Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:13

Жүз жылда бир жаралчу баатыр эле...


Уланбек Эгизбаев

Күн өткөн сайын кандай адамдан айрылганыбызды, улуттун, мамлекеттин тарыхында, тагдырында бир кылымда бир жолу жарала турган инсандан ажыраганыбызды кабыргабыз кайышып сезип жатабыз.

Тоо ураса болбойбу да,

Көл төгүлсө болбойбу?

Ч. Айтматов. («Саманчынын жолу» повестинен)

Ал болгону жыйырма сегиз жыл жашаса да, өзүнүн аз күнчүлүк өмүрүндө тек жамы журттун жүгүн аркалабастан, бүтүндөй улуттун сыймыгына айланып кетти. Анын аты, жасаган иштери, өмүр жолу чындыктын, ар-намыстын, абийирдин символу катары тарыхыбызга түбөлүк жазылып калды. Эгер орустун улуу акыны М. Ю. Лермонтов жыйырма жети жашында дүйнөлүк поэзияда түбөлүк из калтырса, ага жашташ биздин жердешибиз Улан Эгизбаев улуттук, эл аралык журналистикада андан кем эмес бийиктикке көтөрүлдү.

Эң башкысы - ал баарыбыздын абийир-намысыбызды, ариетибизди ойготту. Анын капилет өлүмү биздин ынтымагыбызды бекемдеди, кайдыгерликтен, өзүмчүлдүктөн арылып, жалпы элдин, мамлекеттин, андан ары текши адамзаттын тагдыры тууралуу ойлонууга түрттү. Кандай жагдай болбосун, башыбызга кандай күн түшпөсүн, чындыктан тайбоого, дайыма адилдикти, адилеттүүлүктү туу тутууга чакырды. Бул жагынан алганда Уландын өмүр таржымалы доордон доорго, муундан муунга өрнөк, үлгү болуп кала берери анык.

Бүгүнкүдөй алдым-жуттумдуктун арааны болуп көрбөгөндөй ачылып, көпчүлүк өзү үчүн гана кара жанын карч урган, атүгүл айрымдар керт башынын пайдасы үчүн башкасын мындай кой, мамлекетти да сатып жиберүүдөн кайра тартпаган заманда Уландай азаматтын арабызда жашап калышы таң калтырбай койбойт. Анын айкөлдүгү, адамгерчилиги, мекенчилдиги, жанда жок чынчылдыгы жана кайрат-эрки адамзаттын келечеги үчүн курмандыкка барышкан (пайгамбарларды айтпаганда) Сократ, Бруно, Галилео Галилей, Жанна д’Арк ж.б. өңдүү улуу инсандарды эске салат. Чындык үчүн өлүмдөн да кайра тартпаган бул инсандардын ишмердиги, өмүр жолу кайсы заман болбосун адамзаттын абийирин козгоп, адамдык чыныгы вазийпасын унутпоого, залкар Чыңгыз айткандай, «күн сайын адам болууга» үндөйт. Жер шарында мындай адамдар жашап өтпөгөндө, адам баласынын келечеги кандай болор эле – болжоо кыйын.

Замандаштар каңырыгы түтөп айткандай, Улан чындык деп жүрүп күйүп кетти! Балким, Улан чын эле ошол күндөрү өзөгү өрттөнүп күйүп жүргөндүр, бекеринен Ысык-Көлгө шашпагандыр, кайта жөнөп жатып да дагы бир жолу көлгө түшүп калгысы келгени жөн жеринен эместир. Кадам сайын адилетсиздикке жолугуп, жүрөгү түтпөй, Султан Раев таасын салыштыргандай, чын эле аруулуктун дүйнөсү болгон Ак Кемеге сүзүп кеткендир. Мүмкүн, анын наристеникиндей таза ниетин, ууз кыялдарын, изги тилектерин Ысык-Көл гана түшүнгөндүр, анын эч кимге айтылбаган арыз-армандарын Ысык-Көл гана тең бөлүшкөндүр... Анын тереңдиги менен бийиктигине Ысык-Көл гана тең келгендир, ошондуктан көлгө боюн ургандыр…

Уландын кайгылуу өлүмү көпчүлүгүбүздүн көзүбүздү ачты, чындыктын куну канчалык кымбатка турарын дагы бир жолу эсибизге салды. Эгемендиктин оош-кыйыш жылдарында улуттун, өлкөнүн келечеги үчүн чыркырап жүрүп жан берген Насирдин Исанов, Сатыбалды Жээнбеков, Дооронбек Садырбаев, Шералы Назаркулов ж.б. сыяктуу чыныгы баатырларды дагы бир жолу эскертти. Улан эңсеп жүрүп өтүп кеткен адилет коомду куруу канчалык кыйынга турарын, акыйкатка жетүү оңой эмес экенин дагы бир жолу түшүнгөндөй болдук.

Албетте, өлкөнү ичтен чиритип жаткан мителерге каршы Улан Эгизбаев баштаган аёосуз күрөш мындан ары да улана берет. Бирок биз баарыбыз бир муштумдай болуп ынтымакка келгенде гана, мамлекетибиз үчүн өз жаныбызга күйгөндөй күйүп, өзүбүзгө кам көргөндөй кам көргөндө гана жеңишке жетерибизди унутпайлы.

Уланга Эл Баатыры деген расмий наам берилеби, берилбейби – аны жогору жактагылардын абийирине коелу. Бирок Пушкин өзү тууралуу жазгандай, Улан ансыз дале өзүнө түбөлүк өлбөй-өчпөй турган эстелик тургузуп кетти.

Кыргыздын чыгаан уулу Улан Эгизбаевге арналган чакан эссемди төмөнкү саптар менен аяктоону туура көрдүм:

Билбегенге катардагы Улан өлдү.

Билгенге Чындыктын шаары кулап,

Ар-намыстын бүтүндөй бир дубаны өлдү.

Адамдын асылы эле,

Карыптын, кароосуздун жакыны эле.

Элим деп күйүп-жанган,

Өмүрүн мекен үчүн сайып койчу

Жүз жылда бир жаралчу баатыр эле.

Аким Кожоев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG