Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Кырсык Жерге-Талдагы журтташтарды көчүрдү


Жер титирөөдөн үй-жайы бузулган тургундар
Жер титирөөдөн үй-жайы бузулган тургундар

Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп келип жатканы кабарланууда.

Лахш (мурдагы аты Жерге-Тал) өрөөнүндө эки аптадан бери жер титирөө кайталанып жатат. Тарыхый мекенине өткөн үй-бүлөлөрдүн айрымдары биротоло калууну көздөп жатса, арасында табигый кырсыктан коркуп убактылуу чыгып кеткендер да жок эмес.

Кыргызстанга көчүп келген кыргыздардын Жерге-Талдагы үй-жайы жер титирөөнүн айынан бузулган. Лахш районунун айрым айылдарында жергиликтүү эл бир аптадан бери көчөдө түнөп жатканы айтылууда. Дувана айылынын атын атагысы келбеген тургуну "Азаттык" радиосуна буларды айтып берди.

- Чындыгында үйлөр өтө коркунучтуу абалда. Чатыр куруп үйдөн алысыраак жерде жашап жатабыз. Кудай дагы кандай күндү башыбызга саларын билбейбиз. Кыргызстанга биротоло жашайбыз деп көчүп кеткендер бар, - деген айыл тургуну өзү дагы Кыргызстандагы туугандарына кетүүнү самап турганын жашырган жок.

- Коркконубуздан биз дагы жылсакпы деп турабыз. Эгин айдап койсокпу же азыр эле кетсекпи деп ойлонуп жатабыз. Бизде эч кандай берүүлөр көрсөтпөйт, кырсык болгонуна бир жумадан ашты. Дагы кандай болот деп кабар алалбай жатабыз. Интернеттен дагы эки ай силкинет экен деген кабарларды угуп кыжалат болуп жатабыз.

"Азаттык" радиосу телефон аркылуу байланышкан Кичи-Карамык айылындагы атын айтууну каалабаган тургун апасын Кыргызстанга жөнөтүп ийген. Ал ушул тапта талаа-түздө түнөгөн элдин айласы куруп турганын айтты:

- Көп адамдар чатырларда жашап атат. Ал деле чатыр эмес, эптеп шырдак-палас менен тосуп койгон эле кепе. Кыргызстанда менин карындашым жашайт. Жер титирегенден кийин эле апамды жөнөтүп ийгем. Бул жакта шарт жок да. Көп адамдар үй-бүлөсү менен эле көчүп жатышат.

Жерге-Талдагы "Чоң- Алай - Жерге-Тал достугу" коомунун жетекчиси Абдували Пирназаров зилзаладан үйлөрдүн талкаланганын ырастады. Бирок ал этникалык кыргыздардын жер которуп жатканы тууралуу билбесин айтты:

- Ошол аймактагы көпчүлүк үйлөр талкаланды. Мен тажиктер көбүрөөк жашаган аймакта турам. Андыктан кыргыздардын кетип жатканын билбейм. Эми туугандарыныкына корконунан кетип жаткандыр. Ал эми биротоло кетиптир дегендерди мен деле интернеттен окудум.

3-4-майда болгон катуу жер титирөөдөн Алга жана Лахш өрөөндөррүндөгү беш кыштакта үйлөр талкаланган. "Алга" жамаатынын төрагасы Давлат Маннонов “Азаттыктын” тажик кызматына маек берип жатып, Кыргызстанга көчкөндөр табигый кырсыктан катуу чочуп калгандыктан үй-жайын таштап кетип жатканын бышыктаган.

- Азыркы тапта ал жакка үч үй-бүлө жер которду. Паспорттук каттоодон расмий чыга элек. Артка кайтуу же калуу чечимин кабыл алыша элек.

Лахштагы кыйраган үйлөрдүн так саны белгисиз. Жергиликтүү тургундар онго жакын үй кыйраганын айтышат. Райондогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн жетекчиси Кутбиддин Муродов “Азаттыктын” тажик кызматына кырсыктын чыгымын тактоо иши жүрүп жатканын билдирип, комиссиянын иши тууралуу кабарлайбыз деди.

Социалдык медиада зилзаладан жабыркаган тургундардын кыйраган үй-жайынын сүрөт-видеолору чыгып, эл эптеп баш калкалап жатканы талкууланууда. “Азаттык” радиосу Дүйшөмбүгө телефон чалып, тажик парламентинин депутаты Алым Сапаров менен байланышканда жер титирөөдөн кийин жергилктүү эл тышта жашап жатканы тууралуу кабар алганын айтты:

- Маалыматтарда ар кандай айтылып жатат. Мен чалсам 3-5-майдагы жер титирөөдөн жарандар коркуп чатырда, боз үйлөрдө жашап жатышат дейт. Ошон үчүн эртең өз көзүм менен көрүп келүүгө жөнөп кетем.

Жерге-Тал районунун көпчүлүк тургундары этникалык кыргыздар. Кыргызстанда алардын дээрлик бардыгынын туугандары бар. 3-майдан бери кыргыз-тажик чек арасы тарапта ондон ашык жер силкинүү катталып, алардын биринин күчү 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн Ош облусунун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG