Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

"Каратегинден кат" Европага жетти


"Бир дүйнө" фестивалындагы талкуу учурунда. Ортодо фильмдин авторлору.
"Бир дүйнө" фестивалындагы талкуу учурунда. Ортодо фильмдин авторлору.

Өздүн да, өзгөнүн арасында да бөтөнсүң. Бул Жаңыл Жусупжандын тажикстандык кыргыздар тууралуу “Каратегинден кат” аттуу Мекенин жоготуу сезиминин ачуу даамы тууралуу даректүү тасмасы. Андагы кыргыздардын турмушу менен режиссер өз башынан өткөргөндөрдү айкалыштыра баяндайт.

"Каратегинден кат" Кыргызстанда бир ирет коюлган. Эми ал эл аралык фестивалдарга катышуу үчүн дүйнө кезүүдө. Азыр Чехия борбору Прагадагы “Бир дүйнө” фестивалына катышып жатат.

Фильмде кыйынчылыкка моюн сунбай, Тажикстандагы жарандык согушка карабай музей куруп, балдарды окуткан каарман мугалим, нуска кебин айткан кадырман карыя, Кыргызстанга кеткен кыз-уулун үмүттүү күткөн ата-энени көрүүгө болот. Көкбөрү тарткан шамдагайлар да бар. Олобо жасап, устукан тарткандар камтылган.

Кудум эле Кыргызстандын бир бурчундай. Бирок башка өлкө Тажикстанда. Тилибиз, улутубуз бир болгону менен каттообуз кеңейбей, чек ара көйгөйү кыйнап турган чагы. Кыргызстанга турмушка чыгып, алты жылдан кийин гана үч баласын жетелеп төркүлөп барган келинди көргөндө көзгө жаш кылгырат. Чек арадан өтүп баратып жең ичинен 200 сомдон берүүгө аргасыз. Ар бир жолу.

Жерге-Талдагы аз кыргыздардын өзгө элге, демек тажик элине батыл сиңе албай, өз элге туугандаша албаган арасатын, арманын сезүүгө болот.

Бул турмушту элдеги адамгерчилик, топуктуулук, чыдамкайлык көркүнө чыгарат, бирок...

Фильмдин режиссеру Жаңыл Жусупжан памирлик, демек, Жерге-Тал, Мургабдагы кыргыздар тууралуу көп жазат. Муну ал ошол жакка бир курдай барып калып, Мекенин, ата-энесин тапкандай жылуулук тапканы менен түшүндүрөт. Кайра-кайра барып турат. Ырасында советтик доордо бир журт болуп келип, кийин ыдыраганда чет өлкөдө жашап калган жердештерди жөн гана тартып койбосо керек. Тасманын социалдык жүгү бар эмеспи. Аны Жаңыл мындайча чечмеледи:

- Ушул тасма Кыргызстандын эле эмес, Тажикстандын саясатчыларына кандайдыр таасир этип, бул өлкөлөрдө азчылыктар темасы көтөрүлсө. Андан коркпосок, азчылыктардын абалы кандай деп сүйлөшсөк дейт элем. Ошол эле Тажикстандагы кыргыз азчылыгынын абалы кандай деп ойлоп, ар ким колунан келген жардамын берсе жакшы болмок. Ал жак чет өлкө дейли, макул. Баарына көз жуумп, эптеп эле шайлообузду өткөрсөк, бирөө президент, бирөө акимдикке шайланса деп жүрүп деле күнүбүз өтөт. Үстөлүбүздө тамагыбыз болсо деген ой менен жашасак деле өмүр өтө берет. Ал жакта да эл өсүп-өнүгүп атат. Бирок, биз алардан алыстап кеткенбиз. Ошонун оорчулугу бул элге канчалык болгонун кинону көргөндөр түшүнөт. Биз аларды унутуп, таштап койдук.

Ал эми фильмдин продюсери Кристиан Лелонг фильмди элдик байланышты калыбына келтирчү көпүрө деди:

- Менимче, Жаңылдын козгогон темасы абдан мыкты. Анткени ал Тажикстанда жашаган кыргыздар менен Кыргызстанда жашаган кыргыздарды ымалага чакырып, өз ара маданият, каада-салттарын түшүндүрүп берип, байланыш түзгүсү келип жатат. Аны менен эле чектелбей, байланышты жандандырууга аракеттенүүдө.

Азыр маданияттар ортосунда көпүрө куруу биз үчүн абдан маанилүү. Жерге-Талдагы кыргыздар тажикстандык экенине карабай өздөрүн чет өлкөлүк сезишет. Анткени алар кыргызча сүйлөшөт. Ошол эле учурда алар Тажикстанда жашап атканы үчүн Кыргызстанда да аларга карата чет өлкөлүк деген мамиле бар. Мындай кырдаалда чатак чыгып кетүү коркунучтары жок эмес. Мындан улам бул аймактарда эл бири-бирин түшүнүп, таанып билгени абдан маанилүү. Биз азыр бул фильмди башка жактарда, анын ичинде Тажикстанда көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Анткени жергиликтүү тажик эли көбүнесе андагы кыргыздар тууралуу так билишпейт.

Авторлор фестивалдардан соң фильмди Кыргызстандагы телеканалдар аркылуу элге көрсөтүүнү да пландашууда.

"Азаттыктын" архиви: "Каратегинден кат" - айыл тууралуу баян. 10-апрель, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG