Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:02

Кыргызстан

Ажар

Сүрөтчү Туман Жумабаевдин Үркүн сериясынан

Ажар – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. Жазуучу Касымалы Баялиновдун бул чыгармасы 1928-жылы жарык көргөн. Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы.

Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу-түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот.

Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатты. Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар, жоолугу бош ийинине түшүп, жылаң баш, аягында кепич, маасы, өңү саргайыңкы, жүдөңкү, ак жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15—16 чамасында, сенделип, буту араң гана шилтөөгө келип, муңдуу жумшак көз жашы тыйылбай, үшкүрүгү таш жарат. Бул — биздин азыркы сөз баштамакчы болуп олтурган Ажар деген кыз болуп, беркилери — Ажарга жолдош болуп бирге чыккан ошол жердик аялдар. Булар, кедейдин алачыгына окшоп, көп бейиттин четинде турган бир кичирээк мүрзөгө келип токтошту.
Ал Ажардын энесинин мүрзөсү. Ажар мүрзөнү көргөндө, токтоп тура албай, мүрзөнү кучактап, буркурап-боздоп ыйлап жиберди.
— Жаным, апа! —деди Ажар.
Үн жок... Жымжырт...
— Жаным, апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыңда калган жалгызың келип, жалооруп жаныңда олтурат. Жалгызыңдын сөзүн ук, ая! Жалгызың бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач, койнуңду! .. Сенин өлгөнүңө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганың мени бул күнгө түшүрүп, бир жат кишиге сатып кетип, сай-сөөгүмдү сыздатты, зарлантты, муңдантты, мага да өлүм керексинтти. Бирок сага берген ажалды кудай мага ыраа көрбөдү.

Жасаган ай, мунун эмне? Анык бар болсоң, мени эмне көрбөдүң?

Кантейин, эң болбогондо, теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай, «мейли» деп да коёт элем. Бирок ал, маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды.

Бирок сен, апа, жоксуң... Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасың...— деп, боздоп Ажар ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду...

Ажардын ким экендигин окуучуга айта кетелик.
Ажар 16-жылкы үркүндө кытай элине сатылган кыргыз кыздарынын бири. Атасы Айткулу үркүндө окко учкан, энеси Батма кече жакында, кытай жеринде өлдү.

Ажар Айткулунун карыганда көргөн жалгызы болучу. Батманын мурунку балдары токтобой, бардыгы жаш кезинде өлгөн. Батманын боюнан
түшкөн балдары да болгон. Айткулу ага көп аракет кылды. Айылдагы бакшы, молдолорго Батманы көрсөтүп, далай чыгымданды, карызданды, Кашкардан келген азрети аппак кожого да көрсөттү. Ал, Батманын мойнуна тумар тагып, чыныга аят жазып, эзип ичирип, бир топ күнү жаткан. Түн ортосуна чейин исми агзам дубасынан бир нечесин кабаттап окуп чыгып, бир канча ырым-жырымдарын жасаган. Түшүндө Батманы айлантып жүргөн кара чаар, көк жал жолборс менен күрөшүп, кырк чилтен менен сүйлөшүп, көп-көп кереметтер көргөн. Мунун бардыгын мыктап туруп эртеңки чайга олтурганда кожокем Айткулу менен Батмага айткан. Көп кечикпей, арысы эки, бериси бир айдын ичинде Батманын боюна шексиз бир эркек бала бүтүп, анын аман-эсен туулушуна Батманы да,
Айткулуну да ишендирген. Бирок ал үчүн кырк чилтендин тапшырган жумушу деп, бир жылкы кудайы керек экендигин айтып жатып, Айткулунун жалгыз көк чологун алып, кожокем жолго түшкөн. Мындан үч жыл өткөндөн кийин кожосуз, молдосуз, бакшысыз эле Батманын боюна бүтүп, Ажар туулган. Ажар үркүнгө чейин эч бир жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси болуп өстү. Эл үрктү. Чүй боорундагы элдер келип, Коңур-Өлөн, Ала-Башты каптап конушту. Түтүнгө бир кишиден ирет болуп, аскерликке чыксын деп, манаптар буйрук кылышты.
Ал иретке Айткулуну да чыгармакчы болушту. Айткулу андан калмакчы болуп, айыл манабы Сагындын алдына барды.
— Баатыр, мени иретке чыксын деген экенсиз, бирок мен чыга ала турган эмесмин. Үйүмдө мына бул турган чычкандай жалгыз кызымдан башка бүлөм жок. Минтип, ар ким өзү өлбөс камын кылып, журт
бүлүнүп, жоо жакадан алып турган кезде, катын-баламды чыркыратып кайда, кимге таштайм? Мен бара албайм, мени коюңуз, башка бүлөлүү элден жибериңиз. Тиги Алымкулдун ортон колдой эки уулу да барбай калып олтурбайбы? Адилеттик кылып, ошого окшогондордон чыгарыңыз,— деди Айткулу.
— Чык, эшикке, ит! Сен Алымкулга тең келгиң келген экен, ээ! Муну көрбөйсүңбү? ! Сеи ким, Алымкул ким? Муну билесиңби? Эртеңден калбай аттанасың! — деп, Сагын Айткулуну үйүнөн кууп
чыккан.
Алымкул Сагындын жакыны жана байы. Сагын жалаң гана Алымкул эмес, Алымкулга окшогон өзүнө жакын далай бай, манаптын балдарын иретке
чыгарткан жок. Иретке чыккан өңчөй кедейлер, кедейдин балдары.
— Айткулу, аттан!
Эртең мененки алачыктын сыртынан чыккан Сагындын жигитинин ачуулуу үнү Айткулуну уйкусунан ойготту. Айткулу төшөгүнөн шашып турду. Кийинди, белин мыктап курчанды. Куруна күздө бир кап арпа берейин деп, Эдилбай устага жасатып алган айбалтаны кыстарды. Алдына алып, Ажарды бетинен өптү. Ажар жумшак, ичке үнү менен ыйламсырап:
— Атаке, кайда барасың? — деди.
— Садагасы, ыраак барбайм, келем.
Бирок анын үнү каргылданып, жүрөгүндө бир коркунуч бар экендигин билгизет. Ал азыркы кеткен бойдон, кайтып үйүнө келбестей, Ажарды алып эркелетип, бүгүнкүдөй сүйбөстөй, мындан ары Батма менен ойноп-күлүп, өмүр сүрбөстөй жүрөгү элеп-желеп болуп, алып учуп токтолбоду. Эшикке чыгып бара жатып:
— Эл көчүп калса, жүгүңдү көк өгүзгө жүктөп, Ажарды үстүнө мингизип ал. Көчтөн калба. Алда кандай заман болот. Көтмалдыга падышанын
салдаттары келди деген кабар бар, биз ошолорду бет алып кетип бара жатабыз, кайыр, кош! —деди.
— «Алда кандай заман болот» деп, жаман жороону баштабай, койсоңчу. —Батма эрине кайрат айткан болду. Бирок аны да бир коркуу сезими баскан сыяктанды.
Батма эшикке чыгып, күйөөсүн атказды. Айткулу кызыл-тазыл желек кармап, көлдү бет алып, кылкылдап кетип бара жаткан калың элге барып
кошулду.
Айткулунун кеткенине үчүнчү күн болгондо, эл эртең менен бака-шака түшүп, жапырт көчүп калды. Аскерликке кеткен жигиттер да качып келип, айыл-айылына тарады. Айткулу менен бирге кеткен жигиттер да келишти. Бирок Айткулу жок. Айткулуну көрүү ордуна, «Айткулу окко учту» деген суук сөз Батманын кулагына угулду. Батма бакырып ыйлап жиберди. Ажар да ыйлады. Айыл-ападагылар келип:
— Нээти дурус киши эле, шейит болду, жаны жаннатта болсун. Мындай өлүмгө ыйлаган болбойт, ыйлабагыла! —дешип, Батма менен Ажарга кайрат айткан болушту; райымдуу, жылуу жүздөрү менен каршы алып, жер каратпай, аларды көптөн багып ала турган сыяктанышты.
Батма менен Ажардын ыйына кошулуп, экинчи айылда дагы бир ый пайда болду. Айткулуга кошулуп, Көбөгөн абышканын баласы Жапаркул да окко учкан. Бирок ал душман колдуу болбой, өз колдуу болуп
өлгөн. Бул тууралуу сөз укмакчы болушуп, Жапаркул менен бирге барган Кулубайды айылдагы абышка-кемпир, катын-балдар тегеректеп алышты.
— «Беш жүзгө жакын киши элек,— деп сөз баштады Кулубай. — Биз көлгө түшүп, Жел-Тийбестеги Кулумбайдын багына келип токтодук.
Ичибизде беш кана бардеңке, он чакты бараң мылтыгыбыз бар; калгандарынын колунда найза, кылыч, айбалта, союл, чокмор, шалк этме. Кошту ошол жерге түшүрүп, ар кайсы шектүү жерлерге кароолчулар чыгардык. Өзүбүз жаттык. Экинчи күнү эртең менен «казак орус келип калды» деген кабар алып, жапырт атка минип, алардын келе жаткан жолун тостук. Биз бир аз жөнөй түшкөнүбүздө Боз-Бармактын талаасын каптап, жер-сууну бербей, бизди көздөй келе жаткан солдаттар көрүндү. Алардын карааны эки жүздөй киши эле. Биз шашып калдык. Алар бизди тарсылдатып ата башташты. Эки кишибиз окко учту. Биздин мергенчилер да атышкан болушту. Бирок аны солдаттар тоотпой, бизге жакындагандан жакындап, койчо жайылып келе беришти, бизди курчап, айлантып ала турган болушту. Биз кийин чегинип, мурунку багыбызга келдик. Көтөргөн ханыбыз Жакыпбек:
— Ушул жерден аламан койгула. Качканыңар болсо, атып таштайм — деп, жигиттери менен элди камчынын алдына алып кекетти. Бир мезгилде солдаттардан кырктай киши бөлүнүп, биздин келген жолубузду бет алды. Сыягы, биздин жолду буумакчы болсо керек эле. Журт удургуй түштү. «Аламан койгула» — деп кыйкырган хандын үнү чыкты. Кимди
ким көрдү, аламандап кыйкырып, солдаттарды качырып сала бердик. Алар да шашып калды, кайта качышты. Ай, биз оңбойбуз го! Эгерде биз иреттүү, тартиптүү ошол солдаттардай боло турган болсок, биз аларды алып коймокчу элек. Солдаттарга жакындап кирип барганыбызда, бир-эки киши кайта качып жөнөдү. Ал аны көрүп, биз да качтык. Качып бара
жаткан солдаттар кайта бурулуп, тарсылдактын алдына алышты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, туш-тушубуздан ок зуулдап өтүп жатты. Чиркин, жан деген таттуу го, атына ок тийип, кишиси жөө калып, аттуулар менен тең чуркагандар болду; кишисине ок тийип, атынын боорунда сүйрөтүлүп жүргөндөр да болду. Кыскасы, биз боо түшүп калдык. Кийин эсеп
кылсак 72 кишибиз өлгөн экен. Журт кача турган болду. Хан болбой:
— Жакын келсин, эми бир аламан коюп көргүлө!— деп, каарын төгүп туруп алды.
— Жакын келтирип, союлуң менен уруп ала тургандай, сен аларды бөдөнө көрүп турасыңбы? Алар — биз эмес. Алар баштуу, тартиптүү солдат деген болот. Колдорунда биздикиндей союлу жок, мылтыгы
бар, жабдыктуу. Биз аларга тең боло албайбыз. Ушунча кишинии убалына калганың да жетишер,— деп Жапаркул хан менен уруша кетти. Хандын бул кезде каны суюлуп, иштөөгө иш, урушууга киши таппай турган кези эле. Жапаркулду камчы менен жон талаштыра эки-үч курдай чаап жиберди. Мындай кордукка Жапаркул кантип чыдап тура алат?.. Тосуп туруп кайра аны бир чапты. Жапаркулдун камчысы хандын бетине тийип, бетин айрып кетти. «Жеп салды, ат!» деген хандын үнү угулду. Мылтык тарс этти. Карай салсам, Жапаркул жерде сулап жаткан экен. Эл чогулуп калды. Мен түшө калып, Жапаркулдун башын жөлөдүм, ыйлап жибердим...
Журт өлүккө үймөлөктөшүп турган кезде, солдаттардын топту байлап аткан мылтыктарынын үнү чыкты. Арабыздан эки киши аттан кулап,
Жапаркулдун жанына жыгылды. Токтоп тура албадык, качтык... »
Ушинтип Кулубай сөзүн бүтүргөндө, Көбөгөн кемпири экөө боздоп, өксөп ыйлаган. Экинчи айылдагы ый дегенибиздин мааниси ушул болучу.
Эл кымгуут болуп көчүп жөнөдү. Батма бирии-экин жүгүн Айткулу айткан көк өгүзгө жүктөп, Ажарды анын үстүнө мингизип, өзү жетелеп алып, эл менен бирге кетти.
Ар бир айыл манаптарынын өздөрүнчө ылайыкталып жасалган желектери бар. Сагындын желеги ак болучу. Сагын көчтүн алдына келип,
ылайыктуу конуш таап, желекти мыктап жерге сайдыруучу. Арттагы кечтөр желекке келип жыйналып, тарап конушчу. Адашкан бала-бакыралар да желек менен үйлөрүн табыша турган.
Бир күнү көчтө Батманын өгүзү мүдүрүлүп жыгылып кетип, жүгү ооп, үстүнөн Ажар учуп түштү. Батма бакырып барып баласын кучактай калды, анын бактысына Ажардын эти гана ооруп, эч бир жери майып болгону жок. Батма боз ала чаң болуп, аман-эсен ордунан күлүп тура калган баласын көрүп, аябай кубанды.
Ажарга өгүздүн мурунтугун карматып коюп, канча аракет кылса да, жалгыз арта албай койду. Кимге ким карасын, тиги көчтөгүлөр да, бул көчтөгүлөр да Батмага кылчайып карашканы жок. Көчтүн артында
кырчаңгы, арык тору атка эмерегин артып, кемпири жетелеп, өзү атты айдап, таяк таянып, бүкчүңдөп кетип бара жаткан Көбөгөн абышка кездешти.
Батманы башта эле таанычу: Айткулунун өлгөнүн да уккан. Ал токтоп, кемпири экөөлөп жатып, Батманын жүгүн артышып берди. Батма Көбөгөн менен бирге жөнөдү. Бир кезде асынган мылтыктары бар бир топ атчан кишилер булардын жанынан кыя салып өтө беришти. Алардын
бирөөнө барып, Көбөгөн:
— Өлтүр мени, мени да өлтүр! Маңдайыбызга бүткөн жалгыз балабыздан ажыратып, минтип бизди боздоттуң, кудай сени да боздотсун. Катын-балаңдын күнүн көрбөй ач бел, куу жолдо өл!— деп, чылбырына
оролуп, сүйрөлүп калды. Бул — бизге тааныш, Жапаркулду өлтүрткөн Жакыпбек хан. Хан илгери бастырайын десе да Көбөгөн бастыртпады, буркан-шаркан түшүп, кыйкырып, өкүрүп, ыйлап жатып алды.
Жакыпбектин ачуусу келди. Атынан түшүп, абышканын эки колун эки жигитине карматып алып аябай сабады. Шордуу кемпири да абышкасына болуша кетти, атын таштай чуркап, таянып келе
жаткан колундагы сынык ыргай сабоосу менен ханды чаап жиберди. Ал «ханга колу тийди» деп, жигиттери кемпирди да тепкинин алдына алышты.
Жакыпбек жигиттери менен абышка, кемпирди моокуму канганча аябай урду да кылчайбастан, өз жолу менен, жүрүп кете берди. Артынан каргап-
шилеп, боздоп ыйлап абышка, кемпир калышты.
Аларга кошулуп, Батма да ыйлады. Батманы көрүп Ажар да ыйлады.
Күн кечтеди. Көч тарап коно баштады. Эл арасына ызы-чуу түштү, кыйкырык-өкүрүк көбөйдү. Мал-жан көч жоготуп издегендер толуп кетти. Бирок Батма менен Ажарды издеген жан болгону жок. Батма ал
күнү айлын таппай, Көбөгөн менен бирге конуп, эртеси кечке сурамжылап олтуруп, желектен улам өз айлын араң тапты.

Беш-алты күн өттү.

Сагындан кордук көргөн бир топ кедейлер андан белүнүп, башка Тоң болушуна кетмекчи болушуп, сөз байлашты. Алардын ичинде Көбөгөн, Батма, Айткулунун кыйыр тууганы Козубек да бар. Козубекти жана дагы бир жигитти бир топ мал менен түн катырып, бир коктуга качырып
жашырышты. Таң атты. Журт жапырт алачыктарын сыйрып, көчө баштады. Көбөгөндөр көчүшкөнү жок.
Сагындын көчсүн деп жиберген кишисине:
— Түндө бир топ малыбыз жоголуп, эки кишибиз ошону издеп кетишти. Алар келбей, малыбыз табылбай, көчө албайбыз — деп жооп беришти.
Булар, Сагындын көчү шашкелик жерге узагандан кийин каткан малын, кишилерин алдыртып, башка жол менен Тоң болушуна жөнөшөт. Бирок муну куйту Сагын билип калып, бир топ киши менен артынан кууп
жетип, көчтөрүн токтотуп, жүктөрүн түшүрүп, Көбөгөн менен Козубекти баш кылып, бир далайын урат. Ири карасынын бардыгын айдап алып:
— Эми кетчү жагыңарга кеткиле! — деп жооп берет.
Малдан ажырап, шордуу кедейлер жөө кайда, кимге барышмак? «Жаңылдык-жаздык! » — дешип, мойнуна курун
салышып, Сагындын аягына жыгылышты, алдына Козубектин
маңдайына бүткөн жалгыз кер атын тартышты.
Кер ат — жакшы ат болучу. Буга мурда эле Сагындын көзү түшүп, «кедейге мындай аттын эмне кереги бар, мага берсин» — деп, Козубекке нечен курдай киши жиберип, атты алалбай, «ай, сени!» деп, Козубекке тишин кайрап, кекенип жүрө турган. Эми Сакеңдин бактысына жараша иши оңдой берди болуп, кер ат опоңой гана колуна түштү. Сакең атты алып, ачуусу таркап, буларды кайта көчүрттү.
Бир топ күн өттү. Чек арага жетти. Тянь-Шандын Бедел, Бирикти, Көк-Ирим, Ак-Өгүз деген ашууларына бөлүндү. Батманын айылы Ак-Өгүздү ашмакчы болуп, ашууну шыкап келип конушту. Эртеси көчтүн алды
белге чыга берген кезде, күн бүркөлдү, туман түштү, борошолоп кар жаады. Шамал болду. Журт шашты.
Кар аралаш ызгаардуу суук шамал туманга аралашып, аскадан аскага тийип, белдеги бардык карды ойго карай учуруп, көчтү жөнөтпөдү. Ордунан кыбыраган мал-жандын бардыгы тайгаланып, төмөн карай учуп
жатты. Ар кайсы таштын кычыктарында жүнүн жеп, бүрүшүп, маарап турган кой-эчкилер, башын жерге салып, суулугун чайнап, калчылдаган жылкылар; чөгүп жаткан төөлөр, жүгү оогон уйлар; бутун үшүтүп, кан какшаган катын-балдар. Бирок буларга караган киши да жок, ар ким өз жаны менен алек...
Көч арасы да ызы-чуу, күрү-гүү... Кар жаап турат.
Түн түштү. Эл турган-турган жерлерине кийизге, жуурканга оронуп жатышты. Таң атты. Күн мурункудай алай-дүлөй. Малды да, жанды да кар баскан. Карга көмүлгөн малдар араң кыбырап көзгө илинет. Кардын алдында үйдөй болуп, төмпөйүп жаткан жүктүү төөлөр, уйлар көрүнөт. Жамынган кийиз, жууркандары менен бирге тоңуп, сырайып өлүп
жаткан кишилер да көп. Үчүнчү күнү күн ачылды. Туман тарады, шамал
басылды. Аман калган эл эптеп, жөөлөп-жалаңдап отуруп, белди ашты. Батма да аман-эсен Ажары менен бирге ашты.
Туу белге чыга бергенде Батма өлүп жаткан бир жүктүү жылкыны, анын жанынан эки адамдын өлүгүн көрдү. Бул — кемпири менен Көбөгөн абышканын өлүгү болучу.
Журт Турпанга түштү. Тарап, шаар-шаарга кете баштады, Батма, Козубек болуп, Турпанда калышты.
Экөөнүн тең колдорунда малдан түгү жок. Батманын жалгыз көк өгүзү ашууда калган. Козубектин бирин-эки кой-эчкиси да жолдо жоголду. Эми кантишмек?
Турпандык Сабитакундун ат кепесин жумуш кылып бермекчи болуп, Козубек батирге алды. Ал — терезесиз, эшиксиз, үстүндө жарык түшө турган киши баткандай гана тешиги бар, асты жер. Ал ымдашып,
аттын чыласы жыттанат. Айла жок! Эшигине кийиз калап, жерине курумшу, чөп төшөп, Батма болуп киришти.
Күн өттү, ай өттү, кыш түштү, турмуш кыйындады.
Жагууга отун, кийүүгө кийим, жешке тамак керек болду. Бирок аларды кайдан, кимден алмакчы?
Тегерегиндегилер да «өлбө жаным, өлбө!» деп, өздөрүнө окшоп, ач олтурган качкындар.
Турпандыктардан алуу үчүн бир нерсе сатмак керек. Сатмайынча алардан алуу кыйын иш.
II
Кыштын ызгаардуу түнү агарып, таң белгисин бере баштады. Чыгыштан жумуп-ачкан көз сыяктуу жылтылдап, Чолпон жылдыз көтөрүлдү. Берметтей тизилип, көктө жүргөн көп жылдыздар, «биз эми кетебиз, келерки күнгө чейин аман-эсен тургула» дегенсип, бир күлүп, бир жылмайып, дүйнө менен коштошту да, удургуп үркүп алып, батыш жакка
таралды. Көп кечикпей, анын артынан алтын нурга боёлуп, акырын гана козголуп, күн да чыкты.
Дүйнөгө тиричилик кирди. Журт оокатына кам урду. Бирок күн суук. Жер — тушардан кар. Тышка жан чыга албайт. Ажар, Козубектин балдары: Талып, Мурат төшөктө. Козубек эртең менен эле жаман керкисин белине
кыстарып алып, отун издеп кеткен. Кайта элек. Батма, Айша болсо, колдорун жеңине катып, бүрүшүп, калчылдап, балдардын жанында олтурушат. Бардыгынын да кабактары салыңкы, үнсүз, сезсүз,
өлүм кайгысы бар. Бир жактан чыкылдап кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет.
Бир кезде эшикке каланган курумшу кийиз ачылып, кар аралаш суук жел төр жакка согулду. Аркасында көтөргөн азын-оолак отуну бар, бүткөн бою кар, сакал-мурутуна муз тоңуп, Козубек кирди.
— Эртеден кара кечке чейин жүрүр, алып келген отунуң ушул элеби? — деп, Айша эрин жемелей баштады.
— Анан кантейин, керкимди турпандыктар тартып алды. Ушуну башка жерден колум менен жулгулап алдым,— деп Козубек ыйламсырап, төмөн карап, терең үшкүрдү.
Отунду Козубек шашкелик жердеги Кумарык дарыясынын жээгиндеги токойдон алып келүүчү. Бирок кийинки күндөрдө турпандыктар аны коруй
баштап, качкындарды жолотпой койгон. Козубек анысына деле карабай, тозмочуларга көрүнбөй, таң алды менен барып, керкиси менен жаш чырпыктарды кыя-кыя чаап көтөрүп келип жүрө турган. Эми керкиден айрылып, кур кол калды. Керкисиз отун алынбайт да, табылбайт. Отунсуз жашоо кыйын. Үй суук, курсак ач. Сууктун ызгаары жаш балдарга кандай
баткан болсо, чоңдорго да ошондой; чоңдор кандай кыйналса, жаш балдар да ошондой кыйналып жатат.
— Апа, үшүп кеттим — деп, бир кезде ыйламсырап Ажар энесин карады.
— Садагасы, үшүсөң кантейин — деп, Батма муздак колу менен Ажардын жуурканын кумтулаган болду.
Алып келген Козубектин отунун эптеп жагышмакчы болушту эле, эшикке жабылган кийиздин тешиктеринен кирген борошо отту күйдүрбөй, үйдүн
ичин түтүнгө толтурду. Түтүндүн илебине, адамдын демине тамдын, бооруна, жерге, эшикке тоңгон бубак эрип, үйдүн ичин көлдөтүп суу кылды.
Ач жатып калышты. Эртеси Козубек дагы отун издеп, сай жакка кетти. Батма менен Айша да карап жатпай, тамак издешип, турпандыктарды кыдырышты.
Кечке жүрүп, бирөө жарым чака жүгөрү, бирөө бир токоч, бир чыны жүгөрү ун таап кайтышты. Бирок Козубек кечикти. Үйдөгүлөр: «Козубек отун таап келер, от жагарбыз, жылынарбыз, ысык тамак жасап
ичербиз» — деген ойдо эле.
Бир кезде колу-бутун суукка алдырып эшиктен кирген Козубекти алар билбей да калышты. Ал аябай үшүгөн, тили сүйлөөгө келбейт, колу тытылган, айрылган, канаган...
— Ээ, сага эмне болду?
— Отунуң барбы?
— Отуну курусун,— деди жашооруп Козубек,— жер-суунун баары кар, көзгө көрүнгөн, колго-илинген эч нерсе жок. Кардан кылтыйып баштары чыккан чекендилер кездешти, жулгуласам былк этпейт. Кайсы
бир жерден чычырканак, алтыганалар көрүндү; бирок, түгөнүп калсын, жабдыксыз эч бир алына турган эмес. Куру кайттым.
Батма, Айша, балдар болуп ишенгени Козубек эле.
Козубектин «куру кайттым» деген сөзү ийне менен сайгандай жүрөктөрүнө такалды. Жүгөрү унду укканда шилекейи чубуруп, Козубек келгенде тамак жасатып ичмекчи болуп, үмүттөнүп төшөктө жаткан жаш
балдар кыңкыстап ыйлай баштады. Айшанын кичи баласы Мурат ыйламсырап:
— Апа! — деди.
— Айланайын, эмне дейсиң?
— Курсагым ачты...
— Меники да тоңуп кетти, ичим ысып баратат.
Айшанын эки баласы тең өңгүрөп ыйлап жиберишти. Ажарда араң турду эле, аларга кошулуп ал да ыйлады...
Козубектин куру кайтканын көрүп, Батма эбак эле эшикке чыгып кеткен. Ал бир боо куурай көтөрүп кирип келди, үй ичине шаттык-кубаныч, жаңылык кирди.
— Муну кожоюндун катынынан жалынып-жалбарып жатып, араң сурап алдым. Акысына кир жууп бермекчи болдум,— деди Батма.
Куурайдын жартысын, унду эртеңкиге калтырышып, жүгөрүнү кууруп жешти. Мурат андан көп жеп коюп, ичи көөп, эртеси ичи өтүп ооруп калды.
Батма да кожоюнунун кирин жууп, бир күн кечке тышта болуп ооруга чалдыкты. Турмуш кыйындады.
Бир үйдө эки оорулуу болду.
Батманын оорусу күчөдү. Төшөктөн тура албай калды. Бүткөн бою ысып тердеп, кыңкыстап, онтолоп таң атканча жөөлүп чыгат. Эки сөзүнүн биринде айтканы — Ажар.
— Жалгызым... кызым... сен кантесиң?.. Келчи мага!.. Окко учту... Айткул ай!.. Кайдасың?.. Ажарды алчы... алчы!.. Үшүдүңбү?.. Кууруп берейинби?..
Ажарда жан жок. Жүрөгү элеп-желеп болуп, алып учуп, бир нерсе сезгендей, билгендей болот. Энесин кучактагысы, ыйлагысы, сүйгүсү келет.
— Теңир ай, мен сыяктуу жетимдин тилегин кабыл кылып, жарыктык апамдын алтын жанын аман кыла көр! — деп, көз кылгыртып, Ажар күн-түн энесинин кашында. Бирок шордуу Ажардын тилеги кабыл
болбоду. Батма тилден калды. Ажар ыйлап, энесинин
башын кучактап:
— Апа, жаным апа! Ойгонсоң, көзүңдү ачсаң... мени карачы, мен кантем? Менин күнүм эмне болот? Бир ооз бирдеме десең? — деди.
Батма көзүн акырын ачып, Ажарды карап, бир нерсе айтмакчы болуп: «А-а-жар» — деди. Бирок тили күрмөлүүгө келбеди. Сөзү токтолду. Көкүрөгүн көтөрүп, эң соңгу демин алды. Жан берди...
Ажар апакелеп, боздоп ыйлады. Анын көз жашын көрүп, муңдуу үнүн угуп, келген качкын кыргыздардын баары да ыйлашты. Козубек Айша
менен Ажарды ээрчитип, дагы эки-үч киши менен өлүктү жогоруда айтылган көп бейиттин жанына коюп кайтты.
Эми Ажар толук жетим. Ажарда ата да, эне да жок.
Ажар турмуш туткуну, турмуш кулу. Ажарга көрүнгөн ээ, көрүнгөн бий.
Март айы жаңырды. Жаз чыкты, сөөк жукарды.
Качкын элдер бирин-эки малын, буюмдарын сатып, кыштан эптеп чыгышты. Эми кара баштарынан башка эчтемелери калбай калды. Тамак издеп, туш-туш жакка тентип кете башташты. Басууга да, арийне курсактын тогу,(кийимдин бүтүнү керек го, кийим дегенден буларда эч нерсе жок. Үстүлөрүндө тынччылыкта жасатып кийген эле кийимдери. Алары да жазгы койдун жүнүндөй самсаалап, тамтыктары кетип, жыртылган. Жол боюнда ак шишик болуп өлүп жаткан кыргыздар:
ыңгыранып, кынжыйып, арыгынан баса албай келе жаткан катын-балдар. Колдон-колго өтүп, сатылып жаткан кыргыздын кыздары, балдары. Баасы—бир кап жүгөрү. Оо, дүйнө ай! Ал күнкү окуялар кайсы кыргыздын баласынын оюнан кете коёр экен?
Талыптын оорусу да күчөдү. Бүткөн боюн ак шишик алды. Марттын орто ченинде ал да өлдү.
Мүрзөлүк жерди сатып ал деп, турпандыктар өлүктү Батманын жанына койдурушпады. Сатып алууга Козубекке пул кайда? Ичээр-жээрге жок, өздөрү өлүм алдында олтурушат. Жанга көрүнбөй, таң алды менен
барып, бир тамдын бооруна өлүктү көөмп, Козубек кайтты.
Элдин бир сыпырасы жөөлөп-жаландап, Какшаалдагы кыргыздарга кетмекчи болушту. Козубек да кетмекчи болду. Бирок Козубекти Сабитакун көчүрбөдү. Кыштан берки болбогон жалган чыгымын
айтып, берген бир чымчым чайы, бир ичим көжөсү болсо да доолады. Козубек анын бутуна жыгылды, жалынды, жалбарды. Акысы болсо да, кечип коюшун сурады. Ага Сабитакун болгон жок. Райымсыз ажары
менен каарын төктү. Коркутту. Бербесе, шаңыяга (болушуна) билгизип, набакка солоторун уктурду.
Козубек кыйналды-кысталды, эмне кыларын билбеди. Жашыган санаалуу ою алып учуп, тоо-ташка урунду.
— Ээ, катын!
— Эмне?
— Курсактын ачынан да Сабитакундуку өтүп кетти, кандай кылабыз?
— Мен кайдан билейин?
— Ажарды ага сатсак кантет? Сат деп жатат.
— Койчу?
Айша секирип кетти. Батманын өлөрүндө Ажарды тапшырып, айтып кеткен керээзи эсине түшүп, эрине бир нерсе айтмакчы болду эле, эшиктен келе жаткан буттун табышы угулду.
— Акырын, укпасын, келе жатат! — деди Козубек.
Бул табыш — Ажардыкы.
Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жуумал өңүн көрүп, Сабитакун мурунтан эле кызыгып жүрө турган. Анын бардык ою иш кылып Ажарды колуна алууда.
Сабитакун ал тилегине жетти. Ажарды алды. Ажарга баалап, Козубекке бир эшек, үч зээр акча, бир пуд жүгөрү ун берди. Андан калганын доолаган акысы үчүн чегерди, Козубек Какшаалга көчүп кетти.
Эң обол Ажар чочуркап, ичкен-жегени аш болбой, анын үстүнө ата-энесин сагынып жүдөп кетти. Бирок кийинчерээк, Сабитакундун үй ичи менен таанышып, үйүр алышып, оңолуп, өңүнө кирди, каткан чери тарап,
капасы, муну жазылайын, унутулайын деди.
Бир жыл өттү. Ажар толду. 15 ке чыкты. Ажар десе Ажар дегендей эки бети алмадай болуп, кара көзү балбылдап, көргөн жанды эриксиз өзүнө тарта турган болду.
Сабитакундун тамыры турпандык Чыр деген бир бай дунган бар эле. Сабитакунга ал коңшу туручу.
Ажарды ал эки-үч курдай көрүп, бир күнү Сабитакунга келди. Ажардын түбү-жайы менен жакшылап таанышты.
— Бир олжоң экен, досум. Ажарды мага бер. Бул үчүн эмне алам десең да, мына мен даярмын,— деди Чыр.
— Досум, сенден мен эмне алмак элем? Колумдан чыккан чыгымдарымды төлөсөң гана болгону,— деди Сабитакун.
Чыгымга келгенде, Сабитакун эшегин ат кылып, унун күмүш акча кылып көрсөттү. Андан Чыр качканы жок. Шагыраган накта алтымыш зээр акчаны ага санап берди, Ажарды алды. Ажарды алгандагы анын ою —
карыганда Ажарга үйлөнүү. Ошентип, аны кучактамакчы, сүймөкчү, өмүр кызыгын көрмөкчү.
Чырдын мындай суук кабарын уккандан кийин Ажар ошол жердик эки-үч катын менен энесинин мүрзөсүнө барып, капкайдагы бук болгон ичтеги
арманын, муң-зарын айтып ыйлаганын аңгеменин баш жагында айткан болучубуз.
III
Той болду. Журт тарады. Түн кирди. Ажарга күчтөп нике кыйылды. Катындар анын ыйына, жашына карабастан, нике кыйылган бөлмө үйдөн боздотуп, сүйрөп алып келишип, күйөө-кызга дайындалган экинчи бөлмө үйгө киргизишти, күчтөп кийимин чечишип, төшөккө жаткызышты. Ажар жуурканды чүмкөнүп, шолоктоп ыйлады.
— Жасаган ай! Мени мынча кор кылып эмне жараттын? Чынын менен эле мени ушуга туш кыласыңбы? — деди Ажар.
Көз жашы мөлт-мөлт этип, жаздыгына тамчылай түштү...
Күлүк ой, узун санаа, түпсүз кыял Ажарды курчап алды. Ажар алда кайда кетти. Жазгы өсүмдүктөй гүлүн ачкан мурунку жаш өмүрү, атыр жыттуу Ала-Тоосу, бал татыган тунук булак, өзөн суусу, ээн-эркин жашаган эли-журту Ажардын көз алдына келип элестеди.
Артыкча көзүнүн агы менен тең айланып, атка минсе алдынан, үйдө олтурса жанынан чыгарбаган ардактуу атасы — Айткулу, курсагын ачырбай, ийнин тоздурбай сылап баккан энеси — Батма Ажардын
оюнан чыкпайт. Кыз балага эне жакын го, атасынан да энесин эстегенде, анын көз жашы тыйылбайт. 12 ай көтөрүп, омурткасы сыздап, ак сүтүн берип, азап көрүп баккан байкуш Батма да Ажарды көптүн балдарындай кылып баккан жок эле. Ажар биртике үйдө жок боло калса, «жалгызым, кайда кетти?» деп, жаны калучу эмес. Ошентип баккан бирөөнүн кирдүү
кол тийгис жалгызы бүгүнкү күндө жетим болуп, малга сатылып, колдон-колго өтүп, жандын кору болуп, жат кишинин колунда, туткунда жатат. Ай,
райымсыз жетимдик ай! Жетимдик кимди ыйлатпаган, кимди кууратпаган!
Эшик кычырай калса, «ошо го» деген кыял Ажарда.
Бирок «ошону» менен Ажар кантип бир төшөктө жатмак, кантип бирге өмүр сүрмөк? Ал өмүрдүн келечекте турмушта кандай пайдасы, кандай зыяны болмок? Бул маселе Ажарга чечилбеген караңгы маселе. Ошондо да Ажар эрдүү-катындуу адамдардын өткөргөн турмуштары жөнүндө төмөнкүнү билет: ал кезде Ажардын ондогу кези. Айлындагы бизге тааныш Алымкул байдын эки катыны болгон. Токолу — Айганыш. Айганыштын турмушу эң жаман, мындайча айтканда, итке эле берсин дээрлик. Отун алган, суу куйган, кир жууган, козу байлап, кой сааган —
Айганыш. Бул гана эмес, башынан байбиченин таягы да кетүчү эмес.
Муну ойлогондо Ажардын жүрөгү ийне менен сайгандай тыз дей түшөт. Анткени — бүгүнкү боло турган күйөөсүнүн да бир эмес, эки катыны бар. Ажар үчүнчүсү. Ажар, ошондуктан, өзүн Айганышка теңеди, Айганыш болду. Айганыш сыяктуу жаш өмүрү турмуш тепкисинде жүрүп өтөрүнө көзү жетти. Ажардын дагы бир билгени Буурабай 15 жашар кызы Саараканды күнү үстүнө — Кожомкул байга бермекчи болот. Кыз көнбөй акыры кедей Сатаркул менен шаарга качып кирип кетет. Кайтып кийинки
жылы күйөесү менен Сааракан атасыныкына төркүлөп келгенде, Ажар аны көргөн. Ошондогу экөөнүн бири-бирин сыйлашканы, бирге олтурса, жанаша чыккан гүлдөй болуп, окшошуп жарашканы Ажарды таң
калтырган. Бирок ал кезде Айганыш менен Саараканды салыштырып сынай турган, эки турмуштук бирөөнү өзүнө шайлай турган Ажарда кудурет жок эле. Ажар ал кезде экинчи дүйнөдө болучу.
Турмуш жөнүндөгү Ажардын бар билими ушул.
Бирок бөтөн журттун колундагы аялдардын турмушу кандай болуп, күн кечери Ажарга белгисиз. Алардын тили, үрп-адаты Ажарга жат нерсе. Ажар бул сыяктуу журтту биринчи гана көрүп олтурат. Андай болсо,
Ажарга кантмек керек? Сааракан сыяктуу өзүнүн теңин таап, бирөө менен качмак керекпи? Качканда ким менен качмакчы? Кимди издемекчи? Азыркы саатта ак көңүл, адал ниет, эр жүрөк жаш жигит Ажарга кайдан табылат? Ажар бактысыз. Ажар турмуш кулу. Эмесе, ал, күнү үстүнө бармакчы, үчтүн бири болмокчу.
Бир кезде эшик кычырап, ачылгандай болду. Ал жактан делдек таноо, кара чаар, көзү кылмыйып уясына кирген, ээгинде сербейген буурул сакалы бар, жашы 50—55 тер чамасында, эң сүйкүмсүз бир киши
көрүндү. Бул биздин күйөө — Чыр.
Ажар чочуп кетти. Жүрөгү туйлай баштады. Бүткөн боюна калтырак кирди. Анын басканы, дем алганы Ажардын кулагына угулду. Жакындай баштады.
Бүркүттүн бутуна окшоп, арбайган кол келип жуурканга жармашты. Чарымдай катуу, муздак дене жылып төшөккө кирди. Ажар жыйрылды, качмакчы, бакырмакчы болду, бирок алы кетти, үнү бүттү, дени
өлдү. Колу-буту кыбыроого келбей барып, суук дененин кучагына кирди. Ал жулмалады, кучактады, бооруна кысты... чоп-чоп эткен үн чыкты...
Алты ай өттү. Чырдын сонуну таркады. Мурун Ажарга үзүлүп түшүп, Ажарды кысып-кысып сүйүп, күн сайын койнунда боло турган болсо, азыр
жумасында бир, болбосо жок. Чырдын эки катыны да Ажардын кырына чыгып, жакшылык көрсөтүшпөдү. Ажарды таманга чаап, жумушка салышты. Күл чыгарган, чай койгон, от жаккан ким? Ажар. Ажарга ал
да аздык кылды. Байбичелердин таягы да тие баштады.
Ажар жүдөдү, арыктады, өчтү...
Соңку кездерде алардын көрсөткөн кордугу айтып бүтүргүсүз Ажардын жанына батты. Ажарга өлүүдөн, болбосо тентип, бир жакка кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды.

Майдын аяк кези. Түн... Асман ачык... Мончоктой тизилип көк деңизинде сүзүп жүргөн сансыз жылдыздар бир-бирине ым кагышып жымыңдашат.
Жаратылыш койнундагы нерселердин бардыгы да көшүлүңкү тартып, май айынын түнкү коңур, салкын абасына батып, жай алып, таттуу уйкуга бастырылган.
Бирок кыбыладан жумшак жел согуп, өсүмдүктөрдүн жазгы жаш жалбырактарын кыймылдатып, желбиретип турат. Алыста ышкырып, «айтаттаган» күзөтчүлөрдүн үнү угулат.
Акырын басып, Чырдын дарбазасынан Ажар чыкты.
Ажарда өң жок, жүдөгөн, узун кара чачы чубалып аркасында. Элең-селең этип кылчактап ал арт жагын карайт, жүгүрөт, шашат... Ажар чуркап отуруп, энесинин мүрзөсүнө келди. Мүрзөнү кучактады. Капкайдагы бук болгон ичтеги арманын көз жашы менен айтып, буркурап, боздоп, энесинин мүрзөсү менен коштошту. Түбөлүк таттуу уйкуда жаткан
Батманын өлүгү да алыска сапар кетип бара жаткан жетимин аягандай болду, күңгүрөндү. ..
Ажар Какшаалды бет алды. Себеби: Какшаалда турган кыргыздар бар экендигин уккан. Какшаал Турпандын кайсы жагында нече күнчүлүк жер
экендигин да ал жакшы билет. Ажар иши кылып ошол кыргыз элине барып, башын жашырып, Чырдан кутулмакчы.
Ажар чуркап жүрүп олтуруп, таң сүрүүгө жакын калганда, бир калың чычырканактуу токойго келип бекинди. Токой ичиндеги майышкан жаш чөптөр Ажарды аягандай болду; шоодурап, баштарын кыймылдатып, Ажардын кайгысына тең орток боло тургандай, качкан жоосунан кутказып, ээн-эркин өз жолуна сала тургансыды. Буралган көк жашыл сабактары, жаш жалбырактары менен Ажарды жашырды, койнуна алды.
Күн чыкты. Түнү бою тилден калгандай үнсүз жаткан токой ичиндеги барлык нерселер эртеңки күндүн таза, күмүш нуруна балкыды. Ажар да бирге балкып, кечке жатты. Бирок уктай албады. Бүткөн боюнун ооруганы, таманынын сыздаганы, жүрөгүнүн дүпүлдөп соккону—аны жашоорутуп, онтолотту. Бул гана эмес, бир жагынан курсагы ачты, ээрди
кеберсиди. Алы да начарлайын деди. Байкуш, анысына карабай, каш карайып, ымырт жабылгаң кезде, сенделип ордунан туруп, кайта жолуна түштү.
Көп убакыт өттү. Таң саргайып ата баштады. Ажар Турпандын четинен өтүп, кургакка чыгып, Какшаалдын четине келди. Какшаал суусуз чөл, ээн
жер боло турган. Бириндеп ар кайсы жерине чыккан алтыгана, табылгы, жылгындары гана болбосо, башка жерлери чөпсүз, кумдуу мейкин талаа.
Ажарга мурункусундай жашынууга ылайыктуу жер табылбады. Издөөгө алы да келбеди. Бүткөн бою салмактанып, буту шилтөөгө жарабай калды. Илгери басайын десе, мүдүрүлүп буту кумга бата түштү. Жыгылып кетти... Күн көтөрүлүп, ысый баштады.
Ажар араң сүйрөлүп барып бир алтыгананын түбүнө жыгылды, жатты... Күндүн ысык шооласы алтыгананын арасынан Ажардын үстүнө түшүп,
боргулдантып тердетип, бүткөн брюн ысытып, капалап жиберди. Таңдайы кургады. Суусады. Бир ичим муздак суу көзүнөн учту.
— Алда ай, суу болсо э. Бир чыны муздак суу ичип өлсөм, арманым болбос эле... — деди Ажар. Бирок мындай чөлдө суу кайдан болсун, суу жок. Сууга эми бир күн — түн катса, ошондо араң жете турган.
Күн чакчайып чак түш болду. Ысыгы мурункусунан да күчөп, мээ кайнатып турат. Ажардын кубаты кетти, өзөгүкарарды. Ысып, тердеп, тили оозуна батпай калды. Чиркин, жан деген кыйын го, кантсин! Шордуу
үстүндөгү чапанын чечип, алтыганага жаап, бетине калканчык кылды. «Өлөт деген ушул экен» деп, буркурап ыйлап, олтура кетти. Көп токтоп тура албады, чырым этип уйкуга кетти...
V
Майдын кечки салкын жели сокту. Кошоктошуп көктө жүргөн ак булуттар каалгып учат. Жел аларды көрүнбөгөн сүйкүмдүү колу менен түртүп учуруп, Тянь-Шандын көк тирешкен аскаларына айдап барып токтотот. Кээде булуттардын үзүлгөн бөлүидүсү, күндүн үлпүлдөп батып бара жаткан көзүн каптап, Какшаалдын элсиз, мейкин талаасындагы нерселердин баарын да кара күүгүм, ала көлөкө тарттырат.
Талаа тынч... Булуттардын көлөкөсү Ажар жаткан алтыгананын үстүнө түшүп, улакча ойноду. Конур жел да Ажарды кытыгылады, эркелетти, ойготту.
Ажар кыбырап ордунан туруп, жолуна түштү. Каш карарып, ымырт жабылды. Түн кирди. Бирок сулуу ай мунайып, алтын бууга боёлуп, чыгыш жактан көтөрүлдү. Аппак нур шооласы менен түндүн мээримсиз караңгылыгын алда кайда кубалап, кең талааны кубантты. Талаа да ыйлап сооронгон жаш баладай, жылмайып, койнун ачып, кучагын жайып,
Ажарга жол берди.
Ажар бир аз жол жүрүп келе бергенде, арт жагынан көп нерсенин созултуп улуганы, үргөнү угулду. Ал Ажарга жакындай баштады. Ажардын жүрөгү опколжуп, дүпүлдөп алып учуп, оюна ар түрдүү
коркуу сезимдери келди.
Бир мезгилде Ажардын айланасына карышкырлар толуп кетти. Баары да ач, кабыргалары саналып, кынжыйып, эң эле арык, тилдерин салышып,
кыңшылашып, Ажарды камап алышты.
Ажар коркту. Ыйлап жиберди... Жан деген кыйын го, жанын корголоп, жерден тырмалап таш алып, туш-тушуна ыргытты. Качты. Жүгүрдү... Колу-буту ташка тийди. Айрылды. Кызыл-ала болду. Шордуу ага
карабай жаш денесинин алып учкан кызуулугуна берилип, жүгүрүп олтурду. Бирок илешкен жоо калучубу? Ажарды бура бастырбады, кутказбады.
Тийип качып, алды-артын тороп. бир алтыганага камады.
Ажар жан талашып, жанын сыйпалап, жанынан жарты боо ширенке тапты. Оттон карышкыр качат деген бала кезиндеги энесинен уккан сөз оюна түштү.
Ширенкенин бирөөнү тартып жиберди. Тегеректеп алгандар жалындуу отту көрүп, азыраак алыстады.
Ширенке өчтү... Карышкырлар кайта качырышты.
Айтор, эстен танган Ажар, карышкырлар жакындап кирип келген сайын, ширенке тартып жатып, көбүн жерге чачып, ширенкесинин аягына чыгып болду.
Жалгыз гана бир тал ширенкеси калды.
— Шамдай жанган жаш жаным, ушул ширенке өчкөндө, сен да кошо өчөт экенсиң, мына эми өчөм, карышкырга жем болом...— деди Ажар.
Ажар бирөө айткандай, жанындагы алтыганага өрт койду. Алты ай жазы менен жаан көрбөй күнгө куурап, араң турган алтыгана, ширенке жанданганда эле дүркүрөп асманга чыкты. Оттун жалындуу кызгылт ак шооласы учуп алып ыраак кетти.
Айланасындагы нерселерди койнуна алып, апайкын кылып, бадырайып, Ажарга көрсөттү.
Карышкырлар жоголуп калышты, кеткендей, качкандай болушту. Ажардын биртике акыл-эси кирейин деди. Анын медери, жөлөгү жалгыз ал — от.
Андан чыккысы, кеткиси келбейт. Бардык үмүтү, тилеги, күн көрүү, өмүр сүрүү — ошол отто. Ошого байланышкан. От өчсө, от менен бирге Ажар да өчмөк.
От бастап, өчүүгө айланды. Кайтып алыстан карышкырлар улушту, жакындашты, Ажардын алды-артын тороп, айлантып, курчап алышты.
Ажар чындап эми жанынан үмүт үздү. Таянган жалгыз отунан ажыраарын, жоосунун колуна түшөрүн, райымсыз жырткычтарга жем болорун билди, көңүлү караңгылады. Акылы, алы кетти. Эси ооду. Көзүнө жер, чөптөр, тоо-таш — баары да жоо болуп көрүндү.
Арбайып- тарбайып, оозун ачып, жакындап келе жаткан сыяктанат. Ага айла кылмакчы, каршы турмакчы болду. Колу менен чоктуу күлдү шилеп, жан жагына ыргытты, чачты. Карышкырлар болбоду, күчүнө алды, кыңшылашып туш-тушунан качырышты.
— Мына эми, мен силердики, алгыла!—деди Ажар.
Башка сөз айтууга кубаты келбеди. Жыгылып кетти...
Үстүнө карышкырлар үймөлөктөшүп калды. Жемди талашты, ырылдашты, ары-бери сүйрөштү.
Чырылдаган Ажардын аянычтуу үнү гана угулду...
Асмандагы көп жылдыздар Ажарды аяшты, кызганышты, сулуу ай да муңайып, Ажарга актык нурун берип, кош айтышты.
Кош, боорум! Сага окшоп, өз боштондук, өз теңдигин талашып, кулдуктан кутулууну самаган эчен миңдеген ага-туугандарың, эже-сиңдилериң канкор падышанын куугуну, сүргүнү астында тепселишти, көбү максатына жете алышпай, арманда кетти.
Кыргыздын далай кыздары, балдары жер-суусунан, эли-журтунан, ата-энесинен ажырашып, кан какшады. .. Сен ошолордун бирөөсүң. Сен көздөгөн тилегиңе жете албастан, азаттык, теңдик жолунда, ээн
жер, элсиз чөлдө арманда кеттиң...
Кош, боорум Ажар!

"Ажар" повести, Касымалы Баялинов

Жаңылыктардын толук тизмеси

Эл үнү: Иш токтоду, батир акысын төлөш керек

Иллюстрациялык сүрөт.

«Эл үнү» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында “Азаттык” радиосунун Инстаграмдагы azattyk.kg баракчасына келип түшкөн кайрылууларды беребиз.

Бишкек шаарынын айланасындагы, айрыкча “Дордой” базарынын ылдый жагындагы жаңы конуштардан тамак-ашка, батир акысына акча таба албай кыйналып, жардам сурап кайрылгандар көп болду.

Гүлжамал Турдубай кызы, Келечек жаңы конушунун тургуну,

"Мен “Дордой” базарында чай сатып иштейм. Азыр ишибиз токтоп калды. Үч балам бар, аларга кошуп сиңдимди багам. Батирде турабыз. Акча жок, жолдошумдун да иши токтоп калды. Дүкөнгө барсак, карызга бербей жатат. Батирге 6 миң сом төлөйм, аны да үйдүн ээси доолай баштады. Соопчулук үчүн жардам кылып койсоңуздар жакшы болот эле. Телефон номерим 0709 44 -44-17".

Акжар жаңы конушунун атын атабаган тургуну, үч баланын энеси:

"Акжар жаңы конушундагы биринчи көчөдө, 16-үйдө жашайм. Үч балам бар. Жолдошум эмгек биржасына чыгып акча тапчу. Азыр үйдө отурат. Азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Унум бар болгону менен башка тамак-ашым калган жок. Балдарым кичине, батирдин акчасын да доолап жатышат. Кызыл Ай коомуна жардам сурап кайрылсам, "төрттөн ашык бала баккан жалгыз бой энелерге эле беребиз" деп коюшту. Мамлекеттен жөлөк пул албайм. Былтыр документтеримди тапшырып, айыл өкмөтүнө кайрылгам. Бир жылдан бери жыйынтык чыга элек. Азык-түлүктөн жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле. Телефон номерим 0552 45 50 77".

"Күйөөм таштап кетти..."

Тамак-аштан кыйналып жардам сурагандардын бири Ош шаарынын тургуну Гүлчехра Калбаева. Эки уулдун энесинин жети айлык боюнда да бар. Азыр тамак-аш, батир акысынан кыйналып турат. Телефон номери: 0500 393-787

"Ошто жашайм, азыр батир акысына 12 миң сом таппай кыйналып жатам. Бул айдын онунда төлөшүм керек. 12, 10 жаштагы эки уулум бар, кош бойлуумун. 2019-жылы төлөйкөндүк бир молдо мени экинчи аял кылып алган, ошол батиримдин акысын төлөп турчу. Оору чыккандан бери ал "акча жок" деп койду. Ар кимден сурап, таба албай жатам. Балдарыма жөлөк пул албайм. 2016-жылы Орусияда иштеп жүрүп, эки кулагым укпай калган. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук уюмунун көмөгү менен операция болгом. Азыр кулагым угат. Майып катары катталайын десем, мэрия болбой койду. Иштей албайм. Азык-түлүк, акчадан кыйналдым".

Эл үнү: Күйөөм таштап кетти, батирдин акысы кыйнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:43 0:00
Түз линк


Чолпон-Ата шаарынын тургуну Аралайым Батанова, өзүнүн эки, инисинин эки баласын жалгыз багат. Телефон номери: 0708 949-440

"Ысык-Көл облусунун тургунумун. Чолпон-Ата шаарында жашайм. Жолдошум жок, эки балам бар, кичинекейи бир жашта. Үйүм жок, батирде турам. Анын үстүнө инимдин аялы эки баласын таштап кетип калган. Иним өзү Москвада иштейт, ал дагы акчасын ала албай жатыптыр. Төрт баланы багуу аябай оор болуп калды. Кечээ айыл өкмөттөн жардамга ун, май бериптир. Мен сурасам, "сиз тизмеде жоксуз" деп жардам берүүдөн баш тартты. Ата-энем Чолпон-Ата шаарынын таштанды талаасында кароолчу болуп иштейт. Силерден суранам, жардам берип койгулачы".

Насыянын айласы

“Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы Кут айылынын тургуну Медер “Мол булак” микрокредиттик компаниясынан алган 15 миң сомдук насыя боюнча кайрылды. Ал аталган айылда эл жардамдан куру калганына капа.

"Бир ай мурда “Мол булак” микрокредиттик компаниясынан 15 миң сом насыя алганбыз. Азыр төлөш керек болду да. Өкмөт, бийлик кредиттерге жеңилдик берип, төлөтпөйбүз деп айтышканынан, компаниянын Манас айылындагы филиалына кайрылганбыз. Бирок алар болбой жатышат. Микрокредиттик компаниялар өкмөткө баш ийбейби? Азыр эми бир жылдык жеңилдик беребиз дешкени менен алган насыяны эки эсе төлөш керек экен. Биз жашаган Кут айылында болсо айыл өкмөт иштебейт, жардамга муктаждар көп. Өкмөт телевизордон "жардам бердик" деп айтып жатат. Бирок бизге эч нерсе тийген жок. Үнүбүздү жеткирип койгулачы".

“Мол булак” микрокредиттик компаниясынын өкүлчүлүгүнө кайрылып, бул маселе боюнча жооп сураганыбызда насыя алгандарга жеңилдик каралганын, бирок ар бир учур конкреттүү териштириле турганын билдиришти:

"Албетте, биз азыр караштырып жатабыз, ар бир кардар өзүнүн насыя берген адиси менен байланышып, аны төлөө шарттарын өз ара макулдашып алышы керек".

Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну Калсулуу Закимбекова пенсия-пособиелер убагында берилбей, кечиктирилип жатканын айтып кайрылды.

"Менин үч балам бар, пенсия, пособиелерди убагында берип коюшса жакшы болот эле. Бир кызым майып, буту баспайт. Ошонун пенсиясы менен эптеп жашап жатканбыз. Кечиктирбей тезирээк беребиз дешкен, бирок дагы деле ала элекпиз".

Bema_mamadalieva деген Инстаграм колдонуучудан мындай суроо келген:

"Бир балам, пенсионер апам бар. Өзүм батирде турам. Тигүүчү болуп иштейм. 20-мартта жумушум токтогон. Батирдин, коммуналдык кызматтардын акысынан кантип кутулабыз? Кимге кайрылсам болот?".

Нарбаева Нуржамал: "Саламатсызбы, гумжардам алуу үчүн кайсыл жакка кайрылсак болот? Маалымат бере аласызбы? Бишкекте жаңы конуштардын биринде турабыз. Телефон номурум 0709 101-999.

baiserkeevaumsunai: "Ун алганы кайсы жерге кайрылсак болот? Биз Ысык-Көлдөн жазып жаттык эле Жети-Өгүз району, Богатыровка айылы, 0554088-778".

aelita_05_07: "Колунда жоктор кантип, каяктан жардам алса болот? Саламатсыздарбы, эгер мүмкүн болсо, жардам берип койгулачы. Төрт балам бар. Аялым ооруп жатат, жумуш жок, тамак-аштан кыйналып калдык. Бишкек шаары, Алтын-Казык конушу, Ак-Сай көчөсү 24, телефон номери 0703 791-104".

Эгер сиз "Эл үнү" рубрикасына кайрылуу калтыргыңыз келсе, @azattyk.kg баракчасына катталаңыз. Билдирүү калтырсаңыз, анда сөзсүз түрдө аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду жазыңыз. Вотсап номерибиз 0550 988-755.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илдет жуккан дарыгерлер, медицинанын абалы

Кыргызстандык дарыгерлер.

Кыргызстанда СOVID-19ду тогуз дарыгер жугузуп алды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто экени маалым болду.

Өмүрүн тобокелге салган ак халатчандардын коркунучтуу дартты жугузуп алганын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов 4-апрелде өткөн брифингде билдирди.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер да бар. Кечээ алардын саны сегиз болчу, бүгүн бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Ушул эле күнү түштөн кийин саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Елена Баялинова аркылуу билдирди.

Министрдин айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

“Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деди Абдыкаримов.

Саламаттык сактоо министри коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенине токтолду. Дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.

Суук кабар кыргыз коомчулугунда өкмөткө карата сын-дооматтарды күчөткөндөй болду. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева дарыгерлердин вирусту жугузуп алышын жетекчиликтин шалаакылыгынан көрөт.

Ал мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди убагында чара көргөн жок деп айыптап, бул үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде.

"Дарыгерлердин ооруга чалдыкканынын биринчи себеби - бул коргоочу кийимдер менен убагында камсыз болбогонунда. Аны айрым дарыгерлер өздөрү социалдык тармактар аркылуу айтып, чырылдап эле жатышты. Башында бейтаптарды кантип дарылаш керектигин деле билишкен жок. Аларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок да. Башынан эле иш туура эмес кеткен".

Жумабаева эми коронавирус дарыгерлер арасында таркап кетпеш үчүн өкмөт медицина кызматкерлерин атайын коргоочу кийимдер, дезинфекциялоочу каражаттар, күчтүү азыктар менен убагында камсыздашы керектигин кошумчалады.

Жалал-Абад облусунда иштеген, атын атагысы келбеген медициналык кызматкер кичи ажылыктан кайткандардан коронавирус аныкталганга чейин коргоочу кийим менен камсыздалбаганын айтып кейиди:

"Коронавирусту жугузуп алган кесиптештерим үчүн ичим ачышып турат. Алардын баары эле биринчи жардамды эч кандай даярдыгы жок көрсөттү да. Эми эле министрлик көңүл буруп, ар кандай тренингдерди өтүп калбадыбы. Азыр деле кудайлап иштеп жатабыз".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекет тоң моюндук кылбай, чектөөлөрдү убагында киргизгенде кырдаал мынчалык курчумак эмес деген пикирде. Бирок ушундай шалаакылыкка жол бергенден кийин өкмөт ооруп калган дарыгерлердин ар бирине 5 миң доллардай кенемте төлөп бериши керектигин айтууда:

"Менимче, ооруган ар бир дарыгерге Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбасын колдонуп, жетиштүү каражат бөлүш керек. Маселен, аталган өлкөлөрдө дарыгерлерге 8-9 миң долларга чейин бөлүп жатат. Албетте бизде андай мүмкүнчүлүк жок, ошентсе да 5 миң доллардан төлөп берсе болмок".

Ушу тапта Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 60 миллион сомго жеткени кабарланды. Аны атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп, дароо муктаж ооруканаларга жөнөтүүдө. Негизинен реактивдер, жабдуу, реагенттер, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармек түшүп жатат.

Медициналык гумжардамдан тышкары коронавируска каршы атайын эсеп да ачылган. Ага бүгүнкү күндө элден 83 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. Өкмөт анын 38 миллиондон ашууну илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге берилерин кабарлаган.

Ал эми 4-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ошко гуманитардык жана медициналык каражат жүктөлгөн аскердик учак менен жөнөп кеткени белгилүү болду.

Бул күнү Кыргызстанда коронавирусту 14 адам жуктуруп алганы кабарланды. Ушуну менен жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти.

Алардын ичинен Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Тогуз адам сакайганы кабарланды.

Илдетке байланыштуу өлкө азыр өзгөчө абал режиминде жашап атат. Көпчүлүк мекемелер ишин токтотуп, адамдар карантин режимин сакташууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сариев: Коронавирус ЕАЭБдин дараметин көргөздү

Сариев: Коронавирус ЕАЭБдин дараметин көргөздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:36 0:00

"Балаңыз менен баарлашканды унутпаңыз"

Жайлоодогу секелектер.

Кыргызстанда жаңы коронавирус илдетин жайылтпоо максатындагы чектөөлөр үй-бүлөдөгү ата-эне менен баланын мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн? Психологиялык чыңалууларды кантип кыйгап өтсө болот? Ушул жана башка суроолорго ата-эне жана балдар педагогу Асылбек Жооданбеков жооп берди.

"Азаттык": Азыркы COVID-19 инфекциясынын коркунучуна байланышкан өзгөчө абалда балдардын сыртка чыкпай, окууга барбай, такай ата-энесинин маңдайында болгону алардын психологиялык абалына кандай таасир этет?

Асылбек Жооданбеков: Жакшы жери кыргызстандыктардын көбү айылда жашайт. Короосунда, огородунда иштегенге, таза аба жутканга мүмкүнчүлүгү бар. Шаарда батирлерде жашагандар бүгүн эң оор сыноодо. Бул абдан чыңалуу жаратат. Ошондуктан, ата-эненин абалды туура баалашы, туруктуу болушу, педагогикалык сабаты чоң мааниге ээ.

"Азаттык": Бирок, ата-эне дагы - жалпы карантинге байланыштуу аргасыз үйдө отуруп калгандар. Алар дагы сөзсүз стресс абалында. Мындайда кандай тобокелдиктер бар? Аны кыйгап өтүүнүн кандай жолдорун сунуш кыласыз?

Асылбек Жооданбеков: Ата-энеге караганда балада чыңалуу басымдуу. Эмне үчүн? Анткени, ата-энеде маалымат бар. Дүйнөлүк абалды, өкмөттүн аргасыз чараларын, коркунучту жана мүмкүнчүлүктөрдү сезип, туюп турат. Бала, мектеп жашына чейинки бала андан бетер аны сезбейт да. Ошондуктан, ата-эненин балага жоопкерчиликтүү мамилеси керек.

Мен дагы стресстемин деп эле ата-эне балага кыйкыра бергени жоопкерсиздиктин, педагогикалык сабатсыздыктын көрсөткүчү болот. Эмне кылуу керек? Убакытты бала менен чогуу өткөргөнгө аракет кылып, күндөлүк жадыбалды, күн тартибин бала менен чогуу түзүш керек. Анткени, баладагы салттуу күн жадыбалы учурда бузулду. Ошондуктан, мисалы, атасы огороддо иштеп атса же энеси үйдө манты жасап атса “кел балам, деп чогуу кыймылдайлы” десе, экөөнө тең пайдалу болот.

Асылбек Жооданбеков.
Асылбек Жооданбеков.

"Азаттык": Ата-эне өзү балдар менен убакытты чогуу өткөргөнгө даярбы?

Асылбек Жооданбеков: Баары даяр деп айта албайбыз. Бул - ата-энелердин ирденүүсүнө, билимине байланышкан маселе. Бирок, бүгүнкү жаштар, ирденген ата-энелер муну жасай алат. Ошол эле мезгилде чыңалуунун үстүнө чыңалуу жаратып, балага басым кылган ата-эне да жок эмес. Ошондуктан, биз дагы, адистер онлайн вебинарларды уюштуруп, кеңеш бергенге аракет кылып атабыз.

"Азаттык": Балдарга басым жасоо, урушуу же көңүл бурбай коюу кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Асылбек Жооданбеков: Бул жерде бала бакча курагындагыларга ата-эненин көзөмөлү керек болсо, чоңоюп калган өспүрүм балдарга көбүрөөк эркиндик керек. Акылдашпай, тигини жаса, муну жаса деп эле аркасынан түшүп алсак, “мен ата-энеңмин, айтканымды кыласың”,“чоңдор сүйлөгөндө унчукпагыла” деп авторитардык мамиле кыла берсек жараны ырбатабыз. Биз балдардын чоңойгонун билбей эле басым жасап атпайбызбы.

Албетте, ар бир үй-бүлөдө конфликт бар, жок десе калп айткан болот. Баланы стресстик абалга жеткирген чыңалуу оор кесепеттерге алып келиши ыктымал. Өспүрүмдөр курч болот. Терс аракеттерге барышы мүмкүн. Ошон үчүн “кел, ушул күндөрү бир алтын эреже иштеп чыгып алалычы” деп, бала өзү тандагыдай шарт түзүп берсек, чыңалууну кыйгап өтөбүз. Тилекке каршы бул мектепте да, үйдө да, коомдо да калыптанган эмес.

Балдарыбызга конфликтти чечүүнүн жолдорун үйрөтөлү. Кантип үйрөтөбүз? Адегенде “кел, отуруп алып чыңалуу эмнеден келип чыкты?” деп баарлашалы.

"Азаттык": Өспүрүм курактагы балдарга кандай кеңеш бере аласыз? Азыр кээ бир балдарыбыз өмүрдүн баркын түшүнбөй, эмоциясын кармай албай, өздөрүнө кол салганга чейин барып атышпайбы.

Негизи, суициддин эки түрү болот: парасуицид, псевдосуицид. Бизде псевдосуицидге барып атышат. Бул - балдардын жансоогасы. Мени түшүнүп койгулачы деген акыркы кыйкырыгы. Үнүн жеткирүүнүн ушундай жолун тандап алып атат.


Асылбек Жооданбеков: Суицид маселесине келгенде дагы эле ата-энеге басым жасоого туура келет. Негизи, суициддин эки түрү болот: парасуицид, псевдосуицид. Бизде псевдосуицидге барып атышат. Бул - балдардын жансоогасы. Мени түшүнүп койгулачы деген акыркы кыйкырыгы. Үнүн жеткирүүнүн ушундай жолун тандап алып атат. Азыр муундарды теориясы деген чыкпадыбы. Мисалы, 2000-жылдардан беркилер Z мууну деп атышпайбы. Булардын дүйнө таанымы мурдагылардан айырмаланат. Мисалы, сиз экөөбүздүн өз ата-энелерибизден көп айырмабыз жок. Интернет абдан өнүккөн акыркы жыйырма жылда коом да өзгөрдү.

Ошондуктан, ата-энелерге “Келгиле, балдарыбызды түшүнгөнгө аракет кылалы. Бүгүн балдар башкача. Ошондуктан, компромисске келе турган аракеттерди кылсак үйдө сөзсүз бакубатчылык болот. Күтүүсүздүктөр болбойт” деп айтаар элем.

Балдарга “Урматтуу балдарыбыз, кыздарыбыз, ата-эне тигил же бул аракетти силердин жакшылыгыңар үчүн кылып атат. Бирок, кээ бир учурда аларга маалымат жетпегендиги үчүн, силерди тааныбаганы үчүн катуу тийип алышы мүмкүн. Ошондуктан, ата-эне менен ачык сүйлөшкүлө, баарлашкыла” деп айтат элем.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илдет президенттин жоопкерчилигин эске салды

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Коопсуздук кеңеши Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевдин кемчилигин санады. Анда коронавируска байланыштуу мурдагы эки кызматкер кетирген каталар тизмектелип көрсөтүлгөн.

Буга улай эле экөөнө ишенип отуруп өлкө азыркыдай кырдаалга кептелгенин айткан президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү тарады.

Бул өкмөттөгү кадрдык алмашуулар менен COVID-19 вирусунун Кыргызстанда жайылышына жоопкер адамдардын маселесин кайра козгоду.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эмнеге кызматтан кеткени боюнча кенен түшүндүрмө таратты.

Алардын орчундууларына токтолсок, Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, 27-январдан 31-мартка чейин кеңеш коронавирус боюнча беш ирет отурум өткөргөн. Анда оорунун өлкө аймагына киришинин алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынып, республикалык штаб түзүлгөн. Алтынай Өмүрбекова анын жетекчиси болуп дайындалган.

Маалымат боюнча, штаб лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЦР-тесттер жана материалдар менен жетиштүү камсыздашы керек болчу. Бирок коронавирусту аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган. Ушу тапта 10 лаборатория иштеп жатат.

Январдын аягында реагенттердин жана вируска анализ алчу тесттердин баасы төмөн болгон. Бирок жабдыктар убагында алынбагандыктан пандемия жарыяланганда ага суроо-талап көбөйүп, баасы үч эсеге кымбаттап кеткен.

Ал эми январда вирусологдор менен лаборанттардын коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест алуу боюнча Космосбек Чолпонбаевге бир нече жолу кайрылуусу жоопсуз калган.

Министрликке дарыгерлерге коргоочу атайын кийим, беткап, мээлей, дезинфекциялоо каражаттары, реагенттерди алуу тапшырылган. Ал да толук аткарылган эмес. Коопсуздук кеңеши Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин шалаакылыгынан коронавируска чалдыккан адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылбаганын билдирди.

Бул билдирүүгө улай эле президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында мурдагы эки чиновникти сындап сүйлөгөн сөзү чыкты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Лабораториялар убагында иштебей баары күтүп жатат. Алтынай Сейитбековна, штабдын жетекчиси катары сизге да айттым эле. Бүт күнөө силерден кетти! Силердин жоопкерчиликсиз мамилеңерден ушундай акыбалга келгенибизди ачык айтам. Мына ушуга чейин ПЦРлер (Полимераз чынжыр реакциясы) чыкпай турат. Телевизордон көрүп иштеп жатышат деп ишенгем силерге. Көрсө силер чечим кабыл албай эле жүрө бериптирсиңер. Маселени чечпей бирөөгө шылтаганды жакшы көрөсүңөр. Аким, губернатор же дагы бирөө иштебейт да, калган баарыңар эле иштеп жаткан болосуңар. Социалдык тармакты тейлеген Алтынай Сейитбековна, сизге саламаттык сактоо министрине баарыңарга «Шалаакылык үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер. Вирус дүйнө жүзүнө кантип тарап жатканын көрүп жатасыңар. Кайдыгер мамиле кылганга болбойт. Муну алдын алып токтотуш керек» деп 27-январда эле айткам».

Президенттин сынынан кийин берген арыздарына ылайык 1-апрелде Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрликтен жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматынан кетти. Ошол эле күнү Аида Исмаилова вице-премьер, Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Алтынай Өмүрбекова Коопсуздук кеңешинин соңку билдирүүсү боюнча комментарий берүүнү туура көргөн жок. Ал жумуштан бошотулгандан кийин Би-Би-Синин кыргыз кызматына курган маегинде медициналык каражаттар тууралуу буларга токтолгон.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

«Менин түшүнгөнүмө караганда, COVID-19 вирусуна ылайык реагенттер дүйнөдө тартыш экен. Биздин ПЦР (Полимераз чынжыр реакциясы) анализ жасаган жабдыктар европалык стандарттар менен чыгарылыптыр. Аталган жабдыктардын техникалык өзгөчөлүктөрүнө бардык эле реагенттер туура келбейт экен. Реагентти аралашма деп койсок болот. Биздин жабдыктарга жарай турган реагенттерди жасаган Орусия менен Беларус аны сыртка ташууга тыюу салыптыр. Жетекчилер реагенттерди жеке сүйлөшүү жолу менен алып жаттык. Орусия жардам катары берди. Беларус менен да сүйлөшүүлөр жүргөн, алардан да реагент келмек».

Өмүрбекова жетектеген штаб COVID-19 вирусунун өлкөгө киришин алдын алуу боюнча утур-утур жыйындарды өткөрүп турган. Аталган штаб чет жактан Кыргызстанга келген адамдарды карантинге алуу, аларды обсервацияга жаткыруу тартибин аныктап, кырдаалга жараша чечимдерди кабыл алат.

Республикалык штабдын курамында министрликтердин өкүлдөрүнөн тышкары президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев да бар.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов вирустан улам өлкөдө кырдаалдын оорлоп кетишине президенттин да күнөөсү бар деген пикирде.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Кыргызстанда президенттер хандык башкарууга үйрөнүп, ушуга көнүп алышкан. «Буйрук бердим. Ушуну менен бардык ишти жасадым» деп ойлошот. Бирок ишке өзү да киришип маселе кандай чечилүүдө, кайсы облуста кандай иш аткарылды ар бирин карап, күн сайын текшерип, көзөмөл кылып сураган эч ким жок. «Мен буйрук бергем. Сен жасадыңбы?» деген үстүртөн мамиле. Экинчи жагынан көп нерсени жасаганга мамлекеттин финансылык чамасы аз болчу. Бирок ошол аз нерсени да туура пайдаланбай «мен сага айттым, сен кылган жоксуң» деген жоопкерчиликсиз мамиле менен азыркы акыбалга келдик. Коркунучтуу тумоо, калктын саламаттыгы боюнча сөз болуп жатканда Кыргызстандагы эң чоң маанилүү орган - Коопсуздук кеңешинин башында турган президент, өкмөт башчы республикалык штабдын ишин жеке өздөрү көзөмөл кылышы керек эле».

Коопсуздук кеңешинин акыркы билдирүүсү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айтылган сындарды да күчөттү. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Абылгазиевдин өкмөтү боюнча буларды белгиледи.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Азыркы кырдаалга премьер-министр толук өкмөт мүчөлөрү менен жооптуу. Премьер-министр Жогорку Кеңешке келгенде «биз бул оорунун алдын албай калдык. Отставкага кетүүгө даярбыз» деп айтышы керек эле. Эки-экиден министр, вице-премьер-министрлерди кызматтан алып жаман көнүп алышты. Иштей албаса өкмөт толук курамы менен кетиш керек. Аткаруу бийлигинин 90% курамы алмашты. Мурдагы министрлер начар чыгып премьер-министр өзү эле жакшы иштеп жаткандай кызматта отура бергени туура эмес. Командаң менен келгенден кийин иштей албасаң, командаң менен кетиш керек да. Ал эми Алтынай Сейитбековна боюнча социалдык тармакта жазылган пикирлерди окуп жатам. Бардыгы тең «аны кызматтан алуу туура эмес болду» деп айтышууда».

Коопсуздук кеңеши жогоруда кызматтан кеткен жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өлкөдө оор кырдаал жаралганын билдирди. Жарыяланган түшүндүрмөдө «бул эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, ооруну жуктуруп алган жарандардын санынын өсүшүнө алып келди» деп жазылган.

Талдоочу Бакыт Рыспаев кадрларды иштен алуу менен маселе чечилбесин белгиледи.

«Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн маселе туура. Бирок ишиндеги кемчилик үчүн кызматкерлерге чара көрүү жолго коюлган эмес. Эки кишини жумуштан алып койгон менен маселе чечилбейт. Мисалы, кызматтан кеткен эки адам ушул орунга сунушталып жатканда аларды мактап-жакташкан да. Аларды сунуш кылгандардын жоопкерчилиги каякта? Саламаттык сактоо министри «Баары жайында, баары көзөмөлдө» деп айтып жатып оору жайылып кетсе деле ал жумуштан кетүү менен чектелеби? Ушуну чара көрүлдү деп айтса болобу?».

Учурдагы өкмөттүн баштапкы курамынан Абылгазиев өзү, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев гана калды. Калган үч вице-премьер-министр, министрлер жана комитеттер менен агенттиктердин жетекчилери дээрлик толугу менен алмашты. Ишиндеги кемчиликтери жана чуулуу окуялар үчүн буга чейин да бир катар кызматкерлер жумушунан кол жууган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сомдун куну түштү, азык-түлүк кымбаттады

Ош шаарындагы базарлардын бири. 2020-жыл.

Кыргызстанда сомдун куну түшүп атат. 3-апрелге карата 1 доллар 84 сомдон ашты. Буга удаа эле азык-түлүктүн да баасы өсүп кетти.

Бишкек шаарынын тургуну, эки баланын энеси Айсалкын азык-түлүк баасы соңку аптада өсүп кеткенин айтууда.

«Орто-Сай базарына барып, картошканын баасына таң калып келдим. Килограммы 40 сом болуп калыптыр. Карантинге чейин эле базарга барганымда абал башкача болчу. Мага окшоп нааразы болгондор көп экен. Бишкектин башка базарларында деле ушундай көрүнүш. Бааны ким көзөмөлдөйт?».

«Азаттыктын» кабарчысы бул темада алармандардын пикирин билүү максатында социалдык тармакта сурамжылоо жүргүздү:

Ага катышкан 500гө жакын адамдын жообунан азык-түлүк Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында да кымбаттаганын билүүгө болот.

Сурамжылоого катышкандардын бири Ош шаарынын тургуну Алина карантин учурда витаминге бай жер-жемишке талап өсүп, ошого жараша алардын баасы да асмандап кеткенин айтууда:

«​Сарымсактын бир килограммы 700 сомго чыгыптыр. Лимон менен имбирь да кымбаттаган. Бүгүн жууна турган каражаттарды алганы барсам, алар да кымбаттаптыр. Мен буга кейип отурам. Ушундай шартта эл муну кантип сатып алат? Ансыз да ишсиз, айрымдары тамак-ашка жетпей отурат. Эл иштебей отурганда бааны кармап турушса болмок».

Кыргызстанда азык-түлүк маселеси өлкөдө коронавирус дарты аныкталгандан бери көтөрүлүп келет.

Буга чейин карантинге байланыштуу тамак-ашты, айрыкча унду жапырт сатып алган учурлар катталган.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров базар жана дүкөндөрдө азык-түлүккө коюлган баа көзөмөлдөнүп жатканын жана талапты аткарбаган соодагерлерге айып пул салынып жатканын билдирди:

Шухрат Сабиров.
Шухрат Сабиров.

«​Ушу тапта түшүндүрүү иштерин жүргүзуп, рейдге чыгып жатабыз. Биздин агенттик өкмөттүн токтомуна ылайык социалдык мааниси бар 14 азыкка баанын ченемин белгилеп койгон. Тилекке каршы, андан башка азыктарга ченем коюлган эмес. Бул көрүнүш ошонун айынан болуп жатат. Негизсиз бааны көтөргөн соодагерлерге миң сомдон жогору айып пул салабыз. Ушу тапта карантинге байланыштуу биздин кызматкерлер толугу менен иштей албай жатат. Анткени өткөрмө кагазын көбү алган жок».

Маалымат боюнча, өкмөттүн токтому менен социалдык жактан маанилүү делген 14 товардын тизмеси бекитилген. Анын ичинен 11и азык-түлүк. Ага ун, суу май, кумшекер, эт, жумуртка, чай жана туз сыяктуу эл эң көп керектеген товарлар кирет.

Эл тамак-аштын баасына кейип жаткан кезде сомдун куну да түшүп кетти. 3-апрелде бир доллар 84 сомго жетти.

Экономика боюнча эксперт Кубан Чороев доллар кымбаттап жатканда арзанчылык болбосун белгиледи:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

«Кыргызстанда 90 пайыз жумушчу маянаны сом менен алат. Демек, доллардын кымбатташы менен акчанын кубаты да кетет. Сатып алуу жөндөмү азаят. Ошондой эле Кыргызстан үчүн доллардын кымбатташы өлкөгө кирген товарларга баа 16% кымбаттайт дегенди билдирет».​

Акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттердин каржы рыногунда болуп жаткан олку-солку абалга байланыштырып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Kоронавирус онлайн жашоого түрттү

Kоронавирус онлайн жашоого түрттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:50 0:00

Өкмөт элди жапырт текшерүү жолун издеп жатат

COVID-19 вирусун аныктоочу экспресс тест-системдин бир түрү. Таиланд. 2-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстан Кытай, Орусия, Беларус жана башка өлкөлөрдөн коронавирусту аныктаган тест-системаларды сатып алууда. Айрымдары гуманитардык жардам катары келип жатат. Мындан тышкары демөөрчүлөр алып келген тесттер да бар.

Коомчулукта айрым тест-системалар туура эмес көрсөтөт экен деген маалыматтар айтыла баштады. Саламаттык сактоо министрлиги тест-системалардын сапаты текшерилген соң гана колдонуларын бекемдөөдө.

Он беш күндө 130 киши

Кыргызстанда вирусту үч киши жугузуп алганы 18-мартта аныкталган. Андан берки он беш күндө ооруга чалдыккандардын саны тездик менен өсүп, 130га жетти.

Ушундан улам Кыргызстанда ооруга каршы Түштүк Кореянын ыкмасын колдонуп, элдин баарын жапырт текшерүүдөн өткөрүү сунуштары көп айтылып жатат.

COVID-19 дартын ыкчам аныктоо үчүн элди жапырт текшерүүдөн өткөрүү сунушун өлкөдө өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартпоону сунуштаган айрым эл өкүлдөрү да талап кылышкан.

Жапырт текшерүү өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетишинин алдын алат деп бекемдегендердин бири дарыгер-кардиолог Калдарбек Абдраманов.

Адистин айтымында, дартты ыкчам аныктоо укугу өлкөдөгү менчик лабораторияларга берилсе, бул убакыттан утууга жана оорунун тарап кетишинин алдын алууга өбөлгө түзмөк:

Кыска убакытта ооруга чалдыккандарды аныктап, аларды соо адамдардан бөлүп, изоляцияга алуу үчүн элди жапырт текшерүү зарыл. Муну өкмөт эч ойлонбой эле жеке лабораторияларга бериши керек.
Калдарбек Абдраманов.


"Өзгөчө абалды 15-апрелден нары узартууга болбойт, эл кыйналып кетти деп жатышат. Кыска убакытта ооруга чалдыккандарды аныктап, аларды соо адамдардан бөлүп, изоляцияга алуу үчүн элди жапырт текшерүү зарыл. Муну өкмөт эч ойлонбой эле жеке лабораторияларга бериши керек. Үч вариант бар: Биринчиси - алардын акчасын өкмөт төлөп бериши керек. Экинчиден, менчик лабораториялардын өздөрүнөн айрым жарды-жалчыларды акысыз, калган каалоочуларды арзан баада тесттен өткөрүүнү өтүнүү керек. Үчүнчүдөн, өкмөттүн эсебинен узак мөөнөткө карызга жасатуу зарыл. Элдин 60-70% жеке лаборараториялар аркылуу тест тапшырып, илдетке чалдыкканын же чалдыкпаганын аныктоо керек".

Тест-системалар жетишсиз

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, лабораторияларды экспресс-тесттер жана үзгүлтүксүз полимердик реакция (ПЦР) деп аталган диагностикалоочу тесттер жана реагенттер менен камсыздоо иштери уланып жатат.

2-апрелде Кытайдан гуманитардык жардам катары 21 миң даана экспресс-тест келген. "Ысмайыл ата" фонду 15 миң тест сатып берген. Жалпысынан дартты ыкчам аныктоо үчүн 60 миң тест-система бар.

Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримовдун 3-апрелде маалымдаганы боюнча, учурда экспресс-тесттер обсервациядагы адамдарды кайталап текшерүүдө колдонулуп жатат:

"Экспресс тест-системалар жер-жерлердеги медициналык мекемелерде, лабораторияларда жетиштүү өлчөмдө бар. Колдонулуп бүткөндөн кийин дагы жеткиребиз. Бүгүнкү күндө экспресс-тесттерди биз обсервацияда жаткандарды кайталап текшерип, үйүнө чыгаруунун алдында колдонуп жатабыз".

Абдыкаримовдун маалыматына караганда, учурда тест-системалар тартыш. 8198 адамдан алынган анализдер тест-системалардын жетишсиздигинен улам текшерилбей, лабораторияда сакталып турат.


Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын жетишсиздиги байкалып жатканы Коопсуздук кеңешинин 31-марттагы жыйынында айтылган.

Анын жүрүшүндө бул системаларды өз убагында камсыздабаганы үчүн президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди сынга алган. Бир күндөн кийин бул адамдар ээлеген кызматынан бошотулган.

Ишкерлер менен меценаттар алып берген тесттерди ким текшерет?

Коронавирусту массалык түрдө текшерүү долбоорун сунуштаган демилгелүү топ ишкерлер менен меценаттардын каражылоосу аркылуу ишке ашырууну сунуштап чыккан.

Алардын маалыматына караганда, долбоорду Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзөт.

Жеке лабораториялардан «Бонецкий» диагностикалык борборунда коронавирус текшериле баштары айтылган. Аталган лабораториянын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, учурда бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, текшерүүнүн баасы, мөөнөтү тууралуу так маалыматтар жок.

Демилгечилер керектүү жабдык, материалдар, реагенттерди сатып алып, Кытайдан атайын адистерди чакырууну сунушташкан. Ага ылайык, долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын топтоо керек.

Учурда бул демилгени колдоого алган айрым ишкерлерден 150 миң доллардын айланасындагы акча каражаты келип түшкөнү кабарланган.

Бул аралыкта коомчулукта айрым тест-системалар туура эмес көрсөтөт экен деген маалыматтар айтылып, ушундан улам тесттердин сапатын ким көзөмөл кылышы керек деген суроо жаралды.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдын алуу медицинасынын илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Омор Касымов кандан алына турган анализди текшерүүчү экспресс-тесттерден көрө, ооруну мурундан жана тамактан алынган анализден так аныктоочу ПЦР-тесттерди алып келүү утуштуу болот деп билдирди:

"Экспресс-тесттердин баарын лабораториялык диагностиканы көзөмөлдөй турган республикалык илимий-практикалык борбордун текшерүүсүнөн өткөрүп, сапатын аныктоо зарыл. Анда тесттердин эффективдүүлүгү канча экени аныкталат. Ошондуктан, эң жакшысы - мындай тест сатып берүүнү каалагандардын акчасын чогултуп, сапаты жогорусун алып келүү керек. Учурда мындай тесттер 95% чейин так аныктай турганы айтылат, бирок калган 5% бар да. Ошондуктан, мындай тесттер бир жолку текшерүүдөн адамдын соо же оорулуу экенин так аныктай албай калышы мүмкүн. Соо адамды оорулуу кылып көрсөтүп, оорулуу адамды соо кылып көрсөтүп койсо, бул кооптуу. Ошондуктан, ПЦР тесттер ишеничтүү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да ушул тестти сунуштап жатат".

Касымов коронавирусту аныктоочу тесттерди жүргүзүүгө жеке лабораторияларды аралаштыруу эрте деп эсептейт. Анын пикиринде министрликтин өзүндөгү тиешелүү лабораториялар элди жапырт текшерүүдөн өткөрүүгө жетишет.

Саламаттык сактоо министрлиги да экспресс-тесттердин баары сапат көзөмөлүнөн өтмөйүнчө колдонууга берилбесин бекемдөөдө.

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан 14 адам аныкталды. Муну менен өлкөдө илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетти. Беш киши айыгып чыкканы кабарланган.

Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, 2-апрелде оору жугузуп алган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Эл үнү: Гумжардамды кайдан алабыз, өлкөгө керекпизби?

Өзгөчө абал режиминдеги Бишкек, 31-март, 2020-жыл.

“Эл үнүнө” күнүмдүк иш менен каражат таап, ижарада жашаган жана көп балалуу үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда. Алар кайрымдуулук уюмдардан, өкмөттөн жардам күтөт. Ошондой эле Түркияда өз мекенине жете албай калган жарандардын кыргыз бийлигине кайрылуусуна орун беребиз.

Гүлмира Турусбекова: Менин эжемдин эки баласы тең оорукчан. Бирөө атайын мектепте окуйт, акыл-эсинде кемтиги бар. Экинчиси ДЦП болуп төрөлгөн. Алты жашта, көрбөйт, баса албайт, памперс кийип жатат. Пенсия 4600 сомдон чектеп берген. Ушул тапта батирде жашайт. Бул жерде каттооң жок деп жардам да албайт. Атасынын барып-келген жумушу да токтоп калды. Өкмөт тамак-аш бере албаса да баласына памперс жагынан каралашып койсо жакшы болот эле. Ак-Босого конушунда батирде турушат.

Аты-жөнүн атабаган аял: Гуманитардык жардам деп эле айтылып жатат го. Ошону каяктан алсак болот? Дачада турабыз. Төрт балабыз бар. 1227 деген номерге чалсак, эч ким жооп бербейт. Бул номер чынбы же калппы? Абылгазиев айтып жатат, бирок телефон номерлерин жазбай жатышат.

Айымсаат Мурзаева, "Эне-бала жана майыптарды коргоо" фондунун төрайымы:

Алтынай Өмүрбекованы вице-премьерликтен бекер кетиришти. Социалдык маселелерди чечип, иштеп жаткан адамды кетирген эмне деген жорук? Андай адистерди жумуштан алып салбай, кайра күчүн пайдаланыш керек эле. Биз ичибиз күйүп, жамаатыбыз менен кыжаалат болуп жатабыз. Өз ордуна татыктуу, мыкты аял эле. Ар бир жолу иштеген кишини алмаштыра берсек кандай болот? Бирөөнүн ушактап койгонуна ишенип, анын ишин талдабай туруп, кызматтан алган адамдар бар. Социалдык көйгөлөр боюнча эки жылдан бери бутун жерге тийгизбей чуркап, иштеп жүргөнүн билем. Алтынай Өмүрбекованын иштен алынганына өтө нааразыбыз.

Карантинде канал казып жатабыз

Кош-Коргон айылынын тургуну Милан Тойчубеков: Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүндө таза суу долбоору ишке ашканына беш-алты жыл болду. Бирок дагы эле биздин айылда суу жок. Кош-Коргон эли чогулуп, ушул жерден айылга суу жыкканы келдик. Мына ушундай кир суу айылга барат. Карантинде келип, арык казып жатабыз. Анткени айылда суу жок.

Түркияда жолдо калгандар кыргыз бийлигине кайрылат

Атын атабаган жаран: Биз сиздерге Түркиядан кайрылып жатабыз. Анкара шаарына иштегени келдик эле. Ооруп калып, ден соолукка байланыштуу кайра мекенибизге кете албай жатабыз. Биздин үнүбүздү депутаттарга, чоңдорубузга жеткирип койсоңуздар. Бул жакта абалыбыз оор. Биздин мамлекет эмнени чечип жатат? Ишибиз жок ара жолдо калдык. Бул жаакта сөөгүбүз калбасын, өлсөк да өз жерибизге жетели. Иши жоктор, кете албай жаткандар көп. Карантиндин айынан же догдурга көрүнө албайбыз. Анын үстүно догдурга барганга толтура акча кетет. Жөнөкөй анализге эле 10 миң сом төлөдүк. Акчабыз жок.

Атын атабаган аял: Эмне үчун башка мамлекеттерде калган жарандарыңарды алып кетпей жатасыңар, Билет сатканды, кийин кайра кеткенге каттамды алып салганды билесиңер. Алып кеткенди билбейсиңерби? Биздин көйгөйдү ким чечип берет? Кыргыз өкмөтү өз жарандарын карабаса, башка ким карайт? Кыргызстанга жарандар керекпи? Камалып жатабыз, бир учак жиберип алып кетпейсиңерби? Учак жибергиле, ошону күтүп жатабыз.

Эл үнү: Түркияда калган жарандар бийликке кайрылышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

Аты-жөнү белгисиз аял: Сураныч, бизди алып чыгып кеткиле. Чөнтөктө пул жок, жегенге тамак да түгөндү. Кыргызстандыктар көппүз бул жерде. Бизди алып кеткиле. Арабызда ооругандар, жаш балдар бар. Кыйын экен. Силерден бирден-бир сураныч – бизди алып кеткиле.

Аты-жөнүн айтпаган аял: Кызым ооруп жатат. Биякка жакшынакай эле келген. Улам-улам өзүнөн чыгып, ооруп жатат. Дарысын ичкенден да баш тартып жатат. Ошентип талаада калчудай болуп турабыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биздин абалды түшүнүп, бизди алып кетиңиз.

Аты-жөнүн айтпаган аял: Биз Анталия шаарынан Кыргызстанга 24-мартка билет алдык эле. Билетибиз күйүп кетип, орто жолдо калдык. Бизге жардам беришиңерди өтүнөбүз.

Биз батирибизди өткөрүп, 16-марттан бери тышка чыгып калганбыз. Эми дагы канча ай болорубузду билбейбиз. Жардам бергиле. Бул жерде дагы толтура адам бар, алардын баары ар кандай шартта жашап жатат. Ошондуктан Кыргызстанга жеткенге жардам күтөбүз, үмүтүбүз чоң.

Аты-жөнүн айтпаган аял: Мына элибиз бар, жерибиз бар, алтыныбыз бар, суубуз бар. Бирок ошого ээ боло албай койдук. Ар кай жерде кул болуп иштеп, тентип, мигрант болуп жүрөбүз. Мен Түркияда эки жылдан бери иштейм, өзүм көп балалуумун. Сегиз баланын энесимин, бир балама да жөлөк пул аалган жокмун. Түркияда канчалаган кыргыз туугандарбыз акчасы, иши жок, ачка отурушат.

Депутат эле дейбиз? Кана депутататтар эмне кылды? Алар бирдеме ылсак, ушинтип темселеп жүрөт белек. Бирде арданам, шайлоодо кандай гана сөз бересиңер. Депутат болуп алган соң өз камыңарды гана көрүп отурасыңар. Силер иштеш үчүн эмне керек? Революция эле керекпи?

Канчалаган мекендештер үйүнө жете албай жатышат. Ошолорду тезинен үйүнө алып кетиш керек. Силерге болгон ишенимди актап, өз элиңердин аркасында туруп бергиле. Мамлекет ойлобосо, бизге ким жардам берет.

Аты-жөнүн айтпаган жигит: Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр бардык жарандарын чыгарып кетишти. Акчабыз түгөндү, айрым туугандарыбыз көчөдө калып жатат. Ичип-жей турган тамагыбыз жок. Кыргызстандагы байларга, 120 депутатка кайрылат элем. Кичине болсо да боор ооруп, бизди ушул жактан чыгарып кеткенге аракет кылсаңыздар.

Аты-жөнүн атабаган аял көзүнө жаш алды: Анталияда иштеп жүргөм. Ооруп, колу-бутумдун нерви козголуп жатат. Жүрөгүм ооруйт.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Дыйканбаев 3-апрелде “Азаттык” радиосуна мындай деп жооп берди:

Биз билебиз, республикалык штаб билет. Тиешелүү департаменттер бар. Башка өлкөлөдө элчиликтерибиз бар. Түркиядагы элчилик, Стамбулдагы консулдук сиздер айтып жаткан жарандар менен байланышта. Бардык чет өлкөлөр өз авиакаттамдарын токтотуп жатат. Бул жалпы дүйнөдөгү абалга байланыштуу болуп жатат. Мунун баарын тушүнүү менен кабыл алуу керек.

Биз өз жарандарыбызды, албетте, калтырбайбыз. Реалдуу чындык ушундай, чек аралар жабылган. Бирок ошондой болсо да тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Өкмөт бул багытта иш жүргүзүүдө. Бирок качан чечилерин так айта албайбыз. Бардык жарандардын кайрылуусун биз билебиз.

“Аш көп болсо, каада көппү?"

Насыят Асаналиев, Бишкектин тургуну: Мына азыр Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 4төн 28 мүнөт өттү. 24 саат бою үйдөбүз. Уйку жок. Күндүз бир-эки саат уктайбыз. Мамлекет эмне болот деп кечке ойлонобуз.

Урматтуу жылдыздар, мега жылдыздар, шам чырактар!

Ар нерсени жазып, элдин башын айлантпагылачы. Сураныч. Колунда бар адамдар, өздөрүн видеого тартпай эле колуңардан келишинче башкаларга жардам берип жатат. Колуңан келсе кошунаңа, бир тууганыңа жардам бер. Ошондой эле байлыгың ашып кетсе, сырттагы башка тутугандарга жардам бер. Тамак-аш ташып, өзүңөрдү башкалардан кыйын сезип жүргөнүңөр жарабайт, "мега жылдыздар". Бир үй-бүлөгө берген жардамыңарды модага айлантып, милдет катары көрсөтө баштадыңар. “Мына мен жардам берип жатам, сен эмне кылып атасың” деп, бири-бириңе атаандашып жатканыңар ким экениңерди көрсөтүп койду.

Бул бийликте тургандарга да тиешелүү. Алардын эмне кылып жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар.

Майрам Сарыбаева, бүгүнкү кыйын кырдаалга кайдыгер карай албай “Оо, адамзат, угуп кой” деген чыгармамды сунуш кылам:

Дүйнө элинин бирдей болуп ченеми,

Таажы оору бай-кедейби теңеди.

Акмакка да, акылдууга бул оору,

Ак-караны таанытуунун себеби.

Кайран элим, жан багуучу жай-жайга,

Чачылыптыр чакмак таштай сай-сайга,

Канчалары Ата журттан көзү өтүп,

Кала берди буту жетпей жайларда.

Шамал кылды, бороон кылды бир кезде,

Адамзатка анча зыян тийгизбей,

Селге, өрткө маани бербей биз жүрдүк,

Аалам сырын аң-сезимге киргизбей.

Аалам сырын калган элек той кылып,

Сомду эмес, долларларды ой кылып.

Адамзат, деги кайда бар эле,

Атасынан кызы көргөн зомбулук.

Деги эле адам жашабайт го армансыз,

Чындык менен акыйкаттан танганбыз,

Мугалимге иттей жасап мамиле,

Врачтарды сөгүп-сагып калганбыз.

Жамандыкты алда кайдан чакырып,

Шайлоо десе “болбойт” дедик бакырып,

Тажик эли шайлоо өткөрдү деп угуп,

Отурамын ичим күйүп басынып,

Хан сарайда жашап, кээлер бай эле,

Кең короосу машинага тар эле.

Жанындагы жалпак үйдүн баласы,

Ун сүйрөгөн арабага зар эле.

Бүгүн калды алдуу-алсыз биригип,

Ысык аткан ырыскыга ийилип.

Бул күн да өтөт, аа адамзат баласы.

Билсек болду кымбаттыгын тирүүлүк.

Ойго салып өзгөрттүң го дээриңди,

Ал эле эмес, кандай тамак жээриңди.

Энелердин миң тамырын сыздатпай,

Болду, таажы, аяп койчу элимди.

Кумдуу чөлдө атырылган булак жок,

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк жок.

Бүгүн күндөн сабак ала албасак,

Анда деле адамзатта уят жок.

Урматтуу окуман, сиздин пикир үчүн Вотсап тиркемесиндеги 0-550-988-755 номери такай иштейт. Пикир, сунушуңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

COVID-19 жана кыргыз медицинасы

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.

Ачылышы кечеңдеген оорукана

Марттын этегинде Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү тууралуу чечимин жарыялады.

Ага чейин социалдык тармактарда жана парламентте курулушу 2017-жылы эле бүткөн бул жай эмнеге жабык турганын сурап чыккандар көбөйгөн. Жаңы оорукана эмнеге ачылбай турду? Аны башкарууга Кыргызстанда татыктуу адистер жокпу?

Түркия элчилиги 2017-жылы 25-мартта салынып бүтүп, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин билдирген. Мындай чечим COVID-19 оорусуна каршы күрөшүү максатында кабыл алынганы айтылган. 3-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жакынкы күндөрү бул оорукана ачыларын билдирди:

«Штатын, акча каражатын жана башкаруусун чечип, даярдап турушубуз керек. Эгер көп киши түшө баштаса ошол оорукананы тез арада колдонгонго киришүүбүз керек. Бир-эки күндө чечилет».

«Оор дарттарды дарыласа болот»

Оорукананын ички мүмкүнчүлүктөрүн активист Гүлмира Абдразакова онкологиялык ооруларды жана орган алмаштырууда кеңири колдонсо болмок деген ойдо. Ошол эле маалда COVID-19 менен күрөшүүдө ооруканадагы заманбап жабдууларды пайдаланууга мүмкүн деген пикирин айтты:​

«Азыр күчөп жаткан коронавируска чалдыккан эң оор абалдагы бейтаптарды ошол жакка жиберсе болот. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдуулар бизде жетишсиз эмеспи. Ошол аппараттар жаңы ооруканада бар экен. Коронавирус менен күрөшүүдө реанимациялык оорукана кылып колдонсок болот. Бирок анын статусун, багытын аныктоо азыр аябай кыйын болуп жатпайбы».

«Байлар гана дарыланабы?»

Оорукананын ачылбай турганын парламентте сөз болуп, депутат Элвира Сурабалдиева бул маселени козгогон. ​Бирок депутат Сурабалдиева эки тараптуу келишимде «​бул ооруканада жалаң колунда бар адамдар гана дарыланат» деген пункттан улам парламенттин сынына кабылып, ооруканада иштөөгө түрк, англис тилин билген дарыгерлерге конкурс жарыяланганы менен эшигин кара кулпу кайтарганын белгилейт. Ал ооруканага байланыштуу келишимде көмүскө сыр бардай деген оюн айтты:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Бул оорукана эми бизге кандай шарттарда берилди? Жөн эле бере салыштыбы? Ушул маселе да түпөйүл кылбай койбойт. Жанагы «Газпром» салган мектеп бар го, алгач «мэрияга бекер беребиз» деп, анан акы төлөгөн окуу жайына айланып калбадыбы. Ошол сыяктуу бул ооруканага байланышкан келишимде да биз билбеген көмүскө жагдайлар бардай болуп жатат. Анын баарын изилдеп чыгыш керек».

Атайын билимдүү адистер керек

Алты кабаттуу имараттын ички башкаруу системасы толугу менен электрондошкон. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева түрктөр берген белекти эми кыргыз тарап татыктуу иштете аларынан күмөн санап, бул үчүн сөзсүз атайын билими бар адистер керек деп жаткан учуру:

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

«Азыр бизде иштеп жаткан ар бир оорукананын багыты бар. Жугуштуу оорулардын ооруканасы болобу же хирургиябы, айтор жаңы жайдын багыты кандай болушу керек деген суроого биринчи жооп табышыбыз керек. Биринчи ушул маселени чечкенден кийин гана ал оорукананын деңгээлине шайкеш келген башкаруучуну коюш керек. Бул үчүн биринчи кезекте түркиялык менежерлерден башкаруу системасын үйрөнүп алганыбыз дурус».

Эки тараптуу келишимдеги негизги шарттар, оорукананын ичиндеги жабдуулардын тизмеси, бейтаптарды дарылай турган багыты боюнча азырынча так маалыматтар бериле элек.

«Дипломатиялык жолду тандагыла»

Бирок Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинде бир топ жыл иштеп, азыр ардактуу эс алууда жүргөн Севал Дүндар дипломатиялык жол менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинен адистерди убактылуу ишке тартып, бул оорукананы кыргыз элинин пайдасына иштетүүнү сунуш кылды:

«Бишкектеги «Кыргыз-түрк достугу» ооруканасы курулуп бүткөндө эле ачылышы керек эле да. Бирок бюрократиялык ар түрдүү себептерден улам тилекке каршы ачылбай турду. Эми мындан ары да аны иштетүү жаатында эки тараптуу макулдашуулар керек. Дипломатиялык жол менен маселени чечсе болот».

Бишкекте Түркия куруп берген ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат бар. Бул тууралуу 27-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Элчилик билдиргендей, мындан тышкары эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коронавирус миллиондон ашуун кишиге жукту

Актёр Брюс Линин Босния жана Герцеговинанын Мостар шаарындагы эстелиги, 2-апрель 2020-жыл.

Дүйнөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 1 миллиондон ашты. Алардын дээрлик төрттөн бир бөлүгү Кошмо Штаттарга туура келет. АКШда соңку бир суткада бул илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Испания менен Италияда да өлгөндөрдүн саны азайбай жатат.

Нью-Йорк шаарында коронавирус жугузгандардын санынын көбөйүшү дарыгерлерди жана медициналык кызматкерлерди кабатыр кыла баштады. Алардын айрымдары 2-апрелде Монтефиоре медициналык борборунун алдына топтолушуп, респиратор сыяктуу коргонуу каражаттары жетишпей жатканына нааразылыгын билдиришти.

"Ооруган адамдардын саны көбөйдү. Баарында эле коронавирус болбошу мүмкүн. Бирок биз экстремалдуу шартта иштеп жатабыз. Өзүбүздү коргой алгандай болушубуз керек. Бул кооптуу. Азырынча колубуздан эч нерсе келбей жатат", - деди Монтефиоре медициналык борборунун медайымы Виктория Ланкуа.

АКШда коронавирусту жугузгандардын саны 250 миңге чукулдады. Алардын дээрлик бештен бир бөлүгү Нью-Йорк шаарына туура келет. Андыктан шаар бийлиги жарандарды көчөдө жүргөндө бетин жоолук же колго тигилген беткаптар менен жаап жүрүүнү сунуштады. Бирок медициналык беткаптарды же респираторлорду дарыгерлерге калтырууга чакырды. Ал эми Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо илдетке чалдыккандардын саны көбөйө берсе, жасалма дем алдыруучу аппараттардын запасы алты күндө түгөнөрүн билдирди.

Нью-Йорктогу медкызматкерлер, 1-апрель 2020-жыл.
Нью-Йорктогу медкызматкерлер, 1-апрель 2020-жыл.

Кошмо Штаттар дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны боюнча гана эмес, соңку бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча да сап башына чыкты. Акыркы 24 саатта Америкада 1169 киши илдеттен көз жумду. Натыйжада өлгөндөрдүн жалпы саны 6 миңден ашты. 9 миңдей киши айыгып чыкты.

"Мен кечээ айткандай, элибиздин алдында оор күндөр турат. Алдыдагы бир нече апта, өзгөчө бир нече күн абдан коркунучтуу болот. Бирок эң оор учурларда деле америкалыктар чөккөн эмес. Коркууга алдырбайлы. Биримдикте бололу. Биз жеңип чыгабыз", - деп билдирди 2-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп.

3-мартка карата коронавирус 181 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, бейтаптардын 53 миңден көбү көз жумду. 212 миң киши айыгып чыкты.

Илдетке чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийин эле Италия (115 миң) менен Испания (112 миң) турат. Германия (84 миң) вирус адеп катталган Кытайдан ашып өтүп, төртүнчү сапка чыкты.

Франциянын чыгышындагы Мюлуз ооруканасы, 23-март 2020-жыл.
Франциянын чыгышындагы Мюлуз ооруканасы, 23-март 2020-жыл.

Пандемия башталгандан бери Италияда эң көп адам өлдү. Өлкөдө соңку бир сутка ичинде дагы 760 адам каза таап, алардын жалпы саны 14 миңге чукулдады. Испанияда да акыркы 24 саат ичинде 950 бейтап жашоо менен кош айтышып, өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашты.

"Испания илдетти жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү сапта турат. Тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны көбөйүп жатат. Мындай жагдайды болушунча чукул арада жөнгө салууну максат кылып жатабыз. Бирок кырдаал турукташып баратат. Вируска чалдыккандар азайгандан бир топ убакыттан кийин өлгөндөрдүн саны азая баштайт", - деди Испаниянын Тез жардам кызматынын башчысы Фернандо Симон.

Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 130 адамга жетип, бир адам каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, маркум Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон. Ал 2-апрелде каза таап, ошол эле күнү жерге берилген.

Өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусу үч ай мурда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги өз аймагында илдет басаңдаганын билдирип, катаал чараларды жумшарта баштады. Ал эми дүйнөнүн калган аймактарында пандемия качан аяктары бүдөмүк бойдон турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жолон акын, Рыспай жана ашыктык

Акын Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова.

Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.

48 жашында айыкпас илдетке чалдыгып дүйнөдөн өткөн таланттуу акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо 1-апрелде 80 жашка чыкмак. Акын «Отту сүйөм» баштаган ондон ашык ыр китеп жазды. Сүйүүнүн акыны атыкты. Обонго салынган «Издейм сени», «Кусалык» өңдүү ашыктык ырлары классикага айланды. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова менен маектешип, анын басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу пикир алыштык.

Кайрыгы татаал «Издейм сени»

- Меңди эже, Жолон агайдын кеткенине 30 жылдан ашты. Өмүрлөш, калемдеш болдуңуз. Сүйүү ырларынын күчтүү чыкканына караганда чыныгы музасы болдуңуз. Ошол сүйүү ырларынын ичинен эң даңазалуусу «Издейм сени» болду го. Бул ырдын таржымалы кандай?

- Бул ыр экөөбүз үйлөнө электе жазылган. «Ленин жолу» гезитине чыгып эле калып калган экен. «Кусалык» (обону Асанкалый Керимбаевдики - ред.) деле ошондой. Абдылда Капаров деген журналист бар эле. Өтүп кетти. Ал Рыспай Абдыкадыров болуп чогуу жүргөн Жолондун досторунун бири болчу. Рыспай ошол кезде биринчи аялы менен да, экинчиси менен да ажырашып, Давлетти сүйүп жүргөн кези экен. Давлеттин ата-энеси «эки аял алган киши кандай» деп каршы чыгып, ошондон экөө кыйналып жүргөн кези болот. Анан Абдылда гезитке чыккан баягы ырды сактап жүргөн экен, «ай Рыспай, мынабу ырдын сөзүн карачы. Обон жазып көрбөйсүңбү» дейт. Бул анан Рыспайдын ошол кездеги маанайына, жан дүйнөсүнө, тагдырына төп келип калат да, обон жазат.

Акын Жолон Мамытов жана анын жубайы, акын Меңди Мамазаирова. (Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт)
Акын Жолон Мамытов жана анын жубайы, акын Меңди Мамазаирова. (Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт)

Ал кезде биз үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганбыз. 1967-жылы мен университетти бүткөнүмө үч жыл болгон. Айылда жашап атканбыз. Ал кезде диплом үч жыл иштегенден кийин берилчү. Дипломумду алайын деп, чоң балам Маякты ээрчитип алып Сооронбай Жусуевдикине бир тууган агамдыкына келгендей эле келдим. Ал кезде Жусуевдикине, Жунай Мавляновдукуна, Камбараалы Бобуловдукуна каттап турчубуз. Булар ушундай бир мээрман, жаштарды колдогон адамдар эле да. Ошол күндөрдүн биринде Сооронбай аке «Ай Шакин, Меңди, саат баланчада менин иш бөлмөмө киргиле» деп калды. Эжем экөөбүз кирсек «жаңы ырдын премьерасы» деп ушул ырды угузду. «Жактыбы?» деп сурады. Жеткен жок, чындыгында мага. «Кайрыктары татаал го» дедим. Ал кезде Атай Огомбаевдин классикалары сүрүлүп, анча-мынча эстрада кебетеленген ырлар чыга баштаган. «Татаалдыктын артында татаалдык бар» деп Жолон айткандай бул ыр Рыспайдын тагдырындагы эң жогорку бийиктик болуптур. Канча жыл өттү. Өлбөстүккө айланды. Эки таланттын жүрөктөрүнүн үнү болуп калды.

Олоң чачты кырктырган арзуу

- «Сүйүү, кусалык ырлары үйлөнгүчө жазылган» деп жатпайсызбы? Андан кийин сизге арналган ырлары жазылдыбы?

- Жаады да ырлары. Мурда жеке сезимдер бизде кандай гана купуя эле... Уялып, сыртка чыгара албай жүргөн ырларын үйлөнгөндөн кийин жазды. Мисалы:

Көңүл чөктү, же бир жазган катың жок,

Көңүлүмдөн чыксаң катуу кыйналам.

Ай талаада таянаары такыр жок,

Жаш баладай үйүн эңсеп ыйлаган...

- Көп эле айтып келатасыз. Баш кошконуңардын таржымалы да кызык. Сиз 8-класста кезден кат алышуу башталган экен. Ата-энеңиздер каршы болгон деп жүрөсүз. Бирок себептерин уга элекмин. Эмне тоскоол болгон?

- Бул жерде терең-терең сырлар бар. Аны дагы айта турган маал келет. Биз жалпы Муңгуш уруусунанбыз. Анын ичинен Жолон Алеке, мен Майна уулунан болом. Туугандык катыштагы уруулар болот экен, булар. Менин апам катуу, катаал, беттегенин бербеген адам эле. Ошол кезде кайненемден сөз укканбы, кыскасы экөө келише албай коюшат. Алар «албайбыз», менин апам «бербейбиз» дешет. Анан мени апам «Жолон менен жолукпайм деп убадаңды бергиниң» деп жарга такап убадамды алган. Убаданы бердим, бирок таң аткыча ыйлап чыктым. Эртең менен апам эжеме айтып атат, «таң аткыча ыйлап чыкты, стипендиясына жетпей калган окшойт, сурачы» деп. Анда биринчи курста элем.

- «Кызыбыз бактысын табыш керек» дегенге кандай карашкан, анда?

- Ал өзүнчө баян. Атам оозунан ыр куюлган лирикалуу, жакшы киши эле. Чынын айтыш керек, бардыгын апам бийлечү. Апам мени эки жолу бирөөлөргө кудалады. «Сенин Жолонуң эмне, болгону Прунзеде (Фрунзе -ред.) окуйт. Менин бөлөмдүн кайниси Ленинградда чоң институтту окуп атат. Жолонуңдан өөдө турат, ошого турмушка чыгасың» деп кудалап койду. Ага чейин дагы бирөөнө кудалаган.

Ошондон кийин каяша иретинде айтпай билет алып, 1963-жылы 3-курс болуп калгам, Фрунзеге кетип калдым. Келдим да жер чийген чачты кырктым. Чач тарачка барсам «иди, с мамой приходи» деп кубалап чыкты. Чачтарач аял деле чачымды аяса керек. Гуля деген курбум чүпүрөк менен байлап туруп кыркып салды. Ызамды ушинтип чыгардым. Бирок апам мени жакшы көрчү. Кийин үйгө барганда «жатаканадагы газга чачымды күйгүзүп алдым» десем ишенди, кечирди.

«Жолондон кийин колумду сурагандар көп болду»

3-курсту бүткөндө токтолуп калдым. «Апа, мени Жолонго бербесең күйөөгө тийбейм. Сизди Фрунзеге алып кетем. Үй сатып алып экөөбүз жашайбыз» дедим. «Атаң кантет?» деди. «А, атам сиздин күйөөңүз да, ээ?» десем унчукпай калды, түшүндү. Чынында эле «жалгыз өтөм» дечүмүн.

4-курстун башында бизди Ош шаарынын четиндеги Калинин деген колхозго пахта теримге алып кетишти. Жолон күнүгө келет, башкы ветеринар дарыгерч, машинеси бар. Эми кызык эле сезим экен, ойлосом. Колубузду да кармашпайбыз. Жолукканда, калп айткан кишиге 5-10 мүнөт эчтеке сүйлөй албай эле бири-бирибизди тиктеп калтырап турчубуз.

- Ошентип жүрүп өзүңөр баш кошуп алдыңар?

- Эң башкысы - бир тууган агам менен жеңем уруксат берди. Жолон агам менен чогуу окуган. Анан жанагы пахтага келген учурда баш коштук, ээн баштык кылып. Мугалимдерден мени бир жумага уруксат сурап алды.

- Анан кантип ата-энелериңердин көңүлүн таптыңар?

- Жолондун Токтогон деген досу бар эле. «Мен жайгарам» деп Жолондун агасына бир бөтөлкө менен барып, машинесине отуруп бөлө тарта ичип, анан «Жолон Мамазаир акенин кызына үйлөндү» деп айтып кетет. Кайненем «Алмакан сулуу» атыккан (кудай кечирсин атын айтканым үчүн) билерман, эл баккан киши болгон. «Күркүрөгөн агалары турса жетим баладай болуп талаада үйлөнөт деген эмне?» деп бизди издеп таап, үйгө алып барышкан. Эртеси эле кайненемдин Дубана деген элге алынган агасын Абдылда деген кишини кошуп менин ата-энеме барышкан.

- Кызыктуу сүйүү баяны... Жолон агайсыз азыр жашооңуз кандай? 44 жашыңызда калыптырсыз. Колуңузду сурагандар болдубу?

- Абдан көп болду. Ыза болуп ыйлаган күндөрүм болду. «Кош ак куу болсок, бирөө өлсө, анан кантип булар мени талашат» деп шылдыңдай кабыл алып жүрдүм. Эми ойлосом жаш эле калган экемин... Бирок Жолондун ордун кимдир-бирөөнө алмаштырам деген санаама да келген жок. Эки жарым жылдай дарыгерден чыккан жокмун. Анан поэзия сактап калды. Жолонго арнап ырларды тынбай жазып, ошондон каниет алдым. Чоң балам Маяк аябай колдоду. Ыраазымын. Анан колдогон, жөлөгөн жакшы адамдарга ыраазымын. Сага да ыраазымын, башатыма кайрып, өрөпкүтүп, эргитип койдуң...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Карантинде мектептер кантип окуйт?

Карантинде мектептер кантип окуйт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:15 0:00

Карантинде сарымсак эккен дыйкандар

Карантинде сарымсак эккен дыйкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

Комендатуранын иши сындан арылбады

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берген өткөрмө кагазды сатуу үчүн шектүү катары кармалды.

Бул ансыз да уюштуруу иштериндеги башаламандык үчүн сындан башы чыга элек комендатурага арыз-дооматты ого бетер күчөттү. Буга кошул-ташыл эле укук коргоо органдарынын карапайым элге кылган орой мамилеси да талкуунун чордонунда турат.

Милиция кызматкерлери ур-токмокко алган, көчөдөн эле адамдарды машинеге салып кеткени тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап кетти.

Пара талап кылган милиция

Өткөрмө кагазды сатууга байланыштуу шек саналып жаткан милиционер - Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалымат боюнча, ал санитардык бекеттерден жана блокпосттордон өтүүгө уруксат берүүчү документ үчүн жеке компаниялардын биринен пара талап кылган.

Шектүү акчаны алып жатканда кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен башталды. Ал канча акча талап кылганы расмий айтылган жок. Айрым сайттар милиция кызматкери 200 доллар сураганын жазышты.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бул факт боюнча Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталганын айтты.

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Мыйзам бузууга жол берген жетекчилердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бишкек шаарынын комендатурасы бардык күч кызматкерлерин мыйзамды бузбоого чакырат. Биз өз ичибизден тазалануу менен тартипти орнотобуз», - деди Орозалиев.

Өткөрмө кагаз эми онлайн берилет

Ушуга окшогон терс көрүнүштөрдөн жана өткөрмө кагазды алыш үчүн узун кезектерден улам 2-апрелден тартып жолдо жүрүүгө кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулду. Мындан ары өзгөчө абал шартында машинелердин шаарда жүрүшүнө уруксат электрондук түрдө гана берилет.

Аны алыш үчүн арыз берүүчү https://1312.tunduk.kg/ сайтына кирип тийиштүү документтерди тиркеп, уруксат кагазды эмне максатта алып жатканы, аты-жөнү, автоунаасы тууралуу электрондук арызды толтуруш керек.

Эгерде ишкерлик же кызмат көрсөтүү айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл. Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Ал канааттандырылганы же четке кагылганы боюнча маалымат толтурулган баракчага чыгат.

Өткөрмө кагаздар сатылып, өң тааныштарга жең ичинен берилип жатканы жана деги эле бул ишти уюштуруудагы башаламандыкты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү деле моюнга алды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Коменданттын жумушунда кемчиликтер бар. Мындай кырдаал мамлекетте биринчи жолу болуп жаткандыктан мамлекеттик органдар мурда башынан өткөрбөгөнүн көрсөтүүдө. Биринчи күндөгү иштерге салыштырмалуу азыр алда канча жакшы. Көп маселелер чечилип калды. Бирок баарын эске алыш кыйын экен. Тамак-аш, дары-дармек ташыгандарга жана дарыгерлерге тоскоолдук болбосун деген чечим кабыл алдык. «Өткөрмө кагаздары сатылууда, айрымдарга жөн эле берилип жатат» дегенди угуп жатабыз. Бир аз убакыт берсеңер муну тартипке салабыз».

2-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев азык-түлүк жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700, ал эми медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө кагаз берилгенин кабарлады. Комендант мынча санда документ жазылып берилишин «жетиштүүдөн да көп» деп баалаган.

Орозалиев айтып оозун жыя электе Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары 2-апрелден баштап аргасыз жабылганын билдиришти. Муну ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы менен түшүндүрдү.

Алмазбек Орозалиев бул боюнча «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«Окуяны төгүндөйбүз. Жалпыңыздарды маалыматтарга өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам! Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурайм. Биздин кызматтар дайым ар бирине ачык», - деп жазды Орозалиев «Фейсбуктагы» баракчасына.

Орозалиев маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312, 0770 89 55 56 (WhatsApp) деген телефон номурларын калтырган.

Комендатуранын камчысы

Эми өзгөчө абал режими кирген аймакта иштеп жаткан укук коргоо органдарынын ишине келсек. Бул маселе шаршемби күнү Жогорку Кеңеште көтөрүлүп депутат Садык Шер Нияз күч органдарынын жүрүм-турумуна мындай баа берген.

«Төрт-беш депутат жолдон токтотулуп жумушка келе албай айланып келишти. Бул – мыйзамды билбөө, игнор, өзүн-өзүн көтөрмөлөө же коменданттын мурдун балта кеспей калган. Эгерде депутаттар өзүнүн укугун коргой албай жатса карапайым эл эмне болду? Эркин журналисттерди болсо тыйып салыптырсыңар. Биз мамлекеттик маалымат каражаттарына ишенгенде эле бир нерсе болчу эле?»

Карапайым эл демекчи, социалдык тармактарда «милиция адамдарды сабап, орой мамиле кылды» деген тасмалар тарап жатат. 30-мартта Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тартылганы айтылган видеодо милиция кызматкерлеринин формасына окшош кийимчен адамдар бир кишини ур-токмокко алып жатканы тартылган. ИИМ окуя териштирилип прокуратурага өткөрүлүнө убада берген.

Интернетке чыккан дагы бир тасма Ошто тартылганы айтылган. Анда милициянын автоунаасы менен бараткан укук коргоо кызматкерлери үн күчөткүч менен элди тышка чыкпоого чакырып жатканын көрүүгө болот. Көчөдө жүргөн бир нече эркек кишилерди кармап келип алардан маршруттук баракчаларды талап кылышкан.

Бул коменданттык саатта эмес, күндүзгү убакытта болгон. Укук коргоочу Динара Ошурахунова милициянын бул аракетин мыйзам бузуу катары сындады:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Интернетке чыккан виделордо укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарга орой мамиле кылып жатканы көрүнүп турат. Аларга кылмышкер катары мамиле жасалууда. Кылмышкер болгон күндө да адамдарды түртүп, чаап, сабаганы мыйзамсыз. Муну прокуратура иликтеп, баа берип өзүн орой алып жүргөн кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керек. Өзгөчө абал, карантин алардын жоопкерчиликтен кутулушуна себеп эмес. Эл күч кызматкерлерине душман эмес да. Ушундай кырдаалга шылтоолоп кишилерге кол көтөрүү мыйзамга да, адамгерчиликке да жатпайт».

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ошол эле учурда жарандарды укугун билгенден тышкары милдетин да аткарышы керек экенин эске салды. Себеби, жакында эле Ошто жол тосуп турган милиция кызматкерлерине «күйөөм УКМКда иштейт» деп, жолдон өткөрүшүн талап кылган аялдын окуясы талкуу жараткан. Көп өтпөй дагы бир аял киши милициянын талабына көнбөй кол көтөргөн видео тарады.

«Өзгөчө абал учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жөнөкөй жарандарга орой мамиле кылып жатканы өкүнүчтүү. Бирок элдин өзүндө да маселе бар. «Укугубуз бар» деп эле милиция кызматкерлерине туура эмес мамиле кылган учурлар да кездешет. Күч кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей койгон да жарандарыбыз бар», - деди Токтонасыров.

«Комендант кыраакы болушу керек»

Күч органдарына айтылган сын ушуну менен эле токтобойт. Бир катар сайттар «Бишкекте милиция кызматкери түн ичинде өзүнүн жеке машинеси менен сойкуларды ташып жүргөн жеринен кармалганын» жазышкан.

ИИМ Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн машинеси менен кармалганын ырастады. Анын үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтып, бирок «сойкуларды ташып жүргөн» деген маалыматты четке какты.

Күч түзүмдөрүндө бир нече жыл иштеген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков ушуга окшогон күмөндүү иштер, комендатуранын ишиндеги кемчиликтер үчүн комендант менен ИИМдин жетекчилери жоопкерчилик алыш керек деп эсептейт.

«Өзгөчө абал режиминде иштөө боюнча Алмазбек Орозалиевдин тажрыйбасы жок да. Анткени буга чейин Кыргызстанда тополоңдорго байланыштуу коменданттык саат киргизилген учурлар болгон. Бул жолкусу пандемияга байланыштуу. Ал эми экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Өзгөчө абал учурунда коменданттын иши маанилүү. Ошондуктан комендант тажрыйбалуу, мындай окуяны башынан өткөргөн, ар кандай кырдаалда алдын-ала чара көрө билген адам болушу керек. Азыркы окуяларга ИИМдин жетекчилери да жооп бериши керек», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал тартиби киргизилген. Ал 15-апрелге чейин күчүндө болот.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын, ал эми ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын коменданты болуп дайындалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Илдеттин айынан ишкерлик жабыркады

«Акун» ишканасынын кире бериши.

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандар 116 кишиге жетти. Өзгөчө абал киргизилгенине 15 күн, өзгөчө абал киргизилгенине бир жума болду.

Бул аралыкта элдин күнүмдүк акча таап оокат кылган катмары кыйналып жатканын белгилеген айрым депутаттар өзгөчө абалды 15-апрелден ары узартууга болбой турганын айтып чыгышты. Ишкерлер болсо өкмөт өзгөчө абалды толук жокко чыгарбаса да, жумушсуздук күч алып кетпеши үчүн ийкемдүү жолдорду карап чыгууну сунуш кылышууда.

Күнүмдүк тапканына жашагандар кыйналып турат

43 жаштагы Кубат «Дордой» базарында араба түртүп үй-бүлөсүн багат. Өзгөчө абал жарыяланып, базар жабылгандан бери ишсиз отурган Кубат элчилеп дүңүнөн ун-май алууга да чолоосу болбогонун, эгерде 15-апрелден баштап базар кайра ишке кирбесе, балдарын багуу оор болорун «Азаттыкка» айтып берди:

«Бар үмүтүбүз - 15инде ачылат деп эле ишенип турабыз. Мен күн сайын тапкан акчама күнүмдүк тамак-аш алып, бир аз ашырып, батирдин ижара акысын төлөп жашап келгем. Эми болгон акчаны ижара акысына берип койдук. Тамак-аш күн өткөн сайын азаюуда. 15инде ачылбаса, бала-чакамды алып, айылга кеткенден башка аргам калбайт».

Айылында деле Кубат бала-чакасы менен бир туугандарынын үйүнө барат, алар азык-түлүк жагынан каралашат деген ишеничте.

Расмий эмес маалыматтар боюнча күнүмдүк тапкан акчасына жашаган адамдар Кыргызстанда элдин дээрлик тең жарымын түзөт. Адистер бул катмардагы элге жалпы тейлөө тармагында иштегендерди ккошкондо бул көрсөткүч ого бетер көбөйөрүн айтышууда.

Кыргызстанда 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт деп маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бул элдин жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына чоң зыянын тийгизерин «Азаттыктагы» маегинде айтты:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Күнүнө 300-500 сом, миң сом таап, үй-бүлөсүн баккан жарандарыбыз бүт жумушсуз калышты. Алар үйүндө отуруп, бала-чакасын бага албайт. Мамлекет да аларга компенсация төлөп бере албайт. Ошондуктан өкмөт алардын жок дегенде андан ары кыбырап, тиричилигин кылышына шарт түзүп берүүгө тийиш».

«Бир Бол» фракциясынын лидери 15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды карантинге алып, калган жарандардын иштешине шарт түзүлүшү керек деген оюн айтты.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөнүн экономикасы кыйла жабыркап жатканын өкмөт өзү да мойнуна алууда. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында быйыл бюджетке 30 млрд. сомго жакын акча түшпөй калганы жатканын билдирди. Мындан тышкары АКШ долларынын куну кымбаттаганы да өлкө экономикасын 15% өлчөмүндө жоготууга учуратууда.

Өзгөчө абал ишканалардын жабылышына алып келди

Бул аралыкта 2-апрель күнү Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» аргасыз жабылганын маалымдашты. Алар буга өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы негизги себеп болгонун белгилешүүдө.

«Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов өзгөчө абал учурунда ишканалардын иштеши жөнгө салынбагандыктан, бүгүнкү күндө көп эле ишканалар ишин токтотууга аргасыз болуп жатышканын билдирди:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

«Эгерде «Акун» менен «Бишкек ун комбинаты» ишин токтотсо жакында дүкөндөрдө ун калбайт, тартыштык башталат деген сөз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мындай абал көпчүлүк ишканаларыбызда болуп жатат. Мага аймактардан да чалып атышат, кызматкерлердин ары-бери жүрүшүнө чектөө коюу, өткөрмө кагаз алуудагы бюрократия көп ишканалардын токтоп калышына алып келип жатат. Ошто жем өндүргөн ишканадан чалышты, жумушчулары ишке келе албаганына байланыштуу иш жүрбөй калганын айтышты. Бишкектин ичинде азык-түлүк ташууга кыйла тоскоолдук жаралып жатканы ансыз деле белгилүү. Мындан тышкары жер-жерлерде айылдар өз алдынча блокпостторду коюп алып, элдин, машинелердин ары-бери жүрүшүнө тоскоолдук кылып жатышат. Бул да элди жумуш менен, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар менен камсыз кылууга чоң кедергисин тийгизүүдө. Өкмөт бул маселени да тез арада чечпесе болбойт».

Ал эми Бишкек шаарынын комендатурасы баш калаада азык-түлүк жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишканаларга жалпысынан 2700 өткөрмө кагазы жазылып берилгенин билдирип, муну «жетиштүүдөн да көп» деп баалады.​

Учурда өкмөт эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, ишканалардын, кээ бир меценаттардын жардамы менен калктын аялуу катмарына азык-түлүк жагынан жардам берилип жатканын маалымдоодо.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги түрдүү социалдык төлөм, жардам алган 500 миңден ашуун адамга зарыл болгон азык-түлүк: ун, май таратылып жатканын маалымдаган. Ага ылайык, өзгөчө абал жарыялангандан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тонна ун таратылууда. Мындан сырткары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 536 тонна ун жана 40 тонна өсүмдүк майы берилмекчи. Министрликтин маалыматы боюнча бул жардам жөлөкпулдан тышкары, аз камсыз болгон жарандарга тизме менен таркатылат.

2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынын өткөрүп, «бардык муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылабыз» деп айтты.

Өкмөт башчы коменданттык саат киргенине бир жума болгонун, көпчүлүк адамдарда тамак-аштын запасы бар экенин, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биз мындай кыйынчылыкка кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге тез арада бардык тизмени кайра карап чыгып, кылдат жана терең талдоо жүргүзүүгө тийиш», - деди ал.

Ошентсе да соцтармактарда өзгөчө абалдан улам жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын акчасы жана азык-түлүгү түгөнүп, жардам сурагандар көбөйүп жатканы байма-бай айтыла баштады.

Өкмөттөгү алмашуу 13 күндө кырдаалды жөнгө сала алабы?

1-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри алмашты. Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, ал эми саламаттык сактоо министри болуп эпидемиолог адис Сабиржан Абдыкеримов дайындалган. Эки жумага жетпеген убакытта өлкөдө эпидемиологиялык абалды жөнгө салып, өзгөчө абалды токтотууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетеби деген суроо туулбай койбойт. Белгилүү дарыгер Калдарбек Абдрамановдун пикиринде, өзгөчө абалды токтотууну тездетиш үчүн бир гана жол - элдин баарын жапырт текшерүүдөн өткөрүү жарайт.

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

«Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар табылганда эле ошол очогу деп саналган аймактар толук карантинге алынды, - деди ал. - Бирок андагы элдин баары жапырт текшерилген жок. Бул биздин бир кемчилигибиз болуп калды. Ошондуктан азыр өкмөт болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуп, керек болсо жеке менчик лабораториялардан суранып, элдин баарын жапырт текшерүүгө тийиш. Ошондо гана ооруга чалдыккандар жана соо адамдар так аныкталып, бир жагын толук карантинге алып, калгандарына иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө болот. Андай кадамдарды кылбай туруп, элди кайра эркин коё берсе, 15 күндөн берки карантиндин бир тыйынчалык пайдасы жок болуп калат».

2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын жалпы саны 116 адамга жетти. Жалпысынан беш киши оорудан айыкканы кабарланды.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдет жуккан адамдар кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуккан 36 жаңы киши катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

3-апрелдин таңындагы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус илдети жуккандар миллион адамдан ашып, анын айынан көз жумгандар 53 миң киши болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутат башкаруу формасын тандоону сунуш кылды

Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун сынына кабылды.

Анын негиздемесинде парламенттик демократияга караганда президенттик башкаруунун артыкчылыгына басым жасаган жагдай президенттик бийликти күчөтүү демилгеси катары бааланып жатат.

Депутат дооматты четке кагып, бул элдин тандоо эркиндигин камсыздоону көздөгөн анын жеке демилгеси экенин айтып, мыйзам долбоору карантинден мурда эле иштелип чыкканын түшүндүрдү.

Президенттик башкарууга ыктаган негиздеме

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору 1-апрелде коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинген.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде башкаруунун парламенттик жана президенттик эки формасын референдум аркылуу аныктоо көрсөтүлгөн. Анда парламенттик системанын бир топ кемчиликтери саналып, ал эми президенттик башкаруунун артыкчылыгы катары анын туруктуулугу жана натыйжалуулугу аталган.

Социалдык тармактарда депутат Курманкул Зулушевдин референдум өткөрүү демилгеси өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыкканы өзгөчө сынга алынууда.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Блогер жана журналист Шайырбек Маматокторов бир кезде жеке басар бийликтен запкы тарткан депутаттын азыр президенттик бийликти күчтөнтүүгө бел байлап жатканы түшүнүксүз дейт:

«Башка бирөө эмес, дал Курманкул Зулушев өзү ушундай демилге менен чыкканы мени аябай таң калтырды. Кезинде президенттин жеке бийлигинен куугунтук жеп, запкы тарткан судья бүгүн эми парламенттик демократиянын шарапаты менен депутат болуп келип, анан кайра президенттик бийликти күчтөндүрүү демилгесин көтөрүп жатканы өкүнүчтүү. Бул жөндөн-жөн эле чыга калган жери жок. Бүгүнкү бийликти азыркы абал жана жарандардын саламаттыгы кызыктырбайт окшойт. Эгерде эл бул илдеттен катуу жабыркап калса, референдумга ким барат деген суроону бийлик өзүнө бериши керек болчу. Ооба, парламенттик система бизде актаган жок деп жатабыз. Бирок ага ким күнөөлүү? Парламенттик система эмес да. Буга өз укугунан пайдалана албаган сабатсыз жана принциби жок депутаттардын парламентте отурушу себеп болуп жатпайбы. Болбосо, бардык эле парламенттик республикаларда ал натыйжалуу эле иштеп жатпайбы. Бизде эле эмнеге иштебеши керек? Эгерде иштете алышса иштейт!».

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Парламент депутаты Абдувахап Нурбаев бул демилгенин артында мыйзам долбоорун иштеп чыккан анын кесиптеши жалгыз эле Курманкул Зулушев эмес, башка дагы ички-тышкы күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

«Мен буга таптакыр каршымын. Соңку мезгилде кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети менен «парламенттик демократия деген жарабайт экен, 35 депутат эле иштесе болот» деген сыяктуу ойлорду коомго байма-бай таңуулап, биздеги парламентаризмди биротоло жок кылууну көздөгөн маалымат өнөктүгү жүрүп жатат. Ошонун фонунда кесиптешибиздин мындай демилге менен чыгып жатышы бул иштин артында чоң бир ички-тышкы күчтөр турганынан кабар берет. Биздин коомчулук, аң-сезимдүү катмар буга каршы туруп, парламенттик демократияны сактап калышыбыз зарыл. Анткени азыркы парламенттин сапаттык курамына берилген сын аркылуу эле жалпы парламенттик демократия идеясына көө сүрттүрүп, аны биротоло жок кылууга жол бербешибиз керек. Менимче, президент деле буга каршы. Анткени ал инаугурация учурунда парламенттик башкарууну колдой турганын расмий жарыялаган. Бирок бизге экономикалык өнөктөш мамлекеттер президенттик башкарууда болуп жатышпайбы. Алар буга каршы болуп, анын өз өлкөлөрүнө жайылып кетишинен чочулап турушат. Ошондуктан биздеги жаш жана алсыз парламенттик демократияны болушунча каралап, алар бизди кайра президенттик башкарууга кайтарууга кызыкдар».

Зулушев: Бул менин жеке демилгем

Мыйзам долбоорунда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо мөөнөтү да көрсөтүлгөн. Талдоочулардын баамында, бул дата болжол менен парламенттик шайлоону өткөрө турган күнгө туура келет. Анын мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыгып калганын депутат анчейин деле өөн көрбөйт.

Депутат Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке какты:

«Бул мыйзам долбоору башка мыйзам долбоорлору сыяктуу эле бир ай коомдук талкууда турат. Анан коомчулуктун пикирин угабыз. Анын негизинде комитеттин кароосуна алып чыгабыз. Ал жактан комитет колдойбу, же колдобойбу, азырынча белгисиз. Андан өтсө, парламенттин палатасы колдойбу же колдобойбу, азырынча эч ким билбейт. Буга карата өкмөттүн, БШКнын жана президенттик аппараттын ою кандай экени эми билинет. Бул менин жеке демилгем. Мени президенттик аппараттын буюртмасын аткарып жатат деген туура эмес. Мен президенттик башкарууну колдоп, ошого барууну көздөп жаткан жокмун. Бардыгын эл тандасын, эл өзүнүн эрки менен президенттик башкарууда болгусу келеби же парламенттикпи? Болгону бул жерден элдин каалоосун аныктайлы деп жатам».

Депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбооруна авторлош болуу сунушталганын айтып, бирок ал андан баш тартканын белгиледи:​

Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе.
Исхак Масалиев.


«Курманкул Зулушев президенттик башкарууга көңүлү бурулуп турган экен. Ал мага «сиз да кошуласызбы» дегенинен баш тарткам. Мен ага эгерде сен муну эки ай мурда сунуш кылсаң, анда «муну тандайсыңбы же аны тандайсыңбы?» деген сунуш аркылуу гана калыстык менен мыйзам демилгесин алып чыгышың зарыл. Эгерде сен мыйзам долбоорунун автору болуп туруп, президенттик башкарууга ыктаганыңды көргөзүп турсаң, анда башкача болуп калат» дегем. Ошондуктан бул жерде талкуулап, талашып-тартышып, ой жүгүртүү үчүн мындай мыйзам долбоорун жарыялоого эмнеге болбосун? Азыр бизге кайсы башкаруу натыйжалуу экенин билбейм. Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе. Бизде азыр формалдуу түрдө парламенттик башкаруу. Бирок биздин депутаттар аны колдонгусу келбейт. Анткени биздин депутаттар көнүп калган. Аларга «шеф» болушу керек. Бүгүн баарыбыз парламенттик башкарууда туруп алып, анан «президент чечсин» деп кыйкырып жатабыз. Баш мыйзамда анын андай ыйгарым укугу жок. Бирок иш жүзүндө ошондой болуп жатат».

Кыргызстанда президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүнү караган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 2010-жылы өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Медиа чектелгенде ушактын күнү тууду

Жалган маалымат таркатты деп кармалгандардын бир бөлүгү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет берген сүрөттөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө абал убагында жалган маалымат тараткан 20дан ашык кишини кармады. Алардын көбү коронавирус жөнүндө туура эмес нерселерди жазган деп шек саналууда.

Бирок адистер мындай чара азыраак натыйжа берерин, тескерисинче расмий кабарларды көбөйтүш керек экенин белгилешүүдө. Бирок ошол эле кезде Бишкек комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбүнө чектөө койгон.

Жалган маалымат тараткандар парады

Өзгөчө абал киргизилген 25-марттан бери дээрлик күн сайын «жалган маалымат таратты» дегендерден бир-экөө кармалып жатты. Алардын көбү ар кайсы аймактардан коронавирус жуккандар жөнүндө такталбаган кабарларды социалдык түйүндөрдөн, мессенжерлерден ар кимге жөнөткөн. Арасында санитардык посттордогу жана ооруканалардагы жагдайлар тууралуу жазгандары болгон.

Атайын кызмат тараткан видеодо алардын баары кармалгандан кийин өз аракеттерине өкүнгөнүн моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурашты.

«Мен дүкөндө азык-түлүк алып жатып, биздин Сокулук районунда да адамдардан коронавирус табылганын угуп калып, таратып жиберипмин. Бул туура эмес маалымат экен. Жалган маалымат таратканым үчүн элден кечирим сурайм. Бүгүнкү күндө биздин райондон бул илдетти жугузгандар табыла элек экен», - деди кармалгандардын бири.

УКМК 18-мартта республика боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып эпидемияга байланыштуу жалган маалымат тараткандарды кармай баштаган. 25-мартта айрым шаарлар жана райондор өзгөчө абал тартибине өткөндөн бери бул чара дагы күчөтүлгөн.

Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.
Жалган маалымат таратты деп кармалгандардын экинчи бөлүгү. УКМК берген сүрөттөр.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы берген расмий пресс-релиздерди карап чыгып, бул мөөнөт ичинде мекеме 20дан ашык тургун кармалганын санап чыктык. Алардын ичинде ар кайсы улуттардын өкүлдөрү, түрдүү курактагы жана ар башка социалдык катмарлардагы жарандар бар экени көрүнөт.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул аракеттер улантыларын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Учурда жалган маалымат тараткандардын аракеттерине юридикалык баа берилип жатат. УКМК коронавирустун жайылышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук саясий абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди улантып жатат. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат».

«Расмий маалыматтын аздыгы ушуга алып келет»

Жалган маалымат тараткандардын кармалышын коомчулукта, анын ичинде социалдык тармактарда колдогондор көп. Кубаттагандар аларга чара көрүлсө, калкты дүрбөлөңгө түшүргөндөр азаят эле деп эсептешет.

Ошол эле кезде эпидемиялык кырдаал тууралуу расмий маалыматтардын аздыгы, ачык-айкындыктын жок болуп жатканы ушуга алып келип жатканын айткандар да бар. Ошондуктан айрымдар бул чаралар тескерисинче кымгуут маалда жарандардын үшүн аларын белгилешет.

1-апрелдеги парламент жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева да ушул темага кайрылып, атайын кызматты сындап өттү:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Урматтуу УКМКнын өкүлдөрү, маселен «Сокулукта 1987-жылкы бала райондо коронавирус табылганын айтып алдап жатат, айыбын мойнуна алды» деп, кечирим суроого мажбурлап жатасыңар. Силер кимди алдап жатасыңар? Сокулукта 40 киши чын эле карантинде жатат. Муну эмне, калп деп айтасыңарбы? Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басарын баягүнү кечирим сураттыңар. Ашыкча кетпегиле. Алар айтып жаткан нерселер чын болуп жатпайбы! Чыгары менен биринчи айтып чыккандарды коркутуу туура эмес. Болгон нерсени болгондой айтыш керек. Сокулук районунда ошондой болуп жатканын мен депутат катары ырастайм».

Журналист Тынчтык Алтымышев да жалган маалымат таратуу туура эмес экенин белгилеп, бирок айрым жарандар жакындарынын коопсуздугу үчүн билген нерселери менен бөлүшөбүз деп жатып ушундай жагдайга кабылып жатканын эске салды. Ал муну коронавируска байланыштуу штабдын, шаар, аймактардын комендатураларынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жеткиликтүү кабар бере албай жатканынан көрөт.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

«Расмий маалыматтар чектелүү болуп жаткандыктан, жаап-жашыруудан улам болуп жатат. Маселен, Көлдөгү фактылар боюнча мага эки күн мурун эле кабар келген. Маалымат колумда турган, чыгарайын десем, тигилер мени жалганчы кылып салышы мүмкүн эле. Бирок алар эмне үчүн аны эки күн бою кармап, анан беришти? Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Убагында айтып, «бул айылдан чыкты, бул жакка жаткырылды, мындай дарыланып жатат» деши керек эле да. Антпегенден кийин фактыны көрүп-билгендер жакындарын сактыкка чакырып, «тиги жерде чыгыптыр, этият болгула» деп айтып жатышат да. Ошентсе эле анан жалган маалымат таратты деп баса калышканы туура эмес го дейм», - деди ал.

Мындан тышкары эркин басылмалардын ишине чектөө коюлуп жатканы да бир топ маалыматтык боштукту жаратып жаткандай. Өзгөчө абал киргенден бери мамлекеттик айрым телеканалдардан сырткары көпчүлүк медиалар үйдөн гана иштөөгө өтүштү. Алардын жок дегенде төрт-беш кабарчысына кеңсеге барып келүүгө уруксат алуу, өткөрмө алуу тууралуу өтүнүчтөрү каралбай келет.

Журналисттерди тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу.

«Менимче медианы чектөө комендатуранын эле эмес, жогору жактын буйругу менен болду окшойт. «Биз эмнени берсек, ошону гана жазгыла» деген мамиле туура эмес. Маалыматты кыскан сайын ал ошончолук кесепетке алып келет. Журналисттерди антип тыйгандын ордуна керек болсо калыс журналисттерди комиссияларга кошуш керек болчу. Маселен, коронавируска каршы ачылган атайын эсепке жалаң өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды кошуп алышыптыр. Жарандык коомдун эки өкүлүн кошкон экен, алар да чыгып кетиптир. Ошол жакта журналисттер болсо элге ачык-айкын маалымат берип турмакпыз», - дейт журналист Тынчтык Алтымышев.

Бир катар шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилген 25-март күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев «журналисттер топтошуп иштебей турганын, андыктан аларга чектөө коюлбай турганын» билдирген. Беш күндөн кийин, 30-мартта өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, кабарчыларга кайра чектөө коюларын айткан.

Ошол эле күнү бул жагдай бир катар уюмдардын жана укук коргоочулардын сынына түрткү болгон. 30-мартта билдирүү тараткан «Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келерин эскерткен. Уюм чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбей турганын белгилеген.

1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанарбек Акаев менен Садык Шер-Нияз өзгөчө абал учурунда эркин маалымдоо каражаттарын чектөө коюлганын сынга алып, чектелүү кабарчыларга өткөрмө берүүгө чакырган. Кийин Бишкек шаардык комендатурасы билдирүү таратып, өз позициясында каларын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Атайын эсеп: өкмөттү колдобогон байлар

Сокулук, Чүй.

Коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн элден топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамынан анын бир мүчөсү чыгып кетти. Бул окуя атайын эсепке түшкөн акчаны бөлүштүрүүдөгү ачыктык маселесин козгоду.

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова 1-апрелде комиссиянын курамынан чыгуу чечимин кабыл алганын, буга комиссияда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн аздыгы себеп болгонун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Анда Турдубекова элден түшкөн каражатты көзөмөлдөөгө жарандык коомдон көбүрөөк адам тартылбаганын белгилеген.

Укук коргоочу өз чечими тууралуу ЖМКга комментарий берүүнү каалаган жок.

Буга чейин комиссияга парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирген. Аны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектейт.

Жарандык коомдон комиссияга Назгүл Турдубекова жана «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун» башчысы Бурулсун Сүйүналиева мүчө болгон.

Аталган комиссиянын дагы бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева комиссиянын курамына жарандык коомдон көбүрөөк адам кошуу тууралуу өкмөт башчыга кайрылганын билдирди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

"Комиссия түзүлүп жатканда эле Назгул Турдубекова менен бирге анын курамына жарандык коомдун башка мүчөлөрү да кошулушу керектигин айтканбыз. Бирок курамы түптөлүп калды. Мен бул тууралуу премьер-министрге айткам. Себеби, ачыктык жана элде ишеним болушу керек. Негизи бул комиссия байкоочулук милдетти аткарат. Акчанын кайда, кантип бөлүштүрүлүп жатканын көзөмөлдөп, карап турушу керек".

31-мартта аталган каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия коронавируска каршы чогултулган каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге кошумча акы катары төлөнөрүн билдирген. Ошондо 38,5 миллион сомду коронавирус табылган аймактарда иштеп жаткан дарыгерлерге которуу тууралуу чечим кабыл алынган. Алар бул каражатты кошумча акы катары колдонмокчу.

Атайын эсепке түшүп жаткан каражатты бөлүштүрүү иши башталбай жатып, аны көзөмөлдөгөн комиссиянын курамынан мүчөсү чыгып кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Активист Марат Тагаев ушундай оор кырдаалда эл акчанын кайда жумшалып жатканы тууралуу маалыматты билүүгө акылуу деп эсептейт:

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

"Эл өкмөткө ишенбейт. 2017-жылы Дача-СУ кырсыгында карапайым эл жапа тырмак чогултуп, 100 млн. сомду өкмөттүн колуна карматкан. Ошондогу биринчи вице-премьер-министр, азыркы өкмөт башчы Абылгазиев, ошондогу өзгөчө кырдаалдар министри, азыркы вице-премьер Кубатбек Боронов элге отчет берген эмес. Бул жолу акча так бөлүштүрүлсүн деп комиссия түзүлдү эле, ишин баштабай жатып, бир мүчөсү курамынан чыгып кеткенин уктук. Эгер өкмөт эл чогулткан акча боюнча отчет бере албаса, анда эл аралык уюмдардын акчасын кантип бөлүштүрүп берет деген суроо туулат".

1-апрелге карата ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегериш үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан 80 миллион сомго жакын каражат чогулду. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган.

Ошол эле учурда коңшу өлкө Казакстанда атайын түзүлгөн "Биргебиз" фондуна 30 млн. доллардын тегерегинде акча чогулган.

Саясат талдоочу Марс Сариев өкмөт акча чогултуу ишинде элдин ишенимине кире алган жок деген ойдо:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Менин пикиримде 80 миллион сом Кыргызстан үчүн аз. Демек, бул коомчулук, бай адамдардын көбү жардам берүүгө ниеттенген жок дегенди билдирет. Коңшу Өзбекстанда 1 миллиарддан көп акчалай жардам чогултулду. Президент Мирзиёевдин кайрылуусу элге, ишкерлерге жетти жана өзбек өкмөтү иш жүзүндө ал акчаны эффективдүү колдонорун далилдей алды. Дарыгерлер миң доллардын тегерегинде айлык алып, аларга бардык шарттар түзүлдү. Казакстанда ага караганда азыраак, бирок алар деле бир нече миллион доллар чогултушту. Кыргызстанды алар менен салыштыра албасак да, акчалай көрсөткүч аз экени көрүнүп турат. 100 байдын тизмеси деген бар эле, демек алардын көбү өкмөттүн чакырыгын колдоп, жардам берүүнү каалашкан жок".

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери өз айлыгынан которуп жатышат. Буга чейин пандемиядан улам өлкө экономикасына тие турган терс таасирди азайтуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков бир нече эл аралык каржы институтуна жардам сурап кайрылган. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя берүүгө макул болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Баткен: демөөрчү ооруканага "Тез жардам" сатып берди

COVID-19: социалдык колдоонун түйшүгү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу элди социалдык колдоо боюнча чара көрүлөрүн билдирүүдө.

Убада берилген социалдык жардамдар жетиштүү болуп жатабы? Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кандай колдоо көрсөтүлүүдө? Ал дарегине жетип жатабы? Элди социалдык колдоодо коомдук уюмдар жана ыктыярчылар менен кантип иштеш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев, экономика боюнча эксперт Элдар Абакиров жана Эл аралык кызыл жарым ай коомунун өкүлү Бегимай Асанова катышты.

«Азаттык»: - Каныбек мырза, кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланыштуу бүгүнкү кырдаалда элди социалдык жактан колдоо максатында кошумча иш жүргүзүлөрүн билдирди эле. Кимге, кандай жардам көрсөтүлүүдө?

Каныбек Адиев: - Учурда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу 517 миң адам ар кандай социалдык төлөм, жардам алат. Биздин министрликке караштуу райондук жана шаардык башкармалыктар бул боюнча иш алып барышууда.

Биринчиден, эгерде бүгүнкү кырдаалга байланыштуу, биздин жарандар берилип жаткан социалдык төлөмдөрдү убагында ала албай калса, алардын мөөнөттөрүн 1-майга чейин узартабыз.

Экинчиден, азыркы күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тонна ун таратылып жатат, тизмелери түзүлгөн, ага жергиликтүү бийлик жардам берип жатышат. Мындан сырткары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 536 тонна ун жана 40 тонна өсүмдүк майы бериле турган болду. Эртеңден баштап жер-жерлерге жеткириле баштайт. Бул жардам буга чейин төлөнүп келген жөлөкпулдан, башка жардамдан сырткары берилет. Бул да аз камсыз болгон жарандарга тизме менен таркатылат.

Ар бир үй-бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден май туура келүүдө. Ошондой эле дагы 1 миң тоннадан ашык унду май айында жардам катары беребиз деп турабыз.

«Азаттык»: - Жардам көрсөтүлүп жаткан жарандарды кантип тандайсыздар?

Каныбек Адиев: - Бизде ар бир башкармалыкта жардамга муктаж адамдардын тизмеси бар. Ар бир үй-бүлө, жеке жаранга чейин билебиз. Азыркы жардам бизден жөлөкпул алгандардын баарына эмес, коомдун өтө аялуу катмарына гана берилет. Ошол аз камсыз болгон жарандарды акы төлөнгөн коомдук иштерге да тартабыз, атайын окутуу жүргүзөбүз.

«Азаттык»: - Элдар мырза, бүгүнкү абалга байланыштуу өкмөттүн көрүп жаткан чаралары жетиштүүбү? Ал өз убагында болуп жатабы? Бул ишти алып барууда эмнеге биринчи көңүл бурулушу керек эле?

Элдар Абакиров: - Мен ушундай оор кырдаалда башка өлкөлөр эмне кылып жатышканын карап чыктым. Бери дегенде ондон ашык мамлекеттин тажрыйбасын окудум: ошол эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Чехия, Германия, Улуу Британия, Жапония ж.б. Азыркы оор күндөрдө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бүгүнкү жасап жаткан иштери канчалык маанилүү экенин билбейм. Министрликтин аракеттери коронавирус илдетине байланыштуу кырдаалды өзгөртө алабы деген суроо туулат. Жооп мындай: учурда миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калды. Орусиянын өкмөт башчысы 22 миллион адам жумушун жоготконун моюнга алды.

Өзгөчө тейлөө тармагындагы адамдар катуу жапа чегишүүдө. Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен ушул убакка чейин тиешелүү сандагы жарандар социалдык жардам алып келишкен, дагы эле ала беришет, абал өзгөрбөйт, кеп анда эмес. Маселе азыр каптап жаткан илдеттин айынан 100 миңдеген адамдардын жумушсуз калышында. Биз аларга кандай социалдык колдоо көрсөтө алабыз? Алар эми үй-бүлөлөрүн кантип багат деген чоң суроо турат.

Бул маселенин үстүнөн жалаң эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эмес, Экономика министрлиги да катуу ойлонушу керек. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстан илдеттин айынан канча адам жумушсуз каларын, аларга карата кандай чаралар көрүлөрүн аныктап, так маалыматтарды айтып жатышат. Казакстан ошондой жардамга муктаж боло турган 1,5 миллиондон ашык адамга 42 миң теңгеден (8 миң сом) төлөөгө даяр экенин так планын жарыялап жатат. Демек, биздин өкмөт жасай турган так кадамдарын билдириши керек.

«Азаттык»: - Бегимай айым, Кызыл жарым ай коому элге жардам көрсөтүп жатканы айтылууда. Сиздердин уюм кимге, кандай формада, канча суммада көмөк көрсөтүп жатасыздар?

Бегимай Асанова: - Дүйнөдө COVID-19 илдетинин жайылып жатканына байланыштуу Кыргызстандагы социалдык колдоо програмасынын алкагында 263 ашык ыктыярчылар тартылып, иш алып баруудабыз. Ыктырчылардын жардамы менен маалыматтарды топтоо иштери жүрдү. 1-марттан 31-мартка чейин жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык суммага 1300 үй-бүлөгө жардам таратылды.

«Азаттык»: - Сиздер жардам кылган 1300 үй-бүлөнүн жардамга муктаж экенин кандай критерийлер менен аныктадыңыздар?

Бегимай Асанова: - Ким кандай жардамга муктаж экендиги боюнча тизмени бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берет. Биз ошол боюнча элге жеткирип беребиз. Биз мындай жардамды министрлик менен бирге дагы улантмакчыбыз.

"Кызыл Ай" муктаждарга кол сунду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ошто азык-түлүктөн жардам сурагандар көбөйдү

Карантиндеги Ош шаары. 30-март, 2020-жыл.

Ош шаарында коронавирустан улам 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилип, шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат.

Мындай кырдаалда жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын азык-түлүгү түгөнүп, элдик штабдарга кайрылгандар көбөйүүдө.

Ош шаарында коронавирустан улам 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилип, шаардыктардын сыртка чыгышына күндөн-күнгө көзөмөл күчөтүлүп жатат. Мындай абалда жумушсуз, күнүмдүк кирешесиз калган тургундардын азык-түлүгү түгөнүп, элдик штабдарга кайрылгандар көбөйүүдө.

Түгөнүп калып, жалдырап отурабыз. Биз акча топтогудай болгон жокпуз.

Шаардык мэриянын маалыматында калаада азык-түлүккө муктаждардын саны 700 кишиден ашат. Бирок бул расмий тизмеге киргендер гана. Өзгөчө абалга байланыштуу Ошто миңдеген адам жумушсуз калып, жүздөгөн адам азык-түлүк сурап кайрылууда.

«Азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Даяр эмес болчу. Мен аз-аздан гана алып келет элем. Түгөнүп калып, жалдырап отурабыз. Биз акча топтогудай болгон жокпуз. Эч жакка деле жетише албай калдык, катаал режим кирип калбадыбы. Унубуз жок, үч небере карайм, чалым оорукчан болуп калды, өзүбүз бирөөнүн үйүндө убактылуу турабыз».

Бул 63 жаштагы үч небереси жана оорукчан жолдошу менен отурган Оштун тургуну Майрамкан Абдылдаева. Ал жергиликтүү бийликке жана элдик штабга жардам сурап кайрылган.

Ош шаарында элдик штаб түзүлүп, иштей баштаганына бир жуманын жүзү болду. Анын мүчөлөрү буга чейин 300дөн ашуун кишиге азык-түлүк жана медициналык каражат таратышкан. Элдик штабды уюштургандардын бири Бексултан Абдисаламов жардам күткөндөрдүн басымдуу бөлүгү азык-түлүк сурап жатканын айтты:

Бексултан Абдисаламов.
Бексултан Абдисаламов.

«Азыр «Вотсапта» элдик штабдын атайын тайпасы бар. Ошол жакка кайрылгандар көп. Бирок тилекке каршы биз кайрылгандардын баарына жардам бере албай жатабыз. Он киши кайрылса, анын сегизи азык-түлүк сурайт. Калган экөө беткап, антисептик, мээлей сыяктуу жеке коргонуу каражаттарын сурайт. Көпчүлүгү азык-түлүк маселеси. Анткени көпчүлүгү күнүмдүк каражатына курсагын тойгузуп жүргөн кишилер эле да. Тилекке каршы азыр карантинде эч ким эч жакка чыкпай, акча таппай жатат. Ошол кишилер кайрылып жатат. Биз аларды болжол менен бир жума, он күнгө жете тургандай азык-түлүк менен камсыз кылганга аракет кылып жатабыз».

Элдик штаб тургундардан сырткары медицина жана милиция кызматкерлерин түшкү тамак менен камсыз кылууда. Штабга топтолгон акчалай жана материалдык жардамды негизинен жеке ишкерлер жана коомдук уюмдар бөлүп берүүдө.

Мындан башка дагы бир нече штабдар жана жеке уюмдар өз алдынча ар кандай жардам берүүгө киришти. Маселен, 30-мартта дагы бир штаб элден топтолгон жардамды координациялоо максатында түзүлгөн.

Ош мэриясынын кызматкери Максат Орозалиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда бүгүнкү күнгө карата алардын тизмеси боюнча 700дөн ашуун шаардык азык-түлүккө муктаж.

«Мүмкүнчүлүккө жараша болот, - деди ал. - Бардыгын жакынкы күндөрү камтыйбыз дегенден алысмын. Бул жерден категорияга бөлөбүз. Биринчи кезекте жалгыз бой, кароосу жок, улгайган жарандарга жардам жеткирилди. Мындан сырткары ыкчам иштегенге аракет кылып жатабыз, кайсы аймакта, канча муктаж адамдар бар, аларга жардам жеткирүү боюнча».

Мэрия Ошто өзгөчө абал киргенден кийин азык-түлүккө муктаж болгондор үчүн атайын каражат бөлө элек. Буга чейин берилген жардам жылына бөлүнгөн бюджеттен берилип жаткан. Орозалиевдин айтымында, бул маселе эми каралууда.

Ал арада эксперттер мамлекет тарабынан кичи жана орто бизнес өкүлдөрү менен иштешип, элди жумуш, азык-түлүк менен камсыз кылуунун камын көрбөсө кооптуу абал жаралып жатканын айтышкан.

Ошол эле учурда түштүк аймагындагы өзгөчө абалдан улам үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алганы байкалганын, анын негизги себеби азык-түлүктүн жетишпестиги экенин «Ак-Жүрөк» кризистик борбору билдирген.

Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Ашырбаев абалды мындайча сүрөттөдү:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Күнүмдүк 100-200 сомдон ак тапкан, анан «акчабыз түгөнүп калды» деп кайрылып жаткан жарандарыбыз да жок эмес. Андайлар көп кайрылып жатат, бул боюнча бийликке тапшырдык. «Жергиликтүү социалдык бөлүмдүн тизмесинде тургандарды, андан сырткары майыптарды үймө-үй кыдырып тактагыла» деп атайын бир топко тапшырма берилди. Эки күндүн ичинде тактап берсе, ошого карап, план кылып буйрук чыгарабыз. Колунда бар ишкерлерге өкмөттүк деңгээлде ишкерлерди бөлөлү деп жатабыз. Азыр бизге карантин канчага чейин созулушу белгисиз».

Коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош шаарларында, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. Ош шаарындагы дарыкана жана азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка базарлардан тартып күркөлөргө чейин белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтоткон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Базар-Коргонду дарылаган чакан учактар

Базар-Коргонду дарылаган чакан учактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Кыргызстан: COVID-19 дагы беш адамдан табылды

Ошентип, Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 116 киши болду.

2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы беш кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Баткендин Кызыл-Кыя шаарында катталган.

Ал арада Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам айыкканын 2-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын билдирүүсүндө "Ала-Бука районунда эки адам COVID-19тан айыкты. Бир аял жана бир эркек ооруканадан чыгарылды" деп айтылат.

25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган.


Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны бир миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөр эки эсе көбөйгөнүн билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 932 миңден ашып, 47 миңге жакын киши каза болду. Дагы 194 миңге жакын адам айыкты.

1-апрелде Британияда бир сутканын ичинде 4 300 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, 563 бейтап каза болгону кабарланды. Өлкө боюнча жалпысынан 29 миңден ашык адам илдетти жуктурса, алардын 2 300дөн көбү каза болду.

Италияда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктуруп алган 4 800 адам аныкталып, 727 киши өлдү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 110 миңден ашты, каза болгондор 13 155.

АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Илдетти жуктуруп алгандар 212 миңден ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдетти жуктурган адамдардын саны кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуктурган 36 жаңы киши катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG