Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Уланбек – улуттук баатыр


Уланбек Эгизбаевдин капилет өлүмү кыргыздын учурдагы жан маанайына канчалык таасир этет? Бул жоготуунун канчалык оор экендигин сезип-туйгандар, трагедиянын маанисин жетиштүү деңгээлде терең аңдап биле алабы? Балким бул үчүн убакыт керектир? Бирок беймарал күн өткөрө бербей, ар кимибиз дареметибиздин жетишинче ойлонушубуз абзел. Биз катуу ойлонуп, жетик түшүнүүбүз зарыл болгон бир катар маселелердин бири БААТЫРДЫК түшүнүгүнө тикелей байланышкан.

Жалындаган жашоо

Уланбек Эгизбаев жаштыгынан (эси жоктугунан деген мааниде) башын сайып чыккан жок, бул күрөшкө. Анын жашоодогу позициясы алабармандыкка эч окшобойт – Уланбек абдан акылдуу, оор басырыктуу, эмоцияга такыр алдырбаган жигит эле. Зор ийгиликтерге, жеңиштерге жеткенде да токтоолук кылып, кыжаалат абалдарда (ар кандай опузаларга кабылганда, сотко чакырылганда, Текебаев менен чогуу камакка алынганда ж.б.у.с. жагдайларда) да ал коркуусун жеңе билген, сабырдуулук кылган.

Уланбек "акыры башка бир өлүм" деп, акыйкат үчүн, элинин бактысы үчүн башын сайып койгон экен, баарын таразалап, ар тараптан талдап туруп, "тайманбай күрөшүүдөн башка жол жок" деп чечкен экен...

Албетте, бул жарыктан эрте кетти, кайдыгер эместердин баарын күйүткө салып. Аман болсо, буга чейинкиден он эсе зор ийгиликтерге жетмек, элине ошончолук көп шарапаты тиймек.

Уланбек жанынан тойгонунан тобокелге бел байлап келди беле? Жок. Ал жашоону сүйчү. Бирок ал намыстуу, бактылуу гана жашагысы келген.

Бактылуу жашоону байлык топтоо, бийликке жетүү, айбандык кумарга берилүү ж.б. деп түшүнгөндөр толтура. Уланбектин ЖАШООСУ мындай пас, тар түшүнүккө дегеле сыйбайт. Ал элин, өз өлкөсүн жанындай жакшы көрүп жашады. Элибизди малга теңегендердин көз карашына макул болбой, чыныгы намыстуу улут боло алабыз деп бекем ишенип жашады. Ата-энесин, өмүр шеригин, жакын туугандарын эле эмес, кыргызды, Ааламды кучагына алган СҮЙҮҮ менен жашады. Чындыкты, адилеттикти жактап жашады. Баарыбызды ойготууга, сергек, таза ЖАШООГО сөзү менен да, иши менен да чакырган ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР сүрдү. 28 жашында Уланбек башкалар жүз жылда деле аткара албагыдай көп да, мазмундуу да иштерди аткарууга үлгүрдү.

Кезинде Арстанбектин Жеңижокко батасын берип жатып айткандары бүгүнкү Уланбектин жашоо эрежеси болуп калган окшойт:

Ырчы болсоң сынчы бол!
Зөөкүрдү чабар камчы бол.
Кургак жерге тамчы бол.
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргөнгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Бечарага калка бол.
Беделсизге арка бол…

Уланбек ырчы эмес эле, бирок сөз куну үчүн өмүрүн арнап койгон инсан болду, элдин уулу болду.

Манастын урпагы

Кыргыздын мамлекеттүүлүгүнөн кол жуушуна көөнөргүс дөөлөттөрдүн мааниси тайыздап, бурмаланышы жол ачкан деп ойлойм. Далай душмандарын доско айлантууга – курама жыйып журт кылууга, элди улут кылууга айкөлдүгү, адилеттиги менен жетишкен Манастын баатырдыгы менен бытырандылык доордогу кыргыздын эле урууларын ич ара касташтырган жылкы тийгичтердин «баатырдыгынын» ортосунда асман менен жердей айырма бар. Элинин намысы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн көкүрөгүн дзотко тоскон Чолпонбай Түлөбердиев менен төңкөрүшчүлөргө курал болуп берип, кийин өздөрү жактаган неме алкы бузуктугун айгинелегенде бир ооз каршы сөз айтуудан айбыккандардын да айырмасы ушундай.

Бүгүнкү расмий "баатыр" наамы барлардын көпчүлүгүнөн Уланбек Эгизбаев да кескин айырмаланып турат.

«Кыргыз эл баатыры наамына Уланбектин журналисттик ишмердиги толук татыктуу!!! Мамлекетти чырмаган коррупция менен күрөшөбүз десек, так ушул Уланбек Эгизбаевдей көк жалдарды даңазалашыбыз керек», - дейт жазуучу Олжобай Шакир. Бул сунушту жарыша айткандар, коштоп колдогондор, кошумча жүйөсүн келтиргендер көп. Сунуш айткандардын бири – белгилүү коомдук ишмер, «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев.

Чын эле, Уланбекке ыйгарылса, бул наамдын баркы жогорулайт; эгер бийлик бул сунушту колдобой койсо, анда расмий сыйлык-наамдар тескери мааниге ээ болуп калары анык.

Эң жогорку деп эсептелген «Ак шумкар» ордени менен кошо берилүүчү "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын жана андан кийинки орунда турган үч башка даражалуу «Манас» орденин алууга кимдер гана кызыкпаган, аларга жетиш үчүн кандай гана аракеттерди жасап жатышкан жок! Албетте, төшүнө орден-медаль таккандардын арасында татыктуулар да бар, бирок бул жана калган башка расмий наамдарды, сыйлыктарды негизинен жанталаша чуркап, арага киши салып, пара берип, бийлик башындагыларга кошоматты катыра жасагандар гана алып жатпайбы?

Сыйлыкка, наамга Уланбек өзү муктаж эмес. Анын эрдигин, элине кылган баа жеткис кызматын баалай билсек, бул бизге, элибизге, (мамлекетибизге) абдан керек: БААТЫРДЫК түшүнүгүн эзелки маанисине тууралап, бурмаланган баалуулуктар тутумун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Дагы кайталап, баса белгилейли: Баатыр наамын ыйгаруу Уланбекке эмес, элибизге керек – чыныгы баатырдык деген эмне экендигин эстей жүрүш үчүн, анын татыктуу өмүрүн жаштарга өрнөк катары көрсөтүш үчүн керек. Кошоматчы "дүжүрлөргө" ыйгарыла берип кадыры кеткен расмий сыйлык-наамдардын баркын кайра көтөрүш үчүн керек. (Буларды ыйгаруунун жоболоруна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт келип жетти).

Күрөш уланат

"Уланбек Эгизбаевден коррупциячылар өч алды же кылмышы ашкерелене электер озунуп желдет жалдап эле өлтүртүп койду" деп божомол кылгандар бар. Алардын көбү "ушул окуядан кийин журналисттер чындык үчүн мынчалык өжөрдөнө күрөшпөйт, элдин баары коркот" дешет. Ырас, эми байлыгы, бийлиги ашып-ташып жаткандар жөнүндө сөз кылуудан журналисттердин кыйласы тартынып, этияттанып калышы толук ыктымал. Бирок баары эмес.

Азыркы учурда маркум Уланбектей курч, тайманбас журналисттер өтө аз, жокко эсе. Элдин мүдөөсүн жактап, чынчылдыгы үчүн өлтүрүлүп кетиши толук ыктымал экендигин сезип-туюп турса да, даана аңдап-билип турса да, көздөгөн бийик максатынан баш тартпай тобокелге баш байлаган эле Уланбек. Эми ал көтөргөн акыйкат туусун жерге түшүрбөй алып жүрүү – журналисттердин эле эмес, бардык чынчыл жарандардын да парзы. Колубуздан келишинче, кайрат-күчүбүздүн жетишинче бири-бирибизге колдоо көрсөтүп иштешибиз керек. Бул жаатта кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин жетиштүү билип, толук пайдаланууга үйрөнүшүбүз керек.

Бийликтегилердин ар бир кадамы, бюджеттен каражаттын ар бир сомуна чейин кандай сарпталып жаткандыгы жөнүндө элдин ар тараптуу, кеңири маалымат алып туруу укугу үчүн бар кайрат-күчүн жумшаган журналисттердин коопсуздугун да колдон келишинче, мүмкүн болушунча камсыз кылуу зарыл. Бул жагынан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жекече жоопкерчилигин күчөтүш керек.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG