Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
Жогорку Кеңеште өз арызы менен мандатынан баш тарткан депутаттардын аягы тыйыла элек. БШК узаган апта соңу үч депутаттын мандатынан ажыратты. Алардын арасында соңку жылдары саясатта активдүү жүргөн экс-баш прокурор Курманкул Зулушев, бир ай мурда кызматтан алынган УКМКнын экс-башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев да бар. Парламент мүчөлөрүнүн массалык мандаттан баш тартуусунун аркасында эмне турат? Өткөн апта башында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште эске салган саясий интригага байланышы барбы? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө дал ушул суроолорго жооп издейбиз.
Шерине