Жээнбеков-Атамбаев: кийинки кадам кандай болот?
Соңку апталарда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти Бакиевдердин жолуна түштү деп ачык оппозицияга өткөнүн жарыялады. Эки саясатчы ортосундагы ачык тиреш өлкөдөгү саясатка кандай таасирин тийгизет? Бул суроого “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издейбиз. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев, “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды