн күнгө өсүп жаткандай.

Азыркы заманда ашказан азыгынан куру калуу кооптуу эмес, рухий азыктан өксүткөн кооптуу учурду башыбыздан кечирип жатканыбызды моюндай турган кез. Андыктан, улуттук деградацияга кептеген кеселибиз эмнеде – ошого баш оорутуп, ошого убакыт сарптоону ойлонууга тийишпиз.

Андыктан ак калпакты мазактагандарга намыстангандан мурда, ак калпактын алдындагы улуттук аң-сезимибизди аңга тарткан псевдопатриоттордун – ишенчээк элдин ичине дүрбөлөң салган демилгелеринен намыстанып, арыбызга келели.

Анчалык эле Ала-Тоонун символу Ак Калпак боло турган болсо, келгиле, ошол шаңкайган Ала-Тоодой былк этпеген улуулугубуз менен улут болуп калыптаналы! Камгактай жеңил, камгактай калдаңдаган калк болбойлу десек, улуттук баш кийим үчүн удургугандарды ээрчип куру намысчыл болгончо, ар бир кыргыз урпагын илим-билимге чакыралы! Мына ошондо биз дүйнө жүзүн Ак Калпагыбыз менен эле эмес, ошол Ак Калпак алдындагы интеллектуалдык идирек-жөндөмүбүз, илим-билимибиз менен гана таңгалдыра алабыз...

Олжобай ШАКИР

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG