Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Кыргыз саясатындагы "барабан-сурнайлар"


Бишкектеги митингдердин биринен тартылган сүрөт.
Бишкектеги митингдердин биринен тартылган сүрөт.

"Биздеги саясий күрөштөрдүн логикасы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын беттебейт". Алым Токтомушев

Барабанды же сурнайды адам баласы эмне үчүн атам замандан бери колдонуп келет? Бул эки аспаптын тең ичи көңдөй, ичине кебез тыгып сал - сурнайдан да, барабандан да үн чыкпайт.

Биздеги аткаминерлер ошондой. Алар да эмнеге кызматка жеткенден кийин эле көңдөйчөсүнө кебез тыгылган музыкалык аспаптай үн чыгарбас, чындыкты оозанбас болуп калат?

Окумуштуулар барабан менен сурнайдын үнү жаңырганда адамдын каны дүргүп, аны сезимдер гана башкарып каларын айтышат. Ошол себептүү жер каймактагандан бери согуш алдында барабан менен сурнай жаңырып, анан гана аскерлерге кылыч шилтөөгө буйрук берилген чыгаар.

Кыргызстандын чейрек кылымдан ашуун эгемендик жылдарына баам салып көрүңүздөрчү: канча өлкө башчынын, канчалаган оппозициялык күчтөрдүн куру кыйкырык, куу сүрөөнүн эшитпедик? Баарынын кудурети барабан менен сурнайдын диапазонуна куп жарашат. Себеби, бардык музыкалык аспаптардын ичинен ушул экөөндө гана эң кыска диапазон бар.

Эки жолу мамлекеттик төңкөрүш менен бийлик алмашты. Баягы опурулган оппозициядагылар деле бийликтин туу чокусуна жетти. Тилекке каршы, бир кезде өлкөнү дүркүрөтүп өнүктүрүүнүн жолун шардана салган саясатчыларыбыздын кеби да бош барабан, бош сурнайдан бетер элдин канын кызытып, эмоциясын ашырган ишеним-үмүт арттырып келгенден башкага жарабады.

Аныгында, согуш алдындагы барабан менен сурнайдын жаңырыгы аскерлердин канын кызытып, кымгуут болгон согуш талаасына дүүлүктүрүп койгон сымал, эки жолку мамлекеттик төңкөрүш алдындагы саясатчылардын кыйкырык-сүрөөндөрү да караламан калктын эмоциялык сезимдерин ушунчалык чыңаган экен, масса өлүмдөн кайра тартпаган абалга жеткенин 2010-жылкы төңкөрүштө көрдүк.

Музыка арибин тааныгандар жакшы билет: барабан, сурнай эч качан соло аспап болуп бере албайт. Бирок оркестр үчүн бул эки аспап сөзсүз керек. Албетте, азыркы замандагы төрт баскычка чейинки сурнайларды айтпаганда, бул эки аспаптын до, ре, ми, фа, соль, ля, си баскычы жок.

Башка музыкалык аспаптардын баарында диапазон бар, ушул экөөнө гана кенен диапазон касиети буюрган эмес. Кыргыз саясатчыларынын арасында да диапазону кенен саясий ишмер, мамлекеттик ишмерлер жогунан улам, алар караламан калкты камгактай удургутуп жүрүп бүгүнкү абалга келдик. Соло аспаптай жеке номурга жарамдуу реформаторлук өзгөрүүлөрдү жарата турган бир да эл башы чыкпады.

Биздин элдин, биздин коомдун шору эмнеде? Кулакта. Кимдин тили такылдаса, ошого эбедейибиз эзилген элбиз. Радио-телеге, трибунага, аянтка чыгып тилинен чаң чыккандарды кулагы эшитсе эле «ушул саясатчы эл башкарууга жөндөмдүү» деген энөөлүгүбүздөн канча бакырчаакты саясий аренага алып чыктык? Канчалаган бакырчаактар бийликтин мерчемдүү бутагына барып конуп отурган жок?

Арийне, кыргыз саясатчыларынын болгон диапазону ушунчалык кыска экен, алар бир кезде Ала-Тоо аянтында кан какшап сайрачу улуттук, мамлекеттик маселелердин кайсынысын ишке ашырды? Өздөрү кызматка жеткенден кийин көңдөйчөсүнө кебез тыгып таштаган музыкалык аспаптан бетер үн чыгарбай калышарын көрдүк.

Баарынан өкүнүчтүүсү – саясый ансамблде жаңырган үндөрү жасалма (фальш) экенин ажыратып аңдабай калганыбыз.

Албетте, барабан менен сурнайдын саясатчылардан бир айырмачылыгы да, артыкчылыгы да ушул: бул эки аспаптын үнүн күчөткөн да, басаңдаткан да регистр жок. Саясатчыларыбыздын үнүн күчөткөн да, басаңдаткан да регистри – акча, мандат жана кызматтык орун.

Мансапка жетип алганга чейин алар эл атынан сүйлөп, эл атынан кыйкырык-чуу салып турушат. Чын-чынында алардын үнүнө кубат-дем бергендер – сырткы күчтөр. Сырткы күчтөр экенин ар бир шайлоо өнөктүгү кызыган маалда көрүп келатабыз: бири – Орусияга, бири – Казакстанга, – бири АКШга колдоо издеп жетип барганын...

Ошол эле маалда карапайым калың журттан колдоо издегендери аз. Колдоону алар карапайым калктан эмес, сырттан издешет. Бийликке жутунган саясий топторго кайсы сырткы күчтөр «маэстро-дирижёр» болуп, кандай ишарат берип, кайдан башкарып атканы көпчүлүккө белгисиз. Көшөгө артындагы режиссёрго же оркестрлик пульттагы дирижёрлордун ишаратына гана ишенген саясатчылардын арасында сөздүн толук маанисиндеги демократия жараяны эмнеге негизделип, эмнеге таянарын аңдагандары аз болгону үчүн бизде көчө демократиясы гана калыптанып келди.

Ошол себептен бизде жеке бийликтин башкаруусу – акыры барып, орто кылымдагы башкаруу системасына, мүнөзүнө көбүрөөк ыктап баратса да, биз "демократия принцибинде өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарындабыз" деген таризде бөйрөк таянып, кырданып сүйлөгөнгө машпыз.

Чын-чынында демократиялык жол менен өнүгүп кеткен өлкөлөрдүн өрнөгүн үйрөнгөн болсок, позициядагылардын да, оппозициядагылардын да өзүнөн өзү диапазону кеңейип, саясий гармония, саясий ансамбль бирине-бири үндөшүп, өлкөбүздүн келечегин кура турган конструктивдүү күчтөр саясий элитаны эбак түптөмөк.

Ага караламан калк өзү эле маэстро болуп, дирижёрлук кылмак. Мына, ушунун өзү демократиянын арка-бели, түпкү тамыры эмеспи...

Барабан-сурнай саясатчыларыбыздын арасында соло аспап болор бирөөсү жок болгон үчүн куру айкырык, куру сүрөөн күч. Саясий оркестрде кайсы аспапты колго алып, соло номурду кимге беришти билбеген үчүн 2005-жылы Курманбек Бакиевди президенттик такка отургузушту. 2010-жылдагы кандуу окуядан кийинки Убактылуу өкмөттүн курамындагылардын дараметин көрдүк (бу жерде 1,5 гана жыл өлкө башкарган Р.Отунбаеванын жөнү таптакыр башка). 2011-жылы Алмазбек Атамбаевди КРнын президенттигине татыктуу талапкердей сүрөмөлөгөн "саясый элитанын" мурундан алысты көрбөгөнү так бүгүнкү саясый ыйкы-тыйкыларга келип такалды.

Азыр деле мурдагы бийликтин айыбын кийинкиси кайрадан эле жешилген пластинкадан бетер айлантууга аргасыз болуп туру. Тек гана регистри жок, диапазону чектелүү "барабан-сурнайлардын" жаңырыгы күч...

Ооба, биздин куру кыйкырык саясатчылар оркестр курамындагы музыкалык аспаптар сыяктуу жалпы хор үчүн керек. Бирок алар эч качан соло номерге жарабасын 27 жылдан берки саясый тарыхыбыз көрсөтүп койду. Ошол себептен Франциянын өлкө тарыхындагы революция кесепети узак жылдарга созулгандан улам француз жазуучусу Анри де Монтерлан: "Революция көптөгөн мезгилдин башын жутат" десе, америкалык сатирик Уилл Рожерс мындан 1,5 кылым мурда эле: "Бир жолку революция экинчисин удаа жасачу коктейль сыяктуу нерсе" деп кудум эле Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революциясыз революционерлердин төңкөрүшүн алдын-ала айтып койгондой.

Төңкөрүштүн кесепетин көрүп атабыз: жалпы адамзат тарыхында баары кандай болсо, биз дагы ошону кайталап келебиз. Дүйнөдө бир да революция карапайым калкка жыргалчылык алып келген эмес. Революция жыргалы кимдерге буюрган – бул боюнча эндекей бир дагы фактыны политология илиминен да, тарых барактарынан да таба албайсыз. Себеби, күч менен орнотулган бийликтин келечеги азыркы тапта бизде кандай уланып жатса, карт тарыхта да бул нерсе далай кайталанган.

Адам баласынын өнүгүү жолу бир гана эволюция жолун сүйөт. Ал эми "сурнай-барабан" саясатчылар күч менен бийликти алмаштырар революцияны гана эңсейт! Революция даамын ошолор гана татып, ырыскысы ошолорго гана буюрат. Байлыгына туйтунган да ошолор!

Сыягы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы бет тырмалык мындан да катуу ырбайт. Мунун өзү коңулда унчукпай жаткан барабан, сурнай аспабындай куру айкырык, куру сүрөөн салчу саясий топтордун чырагына май тамызат. Алардын үнү да элдин канын дүргүтүп, эмоциялык сезимдерин дүрт жандырып, массаны агрессияга чакырбаса эле болду.

Чакырганда да демократияны бетине карманчу шылуундар шымаланып билектерин түрүнө баштагандыр... Анда эле кайрадан жешилген пластинкалардын үнү жаңырабы же жаңы идея, жаңы көз караштагы саясатчылардын диапазонун эшитебизби?..

Олжобай Шакир, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG