Ал тапта Улуу Британиянын Лорддор палатасынын жыйырма чакты мүчөсү баш прокурор Максат Асаналиев жана мурдагы жогорку чиновникке персоналдуу санкция салууну сунуштап чыкты. Британ лорддору кыргыз аткаминерлерин “Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айыптап жатат. Кыргызстанга соңку чектөөлөр жана персоналдуу санкция тобокелчилигинин таасири кандай болот? Эмне себептен Кыргызстан дал ушундай чараларга туш болууда? Бул суроону “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында бүгүн талкуулайбыз. Программага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, ишкер Тилек Токтогазиев жана журналист, эксперт Кубан Абдымен катышат.
Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
Өткөн аптада Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга бир нече металл кесчү станок, модем сыяктуу байланыш каражатын сатып алууга чектөө киргизди. Европа өлкөлөрү мындай товарларды Кыргызстан сатып алып, Орусияга бериши мүмкүн деп күмөн санап жатат. Кыргыз бийлиги болсо Евробиримдиктин бул чечимин сынга алып, эч негизсиз чектөөгө туш болгонун билдирүүдө.
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 19, 2026Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
Шерине