Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:14

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиздин Мамдуманын депутаты Константин Затулин менен жазуучу Михаил Веллерге карата айткан сөздөрүңүзгө толук кошулам.

Журт атасы деген керек учурда ушундай өз жарандарынын таламын талашып, аларды коргоп, колдоп кесе сүйлөп турушу керек. Өзбек жана тажик эмгек мигранттарына салыштырмалуу Орусияда кыргыз эмгек мигранттарынын төбөлөрү бийик экенин билебиз. Анткени, Кыргызстандын Орусия менен көп кырдуу мамилеси кыйла жакшы. Сиздин эки өлкө ортосундагы ар тараптуу мамилени чыңдоододогу жеке кызматыңыз ченемсиз.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Өңүтү келип тургандыктан мен сизге көптөн бери өзүмдү кыйнап келе жаткан бир ойду айтууга бел байладым. Мен түбү Тажикстандын Жерге-Тал районунан болом. Ал жактагы жарандык согуштун айынан Кыргызстанга келип жашап калганбыз. Тажикстанда кыргыздар жашаган жерлер көп жана ата-бабаларыбыз ал жерлерди сан кылымдап мекендеп келишкен. Жер-суулардын аттары да бүт бойдон кыргызча аталып турган. Октябрь революциясынан кийин Орто Азияда улуттук республикалар түзүлүп жатканда эмнегедир кыргыздар жашаган Жерге-Тал жана Мургаб райондору Тажикстанга баш ийип калган. Союздун учурунда бул сезилчү эмес. Себеби, чек ара жок, паспорт, акча союздуку эле. Кыргыз балдары мектептерде өз эне тилинде окушчу, окуу куралдары Кыргызстандан алдырылчу. Ал тургай Кыргызстандан керектүү кадрлар да жөнөтүлүп турчу. Союз тараары менен чыгып кеткен жарандык согуш баарын чакчелекей кылып салды.

Тажикстанда жашаган боордошторубуз ата-энесинен ажырап кароосуз калган жетим балдардай бозоруп эле калышты. Андан бери мектептерде кыргызча китептер жок. Жер-суу аттары тажикчеленип жатат. Кара-Тегин өрөөнүнүн аты Рашт деп, райондун борбору Вахдат деп, райондун аты Лахш деп аталып калды. Биздин бабаларыбыз коюп кеткен айыл аттары да тажикчеленип жатат. Мен туулуп-өскөн Жаңы-Шаар деген айылымдын аты да эч себепсиз өзгөртүлдү. Кызматтарда иштеген кыргыздар да азайып кетти. Мына ушунун баары ал жактагы кыргыздардын жүрөгүн өйүп, басынтып, тынчын алып жатат.

Эл муну ачык айтылбаган кысым жана басым катары түшүнүшөт. Буга эч ким каршы чыга албайт. Анткени ал жакта Кыргызстандагыдай ачыктык, демократия жок. Чоң согуштун азап-тозогун баштан өткөргөн эл сүттү ысык ууртап алган киши айранды да үйлөп ичип калгандай этияттап сүйлөп калышкан. Мен деле азыр ушул оюмду айтуудан мурда миң ойлонуп, миң толгондум.

Мургаб
Мургаб

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Бир өлкөнүн ички иштерине башка өлкөнүн кийлигише албасын билем. Эгерде Кыргызстан экономикасы бекем, эли көп, аскердик жактан кубаттуу жана чоң өлкө болгондо мамиле башкача болмок. Тилекке каршы андай эмес. Ошондой болгон жерде да сиз жер жүзүндө чачылып жүргөн бардык кыргыз элинин атасы жана дипломат катары Эмомали Рахмонго ыгы келип калган учурда Тажикстанда жашаган кыргыз элинин ысык-суугуна көз сала жүрүңүз деген таризде далысына таптап айтып койсоңуз жакшы болмок. Кыргызстанда тажиктер каалагандай эркин жашап жатышат. Тажикче аталыштар өзгөргөн жок. Эгерде сиз тажик президентине дос катары, кошуна журттун башчысы катары суранып айтсаңыз ал киши укмак беле деп ойлойм. Анткени, Тажикстан өзүнө карата Кыргызстандын колунда бир катар рычагдар бар экенин билет.

Сизди терең урматтоо менен политолог, журналист Абдил-Ахат Курбан уулу, Сокулук району.

P/S: Автордун жазуу стили сакталды жана анын ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG