Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жеңилгенден кийинки Улуу Үркүндүн азап-тозогун мыкты чагылдырган чыгарма - Касымалы Баялиновдун "Ажар" баяны тууралуу кеп.

Кыргыз эл жазуучусу (1968) Касымалы Баялинов (1902-1979) чыгармачылык өмүрүндө бир топ аңгеме, повесть, романдарды жазды. Анын арасында айтылуу “Көл боюнда” повести, Жети-Суу аймагында совет бийлигинин орношуна арналган “Боордоштор” сындуу романы бар.

А бирок көпчүлүк окурмандарга Касымалы Баялинов (Баялы уулу) 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштөн кийинки Улуу Үркүндө Кытайга качкандардын тагдыры жөнүндө чагылдырган азаптуу “Ажар” баяны аркылуу жакшы тааныш. Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин Үркүн алааматын эскерген урпактары Ажардын эстелигин тургузушту. Жазуучунун өмүрүнүн соңку жылдарында жарыялаган “Кыйын өткөөл” повести да 1916-жылкы алааматка арналган. Калк башына түшкөн мүшкүлдү элестүү тартып берген мыкты чыгармалар кыргыз адабиятында саналуу гана.

Жатаканада жаралган баян

Касымалы Баялинов Ташкен менен Алматыда белгилүү казак жазуучусу Илийас Жансүгүр (Ильяс Жансугуров; 1894-1938) менен чогуу окуп, анын “Ажар” баянынын жазылышына кандай таасир тийгизгени тууралуу минтип эскерген жайы бар.

“Илийас бизден мурда туруп, терезе жакка бет ала олтуруп алып, ооз учунан күбүрөп, бирдеңкелерди кагазга жазаар эле. Чыдай албай бир күнү андан сурай кеттим.

– Агай, күн сайын сиздин үшүнтүп эле жазганыңызды көрүп калам. Эмне мунуңуз?

– Аңгеме, иним.

– Кандай аңгеме? Окуп берсеңиз, угайын.

Эртели-кеч сүйлөшүп, сырдашып, экөөбүздүн көңүлүбүз өтө жакын эле. Өтүнүчүмдү ал четке каккан жок, аңгемесин окуй кетти. Казак байына сатылган бир казак кызынын оор тагдыры жөнүндө жазыптыр. Мага ал ошончолук чоң таасир кылды.

Кызды аяп, өз ичимден терең үшкүрүндүм да ойго баттым:

«Ооба, бизде ушундай адилетсиздиктер азбы? Сакып-Жамалдын да көз жашын көлдөтүп, Айдаркан манап бир байга сатпады беле? Кытайга барганда кыргыз кыздарынын малча сатылганын кантип унутабыз? Баса, – дедим өзүмчө. – Кочкор кыштагында адегенде ашпозчуга, андан барып дунган байына сатылган шордуу Айымжан да бар эмеспи... Алар жөнүндө жазса, мындан да күчтүү болуп чыкпайбы».

Жазуучулук деген асмандан түшпөйт да. Бирөөдөн угуп, бирөөдөн көрүп, бирөөнүн жардамы, таасири аркасында болот тура. Кийин мен «Ажар» аттуу аңгемемди жазуумда Илийастын ошонусу мага чоң себеп болду”.

Дилбаян сынагында жактырылган

Ушуга улай жазуучу болочок чыгармасы алгач ирет кагазга кантип түшкөнүн ошол эле “Кыйын өткөөл” повестинде жазып кеткен.

Институтта окуткан агайы Шамгали Сарыбаев студенттерге бир күнү мындай тапшырма берет:

“Мына эми мугалимдик курсту бүтө жаздап калдыңар. Кимдин кандай окуганын, эмнеге жөндөмдүү экенин биз, мугалимдер, билгибиз келет. Ал үчүн мен бүгүн силерге ойдон жазууну тапшырам. Ким эмнени кааласа, ошону жазсын. Айтор, билгениңерди, көргөнүңөрдү жазгыла...

Бардыгыбыз тең колдорубузга калем, кагазыбызды алып, жазууга кириштик.

«Эмне деп жазсам?» деп ойго батып, жаагымды таянып туруп калдым. Илийас баягыда аңгемесин мага окуп бергенде: «Мен да ушундай бирдеңке жазсам, ээ!» деп эңсегеним бар эмеспи.

Ошол окуя эсиме түшүп: «Жазайын мен да ошондой, кытай жеринде сатылган кыргыз кыздарынын турмушунан...» деп, Ажардын энесинин мүрзөсүнө барып, көз жашын көлдөтүп, ыйлаган жерин жаза кеттим.

Арт жагымда олтурган Илийас да бирдеңкелер жазып бүтүп, ордунан туруп, мугалимге бергенде, мен да бүтүп, жазганымды алып барып бердим. Башкалары да берип жатышат. Мындан эки күндөн соң кайрадан класска жыйналдык. Дөбө болуп алдына коюлган дептерлерди кармалап, мугалимибиз:

– Карактарым, – деди башын көтөрүп, баарыбызга кыдырата көз чаптыра келип, – жазгандарыңарды ынтаа коюп окуп чыктым. Тиешелүү баамды дептериңердин четтерине жазып, кеңешимди да айттым. Окуп көрөрсүңөр. Албетте, а деп жазылган нерсенин бардыгы тең ойдогудай жакшы боло бербейт, кемчиликтер болот. Бара-бара ал жоюлат. Бул иш, албетте, өзүңөрдөн. Ал үчүн көбүрөөк окушуңар, сабаттуу болушуңар керек.

Акыл-насаатын айтып келип, ал дептерлердин ичинен бирөөнү колуна алды.

– Ошондой болсо да айта кетейин: араңарда таланттуу, адабиятка өтө шыктуу адамдар бар көрүнөт. Мына мында, – деди колундагы жаңкы дептерди көрсөтүп, – байга сатылган кыздын оор окуясы жазылыптыр. Казактын төл сөздөрү менен сүрөттөлүп жазылган экен, мага жакты. Өтө кызыгып окуп чыктым. Муну жазган жолдош ушул ишин улатып жаза берсе, келечекте ал жазуучу болуп чыгарында күмөн жок.

– Дептерди кайра столго коюп, экинчисин колуна алды. – Мында да бир кыздын энесинин мүрзөсүнө барганы, мүрзөнү кучактап ыйлаганы жазылыптыр. Жаман эмес. Бул да мага жакты, – дегенде тиги дептер Илийастыкы, мунусу меники экендигин биле коюп, ошондогу кубанганымчы!..”

1928-жылы жарыкка чыккан “Ажардын” кандай жанрга жатары ушу кезге чейин адабиятчылар арасында талаш.

Айрымдар аны аңгеме десе, экинчилери повесть жанрына кошушат.

Карышкыр - жырткыч коом

Чыгарманын сюжети деле жөнөкөй, ата-энесинен ажыраган тестиер кызды Кытайда күйөөгө берип ийишет, атасынан улуу кишилерге кор болгон ал бечара эркиндик эңсеп кыйноодон качып чыгып, ээн талаада карышкырларга жем болот.

Композициянын экспозициясында батып бараткан күн, эски мүрзөгө эрчишип келген үч зайып бандалат. Окурман Ажар менен ушул жерде таанышат. Ажар апасы менен коштошууга келген болчу:

“– Жаным, апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыңда калган жалгызың келип, жалооруп жаныңда олтурат. Жалгызыңдын сөзүн ук, ая! Жалгызың бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач, койнуңду!.. Сенин өлгөнүңө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганың мени бул күнгө түшүрүп, бир жат кишиге сатып кетип, сай-сөөгүмдү сыздатты, зарлантты, муңдантты, мага да өлүм керексинтти.

Бирок сага берген ажалды Кудай мага ыраа көрбөдү. Жасаган ай, мунуң эмне? Анык бар болсоң, мени эмне көрбөдүң? Кантейин, эң болбогондо, теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай, «мейли» деп да коёт элем. Бирок ал, маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды.

Бирок сен, апа, жоксуң... Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасың... – деп, боздоп Ажар ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду...”

“Ажарда” Касымалы Баялинов кыргыз элинин башынан кечирген эң оор, кайгылуу учур - 1916-жылкы Үркүндү нукура реалисттик өң-түстө чагылдырганын, анда символдук белгилер арбындыгын филология илимдерин доктору, профессор Үмүт Култаева мындай сыпаттайт:

- Эки чоң себепти көрсөтсөк болот. Биринчиси, балким, негизгиси, автордун башынан өткөндүгү, өз көзү менен көргөндүгү. Кытай жерине баргандыгы, бүт азап-тозокту башынан кечиргендиги. Экинчиси, жүрөгүнүн тереңинде жаткан арманы, сүйгөн кызына жетпей калышы. Экөө тең тагдыр, баштан өткөн, жүрөк аркылуу болгон окуя болуп атпайбы. Ошондуктан бул чыгарма бүгүн окусаң да тажатпайт. Ушунчалык эмоционалдуу, ишенимдүү, адамды өзүнө оп тартып турган чыгарма.

“Ажар” - адабиятта 1916-жылга коюлган чоң эстелик. Бир кыргыз кызынын аянычтуу тагдыры аркылуу улуттук трагедияны эң сонун деңгээлге жеткире алган. “Ажарды” казып отурса, мындан көп-көп нерселерди табууга болот. Адам укугу, аял укугу бириин артынан бири чубалып чыгат. Мени өзгөчө таң калтырганы - мунун символикалык мааниси. Ажардын колундагы ширенке - анын акыркы далбасасы, жырткычтарга каршы турчу куралы. Карышкыр – падышалык Орусия, бейпил жаткан элге кол салып, жерин басып алган зулум күч. “Ажардагыдай” символикалык белгилерге ээ башка чыгармаларды табыш кыйын.

Дүйнөгө салынган чыйыр

Касымалы Баялинов өзү баштан кечирген оор турмушту алгачкы аңгемелеринде, анан “Ажар” баянында кемелине келтире сүрөттөп берген. Филология илимдеринин доктору, профессор Мурзабек Жумаевдин айтуусунда, чыгарманын көптөгөн чет тилдерге которулушунун бир сыры анда чагылдырылган турмуш чындыгынын ынанымдуу сүрөттөлүшүнө байланыштуу:

- Турмуштук окуяларды чыпкалап алган. Бул чыгарма жазылганда ошол кездеги эң “күйүттүү” окуялардын бири - 1916-жылдын алааматы, анын тагы болчу. Чыгармада сүрөттөлгөн турмуш элдин эсиндеги окуялар менен үн алышып, окурмандарга тез сиңип кетти. Советтер союзу кезинде Маданий алакалардын бүткүл союздук коому (ВОКС – Всесоюзное общество культурных связей) деген болгон. Ошол коомдун аракети менен чех, англис, немис тилдерине которулуп, кыргыз адабиятынын алгачкы үлгүлөрүнүн бири катары дүйнөгө тарап кеткен.

Кыргыз адабиятынын алдыңкы өкүлү катары Касымалы Баялинов дүйнөгө таанылган, улуттук трагедияны мыкты көркөм чеберчиликте тартып бере алган.

Азыркылар электрондук версияны окушат

Кыргыз адабиятында жаралган мыкты чыгарманын электрондук китеби интернетке чыгып, заманбап окурмандардын аны менен таанышуу мүмкүндүгү кеңейди. Китепти филология илимдеринин кандидаты Нурзина Ыйсаева түзгөн. Учурда, дагы башка китептер электрондук нускага көчүрүлүүдө:

- Кыргыз прозасынын башаты дегенде Касымалы Баялиновдун “Ажар” повести да аталат. Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата “Кыйын өткөөл” повестинин негизинде макала жаздым эле. Ал китепти табыш кыйын экен. “Окурмандын китеп текчесине” деген серия түзүлгөн. Касымалы Баялиновдун сейрек китептерин дагы бир ирет окурманга жеткириш үчүн ушул томдукту түздүм. Андан башка да жазуучуларды хронологиялык тартипте түзүп, чыгарып жатабыз.

Касымалы Баялиновдун “Ажары” менен “Кыйын өткөөл” повестинде кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөр, Үркүн трагедиясы жашырылып-жабылбай, нукура реалисттик деңгээлде чагылдырылган. Кыргыз эли башынан кечирген ошол оор алаамат совет бийлиги жаңыдан орношуп, жаш адабият там-туң тура баштаган кезде кыйла ачык, эркин чагылдырылып келсе, 30-жылдардын соңунда күчөп кеткен репрессиядан кийин өзүнөн-өзү токтолуп, бир кыйла жылдар жазылбай калган.

Касымалы Баялинов жаш кезиндеги оор турмушту ошол кездеги коммунисттик идеологиянын жазылган-жазылбаган эреже-талаптарына ылайыктап “Ажар” темасына кийин да кайрылган. “Кыйын өткөөлдүн” үзүндүлөрүн көзү тирүүсүндө “Ала-Тоо” журналына жарыялаган.

Бирок чыгарма толугу менен автору Касымалы Баялинов каза болгондон кийинки 1980-жылы “Мектеп” басмасынан жарыкка чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG