Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:11

Эгизбаевге келген "сырдуу" каттардын учугу


Уланбек Эгизбаевге келген актай кат.
Уланбек Эгизбаевге келген актай кат.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге көзү тирүү кезинде почта аркылуу келген талаштуу каттарды аны сотко бергендердин адвокаты жибергени ырасталды.

Ичинде актай кагаз салынган эки кат Эгизбаевге көзү тирүү кезинде, 16-июлда “Кыргыз почтасы” аркылуу келген. Ал кат А.Үсөнбаев көчөсү 24, 4-батир дарегинен жөнөтүлгөн. Кат ээсинин аты-жөнү "Ю.В.Охналёва" деп жазылган. Сотко доо арыз берилгени тууралуу маалымдама катта да адвокаттын ысымы, дареги дал ушундай жазылган. Сотко чакыруу кагазы "Азаттык" радиосуна 24-июлда тапшырылган.

Жогоруда аты аталган Юлия Охналёва - Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун жана ушул эле көрүстөндүн кызматкери Алихан Алиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат.

“Азаттык” 27-июлда Юлия Охналёванын өзү менен байланышканда, ал жогорудагы сотко жиберген арыздын ээлеринин адвокаты экенин бышыктады, бирок "бош кат эмес, доо арыздын көчүрмөсүн жөнөткөнүн" кыскача гана айтып телефонду коюп салды:

- Мен бош кат жөнөткөн эмесмин, мен доо арыздын көчүрмөсүн жөнөткөм. Бош кат деп ойлоп атсаңар - ал силердин маселеңер.

Сотко доо арыз берген Чыңгыз Апасов менен Алихан Алиев Юлия Охналёва алардын адвокаты экенин ырастап, мезгилсиз каза тапкан Уланбек Эгизбаевге карата доо арыздарынан баш тартуу ниети бар экенин билдиришти.

Чыңгыз Апасов.
Чыңгыз Апасов.

- Биз да Уланбектин өтүп кеткенине кайгырып атабыз. Эми бизде башынан эле Уланбекке дооматыбыз жок болчу. Максат менен Саматка дооматыбыз бар болчу. Алар биз жөнүндө жалган нерсени айтып салбадыбы, - деди Бишкектин Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасов.

Уланбек Эгизбаевге соттон келген маалымдамада Сулайманов С.М. деген жаран да жоопкер катары көрсөтүлгөн. “Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында сүйлөп берген Түштүк-батыш көрүстөнүнүн мурдагы жетекчисинин аты-жөнү - Самат Сулайманов.

Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү кезинде, андан кийин да сөз болуп жаткан дарекке биздин кабарчылар барган учурда үйдүн кожоюндары эшигин ачпай, сүйлөшпөй койгондуктан, каттын чоо-жайын тактай алган эмеспиз.

Ушул эле даректен ушундай эле кат Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге да келгени Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөндөн кийин белгилүү болду. Ага актай барагы менен кат 17-июлда келген. Ал бул жөнүндө эч кимге айткан эмес.

Максат Баялиев - Уланбек Эгизбаев даярдап, ушул жылдын 30-майында жарыяланган “Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында кабырлар кызылдай акчага сатыла тургандыгын айтып бергендердин бири.

Максат Баялиев.
Максат Баялиев.

- Ичинде актай эле А4 барагы бар. Ал эми сыртында Бишкек шаары, Үсөнбаев 24-үй, 4-батир деп жазылып турат. Ал дарекке барганым жок. Себеби, ал жакка барсам дагы бир нерсе болуп, "сага арыз жазышат" деп койду. Уланбек каттын сүрөтүн алыстан эле тартып коюптур. Бирок экөөбүздүкү окшош эле болуп атат, - деди ал.

Интернеттеги форумдарда айрым адвокаттардын жоопкер тарапка актай барак жибергени боюнча ар кандай түшүндүрмө жазылган экен. Адвокат Бактыбек Жумашев соттук иштерде ушундай айлакер ыкма колдонулуп жүргөнүн айтып берди:

Бул ошондой ыкма. Доо арыз өзү келбегенден кийин жоопкер эмне кат экенин билбейт.

- Доо арызды сотко берип атканда "доо арыздын көчүрмөсү берилди" деп почтадан берилген дүмүрчөктү далил кылат. "Биз жибердик, эскерттик, алар билет" дейт. Ал эми чынында каттын ичине эч нерсе салбай коет. Почточу аны текшергенге укугу жок. Иш башталганда почтанын дүмүрчөгүн көрсөтүп, "биз эскерткенбиз" деп коет. Бул ошондой ыкма. Доо арыз өзү келбегенден кийин жоопкер эмне кат экенин билбейт. Анан соттон чалышат, ал болсо билбегендиктен анча даярдыгы жок барат. Муну далилдеш кыйын, анткени кат келип жатат. "Анын ичинде эч нерсе жок болчу" деп далилдей албайсың.

Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" берүүсү​

Коррупциялык былыктардын жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору, "Азаттык" радиосунун кабарчысы, 28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза болду. Милициянын алгачкы божомолдуу жыйынтыгында ал сууга чөгүп кеткен.

Экспертизага катышкан анын жакындары анын бутундагы тактарды байкашкан. Бирок милиция анын баары соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгында белгилүү болоорун маалымдады. Жыйынтык бир айдан кийин чыгарылат.

Акыркы мүнөттөр: күбөлөрдүн айтымында
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG