Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Шаар-Туз кыргыздары: Дөлө атанын дубай саламы


Дөөлөт Бабай уулу Шаар-Туздагы кыргыздар курган чайхана-мечиттин жанында.
Дөөлөт Бабай уулу Шаар-Туздагы кыргыздар курган чайхана-мечиттин жанында.

1950-жылдардын башында Тажикстандагы Жерге-Талдан өлкөнүн түштүгүндөгү Шаар-Туз пахта талааларын өздөштүрүүгө жергиликтүү калк күч менен көчүрүлгөн. Ошондо көчкөндөрдүн бири - Дөөлөт Бабай уулунун Шаар-Туздагы үйүндө Жаңыл Жусупжан болуп кайтты.

Дөөлөт (Дөлө) Бабай уулу мындан 64 жыл мурда Тажикстандагы Жерге-Талдан бул өлкөнүн түштүгүндөгү пахта талааларын өздөштүрүүгө көчүрүлгөн. Жергеталчылардын көкүрөгүндө “можур” деген ат менен кара так болуп калган ошол окуяда беш миң чакты тоолук кыргыз Ооганстан менен чек аралаш Шаар-Туз аймагына айдалган.

Алардын бир далайы мээ кайнаткан ысыкка чыдабай, таза суунун тартыштыгынан кырылган. Калгандары жарандык согушта кыйналып, өлгөнү өлүп, көбүн Кыргызстан көчүрүп кеткен. Азыр Шаар-Туз районунун бир катар айылдарында, анын ичинде Кахрамон (кыргызча Каарман) деген айылда он чакты кыргыз бүлөсү жашап келет. Өздөрү өздөштүргөн жерлерге там сала албай кыйналып жатканын, неберелери болсо, тилин унутуп баратканын айткан Дөөлөт атанын узун-сабак аңгемесин сунуш этебиз.

Бактылуу балалык

​Мен Жерге-Талдын бийик тоолуу Депшаар деген айылында 1941-жылы төрөлгөм. Он жашымда ушул Шаар-Тузга можур (мажбур, депортация) болуп келгенбиз. Он балам бар.

Мен өзүм тогуз бир тууганмын, эжелерим, акаларим мына ушул жакка келишип, жашап өтүштү, азыр балдары бар. Бир кызым Кыргызстанда, зор (чоң) балам Жерге-Талда жашайт.

Раматылык атам Бабай колдору менен иштеп (ак эмгеги менен), Советтер Союзунун Эмгек Баатыры, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Ошол убакта атамды Москвадан Сталин чакырып, эки патефон, бир чоң килем берген эле. Ал убакта радио жок, биз майда-майда балдар элек, атам алып келген патефонду угуш үчүн айылдын баары биздин үйгө чогулушчу.

Кайгылуу күн

1952-жылы август айында бизди ооган чегиндеги Шаар-Тузга алып кетишти. Бизди Жерге-Талдан Сталин көчүргүлө деген эмес, Тажикстандын чоңдору ушундай иш кылышкан, таштарды, чөлдөрдү абат (шаар) кылышыбыз керек дешкен.

Министрлер тоодогу калкты түз жерге айдап келгиле деп, ошону аткарышкан. “Он жыл кызмат кылып, пахта жерлерин жакшы кылып бересиздер, анан кайтып келип, ватаныңарга отурасыңар (туулган жерге кайтасыңар)” деп, бүт кыштакты можур кылып алып келди.

Дөөлөт ата туулган Жерге-Талдагы Депшаар айылы.
Дөөлөт ата туулган Жерге-Талдагы Депшаар айылы.

Калк арасында барбайбыз деп качып кеткендер болду, калгандарын ана-мына деп алдашып алып келишти. Ошол убакта атама “Бабай, сизди можур кылышка биздин акыбыз жок, майда балдар, кыздарыңды алып, бул жерде кала бериңиз” дешти. Атам ошондо 70-80 жашка чыгып калган эле, “калкым бүт кетип жатса, мен бул жакта жалгыз эмне кылмак элем?!” деп бул жакка келди. Келип, үч жыл тургандан кийин каза болду.

Орустардын аэропорту Жерге-Тал районунун борборунда эле, бизди Депшаардан ал жакка чейин эшекке, төөгө, атка миндирип, ал жактан Дүйшөмбү шаарына АН-2 учагы менен алып барышты. Бир учакка төрт кожолук батат эле, төшөк-пөшөк, оокаттарын алганга жетишкен жок, үстүндө эски кийим болсо эски кийим, жаңы кийим болсо жаңы кийим, ошону менен можур кылып келди. Дүйшөмбү шаарында 5-6 күн күтүп туруп, ушул жердеги Шаар-Туз аэропортуна алып келди.

Чөлдөгү өлүм

Баарын түшүрүп, чатыр тигип, Айбаш деген жер бар, Айбаштан баштап көргүлө, кайсы кыштакты каалайсыңар деп айтышты. Биздин акалар шаарга жакыныраак экен деп, ушул кыштакка (Кахромон кыштагы) бизди түшүрдү. Нак кыргыз ушул жакка келдик, Бүтүк-Көл (Жерге-Талдагы) айылынын калкын Айбашка алып кетти.

Ошону менен атам Бабай, эжелеримден төртөө, акаларим бул жакта калды, мен калдым. Тагдыр насип экен, балалуу-чакалуу болдук, урушуп-талашып, көр оокат менен кармашып, жашап калдык.

Ал кезде бул жерлер эгин талаалар болгон, пахта эгилчү. Адамдар камыштардан жасалган үйлөрдө жашап, тиричилик кылышат эле. Буттарында галош, маасысы жок болгон, буттары туурулган.

Эшикте бир да дарак жок, кум жер эле. Кечки саат ондон кийин чөөлөр кырк, отуздан болуп топтошуп, эшикте жүрүшчү, улушчу. Адамдар эшикке чыга албай калышчу. Дарыя аябай чоң акчы, бул жакта отуруп чай ичсеңиз акканы угулуп турчу, ар жылы 5-6 адам түшүп агып кетчү.

Күн 50-60 градус ысык болот эле (Шаар-Туз мурдагы СССРдин аймагындагы эң ысык аймактардын бири), чал, кемпир, жаш балдар бүт кырылып кетти. Ар күнү (күнүгө) беш-он киши өлөт. Эжемдин денесине бир нерсе чыгып каза болду. Ошондо мен “катта (чоң) жигит болсом, можур кылган, ичейин десең суу жок, жагайын десең отун жок, бизди ушундай жерге алып келген адамды тапсам, ошол адам менен бир кездешип, өлгөндөр үчүн, жылаңачтанып алып, аябай мушташат элем” дечүмүн. ​

Өспүрүм чак

Дөөлөт ата, Шаар-Туздун сырты.
Дөөлөт ата, Шаар-Туздун сырты.

Мурдатан бул жакта жашап турган араптардын камыш үйлөрүнө кичинекей терезе койуп коет эле. Биз мектепте окуган жаш балдар элек, терезелерди рагаткалар менен атып сындырат элек, чалдар чыгып кубалашат эле.

Бул жактагы кыргыз мектепте он бир жыл окудум. Кыргызстандан төрт-беш мугалим бар эле, анан кийин биз чоңойуп жетинчи, сегизинчи класс болгондо Өскөнбай, Токсонбай, Сасыккул агайлар келишти, дагы эжекелер бар эле. Жаш кезде күрөштөргө чыгып жүрдүм, Шаар-Туздун тентек балдарын жеңген күндөрүм болду, күч бар эле. Он жети, он сегизге келгенде акелерим мени үйлөнтүп койушту, балдарым төрөлдү.

Кыргыздар курган чайкана

Кахрамондогу чайкана менен мечитти кыргыздар өз колу менен курушкан. Менин да колум тийген. Көп акча кетти, 500 түтүн бар эле кыргыздардан, ар кимиси 100-1000 сомдон чогултуп курдук, азыр башка улуттар да келип намаз окушат. Мечиттин көп нерсесин урушта алып кетишти, болбосо килемдер жыш салынып турчу.

Күрмө деп мисалы, мага кезек келсе, мен бир койумбу, торпогумбу сойуп, бул жакка алып келип бышырып, баарыбыз тамакты жеп, кобурашып, намаз окуп, анан тарап кетет элек. Мына бул аркасында жүзүм менен өрүк өсөт эле, ушул жердеги кыргыздар алып келип тиккенбиз, уруштан кийин көбүн кыркып жок кылышты. Бул жерге башкарма болгон Баханов Бөжөн деген бала бар эле, Кыргызстанга да барып, жүрдү, кийин ооруганда кайтып келди, акыры өлдү, өлгөндө жаназасы ушул мечитте болду, кыргыздар алып барып көмдү. Азыр Кыргызстанда балдары бар.

Бул мечитти толугу менен кыргыздар өзүбүздүн каражатыбызга, өзүбүздүн күчүбүз менен салганбыз, калгандары киришкен эмес, салышкан эмес.

Жерге-Талга кайткандар

Ошентип, бул жерлер биздин элдин күчү менен абат болду (гүлдөп-өстү), күнү-түнү иштешкен, акалар, эжелер ишке саат таңкы беште туруп кетишет эле.

Биздеги мугалимдердин бири кыйын киши эле, ошол кийин Москвага кат жазды. “Ушул жактагы адамдарды ысыкта алып келишкен эле, ысыкка чыдабай жаш балдар, кары-картаңдардын көбү кырылып кетти, мунун жообун ким берет? Булардын өзүнүн жеринде суу болсо, буудай болсо, картошка болсо, алма болсо, өрүк болсо, ким (мажбурлап алып кетүүгө) укук берди? Кайсы министриң укук берди?” деп жазды. Ошондон кийин Москвадан (текшерүүчүлөр) келип, Тажикстандын беш, алты министрин алып ташташты. Ошону менен адамдар бул жакта жерге бир нерселерди айдап, бала-чакалуу болуп жашап калышты, каалагандары Жерге-Талга кайтып кетишти.

Мен телестанцияда (техник оператор болуп) иштедим. Биз келгенден кийин он жылдан кийин электр жарыгы тартылды.

Жарандык согуш жылдары

Дөөлөт ата кызы Салима, уулу Жума менен.
Дөөлөт ата кызы Салима, уулу Жума менен.

1990-жылдардын башында согуш башталды, согушта бизге кыйын болду. Ушул үйдө элек, кенен-кесири сырт жактарга чыга албайт элек, атып ташташат эле. 100 кадам алыстыкта дүкөн бар эле, ошол дүкөндүн алдында танкалар турду. Махам деген бөлөм бар, азыр Кыргызстанда жашайт, ошол ГАИ кызматкери болуп иштечү. Танкалар ошонун үйүнүн шыйпырын ата беришти. Бир дарбаза бар, ошол жерге тажик туугандар пост кылып алып турушту, посту танкалар менен ата беришти. Тажиктер качышты, кууп, кууп башка жакка алып кетишти.

Саяп деген кыштак бар, ошондогу кыргыздардын чалдарын, жаш балдарын каналдын боюна алып чыгып атып, үйлөрүндөгү жакшы оокаттарды өздөрүнө алып, үйлөрүн бензин куйуп өрттөп жиберишкен, жакшы үйлөрүн тартып алышкан. “Булар келип, жер тарыды” деп айтышкан. Араптар аларды үйлөрүнөн чыгарып салып, өздөрү кирип алышты.

Алардын аркасынан коңурат калкы биздин кыштакка, жашы бар, карысы бар, баары колдорунда бешилик (айры) алып, кээ бирлеринин колдорунда бир атар мылтыктары бар, тaжиктерди өлтүрөбүз деп келишти. Ал бечараларды үйлөрүндө төшөгүндө жаткан жеринен, намаз окуп жаткан жеринен атып, көмүп ташташты. 30-40тан койлору, чоң, чоң букалары бар эле, төшөк, килем, акча баарын араптар тартып алышты. Айбашка чейин кууп барышты. Тажиктер анан Айбаштан ары Ооганстанга өтүп кетишти.

Кыргызстандан ун, май келгенде

Согуш маалында Кыргызстандан бир вагон ун келиптир. Уурулар “акырын, билбесин” деп унду түшүрүп, ар кимиси 40-50 каптан алат да, бизге эч нерсе тийбей калат. Кийин Кыргызстандан (өкмөттөн) биздин балдардай төрт жигит келип, район бийликтерине барышты. Анысынан сураса жок дейт, мунусунан сураса жок дейт.

Нан жапкан жерге алып келип, узун кылып жыйып салыптыр. Балдар ундун кабына Кыргызстандан жабыштырылган кагазын, мөөр басылганын таап, “Атаңдын көрүбү, энеңдин кабырыбы, кайсы жерден алдың?” деп сөгүп, ар бир кожолукка он каптан ун, кырк, элүү килодон май кылып, бөлүп беришти.

Кыргызстандан эки-үч мерте жардам алып келишти. Бир жолу Акаевдин экинчиси болуп иштейт экен, чоң, кара көз айнеги бар келишкен жигит келди. “Ай, акалар, эгер кетебиз десеңер Кыргызстан менен Казакстан биригип, Жерге-Талга болсо да алып барып, жай-жайыңарга койобуз. Беш жылга чейин Кыргызстан өлсө-тирилсе дагы карайт, андан кийин өзүңөр оокат кылып кетесиңер” деди.

“Жерге-Талда кыргыз бар деп барыш, келиш кылабыз. Бирок силерди Ооганстанга жакын бул чекеге алып келгенин билген жокпуз, болбосо мурун эле келет элек” деп эки саат мажлис жасады.

Ошондо төртөө келген, жанында жашыраактары да бар эле, айтты, “Уруш болгондон кийин туугандар бирөө ажыратам деп барат, бирөөнө муштумуң тийип кетет, уруш болгондон кийин ансыз болбойт, мындан ары бирөөңөрдүн мурдуңар канаса, жазасын беребиз” деди.

Ошондон кийин милиция балдар дагы келишти, базардан барып бир букача, кой алып келип сойуп, туугандарды мейман кылдык.

Уруш бүтүп, тынччылык болгондон кийин менин бир эжем Ленинабадга тажик туугандарга турмушка кеткен эле, энем раматылык тажик, атам таза кыргыз, анан тажиктер менен тага-жээн болуп жашап калдык.

Арамкор адамдар кан басымы көтөрүлүп, жүрөктөрү жарылып өлүштү. Бейкүнөө адамдарды ата берген да болбойт, Кудай аларга да көрсөттү, ооруп өлгөнү ооруп өлдү, оорулуу болгону оорулуу болду. Кыскасы, кызым, бизде ажал жок экен, биз жеңип чыктык. Кыргыздын 70%ын өлтүрүштү, биз тирүү калдык, чыдап жашап жатабыз кызым.

Гүлдөткөн жерибизди өзүбүзгө сатышууда

Шаар-Туз тажик-ооган чек арасынан болгону 20 чакырым аралыкта жайгашкан.
Шаар-Туз тажик-ооган чек арасынан болгону 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Уруштан кийин алдамчы адамдар көбөйдү, чоңу да, кичинеси да ошондой. Жер алып, үй куралы десек прокурор келип, салбайсың деп 600 доллар айыппул төлөттү. Биз өздөштүргөн жерлерди кайра өзүбүзгө сатып жатышат, сегиз сотых, он сотых жерлерге он миң, он беш миң доллар бер дейт. Кыргыздарды эле эмес тажиктерди да ошондой кылып жатышат, жөнөкөй, колдо акчасы жок карапайым адамдарга жер алыш кыйын болуп жатат.

Мурун Союз убагында эт арзан болчу, жылкынын эти бир килограмы 50 тыйын, уйдуку 1 сом эле. Азыр пенсиям эң көп алганыбыз 200 сомони (2000 кыргыз сому), ага бир кап ун келет. Союз убагында бардык жерлерде арзанчылык эле. Москва картошкадан бери камсыз кылып турат эле. СССР болбосо да, туурулук (акыйкаттык) болсо жакшы болот эле.

Бул жактан көп кишилер Кыргызстанга кетишкен, азыр ошол жакта жашап жатышат. Ал кыргыз балдарды “сен тажиксиң, кыргыз эмессиң” дешет. Мен согуш маалында барып келдим кызыма учурашып. Кыргызстандын бир нерсеси жаккан жок - бир жылы эжемдин кайнатасынын короодогу бүт малын, чоң, чоң букаларынан бери айдап чыгып кетишти. Кара-Балтанын Калдык деген кыштагында элек, бир жолу айранды идиши менен кошо уурдап кетишти. Ал жакта малын, оокатын баарын кулпу салып, бекитип койушат экен. Бизде баары ачык-чачык, малдарыбыз сайга барат, эки-үч күн ошол жакта жайылып жүрө берет, андай бирөөнүн оокатын уурдамай деген жок.

Баары тажикче болуп кыргыз тили жоголду

Биздин мектепте Кыргызстандан келген агай, эжейлер СССР тараганча иштешти. СССР тарагандан кийин Кыргызстанга кетишти. Мектепте жакынга чейин өзбек тилинде окутушчу эле, азыр көп мектептерди тажик тилинде окутулгандай кылып, иш кагаздары да тажик тилинде болуп жатат. Биз союз убагында орусча жазчубуз, эми иш кагаздарын тажик тилинде жазгыла деп жатышат. Аз-аздап өздөрү үйрөтүп, окууга жиберип жатышат. Кыргызсыңбы, тажиксиңби, баары тажик тилинде, кыргыз тили жоголду.

“Тажик тилин баары билиши керек” дейт. Менин жээндерим азыр майда, майда, алар баары тажик тилинде сүйлөшөт, мектепте сабактар тажик тилинде өтүлөт.

Мурунку убактарда математикадан таблицаны жаттабасаң, билбесең колуңа отургучту берип, бурчка эки саат тургузуп коет эле, азыр болсо окуйсуңбу, окубайсыңбы баары бир. Билим начарлап кетти.

Шаар-Тузда 70-80% орустар бар эле, 1992-жылдан кийин көбү көчүп кетишти. СССР убакта жакшы жашадык, чыр-чатак көргөн жокпуз. Паша өттү, Брежневди паша деп коем. Сен кыргызсың, сен тажиксиң, сен оруссуң, сен татарсың деп бөлгөн сөздөр уруштан кийин чыгып калды. СССР убагында антип бөлгөн адамдарды алып барып, камап коет эле. Тажикстандын ака, үкалары сабашты, сабашкандан кийин эми азыр ар калк бөлөк-бөлөк болуп калды.

Көздөн учкан туулган жер

Биздин Депшаардай жер Бишкекте да, Москвада да жок, кызым. Картошка айдасаң болот, бак тиксең болот, буудай эксең болот, отун кенен. Мурун Депшаар, Мөк айылдары эч качан ачарчылыкты билген эмес. Азыр Депшаардагы атамдын үйүндө чоң агамдын балдары жашашат, Айдар дегени бар, Жайлообай дегени бар, Жайлообай Кыргызстанга көчүп кетти, иниси Лахшыга (ылдыйдагы кошуна айыл) көчүп кетти. Азыр Айдар Депшаарда балдары, неберелери менен жашайт.

Атам СССР Эмгек Баатырлыгын үч жолу алган. “Москвага барып, Сталиндин колунан белек алган адам, Жерге-Талдын бир мектебине атын койгула” десем, -“балан эле, төлөн эле, 200 сом бер, 500 сом бер” деп жатышат. Жерге-Талдын музейинде бир кызыл китеп бар, ошондо Бабайдын сүрөтү, өмүр баяны бар, китепчеси, ордендери илинген.

Азыр кудайга шүгүр тынччылык, жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз аркабызда, балдар Орусияга барып иштеп келишет. Балдарыма өз наныңарды таап жешиңер керек, бала-чакаңарды багышыңар керек деп айтам.

Кыргыздар деп издеп, бул жакка келгениңерге миң мертебе ырахмат!

XS
SM
MD
LG