Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

"Левиафан" – адилетсиз бийликке аллегория


"Левиафан" тасмасынан үзүндү.
"Левиафан" тасмасынан үзүндү.

Орус режиссеру Андрей Звягинцевдин "Левиафан" тасмасы тууралуу жазуучу Аким Кожоевдин талдоосу.

"Калыстыктан айрылган ажаан мамлекет каракчы-кесептердин каңгыган үйүрүнөн айырмасы жок".

Азирети Августин

Орус кино искусствосунда А. Тарковскийден кийинки бул чөйрөдөгү эң чуулгандуу да, ашкере талаш-тартыштуу да өнөр адамы Андрей Звягинцев болду окшойт.

Эгер Тарковский өзүнүн татаал, көпчүлүк толук түшүнө бербеген сюрреалисттик картиналары менен советтик режимди каймана түрдө, кыйытып сындап, ошонусу менен куугунтукка кабылса, А.Звягинцев соңку «Левиафан» жана «Жерүү (Нелюбовь)» тасмалары үчүн калаймандын төө бастысында калды. (Албетте, калайман дегенде мында акыл-эси, аң-сезими, туюм-сезими менен сүрмө топтун деңгээлинен өйдө боло албагандарды да, учурдагы бийликке жагыныш үчүн көшөкөрлөнө камчысын чапкандарды да айтып жатам).

Мен бул макаламда сүрөткердин бир катар эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон «Левиафан» деген тасмасы тууралуу кеп кылмакчымын. Левиафан – бул Эски Осуятта айтылып өткөн, деңизде жашаган укмуштуу чоң жаныбар, бизче айтканда, баарын жалмап-жуткан жети баштуу желмогуз, ажыдаар. Фильмди адеп көрө баштаганда эле автор өз тасмасын эмне үчүн минтип атаганы айкын болот. Көрсө, бул картина жеке адам менен бийликтин, тагыраагы, сүрөткер менен мамлекеттин ортосундагы айыгышкан күрөш тууралуу экен.

Ал эми Левиафан – метафора, адилетсиз мамлекеттин, бийликтин аллегориялык бейнеси. Ушул ыңгайдан алганда таланттуу режиссер аталган тасмасында адамзаттын асыл үмүт-тилегинен жаралган демократиядан барган сайын четтеп, өкүмзордукка, тоталитаризмге улам ооп бараткан коомду аёосуз ашкерелеп, бүтүндөй бет пардасын ачып салыптыр. Айтса-айтпаса төгүнбү, ХХI кылымда да демократиялык ураанга жамынган айрым өлкө башчылары «Мамлекет менмин!» деп дөөгүрсүгөн Людовик ХIVдөн ашып түшкөнүн көрүп-билип жатпайбызбы. Демек, бул кинодо дал ошол азыркынын людовиктери жөнүндө кеп жүрөт.

Кинорежиссер Андрей Звягинцев.
Кинорежиссер Андрей Звягинцев.

​Прибрежный шаарынын мэри Вадим Шелевят бирөөгө жамандыгы жок, өз эмгеги менен күн көргөн Николайдын жерин, үй-жайын гана тартып албастан, тээ канча бир замандардан бери ата-бабасы орун-очок алган рухий ордосунун да күлүн көккө сапырат. Анын тек аялын өлтүрүп тим болбостон (балким, мындай окуялар болбогондо Лилия тирүү калмак), баласынан, эркиндигинен ажыратат. Тактап айтканда, бир адамдын тагдырын мүлдө талкалап, өмүрүн күм-жам кылат. Эң коркунучтуусу - тасмадагы адамдын жакасын карматып, акылын айран кылган көрүнүш – анын бул кылмыштарына прокурор, сот, милициянын башчысы эле эмес, шаар ибадатканасынын архиерейи да кол кабыш кылганы. Архиерей апостол Павелдин «бардык бийлик – Кудайдан» деген көп маанилүү сөзүн бурмалап, мэр кандай оор күнөө жасабасын, кандай оор кылмышка барбасын, баарын актап, ага «жол таап берип» турат. Ар бир сөзүндө Жаратканды оозунан түшүнбөй, өзүн Кудайдын жердеги өкүлү катары санаган дин кызматкери ошол эле учурда шаар жетекчисин зордук-зомбулукка түртөт. Аны душмандарын жазалаш үчүн күч колдонууга, керек болсо адамдардын канын төгүүгө тымызын үндөйт. «Бийликте турган адам кандай иш кылбасын, анын баары Теңирге жагат», ­– деп ансыз да колу канга малынган мэрди көкүтөт.

Бул жерде "Христианчылыктын «Өлтүрбө!» деген улуу осуяты кайда калды?" деген мыйзамдуу суроо туулбай койбойт. Анан да залкар жазуучу Достоевскийдин: «Кайсы адам коркунучтуу – таңдан кечке Кудайга табынып, бирок ошол эле учурда башкаларга зулумдук көрсөткөн адамбы же бирөөгө кылдай зыяны жок, бирок диний ырым-жырымдарды аткарбаган адамбы?» деген терең философиялуу соболу аргасыздан эске түшөт.

"Левиафан" тасмасынан кадр.
"Левиафан" тасмасынан кадр.

Архиерейдин кийген кийимин, жашоо-шартын, мэр экөөнүн ортосунда болгон сөздөрдү карап туруп: "Бул чын эле дүнүйө-мүлктөн кечип Кудай жолуна түшкөн чиркөө кызматчысыбы же элди талап-тоноп жүргөн каракчыбы?" деген ойдо каласың. Азыр баары Теңирден тескери кетип, аалам астын-үстүн болгон заманда мындай касиеттүү орунга бандиттин келип калышы таңкалычтуу эмес. Эгер алдагыдай архиерейлер бирди-жарым эмес, ыймандын, адеп-ахлактын туткасы, уюткусу болуп эсептелген ибадатканалардын баарын ээлеп алсачы? Кудайдын куттуу үйүндө Жараткандын өзүн соодалап, ыйык жайды ыймансыз-ынсапсыздардын кара түнөгүнө айландырып, аталган тасмадагы дин кызматчысы сыяктуу бул чөйрөдө «зордук-зомбулукту мыйзамдаштырып» (Ч. Айтматов) турсачы?

Белгилей кетчү нерсе: Дмитрий өңдүү канчалык мыкты жактоочу болбосун, анын үстүнөн канчалык көп компромат топтобосун, Прибрежный шаарынын мэри Вадим Шелевяттын кылы кыйшайбайт. Анткени анын жогору жакта өзүн Чыңгызхан сымал аалам ээси сезген күчтүү колдоочусу бар. Ал ошого ишенет, ошого табынат – картинада архиерей бекеринен Кудай менен күчтү (бийликти) катар коюп жаткан жери жок, анын логикасы боюнча ким күчтүү болсо, Жараткан ошонун тарабында, ошону колдойт. Шаар башчысынын өйдөдөгү «эгесине» ишенип көпкөнү ушунчалык - ал Николай сыяктууларды киши ордуна көрбөй, аларды «курт-кумурскалар» («дрожащие твари») деп атайт. Вадим Шевелят өңдүү байлык-бийлигине манчыркап, карапайым кишилерди, бей-бечараларды тебелеп-тепсеп кетүүдөн кайра тартпагандар бизде да толуп жатат.

Башына түн түшүп, өмүрүнө кыямат кайым келген Николайдын касыреттүү тагдырын Эски Осуяттагы Айюб (Иов) пайгамбардын таржымалына жанаша коюп талдаганга аракет кылгандар да кездешет. Айюб пайгамбар сыяктуу Николай да бул турмуштагы болгон-бүткөн нерсесинен толук ажырайт, кыйын күндө аны да жакын достору таштап кетишет. Көрбөгөн азап-тозогу калбай, не бир мүшкүл сыноолорду башынан кечирген пайгамбар акыры келип Жараткандын амири менен бакыт-таалайга жетет. Ал эми эч айыпсыз он беш жылга түрмөгө камалган Николайдын келечеги кандай болот? Менимче, айлана-тегеректи бүт баш ийдирип, Кудайдын үйүнө чейин ээлеп алган азезилдер бийлик жүргүзүп турганда, Николай сыяктуу чынчыл жашоону жактаган адамдарга бул турмушта орун жок.

Тасмадагы кейипкерлердин ичинен тагдыры эң татаалы – Николайдын өмүрлүк жары Лилия. Бир караганда анын капилет өлүмү анык себеби жок табышмак бойдон калгандай. Бирок бул айжаркын аял рухий туңгуюкка туш келгендиктен, аргасыздыктан өз жанын кыйды. Балким, драмалуу жагдайлар болуп кетпегенде (үй-жайынан ажырабаганда, москвалык жактоочуга жолукпаганда) ал мурдагыдай эле күйөөсү Николай менен тынч өмүр кечирмек. Деги Лилиянын бул жашоодон күткөнү, издегени, эңсегени эмне эле? Ал эмне тууралуу кыялданып, эмнени самап жашады? Ушул суроолорго жооп тапканда гана жан дүйнөсү назик, ашкере сезимтал, адамдык касиет-сапаты башкаларга окшой бербеген Лилия мындай кадамга эмнеликтен барганын билебиз.

Жок, Лилия москвалык белгилүү жактоочунун атак-даңкына да, байлыгына да, сымбатына да азгырылган жок. Анын издегени бир гана сүйүү эле. Ал Николай менен жашап жүргөндөгү жарым-жартылай сүйүүсүнө да, жарым-жартылай бактысына да алымсынбай келген болчу. Ал бул дүйнөдө ар кимдин эле шыбагасына ыйгарыла бербеген чоң сүйүүнү, чыныгы бакытты, чыныгы таалайды Дмитрийден тапкысы келди. «Сен Кудайга ишенесиңби?» – деп сурайт ал Дмитрийден эриндери титиреп, бүт ынтаасын коюп. Ушул суроонун жообу анын тагдырын чечмек, ушул суроонун жообу мындан ары анын бар же жок боло тургандыгын аныктамак. Анткени Лев Толстой айтмакчы, Сүйүүнүн өзү – Кудай, Кудайдын өзү Сүйүү эмеспи! Тилекке каршы, күйөөсү Николай сыяктуу эле Дмитрийдин жүрөгүндө да Кудай, башкача айтканда, Сүйүү жок болуп чыкты.

«Эмне эле силер баарыңар «Кудай», «Кудай» деп калгансыңар! Мен юристмин, мен фактыларга ишенем!» – дейт ал кыжырданып. Лилия ага агынан жарылып, өмүр бою аздектеп жүргөн аруу сүйүүсүн туюндурайын дегенде, уккусу да келбейт. Себеби Дмитрийдин Лилияга дене кумарынан, материалдык жыргалчылыктан башка бере турган эч нерсеси жок. Муну түшүнөр замат Лилия андан боюн ала качат. Бир кезде Белинский Печорин менен Бэланын (М.Ю. Лермонтовдун «Биздин замандын каармандары» романындагы) ортосундагы сүйүүнү таамай чечмелегендей, Лилия да «махабаттын деңизинен кана жуткусу келет», бирок Дмитрийде андай сезим «бир чөмүч гана» болуп чыгат.

"Левиафан" тасмасынан үзүндү.
"Левиафан" тасмасынан үзүндү.

Ким билет, ал ушул тагдырына да ыраазы болуп, т.а. калган өмүрүн башкалардын бактысына арнап (чындап сүйбөсө да күйөөсүн кастарлап жана өгөй да болсо Романга энелик мээримин төгүп) жашай бермек беле, бирок акыркы кырдаал ансыз да устаранын мизинде турган анын тагдырын башкача чечти. Соңку бир жолку сүйлөшүүдө Лилияга Николай балалуу болгусу келбегени маалым болду. Эми ал өзүнө Алла Таала ыроологон энелик мээримди, канында күнү-түнү айланып турган энелик сүйүүнү өгөй баласы Романга арнагысы келди. Бирок Романдын өгөй энесин жек көргөнү ушунчалык экен, ал муну эшиткиси да, түшүнгүсү да келбеди. Дегеле Звягинцевдин бул тасмасындагы балдар (Романдын теңтуштары) кандайдыр келечеги жок, жоголуп бараткан муунду элестет. Алар үчүн жашоодо эч кандай ыйык, таберик нерсе калбагандай, ал түгүл христиандар үчүн эң касиеттүү болуп эсептелген эски чиркөөнү да тебелеп-тепсеп, сыраканага айлантышат.

Атасынын жер төлөдө Лилияны зордуктаганын (анын түшүнүгү боюнча «табышып алышканын») кокусунан көрүп калган Роман ызага буулугуп, деңиз четинде жаткан киттин сөөгүнө барып арыз-арманын айтат. Бул жерде какжырап калган киттин тулкусу – метафора, мындайча айтканда рухий жактан майып, жан дүйнөсү көңдөй адамдардын табияты, алардын болгон-бүткөн дүйнөсү. Ал эми деңизге боюн таштаганы барган Лилияга, тескерисинче, тирүү кит жолугат. Суудагы кит – жашоонун, улуулуктун, бийиктиктин символу. Чебер сүрөткер аталган эпизод аркылуу Лилия өз жанына өзү кол салып жатканы менен ал өмүрдү абдан сүйөрүн, анын айкөлдүгүн, бийик адамгерчилигин ишарат кылат. Тагыраагы, автор "жакшы адам өзү өлсө да анын руху түбөлүк сакталып калат" деген орошон ойду айткысы келет. Ушул жерде сөзүбүздүн далили үчүн дүйнөлүк масштабдагы жазуучу Ч.Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы башкы кейипкерлердин бири Борктун да түшүнө байма-бай киттер кирерин эске сала кетели. Демек, эки чыгармада тең киттер менен байланышкан терең философиялык подтекст камтылган.

Макаланын башында "орус режиссерунун бул картинасы сүрөткер менен бийликтин (мамлекеттин) ортосундагы айыгышкан күрөш тууралуу" деп бекеринен айтканым жок. Дүйнө жаралганда келип чыккан бул күрөш азыр да улантылып жатат жана качан калыс коом орномоюнча улантыла бермекчи. Ушул бүгүн да карасанатай бийлик менен келишпеген канчалаган жазуучу-акындар, сүрөтчүлөр, режиссерлор, мугалимдер ж.б. өнөр адамдары көп өлкөлөрдө куугунтукталып, ал тургай түрмөгө отургузулуп жатканын билебиз. Ал эми көрүнүктүү киночунун прологу менен эпилогундагы (адабияттын тили менен айтканда) деңиз четинде урап жаткан кайыктар – дал ошол «жал-куйругу кесилип», эркиндиги тумчуктурулган сүрөткердин трагедиялуу тагдырынын метафорасы эмей эмине?

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG