Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:33

Уланбектин өлүмүнүн себептери иликтениши керек


Уланбек Эгизбаев калп айтканды, жасалма сүйлөгөндү, бирөөнү бөөдө жерден каралап жамандаганды жек көрчү. Баарыбызды өкүттө калтырган кыска өмүрүндө ошондойлорго тикесинен каршы турду. Уурулукту, ансыз да колунда жоктордун, жалпы мамлекетибиздин терисин сыйрыган жемкордукту, адилетсиздик менен ташбоордукту көрүп калса артынан сая түшүп жүгүрүп жүрүп материал даярдады.

Эми азыр Уланбектин капыстан келген кайгылуу өлүмүнүн тегерегинде жазылып, айтылып аткан ар түркүн маалымат, жоромол, ушак-айыңдарды угуп, окуп отуруп, "диванда жатып алып" оюна келгенди жазгандарды ал өзү тынч карап отура албай чыркырайт беле деп да ойлоп кетем.

Журналисттик кесипти чыныгы элдик кесипке айландырса болорун көргөзгөн Уланбектин ишке, оюнга, жашоого, сүйүүгө тойбой турган жапжаш кезинде арабыздан кетип калганы эч кимди кайдыгер калтырбады. Кочкордогу айылында өткөн тажыясына Оштон, Таластан жана башка жерлерден өз жолу менен келген карапайым окурмандары, угармандары, көрөрмандары өксүп ыйлап турганын көрүп жаш болсо да журналисттик кесиптин кадырын ушунчалык жогору көтөрүп кеткенине таң каласың. Качан, кайсы журналистке ушундай улуттук деңгээлде көңүл бурулуп, элдин баары тегиз кайгырды эле? Калың журт Уланбекке Орусияда жаңыдан киргизилип аткан "Элдик журналист" деген наамды ыйгарып койду, эми аны эч ким тартып ала албайт.

Дал ушундай коомдук кызыгуудан улам биз Уланды койгон күнү түштөн кийин анын акыркы мүнөттөрү өткөн жерге барып, ал жердеги жагдайды камерага тартып, окуяга күбө болгон адамдар менен маектештик. Антпесек тынчтана албайт элек. "Болор иш болду" деп үйүбүзгө барып тынч жата алмак эмеспиз.

Акыркы бир жумадан бери ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жолугуп, колубуздагы материалдардын баарын өз колубуз менен тапшырып, жакшылап иликтеп берүүнү өтүнөлү деген аракетибизден майнап чыккан жок.

"Уландын жеке телефонун тергөөчүлөр сураштыбы? Пансионаттагы байкоо камерасы жаздырып алган видеону көрүштүбү? Жумушка келип, аны эс алууга узаткан достору, кесиптештери менен маектештиби?" деген суроолорума "жок" деген гана жооп алып жаттым.

Азыр да болсо биз колубузда болгон материалдарды, видео, күбөлөр менен аудио, видеомаектерди тапшырууга даярбыз. Коомчулукта түмөн түркүн суроо көп болгондуктан, бул материалдардын баарын кесипкөй тергөөчүлөр иликтеп, бир сыйра текшерип чыгып, өз бүтүмүн айтса ата-энеси, жубайы жана "Азаттыкта" Уланбек менен акыркы беш жылдан ашуун мезгилде күнүнө орточо он сааттан иштешкен кесиптештеринин, досторунун көксөөсү сууй түшөт беле?

Акыры Уланбектин коомчулукту дүрбөткөн кайгылуу өлүмү, коопсуздугу боюнча бир жыйынтык чыгарылып, келечекте башкалардын коопсуздугу да тобокелге салынбагыдай чара көрүлүшү керек го?

Ага телефон чалгандар болуп, басым, кысым жасалганы дароо Ички иштер министрлигине кабарланган. Андан кандай жыйынтык жасалды, Уланбекти телефондон опузалагандар табылдыбы, аларга кандай чара көрүлдү?

Уланбек катардагы бир кабарчы болсо мынчалык суроо, кооптонуу жаралмак эмес. Азыр эми "тигил бийлик кылды, бул бийлик кылды, каралар жасады" деп улам бир жоромолду айтып, жазып жаткандарга бир жооп берилиши керек го.

Аягында айтаарым, Уланбек Эгизбаевдин журналисттик ишин, анын коомубузду, мамлекетибизди жакшыртууга, тазалоого, өнүгүү жолуна салууга кошкон салымын, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр жүрөктүгүн, чынчыл, ак ниет, ак көңүл, боорукер мүнөзүн, чыныгы элдик уул болууга жетишкен тубаса касиеттерин жогору баалап, ушул күндөрү кайгыбызды тең бөлүшүп, жакындарына жана анын экинчи үй-бүлөсү болуп калган "Азаттык" радиосунун жамаатына көңүл айтып, ар тараптан колдоо көрсөткөндөрдүн баарына терең ыраазычылык билдиребиз.

Экинчи үй-бүлөсү дегеним, Уланбек жакында эле белгилүү публицист Кален Сыдыкованын демилгеси менен "Алтын калем" сыйлыгын алганда, кесиптештерге дасторкон жайып, ыраазычылыгын билдирип, "Азаттык" радиосунда иштеп калган тагдырына, ар бир журналисттик материалына салымын кошуп колдогон чыгармачыл жамаатка терең сый-урматын билдирген экен.

Сенин өмүрүң, жада калса кабырганы кайыштырып, каңырыкты түтөткөн өлүмүң да баарыбызга сабак болушу керек, Уланбек! Бардык замандаштарыңдын, мекендештериңдин жүрөгүнөн орун тааптырсың, биз сенин атыңды, баштаган ишиңди өчүрбөгөнгө болгон күчүбүздү, аракетибизди жумшайбыз!

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG