Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:53

Бишкек-Дүйшөмбү: аксаган алака


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 1-февраль, 2018-жыл

Кыргызстандын президенти Жээнбеков 1-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Акыркы жылдары кыргыз-тажик кызматташтыгынын абалы, динамикасы кандай болуп жатат? Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы бүгүнкү талапка жооп береби? Чек араны тактоодо эмне үчүн жылыш байкалбайт? Тажикстандагы кыргыздарга өз тилин, маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүлгөнбү? Кыргыз-тажик өкмөттөрү аларга жетиштүү жардам бере алыштыбы? Ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.

Бүгүнкү талкууга Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчисинин мурдагы орун басары Алмаз Кулматов жана журналист-аналитик Жолдош Турдубаев катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, кошуна Тажикстан менен Кыргызстандын акыркы 25 жылдагы кызматташтыгында өзүнчө бөлүп көрсөтө турган жакшы жагдайларды, ошол эле учурда аксаган жагыбызды таразалап кыскача айта аласызбы?

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн географиялык, геоэконимикалык, геосаясий, маданий факторлору менен аныкталган. Алака-катыштын негиздери көп.

Саясий жагынан алганда акыркы 25 жылда биздин мамилелер бирдей деңгээлде өнүккөн жок. Ошентсе да аймактык коопсуздук, кыргыз-тажик маселесине келгенде бир тарыхый окуя, кырдаалды - андагы кыргыз дипломатиясынын ордун белгилебей коюуга болбойт.

1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталып, жүздөгөн адамдар набыт болуп, миңдеген адамдар качкынга айланган. Аларды Кыргызстан да кабыл алган. Тажикстандын экономикасы, элдин социалдык абалы өтө оор абалга келгени белгилүү.

Жаңжал көп жыл басылган жок. Расмий тажик өкмөтү менен тажик оппозициясынын көйгөйүн чечиш үчүн эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Москвада, Тегеранда, Алматыда, Ашхабадда, дагы кайда гана болгон жок. Көбү натыйжа бербей келди.

Анан 1996-жылы кыргыз дипломатиясынын чоң аракети менен Бишкекте бул жаңжалга тиешеси бар бир нече мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тажиктердин жарашуу келишимине кол коюлган. Бул чоң тарыхый факт! Кыргызстан анда Тажикстанда тынчтык орнотуунун кепилдиги болгон. Келишимде кол коюлган пункттардын аткарылышын көзөмөлдөгөнбүз. Эки тарапты тең ынандырууга көп аракет жумшалган. Тажик эли Кыргызстандын бул миссиясын өтө жогору баалайт.

“Азаттык”: Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алака тууралуу жөнүндө эмне үчүн кеп-сөз жок? Деги кыргыз-тажик бири-бирине эмне берет, эмне алат, экономикалык карым-катыштын негизин түзө турган потенциал барбы, болсо алар эмне?

Эки өлкө тең өздөрүндөгү чоң дараметти али пайдалана элек. Президент Жээнбековдун иш сапары кыргыз-тажик алакасына дем бериши керек деп ойлойм.
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: Соода-экономикалык алакабыз өтө динамикалуу деп айта албайбыз. Алака-катыштын негизин түзө турган документтер 1996-жылы эле түзүлгөн. Андан бери көптөгөн келишимдерге, макулдашууларга кол коюлду.

Эки мамлекеттин ортосунда акыркы документтерге 2014-жылы кол коюлганын билебиз. Укуктуу база жетиштүү. Ошого карабай соода алакабыз аксап жатат, динамика жок. 2014-жылы соода-сатыктын өлчөмү 40 миллион доллардын тегерегинде болсо, андан бери деле арбыган жок. Эки өлкөнүн тең бири-бирине ири бизнеси, инвестициясы жок.

Болгону соода эле, ал деле чек арага жакын аймактар ортосундагы кызматташтыктын аркасы менен болууда. Эки өлкө тең өздөрүндөгү чоң дараметти али пайдалана элек. Президент Жээнбековдун иш сапары кыргыз-тажик алакасына дем бериши керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Жолдош мырза, Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашаган кыргыздар - эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарынын бири. Буга чейинки документтерде тажик өкмөтү Тажикстанда кыргыз маданиятын, тилин сактоого, кыргыз өкмөтү Кыргызстандагы тажиктердин милдетин алды эле. Бул боюнча Тажикстандагы кыргыздардын абалы кандай?

Жолдош Турдубаев
Жолдош Турдубаев

Жолдош Турдубаев: Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыздардын экономикалык абалы Кыргызстандын алыскы, четки райондорундай эле. Мал менен, соода-сатык менен бай жашап жаткандары да аз эмес. 1990-жылдарга салыштырганда кудайга шүгүр, элдин жалпы абалы жакшы.

Эң чоң көйгөй – маданият жана билим берүү жаатында болуп жатат. Негизги өксүк – Жерге-Талдагы кыргыздар балдарын өз эне тилинде окутуудан кыйналат. Себеби, мектептерде кыргыз тилиндеги окуу куралдары, усулдук колдонмолор дээрлик жокко эсе.

2006-жылы кыргыз, тажик билим берүү министрлери кызматташуу боюнча документке кол коюшкан. Анда эң сонун пункттар бар. Тилекке каршы, алардын көбү аткарылбай жатат. Дагы бир маселе - кыргыз өкмөтү тажикстандык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларына атайын орундарды бөлөт, бирок анын натыйжалуулугун караган киши жок. Бүтүрүп жаткандардын канчасы Тажикстанга барып иштеп жатат? Кыргызстандын кетирген акчасы өзүн актап жатабы? Ушундай суроолорго жооп жок...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Бишкек-Дүйшөмбү: аксаган алака
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:41 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG