Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Кара туман жана таңкы желаргы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азезил менен Теңир күрөшүүдө, ал эми майдан – адамдардын жүрөгү. Ф.М. Достоевский.

Мындан үч жыл мурда «Калемгер» адабий клубу ай сайын уюштурган сынактын бир айлампасында экинчи орунду ээлесе да (кызыгы, калыстардын эмес, окурмандардын тандоосу боюнча), ошондо жеңишке жетишкен чыгармалардын ичинен менин купулума көбүрөк толгону Мира Сейдикеримованын «Тумандуу түндө» аңгемеси эле. Албетте, эл жактырган кайсы чыгарма жөнүндө болбосун: «Ал адабий процесске кандай жаңылык алып келди? Буга чейинки жазылгандардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?» деген табигый суроолор туулбай койбойт.

Биз сөз кылалы деп жаткан аңгеме көлөмүнүн чакандыгына карабай (конкурстун шартына ылайык, 5-6 беттен ашпайт), бүтүндөй бир повесттин жүгүн аркалайт. Аңгемени окуй баштаганда эле XIX-XX кылымдардагы орус жазуучуларынын чыгармалары (айрыкча өзүнүн көркөм-эстетикалык нарктуулугу менен тамшандырган Буниндин новеллалары) эске түшөт. Андыктан конкурстун шарты боюнча авторунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, «Фейсбукка» номур менен жарыяланган бул аңгемеге комментарий жазгандардын көпчүлүгү «котормо болсо керек» деп шекшигени бекеринен эмес. Жазуучу катары али жалпыга тааныла элек кыргыз кызынын орус турмушун кудум ошол улуттун өкүлүндөй таасын чагылдырышы мени да катуу таң калтырды. Бирок аңгеменин баалуулугу муну менен эле чектелбейт.

Чыгармада бир чакан орус айылындагы турмуштун бир күнкү (же бир түнкү) үзүмү берилет. Тагыраагы, аялдар майрамында арак ичүү менен башталып, аягы адам үрөйүн учурган трагедия менен аяктаган окуя баяндалат. Бир караганда дүйнөнүн булуң-бурчунда күндө эле кайталанып, бүгүнкү алабарман жашообузда көнүмүшкө айланып бараткан окуялардын бири десек да болот. Ашкере ичилген арактын айынан өз атасы балакатка жеткен кызын зордуктап коюп, кыз өз жанын кыят. Чыгарманы үстүрт түшүнгөн адамга баары ичкиликтин кесепетинен болгондой, мындай каргашалуу кылмышка адамдын акыл-эсин маң кылган арак күнөөлүүдөй туюлат. Ал эми жакшылап баам салган адам аңгемени баштан-аяк кызыл сызык сыяктуу тепчип өткөн өзөк – чыгарманын лейтмотиви башка экенин даана көрөт.

Туман – мына чыгармадагы негизги фигура, аны ал түгүл адабияттагы шарттуулукка таянып башкы каарман десек да болот. Жазуучу туманга «жөө туман», «коюу туман», «думуктурган туман» сыяктуу эпитеттерди бекеринен ыйгарбайт. Чыгарманын өнүгүшү, чиелениши, кульминациясы жана чечилиши туман менен тыгыз байланышкан, башкача айтканда туман аңгеменин негизин, уюткусун түзөт. Мира Сейдикеримова өз чыгармасында туманды табияттын бир кубулушу, көрүнүшү катары сүрөттөгөн эмес. Туман чыгармага фон, пейзаж катары да кызмат кылбайт. «Айлананы думуктура (астын сызган биз – макаланын автору) баскан коюу жөө тумандан айылды кесип өткөн жолдун аркы бетинен берки бети көрүнбөйт» деп башталат аңгеме. «…ушинтип думуктурган жөө туман күндө кечинде айылчылап келген коноктон бетер айылды аралап келет да, эртеси шашке жуук кичине күндүн көзү көрүнөт, бирок кайра эле түш оой аба оорлоп, батыш тараптан соккон карандай шамал жан бүткөндүн баарын кайыктырып жиберчүдөй карайлатат» деп улантылат кийинки абзацта. Туман тууралуу андан аркы, үчүнчү абзацтын башында да айтылып өтөт.

Демек, бул жерде тумандын рефрен өңдүү улам кайталанышы, калемгердин туманга өзгөчө басым жасашы жөн жеринен эмес. Туман - бул метафора, болгондо да кандай метафора! Туман - бул бүгүнкү биздин чындыгыбыз, акыл-эсибизди, аң-сезимибизди ууктуруп, биздеги болгон-бүткөн адамдык касиетибизди, нарк-насилибизди бүлүндүрүп-талкалап жаткан нерселер. Кара тумоодой жашоо-турмушубузду ар тараптан курчап, кудум азезилдин өзүндөй жан дүйнөбүздү, дил-дитибизди ээлеп, ыйманыбызга кол салып жаткан көрүнүштөр.

Чыгармада ашкере ыйык да, купуя да, аялуу да сезимдеринен ажырап, Алла-Таала өзүнө окшоштуруп жараткан, Кудайдын назары түшкөн адамдын айбанга, макулукка айланып баратканы сүрөттөлөт. Арак десе жантыгынан жата калган Макар, бул жагынан андан өтсө өткөн, бирок эч кем калышпаган кошунасы Зиновий, анын аялы Капитолина, кошуна аялдар Устинья, Руфина жана Агафьянын ошол кечтеги кылык-жоруктары, арак менен тамакка кудум жырткыч сыяктуу жутунушу чын эле адамдар жамаатын эмес, чөөлөрдүн үйүрүн эске салат. Булардын арасында адамдык касиетин жоготпогон жалгыз гана бир жан бар – ал Зиновийдин төрөттөн каза болгон аялынан калган кызы Марина. Маринаны өгөй энеси Капитолина үйүнө батырбай, байкуш кыз интернатта, андан ары дагы башка жерлерде окуп жүрүп, атасынын үйүнө шаардан жаңы келген.

Эгер Маринаны ошол калаймандуу түндө өз атасы кордобой, ызасына чыдабаган секелек кыз өз жанына забын кылбай калса деле ал мындай чөйрөдө - адамдык менен айбандыктын, арамдык менен адалдыктын чеги билинбей калган чөйрөдө - көпкө жашай алмак эмес. Чыгармадагы ийненин көзүндөй болсо да адамдык касиет-сапаты сакталып калгандардын бири – Макар. Макарды башкалар, айрыкча өз кызын зордуктаган Зиновий сыяктуу чыныгы макулукка айланып кетүүдөн сактап келе жаткан бир нерсе бар - ал анын музыкага шыктуулугу. Ошол алагүү болгон кечедеги Макар жөнүндө минтип баяндалат: «Андан кийин Макар баян тартып кадимки секетпайды сыздатты… Макар колдору карышканча баян тартып, үнү чыкпай калганча ырдады». Макар бекеринен боздоп-сыздаган («үнү чыкпай калганча ырдаган») жок.

Биз мында бир кездеги үмүт-кыялдарынын баарын көөмп салып, ошол себептүү рухий туңгуюкка камалган адамдын тумчуккан жан дүйнөсүнүн ачуу чаңырыгын, безеленген ыйын угуп жатабыз. Ушул ыңгайдан алганда баян - Макардын музыкалык аспабы эле эмес. Белгилүү айтматов таануучу Гачев Танабай менен Гүлсараттын биримдигин «Гүлтан» деп таасын түшүндүргөндөй, баян – Макардын жан-тени, анын руханий тиреги, таянычы. Балким, баяны болбогондо Макар эбак жок болуп кетмек.

Буга Макардын түшү да далил. Аңгеменин туу чокусу, адабий тил менен айтканда, апогейи – дал мына ушул Макардын түшү. Автордун берейин деген негизги ою, идеясы мына ушул түш аркылуу жетик туюнтулган. Эң кызыгы, мында түш менен реалдуулуктун (өңдүн) чеги, ажырымы билинбей калган. Эгер Макардын эртеси күнкү кошуналары менен болгон маегин окубаганыбызда, биз бул түштү чыныгы болгон окуядай эле кабыл алмакпыз. Менимче, сүрөткер бул көркөм түштү атайын, максаттуу түрдө ушундай табышмактатып сыпаттаган. Биз бул сырдуу түштү аян десек да болот, башкы каармандын көмүскө аң-сезими аркылуу ишаарат кылынган буюккан жан дүйнөсүнүн, чидерленген туюм-сезимдеринин козголоңу (бунту), эскертүүсү десек да болот.

Жарыкчылык менен кош айтышып жаткан Марина эмне үчүн башкалардын эмес, дал ушул Макардын түшүнө кирди? Деги бул мистикалык түштүн маани-маңызы эмнеде? Бул тууралуу сөз кылуудан мурда бир аз артка чегинүү кылып, чыгарманын кириш бөлүктөрүндөгү автордук текстке орун берели: «Макар «бул ким» дегенсип элейип карап калды. Алдына бош тарелка, айры, кашык коюп жаткан жакшынакай кызга үңүлүп карап алды. Көзүнө жылуу учурагансыйт. Бул ким эле? Кыз Макардын оюн окугансып күлүп койду». Бул тексттен даана көрүнүп тургандай, кыз Макардын «оюн окуйт», мындайча айтканда аз да болсо адамдык насилин сактап калган «алкаш кыякчыдан» рухий жакынын табат, балким мында отургандардын ичинен жалгыз гана ага ишенет, ага боор тартат.

Ал эми өлөрчө мас болуп оор уйкуда жаткан Макар эч нерсени сезбегени менен анын руху, анын жан-тени өз атасы тарабынан зордукталып, бүткүл ай-ааламдан көңүлү сууп, өз жанынан кечкиси келген кызга карай «коюу туманды жиреп, жол таап жөнөйт». Тактап айтканда, анын руху кыздын чымын жанын арачалап калууга, кыздын руху менен жуурулушууга умтулат. Илимде телепатия деп аталып жүргөн, бирок али көп жагдайлары ачыла элек адам рухунун мындай жакындыгы, бири-бирине тартылышы бул чакан аңгемеде укмуштуудай чеберчиликте берилген.

Биз өйдөдө белгилеп өткөндөй, аңгеменин квинтэссенциясы болгон түштө да кыяк (эмнегедир Макар түшүндө баян эмес, кыяк тартып ырдайт) Макарды такай коштоп жүрөт. Ансыз мүмкүн эмес. Анткени, мурда айтылгандай, кыяк - Макардын жан-тени, анын болгон-бүткөн рухий өбөк-жөлөгү. Демек, кыяк жок болсо - Макар да жок. Алтүндөгү шеринедегидей эле, Макар түшүндө да: «Ырдай берди, ырдай берди. Алка-шалка тердегенче ырдады. …кыягын жин ургандай тарта берди, тарта берди». Канчалык берилип ырдаган сайын, кыягы канчалык жан киргендей ойнолгон сайын Макарга да ошончолук «жан кирет».

Ыр менен музыка (т.а. өзүнүн чыныгы дүйнөсү, чыныгы адамдык ажыты) Макардын көзүн ачып, анын нукура табиятын ойготот. Анын көз алдынан «топураган капкара куюн сыяктанып, баштарында мүйүздөрү бар, чачтары саксайган, кебетелери коркунучтуу, адам кейпиндеги жандыктар тартылып» өтөт. Ошентип, Гофмандын чыгармаларындагы вакханалиядай сүрөттөлгөн түш каарманга ал өзү да, тегерегиндегилер да «адам кейпиндеги жандыктарга» айланып калгандыгынан аян берет.

Маринанын өлүмүнө анын атасы эле эмес, ошол «жандыктардын» баары күнөөлүү экендигин каңкуулайт. Ошол эле мезгилде анын руху, анын анын жан-тени бул туңгуюктан, адамдык сапатын жоготкон бул макулуктардын чөйрөсүнөн тезирээк кол үзүүгө аракет кылат. «Макар буюгуп кетти, эртерээк эле кеткиси келди. Негедир жүрөгү тыбырчылайт торго түшкөн чымчык сыяктанып» деп айтылат текстте бул тууралуу.

Жыйынтыктап айтканда, аңгеменин башкы каарманы Макардын көмүскө аң-сезиминин туундусу катары аталган түштүн подтекстинде, анын идеялык-көркөмдүк курулмасында терең маани жатат. Арийне, полифониялуу, көп катмарлуу бул түштүн маани-маңызы, анда камтылган орошон ойлор жөнүндө көркөм түштү талдай билген адис адабиятчылар (мисалы, Р.Эшматов) дагы кеңири сөз кылат деп ойлойм.

Кандай гана чыгарма болбосун, ал бир адамдын, үй-бүлөнүн, бир элдин же улуттун тагдырын жалпы адамзаттык деңгээлге алып чыкканда гана, ал ошол адамдын тагдыры аркылуу бүтүндөй адам заадисинин тагдырына тиешелүү сөз айтканда гана мааниге ээ болот, ошондо гана чыныгы искусствого айланат.

Ушул ыңгайдан алганда «Тумандуу түндө» аңгемесинде жазуучу Мира Сейдикеримованын чыгармачыл мүдөөсү орундалыптыр. Чакан аңгеменин контекстинде калемгер жер-жеберине жеткизе ашкерелеген ыйман-ызаатын, абийирин, адамдык бүтүндүгүн жоготуп, адеп-ахлак ченемдеринен таптакыр куру калган орус айылынын тургундарынын маселеси - бул бир айылдын, бир элдин эле маселеси эмес, бул учурдагы жалпы адамзаттын маселеси, жалпы адамзаттын көйгөйү.

Тээ кадимден келе жаткан түпкү тамырына, уңгу-угутуна өзү балта чаап, өзү жериген күн батыш цивилизациясынын теңирден тескери жосундары бүгүн текши жайылып, анын кооптуу таасири биздин коомго да келип жетти. XIX кылымда орус даанышманы Достоевскийди катуу кабатырланткан «Кудай жок болсо баарына уруксат, баарын жасаса болот» («все дозволено») деген түшүнүк биздин күндөрдө үстөмдүк кылып бараткансыйт.

Адамдан уят-сыйыт, ыйбаа жоголуп, эркек менен эркек баш кошкон, аял менен аял төшөктөш болгон заманга жеттик. Адамдын эң бир ыйык, касиеттүү саналган сүйүү сезими жайдакталып, ал кумар кандыруу деңгээлине түшүп калды. Кишинин табиятына каршы келген көрүнүштөр ачыктан-ачык үгүттөлө баштады. Мындан да коркунучтуусу - коомдун негизги уюткусу, негизги тирек-туткасы болгон үй-бүлө ыдырап жатат. «Ар бир үй-бүлө – кичинекей мамлекет», — деген экен Мухаммед пайгамбарыбыз. Үй-бүлө бузулса бүтүндөй коом, бүтүндөй өлкө, андан ары барып бүтүндөй дүйнө бузуларын эсибизден чыгарып койдук. Үй-бүлөнү эскинин саркындысы, адамдын ээн-эркин жашоосуна тоскоолдук кыла турган нерсе катары санагандар көбөйдү…

«Аялы Лукерья Ыйсанын туулган күнүнөн кийинки пост (орозо) маалында таарынып төркүнүнө кеткен боюнча келе элек» деп баяндалат чыгармада үй-бүлөнүн бузулушу тууралуу. Ал эми өз кан-жанынан жаралган кызын үйүнөн кууп ийгени аз келгенсип, аны мыкаачылык менен зордуктаган Зиновийдин үй-бүлөсү үй-бүлө болбой калган – же бала жок, же аял-эркекти бириктирген туруктуу байланыш жок («кашаасы түртсө жыгылайын деп турат»), бири-бирине кылчалык күйбөгөн немелердин утурумдук түнөк жайы.

Чыгармада сүрөткерди катуу түйшөлткөн нерсе - өз баласын таштап кетип жаткандарды айтпаганда да, өз кызын, энесин зордуктаган, ата-энесинин (баласынын) канын төккөн зиновийлер жалгыз эмес экендиги, алар күн санап көбөйүп жаткандыгы. Мунун баарына, адамдын аты-затына ылайык келбеген иштердин жасалып жаткандыгына анын «ыймандык жактан өлүмгө» (К.Ибраимов) учурагандыгы күнөөлүү. Чыгарманын финалындагы пайгамбарлардын заманынан бери кайталанып келе жаткан кандуу окуя, т.а. көпчүлүктүн күнөөсүн жууш үчүн күнөөсүз жандын курмандыкка барышы айыл жашоочуларын бир селт эттирип, алардын кишилик касиетин ойготкондой болду. Бул алар үчүн чыныгы катарсиспи, башкача айтканда, алар чын эле ушул сааттан баштап ыйман-ынсапка келеби – анык айтуу кыйын.

Бирок таланттуу жазуучу өз чыгармасын: «Батыштан соккон муздак жел желе жортуп, кыштакты басып жаткан жөө туманды айдың талаага кубалап ыркырайт» деп окурмандын жан дүйнөсүн уйгу-туйгу кылган метафоралык ишаарат менен аяктап, адамзаттын келечеги жаркын болоруна, адам баласы акыл-эске келип, өзүнүн дилиндеги, көкүрөк-көөдөнүндөгү кара тумандан арыларына үмүттөндүрөт.

Аким Кожоев, жазуучу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG