Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Уланбек Эгизбаевдин акыркы мүнөттөрү


Акыркы мүнөттөр: күбөлөрдүн айтымында
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00

Акыркы мүнөттөр: күбөлөрдүн айтымында

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин кайгылуу өлүмүнүн тегерегинде ар кандай маалыматтар, жоромолдор абдан көбөйүп кеткендиктен, дегеле эл оозуна алынган чыгаан кесиптешибиздин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнүн хронологиясын, кандай болгонун өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөрдү угуш үчүн Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы "Акун" эс алуу жайына барып, ал күнкү окуяларды калыбына келтирүүгө аракет кылып көрдүк.

Бул иште бизге Уланбек жекшембиде сууга түшүп, эс алып жүргөнүн көргөн, аны керек болсо суудан алып чыгып куткарууга аракет кылган адамдар жардам беришти. Топтогон маалыматтарды сиздердин назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Азыркыга чейин колубузда топтолгон маалыматтарды, видео материалдарды тергөөчүлөр менен бөлүшүүгө даярбыз.

Жекшемби, 22-июль. Саат 11ден өткөндө Уланбек Эгизбаев келинчеги Сапаргүл экөө үч түнөп эс алган "Акун" пансионатындагы бөлмөсүн өткөрүп берип, рюкзактарын көтөрүп регистратурадан чыгып кетишкен. Бирок Уланбек жети айлык боюнда бар келинчеги Сапаргүлгө: "Бишкекте азыр мээ кайнаткан ысык экен. Мен дагы бир жолу сууга түшүп чыгайын, сен жээкте эс алып отура тур. Андан кийин Чолпон-Атага барып балыктын этинен тамак жеп, андан кийин күн салкындай баштаганда жолго чыгалы" деп сунуш кылат. Сапаргүл макул болуп, экөө эл сууга түшүп эс алып аткан кум жээкке барышкан. Ушул жерден кошумчалай кетели - Уланбек сууда жакшы сүзө алчу эмес. Муну аны менен буга чейин көлгө эс алууга барган бир нече кесиптеши ырастады.

Кээ бир маалымат каражаттары жазгандай, Уланбекке эч ким телефон чалып, жээкке чакырган эмес. Бул тууралуу келинчеги Сапаргүлдөн алынган маалыматтардан улам белгилүү болду.

Эми окуянын "Акун" пансионатынын камерасында жазылып калган бөлүгүн тизмектеп берели. Пансионаттын жетекчилиги компьютердеги саат 10 мүнөттөй алдыга коюлуп калганын эскертти.

13:51 - Уланбек эл сууга секирип түшкөн пирстен бери көздөй басып келатат. Пирстин үстүндө басып жүргөн, астында сууга түшүп аткан башка адамдарды көрүүгө болот. Сапаргүл ал кезде 50-60 метр алысыраак жердеги чатырдын астында отургучта эс алып отурат.

13:53:35 - Суу Уланбектин белинен өйдөрөөк болуп келатып эле күтүүсүздөн денеси көрүнбөй, суу үстүндө колдору чабалактап калат. Ошол жерде күтүүсүз чуңкур бар экенин биздин кабарчыбыз жана куткаруучу Бакай текшерип көрүштү. Жээктен 25-30 метрдей алыстыкта болжол менен 2,5 метрдей терең кеткен ойдуң бар экен.

13:57:15 - Колдору суу үстүндө чабалактап аткан Уланбек сууга кирип кеткендей болуп көрүнбөй калат. Жээкте жүгөрү саткан өспүрүм балдар сууга түшүп аткан экен, суу ичинде кыймылсыз калкып калган адамды көрүп, кыйкырып жардам сурай башташат. Уланбектин суу ичинде калкып калган денеси суу үстүнөн көрүнгөн эмес.

13:57:50 - Пирстен, суунун башка тарабынан жардамга келген адамдар суу астындагы Уланбекти алып чыгууга аракеттене башташат.

13:59:29 - Бир нече киши Уланбекти суудан жээкти көздөй көтөрүп баратышат.

14:00:17 - Уланбекти жээкке көтөрүп барып жаткырышат. Жээкте ага дароо кесипкөй жардам көрсөтө турган адам болгон эмес.

Куткаргандардын биринин айтымында, алар жээкте Уланбекти капталынан жаткырып, тизесин бүгүп жардам көрсөткөнгө аракет кылышат.

14:01:48 - Алгачкы куткаруучу жанына барат.

Түшкү тамак маалы болгондуктан, жээктеги куткаруучулар так ошол учурда алысыраак жерде болушкан. Алар кырсык тууралуу телефондон угуп жетип барышкан. Аларга удаа келген пансионаттын медайымы "келгенде Уланбек жансыз болуп калганын каректеринен билдим" дейт. Андан бир мүнөт мурдараак жетип келген куткаруучу "далайга издеп отуруп, пульсун сезгендей болгом" дейм. Медайым камерага сүйлөөдөн баш тартты.

14:20:12 - Уланбекти ошондо барган "Тез жардам" унаасын көздөй көтөрүп баратышат.

"Акун" пансионатынын жетекчилиги Уланбек сууга түшүп жаткан жерде чуңкур жер бар экенин буга чейин билбегенин маалымдады. Пансионаттын өкүлдөрү "кийинки учурларда ал жерге катерлер киргендиктен жаңыдан пайда болушу мүмкүн" дешти. "Эскертүү белгилерин алдыртмак болдук, жакында коюлат" деп убада беришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG