Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:32

Калыгул Жунушбековдун "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Ааламдашуу доорун эң мыкты деңгээлде колдонуп жаткан мамлекеттер бар, колдоно албай жаткан мамлекеттер дагы көп. Алардан ичине Кыргызстан да кирет.

Кыргызстандын өнүгүү жолундагы эң негизги факторлорунун бири катары билим берүү системасын алсак болот. Билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн жаңы бир системанын ойлоп табууну кереги жок, канча жылдан бери өнүккөн мамлекеттер иш жүзүндө сыналган системаны колдонуп келе жатышат. Ошол системаны кыргыз элинин каада-салтына, менталитетине ылайыкташтырып алсак болот.

Окуучулар жалпы бир программада окугандын кесепетин көрүп келе жатабыз. Себеби ар бир окуучу ар кандай жөндөмгө ээ. Алберт Эйнштейндин айтканын алсак «Бардык жан акылдуу, бирок бир балыктын бакка чыгуу жөндөмдүүлүгүнө карата бааласак, ал балык бүт өмүрүн акылсыз экенине ишенип жашап өтөт». Окуучуну кызыкпаган сабактарды окутуу менен жашоосун талкалап жатабыз. Анан ошол окуучуларыбыз университетти бүтүрүшсө да мамлекетибизге жакшы кадр болуп бере албай жатышат.

Чет өлкөдө окуп жүргөн ар бир кыргыз жараны кээ бир сабактарда артта калганын сезсе керек. Бул өз башымдан да өткөн. 1-курста экономика сабагынан эч нерсе билбегенимди, башкалар мектепте окуп, эчак эле менден ашып кеткендиги жанымды кейиткен. Алар бир окуса, мен эки жолу окууга мажбур элем.

Мен бул жакта кээ бир мамлекеттин билим берүү системасы менен бөлүшкүм келди. АКШ билим берүү, илимий иштерге бир триллион доллар сарптаган мамлекет жана дүйнөдө эң көп каражат сарптаган өлкө. OECD PISA (Program for international student Assessment) анализинде дүйнөдө 32-орунду ээледи. Математикадан 40-орунда, илим жана окуудан 26-орунда. Бир мектеп окуучусу орточо эсеп менен бир жылда 8,700$ коротсо, бала бакчадан бери 12-класска чейин 120,000$ каржылашат. 25 жаштан жогору адамдардын 86% мектепти, 38% бакалавр, 7,62% мастер, 2,94% докторантурадан окушкан.

Финландия OECD PISA анализдөөсүндө дүйнөдөгү эң мыкты мамлекет табылды. Финландия илимий сабактардан биринчи, математикадан экинчи орунду ээлешти. БУУ Финландияны дуйнөдөгү эң мыкты технология менен жабдылган өлкө аталды. Мындай шартты түзүү каражат маселесине барып такалат, бирок мунун баары убак-убагы менен болду. 100 жыл мурун Орусиянын колониясы эле. Көп ойчулдар айткандай, «өлкөнү өнүктүрүү үчүн руханий күчтүү, таланттуу адамдар башкарыш керек»- дегендей, Финландия да бул факторго таянып, реформа жасады. Эң негизгиси калкын руханий жактан ойготуп, ишеним пайда кылды.

Эмне үчүн Америка Финландиядан алда канча көп акча коротуп, бирок билим жактан андан ашып кете албады?

Финландия OECD уюмунун изилдөөсүндө калктын бири бирине, мамлекетине болгон ишеними дүйнөдө Дания, Норвегиядан кийинки үчүнчү орунду ээледи.

Мектепте ата-эне, окуучу, мугалим үчөө тыгыз байланышта иштешет. Аздан көп формуласын колдонушат. Окуучулар күнүнө беш сааттан ашык окушпайт. Үйгө тапшырма да көп берилбейт. Бир мугалим жылына 600 саат сабак өтөт. Бул дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч. Америкада бир мугалим 1100 саат өтөт. Бир окуучунун жөндөмдүүлүгүн ар тараптан изилдешип, ошого жараша иш алып барат. Теорияны эле окутпастан, практикага көбүрөөк көңүл бурушат.

Мугалим бул жакта эң негизги фактор. Мугалимдик кесип окуучулардын эң көп тапшырган кесиби. Бирок алардын эң мыктылары - 10% эле кабыл алынат. Керек болсо башталгыч класстын мугалимдери магистратурадан билим алуусу талап кылат. Окуучуларын бала кичине кезинен баштап ишке жана 21-кылымдын жараны болууга даярдашат.

Мен Румынияда окуйм. Өз көзүм менен көрүп жүргөн ICHB (Бухарест эл аралык компютер мектеби) жеке менчик мектеби бар. Ал Румыниядагы эң мыкты мектеп катары саналат. Эл аралык, дүйнөлүк олимпиададан алган медалдары жалпы Румыниянын мектептери алган медалдардан көп.

Быйыл Румыния физикадан дүйнөлүк олимпиадада 4 алтын, 1 коло алып Европада биринчи, дүйнөдө бешинчи мамлекет болду. Ушул мектеп өлкөгө 3 алтын алып берди. Жеке менчик компаниялар мамлекеттик компанияларга караганда тез арада ийгиликке жеткендей, жеке менчик мектептер дагы так ошондой. Мындай мектептерге Румыния аябай көмөк көрсөтүшөт. Азыр да башка шаарларга филиалын ачууга мамлекет жардамдашып, 10 жылга чейин ар кандай салыктардан бошотуп, жеңил шарттарды түзүп берүүдө. Бүтүрүүчүлөрү да дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайларга өтүшөт. Бул албетте, Румыниянын келечеги үчүн эң пайдалуу. Румындар бул мектептери менен сыймыктанат.

Кыргызстан жалпы билим берүү системасын кыска убакытта реформа жасап, өнүктүрө албасак дагы жеке менчик мектептерге жеңилдетилген шарттарды түзүп берип, алардын көбөйүшүнө жардам беришибиз керек. Себеби жеке менчик мектептер мамлекеттик мектепке караганда тезирээк ийгиликке жетишет жана сапаттуу билим бере алат. Мындай мектептерге дүйнө мамлекеттери жардамдашат. Американы мисалга алсак, 129 миң мектеп болсо анын 98 миңи мамлекеттик, 30 миндейи жеке менчик мектептер. Европанын көп мамлекетинде бул көрсөткүч 10% жогору.

Кыргызстандын жашоо деңгээли башка өнүккөн өлкөлөргө караганда төмөн болгондуктан көптөр акылдуу, билимдүү балдарын башка жактардагы күчтүү университеттерге жөнөтө албай жатышат. Башка чоң долбоорлорду кийинчерээк куруп алсак болот, бирок билим берүү жаатында, калктын илимдүү, сабаттуу узак жылдар кетет. Мамлекетибиз дагы башка мамлекеттен гранттык орундарды күтпөй, аздан окуучу болсо дагы чет мамлекеттеги күчтүү окуу жайларга каржылап жөнөтүп турса жакшы болмок. Мунун үзүрүн 5-10 жылдан кийин көрө баштамакпыз. Жапония да 2-Дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөгө ачыла баштаганда окуучуларын толук камсыздап, чет жактагы окуу жайларга көп сандап жөнөткөн. Жаратылыш ресурсу жок бул өлкөдө натыйжасы кандай болгонун азыр баарыбыз көрүп турабыз.

Биз мектеп курагына чейинки балдарды туура тарбиялоону дагы үйрөнүшүбүз керек. «Балдарга чоң адамдай мамиле кыл, бирок чоң адамдай жооп күтпө» - дегендей, Америкада жана башка көп жерде өзүм күбө болуп жүрөм. Балдардан жоопкерчиликти аябай талап кылышат. Кичинесинен баштап өз-ара чечим кабыл алууга үйрөтүшөт. Мисалы бир нерсе сатып алып жатса дагы баласынын пикирин сурашат. Европадан дагы ушундайды көрөсүң. Метродо, автобуста ата-энеси баласын отургузуп, улгайган болсо да туруп алышат. «Биз буга чейин отурдук, эми булар отурушсун» - деп. Улуу адамдарга да коомдук транспорттордон орун бошотуп берсең «мен картая элекмин» деп, туура эмес түшүнүшөт. Кызыктай нерселерге туш болосун. Европа, Америкада калктын басымдуу бөлүгү китеп окуп жүргөнүн көп көрөсүң.

Кыргызстанда китеп окуганды унутуп баратабыз. Китеп бир гана окуучу, студентке керектей. Китеп дүкөндөрдүн саны дагы чектелүү, колдун манжасы менен санап койсо болот. Дүйнөлүк классиканы кыргыз тилинде таба албайсын. Бул жаатта да иштешибиз керек.

Келечеги кең, максаты бийик, ыймандуу жаштар да өсүп келе жатат. Мындай жаштардан уучубуз кур эмес. Алдыда көптөгөн ийгиликтер турат! Кыргызстандын келечеги кең!

Калыгул Жунушбеков

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG