Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Тажикстан: аскерге барбаган кыргыз жарандары


Тажик армиясы, Дүйшөмбү
Тажик армиясы, Дүйшөмбү

Тажикстандын жаштары аскердик кызматтан качып, Кыргызстандын жарандыгын алганы тууралуу маалымат тарады. Мындай билдирүүнү Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунун аскер комиссарлыгы билдирди.

Тажикстандын Жерге-Тал районунун аскер комиссариаты райондогу жаштардын 80% кыргыз жарандыгын алганын айыптап чыкты. Жерге-Тал районунун аскер комиссары Шабон Шарифов жаштардын тажик жарандыгын чанып, кыргыз жарандыгын алуусун аскер кызматынан качуу аракети катары баалады. Ал район жаштарынын көпчүлүгү тажик жараны болбой калганы аскер курагындагы жаштарды кызмат өтөөгө чакырган учурда байкалганын ырастады.

- Биз аскер курагындагы жаштарды кызмат өтөөгө чакырып барганда көпчүлүгү кыргыз паспортторун көрсөтүп, кошуна өлкөнүн жараны экенин айтышты. 2800 киши жашаган Жамоат Кашшот айылындагы тургундардын көпчүлүгүн кыргыздар түзөт. Алардын ичинен толук Тажикстандын жарандыгы менен жашаган бир гана үй-бүлөнү таптык. Айылдагы кыргыз үй-бүлөлөрдүн дээрлик баарында кыргыз жарандыгын алган мүчөлөрү бар. Бул айылдан Тажикстандын жаранын күндүз чырак менен да таппайсың. Маселе абдан олуттуу. Тажикстанда жетекчи кызматта иштеген кишилердин балдары да кыргыз жарандыгына өтүп кетишкен.

Мургабдагы кыргыздар, Тажикстан
Мургабдагы кыргыздар, Тажикстан

Сегиз миллион калкы бар тажик армиясында 20 миң жоокер эки жыл кызмат өтөйт. Өлкөдө жыл сайын 70 миң улан мектепти бүтөрүн эске алганда өлкөдөгү уландардын 10% гана армияга тартылат. Адистердин айтымында, тажик бийлиги этникалык азчылык өкүлдөрүн армияга чакырар алдында алардын басымга, кемсинтүүгө жана шылдыңдоого кабылбай турганына кепилдик берүүсү керектигин айтышат.

Борбор Азия мамлекеттерин изилдөөчү Брюс Паниер этникалык азчылык өкүлдөрүнүн аскердик кызматтан баш тартуусу табигый көрүнүш катары баалайт:

- Ар бир адам өзү жашаган өлкөнүн армиясында кызмат кылууга милдеттүү. Бирок экинчи жагынан Борбор Азия мамлекеттеринде этникалык тең укуктуулук маселеси чечилген эмес. Маселен тажик армиясында тажиктер, өзбек армиясында өзбектер, кыргыз армиясында кыргыз жоокерлер улуттук көпчүлүк болуп кызмат кылышат. Кыргызстанда өзбек азчылыгы армияга барууну каалабай альтернативдүү кызмат аркылуу маселени чечип атышат. Тажикстанда болсо этникалык азчылыкты түзгөн кыргыздардын аскерден баш тартышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул маселени чечүү үчүн бул өлкөлөр армиядагы улуттар аралык тең укуктуулук маселесин чечип алышы керек. Антпесе улуттук азчылык өкүлдөрү балдарынын коопсуздугуна ишенбейт.

Сөз болуп жаткан Жерге-Тал району тажик башкалаасы Дүйшөмбүдөн 286 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан. Район Кыргызстандын Ош облусу менен чектешет. Мурунку Жерге-Тал, азыркы Лахш деп аталган райондо элдин 65% этникалык кыргыздар түзөт. Андагы кыргыздардын жалпы саны 56 миң адам.

Тажик күч кызматтары азыр кооптонуп жаткан көрүнүш Тажикстан эгемендик алган 90-жылдардан бери уланып келатат. Тажикстандагы кыргыз жаштары коңшу өлкөнүн жарандыгын алуу менен тажик армиясында кызмат кылуудан эле кутулбай, келечекте биротоло Кыргызстанда жашап калууну да көздөшөт.

Жерге-Талдагы кыргыз жаштарынын аскерде кызмат өтөөсүн талап кылган тажик бийлиги 2009-жылдан бери өлкөдөгү жер-суу аттарынан өйдө тажиктештирип келатышат. Азчылык улут өкүлдөрү бийликтин бул кадамын алардын улуттук баалуулуктарын жоюу аракети катары кабылдашкан.

XS
SM
MD
LG