Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:58

Египеттин маданият боюнча жогорку органынын китеп чыгаруу маселери боюнча комитети эң аз окуган жана эң көп окуган улуттарды аныктады. Маалыматка ылайык, араб өлкөлөрүнүн жарандары жылына орточо эсеп менен төрттөн бир гана барак окушат. Бул дүйнөдөгү китепке болгон талаптын эң төмөнкү көрсөткүчү болуп саналат. Буга чейинки изилдөөлөрдө Кыргызстан китеп окуу боюнча Африканын, Азиянын арткы өлкөлөрүнө теӊелип калганы айтылып келген.

Статистикалык маалыматтарга караганда араб өлкөлөрүндө жылына 1650 китеп чыкса, АКШда жылына 85 миң жаңы китеп басылып чыгат. Аны калктын санына бөлө келгенде араб өлкөлөрү китепти аз окуй турганы белгилүү болгон.

Түркиянын Стамбул шаарындагы Айдын университетинин мугалими, араб таануучу Инаш Азим изилдөө жыйынтыгынын бир нече себептерине токтолду:

- Биринчиден, Араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө билим берүү системасы жакшы жолго коюлган эмес. Кээ бир адамдар орто мектепти бүткөн менен ЖОЖго өтпөй калат. Кээ бир өлкөлөрдө окуганды, жазганды билбеген сабатсыз адамдар да бар. Экинчи себеп, экономикага байланыштуу. Мында Катар, Бириккен Араб эмираттары сыяктуу бай өлкөлөрдөн башка экономикалык жактан артта калган өлкөлөр бар.

Инаш үчүнчү себеп катары Араб өлкөлөрүндө учурда заманбап технология, медиа каражаттары өнүгүп жатканын, мындан улам адамдар гезит, китеп окууга анчалык деле куштар болбой калганын кошумчалады.

Араб өлкөлөрүнөн билим алып келген Аида Токонова студент кезинен бери бул аймактын китеп окуу жана китеп басып чыгаруу маданиятына көңүл буруп келгенин айтып, өзүнүн байкоолору менен бөлүштү:

- Шам мамлекетине кирген Египет, Ирак, Иорданияда китеп басып чыгаруу өнүккөн. Өткөн кылымдардагы эң биринчи китепканалар да ушул өлкөлөрдө болгон. Ал эми китеп окууга кызыкдарлар тууралуу сөз кыла турган болсок, менин оюмча жашоо-шарты орто өлкөлөр эле китеп окууга кызыкпаса, көбү анча кызыга бербейт экен. Буларда куран китептери көп окулат. Диний китептерди сапаттуу, кооз кылып пландуу түрдө басып чыгарышат. Анан поэзияга көп көңүл бурушарын байкадым. Палестиналык акындар күчтүү келет экен. Акындарга өзгөчө сыйлыктар берилип турат.

Китеп дүкөнү
Китеп дүкөнү

Египеттин изилдөөсүнө ылайык, китеп окуу боюнча АКШ алдыда. Басылган китептердин нускасын калыктын санына карата эсептей келгенде Америка жаранына жылына 11 китеп окууга туура келет. Андан кийинки орунда британиялыктар турат. Алар жылына жети китеп окуйт экен.

Кыргызстанда жагдай кандай?

Бул изилдөөгө Орто Азия өлкөлөрү кирген эмес. Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Кыргызстан учурда китеп окуу рейтинги боюнча 112 мамлекеттин ичинен 97 орунда турарын айтты:

- Бизде азыр Кыргызстанда чыгып жаткан китептердин аталышы көп, бирок, алардын баарын кошкондо нускасы бир кезде жарык көргөн Төлөгөн Касымбековдун "Келкел" романына жетпейт. Ал бир кезде 50- 60 миң нуска менен чыкса керек эле. Азыр чыгып жаткан китептердин нускасы ашып кетсе миңге чамалайт. Биз китеп окуу маданиятын таптакыр талкалап алдык. Азыр басмаканаларда "Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматовдун томдуктары өтпөй турат. Мисалы мамлекеттик жогорку кызматта жүргөн чиновниктерден "Чыңгыз Айтматовдун китептерин окудуң беле?" деп сурап көрчү. Мен аралашып жүрүп жакшы билем, тең жарымы окуган эмес.

Раевдин айтымында, акыркы мониторингдерге ылайык кыргызстандыктар жылына 21 тыйын сарптап, он жети бет китеп окуйт. Ал китептердин көпчүлүгү "Кантип байыса болот?", "Тойдо сүйлөнө турган тосттор" деген сыяктуу китептер экен.

Көчөдө сатылган эски китептер
Көчөдө сатылган эски китептер

Мамлекеттик китеп палатасынын жетекчиси Койчуман Момункуловдун пикиринде, учурда республикада китеп басып чыгарууга караганда аны таратуу бир топ түйшүктүү иш:

- Балдар адабияты боюнча жылына эки жүздөй аталышта китеп чыгат. Башка көркөм адабияттардын саны деле үч жүздүн тегерегинде. Эгер калктын санына карата пайыздап алып карай турган болсок, анда биз такыр эле окубайбыз деген сөз. Эң башкы көйгөй бул: китептин окурмандарга жетпегени. Региондордо такыр эле китеп дүкөн жок. Бишкекте кыргыз тилинде бир гана "Нуска" дүкөнү бар.

Момункулов учурда "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасы Эл аралык уюмдарга республика боюнча отуз үч китеп дүкөн бар деп маалымат берип келгени менен ырасында абал андай эместигин кошумчалады. Мындан сырткары адис кыргыз тилинде чыгып жаткан китептердин нускасы миңден ашпай жатканын кыстарды.

Былтыр ЮНЕСКОнун отчетунда араб өлкөлөрүндөгү 1 миллион кишиге 30 китеп, ал эми европалык 1 миллион кишиге 854 китеп туура келери жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG