Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Улуу Үркүндүн баяны бүтпөйт...


Үркүн тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмадан алынган кадрлар. Ысык-Көл.
Үркүн тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмадан алынган кадрлар. Ысык-Көл.

Кыргыз элинин тарыхында 1916-жылдагы каргашалуу окуянын болуп өткөнүнө быйыл туптуура 100 жыл болду. Ушул толук бир кылым ичинде Үркүнгө кайрылган чыгармалар кыргыз адабиятында өзүнчө бир салааны түзөт.

Алардын бир даарын окурман журтунун калыӊ катмары жакшы билет, ал эми айрымдары чыгармачыл тар чөйрөгө гана маалым.

Каргашалуу окуянын изи менен эле Үркүн жөнүндө алгач төкмө акындар ырдап чыгышкан. Алардын төл башында Ысак Шайбеков турат. Ал «Кайран эл», «Азган эл» жана «Кайткан эл» деген ырлар циклин жараткан. Ошол үркүн учурунда ооздон-оозго өтүп, элдик кошок иретинде ырдалып, карайлап турган калкка арман менен күйүтүн чыгарууга жалгыз руханий тирек, атургай, жанды алып калар дил азык болгон. Буга Аалы Токомбаевдин эскерүүлөрүн окуганда толук ынанабыз.

Токомбаев өзүнүн автобиографиялык маалымат-баянында Үркүндөн кийинки 1917-19-жылдары түндүк Кыргызстандын бардык жерлерин кыдырып, Ысак Шайбековдун «Кайран эл» деген поэмасын ырдап, кайырчылык кылып, жан сактаганын эскерип өткөн. Болочок жазуучуга бул ыкты Бектурган аттуу кайырчы карыя үйрөткөнүн, ал карыя ээн талаада жамгырда калып, ошондон кийин башын көтөрө албай катуу кеселдеп, көз жумганын, ошондо “ырың сени өлтүрбөйт” деп жанында эш тутар эч кимиси жок балага ушул ырды аманат кылып кеткенин айтат. Демек, “Кайран эл” жөн гана тигинде-мында ырдала койчу ыр эмес, ал элдин азабы менен тозогун, күйүтү менен муң-зарын төккөн жүрөк менен ырдалып, жүрөктөргө жеткен нукура элдик чыгарма болгон. Ошол үчүн бул чыгарма балтыр эти ката элек баланы эки жыл жан сактатканга жараган.

Үркүн темасы кыргыз жазма адабиятынын негизги темасына айланып, алтургай, классикалык чыгармалардын жаралышын шарттап берген. Ооба, нукура классикалык чыгармалар элдик трагедиядан, адамдын жүрөк толтосун жарып чыккан кайгы-касыреттин азабы менен тозогунан жаралат.

Үркүн тууралуу Шайбековдон тышкары Алдаш Молдо «Үркүн», Абылкасым Жутакеев «16-жыл», «Качак турмуш» жана Калык Акиев “Үркүн жыл” деген ырларын жаратышкан. Булардын катарын кийинчерээк табылган Тагай Эмиловдун «Ахвали Кыргызия» деген ыры да толуктайт.

Кызыгы, кыргыз жазма адабиятынын жаңыдан жаралуу жана калыптануу мезгилинде, карлыгач жазуучуларыбыз совет бийлигин даңктап, жаңы заманды барктап жазышы талап кылынып турган учурда, алгач эле сөзгө алынган тема дал ушул 16-жыл темасы болгон. Тагыраак айтсак, ошол 1920-жылдан 1940-жылдарга чейин үркүн темасына кыргыз жазуучулары кайра-кайра кайрылып туруп алышкан. Алсак, Касымалы Баялиновдун “Ажар” повести, Мукай Элебаевдин “Узак жол” романы, Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасы, Аалы Токомбаевдин ыр менен жазылган айтылуу “Кандуу жылдар” романы, “Жараланган жүрөк”, “Мезгил учат” повесттери, Кубанычбек Маликовдун “Азаматтар” повести үркүн темасына түздөн-түз кайрылган чыгармалар. Мына, үркүн темасы кыргыз жазма адабиятынын негизги темасына айланып, алтургай, классикалык чыгармалардын жаралышын шарттап берген. Ооба, нукура классикалык чыгармалар элдик трагедиядан, адамдын жүрөк толтосун жарып чыккан кайгы-касыреттин азабы менен тозогунан жаралат.

Чындыгында да ошондой болду. Совет мезгилинин алгачкы жылдарында жазуучуларыбыз кыргыз элинин кечээ эле болуп өткөн, өздөрү керт башы менен тарткан Үркүндү жазбай коё алышпайт болчу. Үркүндүн үрөй учурган апааты, кыргыз элинин кудайга үнү жеткен зары менен муңу тууралуу совет учурунда да, азыр да жаш муун дал ушул чыгармалар аркылуу билишти.

Үркүн темасы кыргыз адабиятынын тарыхында бир гана согуш учурунда жазылбаптыр. Согуш бүтөрү менен, эл эсин жыйып, турмуш кайра өз нугуна түшүп калган тушта үркүн темасы кайрадан акын-жазуучулардын көңүлүн өзүнө бурган. Муну 1950-жылы Абдрасул Токтомушев жазган "Какшаалдан кат" поэмасы эле айкындап турат. Анда Үркүндө 13 жашында эл менен бирге Кытайга тентип барып, бир табак арпага сатылып, ал жакта калып калган кыргыз кызынын арманы ырга салынган. Бул поэма да кыргыз адабиятынын тарыхында татыктуу орунга ээ классикалык чыгарма. “Какшаалдан кат” менен кайрадан башталган көч андан ары жалаң романдарда уланган. Аларга саресеп салып көрсөк. 1964-жылы Айткулу Убукеевдин «Чыр дөбө» романы, андан соң Казат Акматовдун «Мезгил», Эрнис Турсуновдун «Ата журт» романдары жарык көргөн. Булардын катарында үркүн окуяларына кыйыр түрдө кайрылганы менен, анын адам тагдырына алып келген азабы менен тозогун жеткире баяндаган чыгармалар Муса Мураталиевдин «Мусакундун өмүрү», Түгөлбай Сыдыкбековдун «Жол» жана «Батийна» романдары болду.

1916-жыл туурасында бир катар чыгармалар жазылганы менен, тарыхый чыгарма жазылган жок. Тарых материалдарын архивдерден казып окуп, Үркүндү ачык-айрым жазууга эгемендик мезгилинде гана мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошентип, 1950-жылдан тарта 1990-жылдарга чейин Үркүн окуялары жалаң роман жанрындагы чыгармаларда сүрөттөлүп берилген. Булардын ичинен падышалык бийликтин тушунда солдат болуп келип, кыргыздарды кырганга түздөн-түз катышкан орус солдатынын кийинки тагдырын сүрөттөгөн “Мезгил” романы болду. Анын автору Казат Акматов учурунда падышалык бийликтин камчысын чапкан, бирок кийин совет бийлигинин тушунда кыргыз жерине жаңы заманды орноштурууга чын дили менен кол кабыш кылам деп экинчи жолу келген орус адамынын жеке трагедиясын доордун духу менен эриш-аркак чагылдырып берген. Романда Красинди элдин каны оңой менен кечире койбогонун, тагдырларды талкалап кеткен Үркүндүн изи оңой менен өчпөстүгүн жазуучу чебер баяндаган. Ал эми Эрнис Турсуновдун “Ата журтунда”, А. Убукеевдин “Чыр дөбөсүндө” ошол каргашалуу 16-жыл окуясына өз кедергисин тийгизген кыргыздардын уруу-урууга бөлүнгөн ички саясаты, кыргындын алдын алган, караламан калктын алдында тоодой жоопкерчиликти сезген журт атасынын, улуттук лидердин чыкпагандыгы, дегеле, улуттук биримсиздик тууралуу көркөм ой айтылган.

Ырас, совет мезгилинде 1916-жыл туурасында бир катар чыгармалар жазылганы менен, тарыхый чыгарма жазылган жок. Тарых материалдарын архивдерден казып окуп, Үркүндү ачык-айрым жазууга эгемендик мезгилинде гана мүмкүнчүлүк түзүлдү. Үркүн тууралуу биринчилерден болуп, тарыхый роман жазууга белсенген дале болсо, өзүнүн “Сынган кылычы” менен тарыхый чыгарманын классикалык үлгүсүн жараткан Төлөгөн Касымбеков болду. Анын “Баскын” жана “Кыргын” деген эки тарыхый романы биринин артынан бири жарык көрүп, өз кезинде коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Төлөгөн Касымбеков “Баскында” орус падышачылыгынын баскынчылык саясатын ашкерелесе, ал эми “Кыргын” романында ак падышанын жергиликтүү элди атайын кырып, жерди ээлөө максатын көздөгөн ыплас саясатынын бетин ачууга басым жасаган. Андан кийин 2006-жылы Жумакадыр Эгембердиев элдик көтөрүлүштө хан шайланып, көтөрүлүштүн эң урунттуу учурларында чоң роль ойногон Канат Ыбыке уулу тууралуу “Канат хан” аттуу романын жазды. Андан туптуура үч жылдан кийин, Арслан Койчиев “Мисмилдирик” романын жазып, анда 16-жылдагы канды булоондо жападан жалгыз аман калган кудаян уруусунун акыркы тукуму Мукай деген каармандын 1937-жылдагы репрессияда Үркүндү жаза коём деп атууга кеткенин сүрөттөгөн. Булардын катарын Б. Максүтовдун "Кызыл кыргын, кандуу кармаш" повести, Б. Жакиевдин "Улуу Үркүн" пьесасы, Т. Мадылбаевдин "Күкүнөс" (Феникс) романдары да толуктайт.

Үркүн маселесине, айрыкча, анын 100 жылдыгында жазуучулардын кызыгуусу күч алып, бул тарыхый баасы чиеленишкен, нары татаал, нары опурталдуу Үркүн окуялары кайрадан кызуу сөзгө алынды. Бүгүнкү күндө Үркүндү жазуучулар ар түрдүү кырдан, ар түрдүү позициядан, ар түрдүү тарыхый документтердин негизинде, ар түрдүү тагдырлар аркылуу чагылдырып жатышат. Өткөн 2015-жылдын ичинде эле Үркүндүн жүз жылдыгын утурлай Калкамбай Ашымбаев 16-жылдагы каргашанын чыгышына кызыкдар тарап катары эсер партиясынын жүргүзгөн саясатын ашкерелеген “Азат көчү” романын жазды, Чүй боорундагы кыргыз айылын карателдерден сактап калган кыргыз жигитине турмушка чыккан орус кызы тууралуу Т. Жолдубаевдин "Актоко" повести жарык көрдү. Ошондой эле Сагындык Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн" романы да окурмандардын колуна тийип, үркүн темасына арналган барандуу чыгармалардын катарын толуктады. Ал эми быйыл “Кантсин эл” аттуу ыр түрүндөгү драмасын Элмира Төлөкөва жазды.

16-жылга азыркы акындар да байма-бай кайрылышууда. Акын Атантай Акбаров “Бешик учуп, бешик менен эне учуп, “Бедел” ашуу боздойт дале каректе” десе, акын Акбар Кубанычбеков “Кайран элим, шордуу элим, азаптуу, каның менен алып келдиң азатты” дейт, ал эми жаш акын Зайырбек Ажыматов болсо “Эркиндиктин баасы кандай экенин – элге азыр айтып турат шейиттер” деп, Үркүндүн улуу сабагына баа беришти.

Мына, Үркүн темасында Ысак Шайбеков баштаган көч токтобой уланып келатат. Ооба, ар бир доор, ар бир мезгил, ар бир кийинки муун Үркүнгө өзүнүн баасын берип, анын тарыхый улуу сабагын кийинкилерге жеткире бермекчи. Үркүндүн мындан ары да 150, 200 жылдыктары белгиленет. Үркүн тууралуу, балким, кийинки муундар дүйнөлүк классикага айлана турган улуу чыгармаларды жазышар. Айтор, кандай болсо да, айныгыс бир чындык бар. Ал – Улуу Үркүн баяны бүтпөйт деген кашкайган чындык!

Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу.

XS
SM
MD
LG