Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

"Азаттык" өзгөрткөн тагдырлар


"Азаттык" өзгөрткөн тагдырлар
"Азаттык" өзгөрткөн тагдырлар

"Азаттык" узап бараткан 2016-жылы бир топ ийгиликтерге жетишти. Кабарчыларыбыз бир нече сыйлыктардын ээси болду. Жаңы рубрикалар, долбоорлор ишке кирди. Талылуу маселелерди чагылдырган макала-баяндар кызуу талкууларды жаратты. "Азаттыктын" жардамы менен бир нече адамдын тагдырында күтүүсүз бурулуштар болду. Алар тууралуу төмөндө кеп кылабыз.

"Азаттыктын" долбоорлору

1916-жылы Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында орус падышасынын өкүмүнө каршы чыккан кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү аёосуз басылгандан кийин, жүз миңдеген кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болгон. Кыргызстан тарыхта Үркүн деген ат менен калган бул окуянын жүз жылдыгын белгиледи.

Октябрь революциясына чейинки кыргыздар. Архивдик сүрөт
Октябрь революциясына чейинки кыргыздар. Архивдик сүрөт

"Азаттык" Үркүн боюнча үч багытта иш алып барды. Биринчиси – тарыхый сүрөттөрдү таап жарыяласа, экинчиси – тарыхчы-окумуштуулардын документалдык баяндарына, изилдөөлөрүнө орун берди. Үчүнчүсү - эскерүүлөр болду.

100 жыл мурдагы бул окуя боюнча "Азаттыктын" сайтына бир канча архивдик сүрөттөрдүн топтому чыгып, атайын микросайт ачылды.

Андан тышкары тарыхчы, окумуштуулар менен биргеликте Үркүндүн белгисиз жактарын изилдегенге аракет кылдык. Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Борбордук тарыхый архивинде иликтөө жүргүзүп келип, бир канча макала-материалдарын жарыялады. Ушундай эле ишти тарыхчы Кыяс Молдокасымов да жүргүзүп, Казакстандын мамлекеттик архивин аңтарып, маанилүү документтерди таап келди.

Жалпылап айтканда, 100 жыл мурдагы Үркүн окуясынын, улуу көтөрүлүштүн айтыла турган, изилдене турган жагы абдан көп. "Азаттык" радиосу бул теманы мындан ары да улантат.

"Ар бир кесип ардактуу"

Ушул жылдын февраль айында «Азаттык» “Ар бир кесип ардактуу” сынагынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырды.

Сынактын максаты - жаштарды эмгекти барктоого көндүрүү, кандай кесип болсо да маанилүү жана керектүү экенин көрсөтүү болчу.

Белектерди "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Султан Каназаров жана "О" уюлдук операторунун өкүлү Айжан Мусалиева тапшырды.

Сүрөтчү. Дастан Умоттегиндин сынакка жиберген эмгеги.
Сүрөтчү. Дастан Умоттегиндин сынакка жиберген эмгеги.

​Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйналган упайынын саны жагынан арбын добуш топтогон Алина Сыдыкованын Чек арачы коопсуздукту сактап турат деген фото сүрөтү биринчи орунду алды.

Кийинки эки жеңүүчүбүз белекке Wi-Fi-роутерин алышты. Экинчи орунду Жумабай уулу Кубанычбектин Коруктун эң жаш кызматкери сүрөтү ээледи.

Үчүнчү орунга Марат Сайранбаев Кол өнөрчү деген фото сүрөтү менен татыктуу болду.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. 5-февраль, 2016-жыл

"Биз көргөн доор" сынагы

“Азаттык” үналгысы май айында Эгемендиктин 25 жылдыгына карата аңгеме, эскерүүлөргө, чыныгы фактылар менен көмүскөдө калган көрүнүштөр камтылган блогдорго, ошондой эле өткөөл доордогу жашоо-турмушту чагылдырган сүрөттөргө сынак жарыялады.

Бул сынакка жалпысынан алтымыштан ашык материал келип түштү.

Алардын ичинен Нургазы Мусаев "Өкмөттүкү” деп жүрүп, өлкөнү талкаладык, Айсулуу Көкөева Брюс Ли, Виктор Цой менен ооругам, Аваз Жусупбеков Кумжардам аттуу блог-аңгемелери, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов Күрмөнтүдөгү саясий ачкачылык деген фотобаяны үчүн жеңүүчү деп табылды.

Сыйлык тапшыруу аземи 6-сентябрда “Азаттыктын” кеңсесинде өтүп, Нургазы Мусаев, Айсулу Көкөева, Аваз Жусупбеков лэптоп, ал эми Бекмурат Нурдөөлөтов фотоаппарат менен сыйланды.

Ал эми Бекболсун Нуралиевге, Елена Көчкөнбаевага, Махабат Абдылдаевага, Нурмамат ажы Сапарбаевге, Арзыкан Момунтаевага, Сурат Жылкычиевге, Александр Зеличенкого кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу үчүн. 6-сентябрь, 2016-жыл

"Азаттык" өзгөрткөн тагдырлар

Узап бараткан жылы "Азаттыктын" айрым макалары өз каармандарынын жашоосун өзгөртүүгө жардам берди. Анда аларга кеңири токтолсок.

Айчүрөк эми баштык чогултпайт

Кепти адегенде 13 жаштагы Айчүрөктүн окуясынан баштайлы. Ал Ош базарында желим баштык чогултуп, андан тапкан акчасын майып энеси менен кичүү инисин багууга жумшаган.

Айчүрөктүн тагдырын “Азаттыктын” кабарчысы Сабыр Абдумомунов жазып чыккан. Кыз тууралуу ал Балдарды коргоо борборунан билген.

Айчүрөк
Айчүрөк

- Айчүрөк бул борборго тамак ичкени келчү экен. Мен анын апасына чалып, андан кийин интервью алуу үчүн мектепке бардым. Айчүрөк менен бир күн чогуу жүрдүк. Алардын жашаган жерин үй деп айтууга ооз барбайт эле. Машина куруу заводунун жатаканасындагы бир бөлмө. Даараткана, ванна деген жок. Эт жебегендерине көп болуптур. Айчүрөк тапкан акча макаронго гана жетет экен - деп баяндайт кесиптешибиз.

“Азаттык” бул кыздын окуясын февраль айында жарыялаган эле. Ушундан кийин түйшүккө эрте байланган кайраттуу кызга бир эле кыргызстандыктар эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан да жардам берчүлөр чыкты.

Март айында Айчүрөк жана анын үй-бүлөсү бардык шарты бар батирге көчтү, андан кийин аларды Москвага, Биринчи каналдагы “Мужское/Женское” берүүсүнө чакырышты.

Президент Алмазбек Атамбаев кызга 50 миң сом жана китеп белек кылды.

Учурда Айчүрөк апасы жана кичүү иниси менен ошол батирде жашап жатат. Кыз окуп, бий жана спорт гимнастикасына барып жатат.

Турмуш түйшүгүнө эрте аралашкан Айчүрөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:46 0:00
Түз линк

Бир үйдү баккан Айчүрөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Нуржигит мектепке барды

Алты жаштагы Нуржигит тууралуу май айында жазган элек. Көчөгө пластик тепшини алдына коюп, эки колуна желим тапичке таянып чыкчу. Мектепке барууну, башкалардай эле окууну эңсеген Нуржигит майып экенин билгенден тарта түнт тартып кеткен.

Нуржигитке академик Сабыр Жумабеков операция кылды
Нуржигитке академик Сабыр Жумабеков операция кылды

​Бул жолу да ага жардам кечикпеди. Видео жарык көргөндөн кийин Социалдык өнүктүрүү министрлиги Нуржигитке араба белек кылган. Ал эми Жапониядагы мекендештер кыймылдаганга жеңил болсун деп электромобил беришкен.

Беш күндөн кийин Нуржигитти Улуттук ортопедия жана травматологиянын жетекчиси Сабырбек Жумабеков кабыл алган. Догдурдун операциясынан кийин Нуржигит балдак менен басууга жарап калды.

- Басканга убакыт анан өзүнүн да аракети керек. Ага ортопедиялык корсет жасалып бүткөндөн кийин окуганды жана басканды үйрөнөбүз. Андан кийинкиси өзүнө көз каранды, - деген Жумабеков.

Бул макаланын да автору Сабыр Абдумомуновго Ысык-Атадагы Эпкин айылынын жашоочулары кайрылган.

- Алар дагарага түшүп алып колу менен баскан бала тууралуу айтып беришти. Мен аларга атайын барып тааныштым. Нуржигит жаш үй-бүлөнүн тун баласы экен, андан кийин үч иниси төрөлүптүр. Нуржигит менен араң тил табыштык. Суроолорго баш ийкеп эле коюп жатты. Бирок анын көздөрүнөн мектепке баргысы келгени көрүнүп турду. Ошол кезде биз ага жардам бере аларыбызга ишенген эмесмин. Мектептен баланы үйдөн, эки гана сабакты окутушарын айткан. Азыр ал балдак менен баса алат, билим берүү министринин суранычы менен мектепке да алышкан. Нуржигит азыр мектепке электромобил менен барат.

Тепшиге байланган тагдыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял

Нургазынын баяны 2015-жылы эле башталган. Эгер эсиңизде болсо ал түшкөн арабаны иниси түртүп, өз алдынча мектепке баруу үчүн квадрацикл болсо деп самачу. “Азаттыктын” макаласы чыккандан кийин демөөрчүлөр кайрылып, анын каалоосу аткарылган. Ал эми 2016-жылы Нургазы жөнүндө тартылган Улан Эгизбаевдин "Кыял" аттуу тасмасы Интернет Оскар деп аталган Webby Awards сынагына катышты.

"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев жана Нургазы
"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаев жана Нургазы

Кыска метраждуу видео ролик сынактын “Эл үнү” категориясындагы “Мыкты видео” номинациясын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи Нью-Йоркто болуп ага Нургазы менен “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев барды.

Улан Эгизбаев баары сүрөттөн башталган деп эскерет. “Азаттыкка” Нургазынын апасы келип, жардам сураган эле. Ошол эле күнү Улан Эгизбаев Социалдык оргоо министрлигине кайрылып, Нургазыга дароо араба беришкен.

- Нургазы жашаган айылга бардым. Бала менен жакындан таанышкым келди. Квадроцикл тууралуу ал апасына айтчу экен. Мен анын иниси таштак жолдо сынык араба менен Нургазыны мектепке жеткиргенин көрдүм. Ага жардам бергим келди.

Кыялдагы Америка
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:28:40 0:00

Чыныгы устат

2016-жылы февралда Улан Эгизбаев Ысык-Көл облусуна барган. Математика сабагынан мугалим Кеңешбек Шоруков Түп районундагы Долон айылынан Ак-Суу районундагы мектепке жетүү үчүн 10 чакырым жол басат. Бул мектепте ал 25 жылдан бери иштейт, университетти бүткөндө эле ишке кирген. Башында ал ушунча жолду жөө басып келчү экен. Кийин ат мине баштаган.

Азыркынын Дүйшөнү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Ушул жылдын октябрь айында “Азыркынын Дүйшөнү” фильминин каарманы Кеңешбек Шоруков “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамын алды. Мындан тышкары КМШнын билим берүүсүнүн отличниги болду.

Улан Эгизбаев ак жүрөк мугалим тууралуу туугандарынан укканын айтып берди. Анын агасы жумушка келе жатканда таң атпай мектепке аттанган мугалимди көрчү экен. Кабарчыбыздын айтымында, Кеңешбек агай абдан ачык жана боорукер адам.

“Азаттыктын” каарманы кош сыйлыкка татыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Майыпмын деп майышпай...

Нарындагы Большевик айылынын тургуну Рахат Үсөнкожоев тууралуу буга чейин “Азаттык” жазып чыккан. Ал алты жыл мурда кырсыкка кабылып, буту баспай калган. Ага карабай Рахат кайыштан баштык, камчы, куржундардын түрүн жасап, интернет аркылуу сатып келет.

Ал тууралуу видео сайтка кеткенден кийин 28-декабрда Рахатбек Үсөнкожоев менен мүмкүнчүлүгү чектелген Турсунбек Абдылдаевди жана Адина Самыйбек кызын «Даңк» медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Жарлыкта аталган адамдардын кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулганы үчүн сыйланганы айтылат.

Майып жигиттин "онлайн бизнеси"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

"Азаттыктын" мыктылары

Быйыл Кыргыз Эл акыны, "Азаттыктын" баяндамачысы Шайлообек Дүйшеев эки чоң сыйлыкка ээ болду.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана улуттук экономиканы чыңдоо жылында акын II даражадагы Манас ордени менен сыйланды.

Экинчи жолу 2016-жылы ноябрь айында КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына татыды.

Шайлообек Дүйшеев жана Валентина Матвиенко
Шайлообек Дүйшеев жана Валентина Матвиенко

​Cыйлыкты КМШ ПАА Кеңешинин, Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков тапшырды.

Орусиянын улуттук китепканасынын жаңы имаратында Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы тууралуу жолугушуу уюштурулду. Анда кыргыз улуттук адабиятынын Орусиядагы жана башка мамлекеттердеги жайылтылышы талкууланды.

Өрүкзардын мыктысы

“Азаттыктын” Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров жыл башында көп добуш менен аймак боюнча “Жылдын мыкты журналисти” аталды.​

Жеңиш Айдаров
Жеңиш Айдаров

Тандоо Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын түз эфиринде СМС аркылуу жүргөн.

Мунун негизинде Жеңиш Айдаров Баткен шаарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Баткен шаарына 15 жыл" деген төш белги менен сыйланды.

2016-жылы Жеңиш Айдаров Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) эл аралык уюмунун журналисттик иликтөө боюнча өткөргөн сынагынын жыйынтыгында да жеңүүчү болду.

Журналисттин Кадамжай районунда милициядан таяк жеген жарандын тагдырын баяндап, окуянын чоо-жайын ачкан макаласы мыкты деп табылды. Бул сынакка тапшырылган материалдардын ичинен журналисттик 11 ишке калыстардын жогорку баасы берилди.

Жеңиш Айдаров 2008-жылдан бери “Азаттык” радиосунун Баткен облусундагы кабарчысы болуп иштеп келет.

Коомчулукту ойготкон журналист

Быйыл 30-апрелде "Азаттык" радиосунун Жалал-Абаддагы кабарчысы Руслан Калматов облустагы журналисттер бирлигинин төрагасы болуп дайындалган.

Руслан Калматов
Руслан Калматов

Руслан Калматов бирликтин ишинен тышкары облустагы көйгөйлүү, адам укуктарына каршы келген чуулгандуу окуялардын бетин ача алды.

Алсак, журналисттин Ала-Букадагы диний чырдан улам көр казгандар, милициянын кысымынан улам муунуп өлгөн окуучу тууралуу макаласы коомчулукту ойго салды.

Жыл узап баратканда "Сентябрь" телеканалы Руслан Калматовдун ишин жогору баалап, аны "2016-жылдын мыкты журналисти" деп тапты. Отуздан ашык багыт боюнча тандалып алынган мыктыларга сыйлыктар 25-декабрда Жалал-Абад шаарында тапшырылды.

Руслан Калматов 2014-жылдан бери "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы болуп иштеп, аймактагы бардык көйгөйлөрдү, жетишкендиктерди чагылдырып келет.

Жемкорлукту жеңели...

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Айзада Кутуеванын иликтөөсү Кыргызстандагы жемкорлукка каршы уюштурулган сынакта жеңип, ноутбук менен сыйланды.​

Айзада Кутуева
Айзада Кутуева

Кутуеванын күйүүчү май ташуудагы аткезчилик тууралуу макаласы интернет басылмалар арасында мыкты деп табылды.

Сынакты Бишкектеги “Биз Эксперт” аналитикалык борбору Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) колдоосунда өткөргөн.

Мыкты иликтөөчү журналист

“Фабула”, “Искра” гезиттеринин сурамжылоосунун натыйжасында “Азаттыктын” баяндамачысы Кубаныч Жолдошев “2015-жылдын мыкты журналисти” наамына ээ болду.

Жыл аяктап баратканда, 24-декабрь күнү Кубанычбек Жолдошевге Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети "Мыкты иликтөөчү журналист" аттуу сыйлыгын тапшырды.

Эне тил барда эл тирүү

Сентябрь айында “Азаттыктын” таланттуу кабарчысы Улан Эгизбаев Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин алды. Журналист кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Улан Эгизбаев
Улан Эгизбаев

Улан Эгизбаев журналисттик ишмердиктен тышкары 2014-жылы “Фейсбукта” “Кыпкыргызча” деп аталган тайпаны негиздеген. Азыр аны 17 миңден ашуун адам колдонот. Аталган тайпада унутулуп бараткан кыргызча сөздөр жайылтылып, чет тилдердин котормолору талкууланат жана туура котормолор тандалат.

Андан тышкары, "Кыпкыргызча" деген коомдук фонду да бар.

Улан Эгизбаев бул жылы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Эгемендиктин 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыгына ылайык, ардак грамота менен да сыйланды.

"Бир дүйнөнүн" сыйлыгы

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалардын онунчу юбилейлик фестивалында "Азаттык" радиосунун бир катар кабарчылары сыйланды.

Замира Кожобаеванын Аял. Азап. Арман, Айгерим Акылбекованын Мен айткандан коркпойм, Санжар Эралиевдин Төрөттөн ажал тапкандар тасмалары фестивалга катышканы үчүн диплом менен сыйланып, аны экс-президент Роза Отунбаева тапшырды.

"Балдар укугун коргоо" номинациясы боюнча сыйлыкты "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова менен Улан Асаналиевдин Миграция курмандыктары тасмасы жеңип алды.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалында көрүүчүлөргө чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм сунушталды. Быйыл онунчу жолу өткөн фестивал Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналды.​

"Азаттык" аялдардын укугун коргойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги аялдарга жана кыздарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк өнөктүк алкагында журналисттерди сыйлады.

Алардын арасында "Азаттыктын" кабарчысы Санжар Эралиев да кыргыз коомчулугундагы келиндерге болгон мамилени талдаган Муфтий келиндерди коргоп чыкты макаласы үчүн үчүнчү орунду жеңип алды.

Элчи Рене Холенштайн аялдар укугун мыкты чагылдырган кабарчыларга сыйлыктарды ушул жылдын 8-декабрында тапшырды.

Сынакты “Сезим” кризистик борбору “Интерньюс” менен бирге жүргүздү. Каржылык колдоону Швейцария элчилигинен тышкары,“Сорос-Кыргызстан”, БУУ аялдары уюмдары көрсөтүштү.

Сынакка 66 автордон 100дөн ашуун материал түшкөн.

"Азаттык" карыларды унутпайт

Ушул жылы карыларга камкордук көрүү менен алектенген Кыргызстандагы "Хелп Эйж Интернешнл" уюму сынак уюштурган. 14-декабрда сынактын жыйынтыгы чыгып, "Азаттыктын" кабарчылары Мирлан Кадыров менен Шавкат Тургаев диплом менен сыйланышты.

Мирлан Кадыров
Мирлан Кадыров

Мирлан Кадыров Нарын облусунун Ат-Башы районунан тартып келген Жигиттей шайдоот Жумаалы аксакал деген телесюжети, Шавкат Тургаев карылардын көйгөйүн чагылдырган материалы үчүн жеңүүчү деп табылды.

Аталган уюм улгайган адамдардын коомдук турмушка кошкон салымын, алар кабылган көйгөйлөргө элдин көңүлүн буруу максатында сынак жарыялаган.

"Азаттык" спортту колдойт

Дене тарбия жана спорт тармагын мыкты чагылдыруу боюнча спорт журналисттеринин арасында жарыяланган сынакта "Азаттыктын" спорт кабарчысы Эмилбек Чекиров 2-орунга ээ болуп, 10 миң сом байге алды.

Эмил Чекиров
Эмил Чекиров

Сынактын жыйынтыгы 4-ноябрда чыкты. Ага радио, электрондук басма сөз, ТВ жана гезиттерде 2015-жылы жарыяланган эмгектер кабыл алынган.

Сынак 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 17 журналисттин эмгектери кабыл алынган. Байге фонду 225 миң сомду түзгөн.

"Азаттык" мыкты деп табылды

Педагогикалык “Мугалим” журналы жыл мыктыларын аныктап, “Азаттык” радиосун билим тармагын жакшы чагылдырганы үчүн мыкты радио деп тапты.

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналы 2014-жылдан баштап 2000 нуска менен айына бир жолу чыгат, өлкөдөгү бардык мектептерге таратылат. Журналга билим берүү тармагындагы жаңылыктар, мугалимдерге багыт жана көрсөтмө куралдар басылат.

"Азаттык" маданиятка күйөт

Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы иш-чараларды мыкты чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына 22-декабрда сыйлыктар тапшырылды.

“Азаттык” мыкты радиоберүүлөрдү даярдады деп табылып, үчүнчү орунду ээледи жана 20 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.

Мындан тышкары, интернет басылма, теле жана радио номинациялары боюнча да сыйлыктар ээлерин тапты.

Сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти биргеликте уюштурган.

"Азаттык" жана поэзия

16-декабрда акын, "Азаттык" радиосунун редактору Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси Бишкектеги Улуттук филармонияда өттү. Анда акындын ырлары окулду. Кечени “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштурууда.

Поэзия кечесинен бир ирмем. 17-декабрь, 2016
Поэзия кечесинен бир ирмем. 17-декабрь, 2016

​Бурулкан Сарыгулованын алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 1988-1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору. Жаңы ырлар жана котормолор жыйнагы басмага даярдалууда.

Бурулкан Сарыгулованын "Жүрөк шыбыры" аттуу кечеси. 16-декабрь.

"Азаттык" журтташтарды унутпайт

Ушул жылы 9-апрелде Бишкектеги кино үйүндө Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары өттү.

Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы журналисти болуп бир топ иштеген Жаңыл Жусупжан.

Тасмада Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхый мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган.

Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган.

“Каратегинден кат” (тизер)
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

"Азаттык" дайыма изденет

“Азаттыктын” ТВ программалар сандыгына бул жылы жаңы берүүлөр кошулду.

Алсак, дүйнөдөгү саясий-экономикалык кырдаалга сереп салган “Биз жана дүйнө” берүүсү эфирге чыга баштады. Жарым сааттык программа “Азаттыктын” Прага студиясында даярдалат.

Мындан тышкары “Азаттыктын” Бишкек жана Прага студиялары биргеликте даярдаган “Каректе Евразия” берүүсү ишке кирди. Анын алып баруучусу Айзада Касымалиева жума ичинде Евразияда болгон окуяларды кенен айтып берет.

Андан тышкары “Данисте” берүүсүндө Кыргызстандын жети облусунда болгон кызыктуу видео топтомдору көрсөтүлөт. Аны эфирге кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов алып чыгууда.

"Азаттыктын" бул берүүлөрү 1-июндан тарта ЭлТР телеканалынан күн сайын 21:30дан кечки 22:00го чейин көрсөтүлө баштады.

“Азаттык” бул жылы видеону түз чагылдыра баштады. Алсак, сентябрь айында болгон “Көчмөндөр оюндары”, саясий билдирүүлөр, референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо ж.б. бир топ окуялар сайттан түз көрсөтүлдү. Орурмандар ноябрь айынан тарта бул видеолорду “Азаттыктын” Фейсбук жана Youtube баракчаларынан көрө баштады.

“Азаттык” келе жаткан 2017-жылы да окурмандар, угармандар, көрүүчүлөр үчүн бир топ кызыктуу берүүлөрдү, макала жана жаңы рубрикаларды сунуштамакчы. Андыктан дайыма биз менен бирге болуңуз. Келе жаткан Жаңы жыл тынч, бакубат болсун жана ар бириңиздерге бакыт тартууласын!

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG