Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:58

Жерге-Талга китебибиз жетпей калды


Тажикстандагы Кара-Шоро айылынын тургундары менен учурашуу.

Ушул айдын 15инде кошуна Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал (азыр жасалма түрдө тажикче Лахш деп аталып калган) районуна барып келдик. Тилекке каршы, жыл башынан бери айтылып, далай замандаштар жактырып, кыйласы иш жүзүндө колдогон сапарыбыз максатына жетпей калды…

Элдин деми, ишкерлердин сүрөөнү

Кышында бул сапарды кантип уюштурсак болорун кеңешкени Олжобай Шакир экөөбүз барганыбызда, элден акча чогултпай эле коёлу, китептердин жеткирилишин, бир-эки ырчынын, тележурналист менен оператордун барып келишин биз эле каржылап берели, калган ыктыярдуулар жол киресин өз чөнтөгүнөн төлөп кошулуп барсын деп Жамалбек Ырсалиев сунуш кылган. Ушундан кийин Бишкекте «Айтумар» билим берүү борборуна ар ким тапканын алпара баштады.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Ж. Абдрахмановдун «Күндөлүк», К. Жусуповдун балдар үчүн иштеп чыккан «Айкөл Манас», С. Акматбекованын «Сыр дептер», М. Гапаровдун «Тандалмалар», Антуан де Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзада» сыяктуу ар бири 30 нускадан турган 25 аталыштагы сонун китептерди мурда эле берген болчу.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 48 даана китеп тартуулаган. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорлор менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Сейитбек Жаанбаев өзү чогултуп берген методикалык адабияттар саны жагынан экинчи орунда болду окшойт (бардыгы болуп 300дөй). Кыргызстандагы тажиктердин А. Рудаки атындагы ассоциациясынын төрагасы Равшан Сабиров «Манастын» тажик тилиндеги чыгарылышынан 60ты тартуулаган эле, мунун 20сы Мургапка тез эле жеткирилген, калганын Жерге-Талга чогултулган китептерге коштук.

Жеке жактардан чогултууда көркөм деңгээли начар же диний басылмалар, мазмуну улут аралык мамилелерге шек келтиргидей китептерди кошпойбуз деп замандаштарга эскертип турдук. Кийин жүктөөгө даярдап жатканда таңгактарды ачып текшерип, бошторун баштыктарга саларда баарын жазуучу Аким Кожоев экөөбүз көздөн өткөрдүк, кереги жокторун ажыратып калтырдык.

(Ар кимдин кошкон салымы, сүрөөнчүлөрдүн жардамы жөнүндө толугураак маалыматты Фейсбукка чыгарам).

Жайылгандагы мектептин алдында
Жайылгандагы мектептин алдында

Ошентип, боордоштордон кабар алалы деп дилгирленип чыккан тогуз киши бул жактагы жумуштарын коё туруп, көпчүлүгү өз эсебинен жол кире төлөп, Жерге-Талга барып келишти. Кыргыз тилдүү мектептердин мугалимдерине методикалык тренинг өткөрөйүн деген Асылбек Жооданбеков, мектептердин абалын көрөлү, кадрлар жана окуу китептер менен ырааттуу камсыздоо маселесин тажикстандык кесиптештер менен талкуулайлы деген аксакалыбыз, биздин Билим берүү жана илим министрлигибиздин өкүлү Сейит Жаанбаев, окутууда, өз алдынча билим алууда IT-технологияны колдонуунун эң алгылыктуу жолдорун колдонуу жөнүндө айтып беришке дилгирленген Чоробек Сааданбек, ЭлТР телеканалынын журналисти Айжаңыл Турдумаматова менен оператору Тайир Аматжан уулу, төкмө ырчылар Мундузбек Борончиев менен Арген Биймырза уулу, эл көрөйүн, болочок каармандарымдын прототиптери менен таанышайын деген жазуучу Олжобай Шакир жана «Кут билим» гезитинен мен болуп жолго аттандык.

Бул сапарга Жамалбек Ырсалиев өзү, Жогорку Кеңеш депутаты Эмил Токтошев, ишкерлер Урматбек Жакшымбетов, Дүйшөмамбет Орозалиев, ырчы Сыймык Бейшекеев, ЭлТР каналынын жетекчиси Айбек Мусаев, жергеталдык Савлат Зулпукааровадай намыстуу замандаштар колдоо көрсөтүштү.

Ыкшоолук жана камаарабастык

Тилекке каршы, ушундай зор максат менен башталган иш убарачылык менен аяктады. Бул тууралуу Олжобай Шакир катары менен эки макала жазып чыгарды: (http://ruhesh.kg)

Сапарыбыздын максаты, болжолдуу курамы, датасы жөнүндө жазып, уюштуруу жагынан колдоо көрсөткүлө деп Билим, Маданият жана Тышкы иштер министрликтерине 8-апрелде кайрылган элем. Маданият министри Султан Жумагулов китеп тартуулады.

БИМден «китептердин тизмесин тактайлы» деген апрелде эле иштиктүү мазмунда жооп жазылган экен, бирок мага жетпей калыптыр, министрликтин эл аралык байланыштар бөлүмүнөн эки күн мурун эле көрдүм. Демейки почтага салып эле тим койбой, электрондук дарегиме да жиберип коюшканда, Тажикстан тарапка эртерээк маалымат жөнөтүлүп, жолубуз ачылмак экен деп өкүндүм.

Бул жерде ТИМ кызматкерлерлеринин ыкшоолук кылып койгонун да айта кетүү керек – 8-апрелдеги катка «Шашылыш!» деген белгиси бар, «муну БИМ Тажикстан тараптын ыктыярына карап чечиш керек» дегендей маанидеги жооп менин электрондук дарегиме туура бир айдан кийин – 8-майда келди… (Салыштырып көрөлүчү: азыркы жомоктогудай маалымат-катнаш каражаттары дегеле жок, кат-кабарды жарым жолго чейин калдыраган от араба (көмүр менен жүрүүчү поюз), калганына ат араба ташыган XIX кылымда Маркстын Бонн же Берлин шаарынан жазган катына Энгельс Лондондон же Европанын башка шаарынан үч-төрт күн ичинде жооп кайтарып турганын совет доорунда билим алгандар жакшы билет).

Бара тургандар биротоло такталгандан кийин бул сапар тууралуу кабарлаган биздин Билим берүү жана илим министрлигибизден Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине жолдонгон расмий катты өз колум менен ТИМге алпарып, эми мурдагыдай беймарал отура бербей, ушул расмий каттын дарегине тез жетишин камсыздагыла деп өтүндүм эле. Бирок баягы эле бюрократиялык ыкшоолуктун айынан кат тиякка жетпей, биз ала барган китептерди чек арадан өткөрүүгө, мугалимдер менен жолугушууга уруксат ала албай убара болуп келдик. Ал кат биз кайтып келгенде деле тиякка жете элек экен!

Кара-Шоро, Жайылган

Кудай жалгап, ошол 15-май күнү менин Кара-Шоромдо канал тазалашка ашар уюштуруп, кары-жашы тегиз жабыла чыккан экен, жок дегенде бир айылдын эли менен учураштык.

Төкмөлөрдүн өнөрүнө баары ыраазы болуп, аксакалдар батасын берди. Жерге-Тал сапары боюнча ЭлТР каналы бир нече жакшы берүү даярдап, эфирге чыгарды, дагы бир-экөө даярдалып жатат окшойт, интернеттеги Youtube баракчасына да коюла баштаптыр.

Карагай комуздун бирин райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине тартууладык. Дагы бирин Кара-Шорого, үчүнчүсүн өрүк комуз менен кошо Жайылганга калтырдык, музыкага шыктуу жаштарга бергиле, өздөрү үйрөнүп, балдарга да үйрөтсүн, элди ушул өнөргө кызыктырсын деп.

Асылбек Жооданбековдун ноутбугун алган мугалим
Асылбек Жооданбековдун ноутбугун алган мугалим

Асылбектин ноутбугу Кара-Шородогу мектептин биология мугалими Шамиров Вайсидинге тийди. (Жерге-Талдагы бул жана башка кыргызча айыл аттары 7-8 жыл мурун дээрлик бүт бойдон жасалма түрдө тажикчеге оодарылганын эске сала кетели).

"Окуу китептер чек арадан өткөрүлбөйт!" деп БИМден эскертишкендиктен, бүт бойдон Ошто калтырдык. Биз алпарган китептер негизинен – көркөм адабияттар, методикалык, илимий-популярдуу жана мезгилдүү басылмалар. КР БИМ кошуна республиканын бажыканасында кармалып турган бул китептердин тематикасын тезирээк текшертип, мугалимдерге беришке көмөктөшүү өтүнүчү менен Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды.

Бул тууралуу элчибиз Мирослав Ниязовго да электрондук кат жаздым. Эми китептер дарегине жетмейинче мамлекеттик жооптуу органдарга кайра-кайра айтып турабыз.

ЭлТР каналынын Жерге-Талга сапар тууралуу видеосу

Эми эмне кылабыз?

Жаңыл Жусупжан тарткан «Каратегинен кат» тасмасында мугалим тажик тилиндеги китептен түшүнгөнүнчө айтып берип, окуучулар дептерлерине кыскача жазып алып отурганы, кыргыз мектептин дубалдарында жалаң тажикче жазуулар илингендиги тартылган.

Жерге-Талдагы жагдай ушундай экендигин эч ким төгүндөй албайт. Эне тилинде билим ала албаган жаш муун рухий тамырынан ажырап калары анык эмеспи? Эгер жергиликтүү мугалимдер менен жолугушууга уруксат берилсе, бул маселе биринчи кезекте айтылмак.

Тажикстандагы кыргыз тилдүү, Кыргызстандагы тажик тилдүү мектептерди окуу китептер менен камсыздоо үчүн эки республиканын Билим берүү министрликтери катуу иштеши зарыл. 2006-жылдан бери билим жаатындагы кызматташуу жөнүндө абдан жакшы келишимдерге кол коюлган, жумуш пландары да макулдашылган, бирок иш жылбай турат…

Эми ушуну менен эле токтоп калбай, мамлекеттик жооптуу кызматтарды да козгоп, кайдыгер эмес инсандар, Жогорку Кеңеш депутаттары маселенин орчундуулугуна көңүл бурдуртуп, талапты катуураак коё берсе, балким, чети оюлбай жаткан иштер аткарыла баштаар.

"Азаттыктын" архиви: Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" тасмасы тууралуу видео баян. 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG