Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Брюс Ли, Виктор Цой менен ооругам


Брюс Ли
Брюс Ли

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө Айсулуу Көкөеванын блогун сунуштайбыз.

Алга кетели же жусай оромого байланбачы

“Артыңарга кылчактабагыла! Алдыга гана кеткиле!” – деди артыбыздан Мариям Атакишиева эжебиз. Мектептен ошентип, эртең мененки саат 11де эле чыгып кеткенбиз, эч кандай коштошуу кечеси жок.

Эсимде, Фрунзеге келгенде бир таекем “Айпери” сулуулук салонун көрсөтүп, “ушул жерге көп келесиң, жасанасың”, – деген. Шаар таза, чакан, элдер жалаң орусча сүйлөчү. Дүкөнгө болсо да кийинип тыкан чыкчубуз.

Шаарды венгриялык сары “гармошка” автобустар менен айланчумун. Мен тандаган кесиптер – юридика менен журналистикага эки жыл жумушчу болуп иштеш керек экен.

​1987-жыл, Фрунзе. Ак үйдүн жанында
​1987-жыл, Фрунзе. Ак үйдүн жанында

​Мени кесиптик окуу жайга киргизип коюшту. Анда карате, дзюдо жаңы жайыла баштаган эле. Мен дзюдого катыштым. Анда спорттун келечегин карагандар деле болгон жок да. Ошон үчүн го, спортчулардан рэкеттер чыгып кетти.

Спортсмен кыздар башка кыздарды сабаптыр деп, жатаканадагы нянкабыз мени чакыртып, кайда жүрдүң дейт. Тренировкада десем ишенбейт. Андан соң “40-лет Октября” фабрикасына жөнөтүштү. Окугандарга сөзсүз стипендия, жатакана берилчү. Окуткандан кийин ишке орноштурмай, “подьемный”, керек болсо үй бермей мыйзам тарабынан каралган эле да. Социализм адамга камкор, жакшы болчу.

Ошондой күндөрдө тамак-ашты, самынды талонго бермей башталды. Мен арактын талонун суу майга алмаштырып алчумун. Кыйнала баштасам, домком таежеме барып, андан талон алам. Жакшы көргөн ырчым Андрей Макаревичтин: “Всех пугают перемены,/ Но тут уж всё равно./ О-о-о / Вот новый поворот / И мотор ревёт, / Что он нам несёт/ Пропасть или взлёт, /Омут или брод / И не разберёшь,/ Пока не повернёшь /За поворот”, – деген ыры бөтөнчө жакчу. Ошону ырда-ап, кыңылдап коём. Бир күнү Макаревичти келет деп угуп, ЦУМдун астына барып, сүрөтүн 3 рублга сатып алдым. Ошол эле жерден кийинчерээк дагы бир кумирим – Брюс Линин чоң плакатын алдым, кичинекей китепче да чыгарышыптыр, кинолордогу сүрөттөрү бар экен ичинде. Аны да алдым. Бирөө менен сүйлөшө калсам эле: “Муну көрдүңбү?”, – деп көрсөтө калам.

Мен иштеген фабриканын эки китепканасы бар эле: техникалык жана көркөм. Планды нарыдан бери бүтүрүп коюп, ошол жакка китеп окуганга барчумун. Бир күнү жумушчулар менен жолугуу үчүн журналист Бүбүкан Досалиева келди. Журналистиканын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Кандай болсо да, окууга өтүшүм керек дейм. ЖОЖго тапшырыш үчүн фабрикадан мүнөздөмө алышым керек. Ошентип жүрүп араң жеткен мага берилген мүнөздөмөдөн эсимде калганы эле ушул: “Ответственная. В быту скромна”. Минтип жазылышынын себеби бар эле. Мастерим бир күнү “Модалуу пальто кийгиң келсе, материал алып кел, технологдорго бычтырып, өңүнө жараша бир бригадага жиберебиз. Бир сааттын ичинде даяр болот да, кийип кетесиң”, – деп калды. “Ай жок ай!” – деп жиберипмин чоочуп, ал таң калган бойдон карап, ийнин куушуруп басып кетти.Ошондогудан улам “В быту скромна” десе керек.

Фабрикада иштеген бир кызыбыздын боюна бүтүп калыптыр. Мастер, профком экөө чакырып алышып: “Аборт кылдырба, төрөсөң жардам беребиз. Комната бөлөбүз”, – деп жалдырап жүрүштү ал байкуштун артынан. Ошентип, түркүн окуяларга бай фабрикадагы жашоомдун нугу башка жакка, студенттик күндөргө алмаштырыла турган күн да жакындап калды.

Окууга тапшырам деп жүгүрүп жүргөм. Экзамен алган окутуучу: “Юридикага эмес, филологияга кайра тапшырчы” деп тимеле өтүнүп алыптыр менден. Мен болбойм кейкеңдеп. Юридика коррупциялашканы үчүн, тиги көзү жетип ошенткен го. Мен кулап калдым. Ишке бардым, пальтонун прокладкасын тикчү элем, анын планын бүтүрдүм, анан машинемди кучактап алып шолоктоп көпкө чейин ыйладым. Жанымдагылар эмне болгонун сурап, күйпөлөктөп жүрүшөт. Же мен эчтеме деп айта албайм аларга арданып. Акыры фабрикадан чыгып, жакшыраак мүнөздөмө алайын деп башка шаарга, таежемдикине иштеп, ошерде жашап калдым. Аерге да Брюс Линин плакатын илип алгам дардайтып. Өзүм болсо, кимоно кийип алып машыгам, ары-бери басып.

Таежем мурда чоң жерде иштеген киши эле, бирок ошол маалда арак сатып тирилик кылып калган экен. Бир жолу түнү менен аракечтер уктатпай коюшту. Улам келишет, бербей койсо: “Эй, дейм!.. Бер дейм арак. Өлүп кетесиңби карыздап турсаң! Эн-неңди..!” – дешет. Мен болушсам мени жаман көздөрү менен карап, мени да ашата сөгүшөт. Эртеси ойгондум да: “Дагы арак сатсаңар, милицияга айтам. Таежем ушинтип арак сатып жатат дейм”, –дедим. Уруша кеттик. Ошондон кийин ал жерден кетишке туура келди (кууп жиберсе кетем да). Брюс Лимдин плакатын көтөрүп алгам.

Кайрадан Бишкекке келдим. “Жетим бурчка” барып, квартира таптым. Жетим бурч – мурдагы “Кыргызстан” мейманканасы менен Опера балеттин ортосунда эле, айылдан келген кыргыздар орустардан убактылуу башпаанек кыла турчу батирди ошол жерден табышчу. Окууга кийинки жылы да өтпөй калдым. Күзгү кийимим жок. Заводго, ФАЗга, (Фрунзе автожыйноочу завод) ишке кирдим. Рабочий кийим (роба) беришти. Бутума болгон акчама көк тапочка сатып алдым. Бутумда ошол тапочка, үстүмдө роба менен бир ай иштедим. Кармаган нерсемдин баары кара май. Булганып албайын деп, кара майдан этияттанам.

Шаардын ар кайсы подвалдарында ошол кездерде коркунучтуу кинолорду коюшчу. Ошого кино көргөнү барам кээде. ЦУМдун каршысында, үйлөрдүн подвалдарында сасык, үңкүрдөй болгон бөлмөлөрдө боевик көрөм. Жалаң эркектер. Арасында жалгыз мен. “Кошмар на улице Вязова” дегенди көрүп, коркконумдан жанымдагы бир мастын билегинен кармап алыптырмын. Ал дагы мага имерилип коет.

Ошол күндөрү “Асса” деген кинону көрдүм, Виктор Цой менен “оорудум”. Чогуу иштеген Таня деген кыз китебин сатып алыптыр. Ал аны бүтүп калган экен, мага сат десем сатпай койду. Окуганга алып, түнү менен көзүм тешилип көчүрдүм. Дагы көчүрөйүн деп сураганы барсам уруша кетти. Кыйкырып жатабыз коридордо. Акыры “Бар, жоголчу!” – дедим да басып кеттим. Ал китептен: “Перемен требуют наши сердца, /Перемен требуют наши глаза, /В нашем смехе и в наших слезах, / И в пульсации вен / Перемен! / Мы ждем перемен” – дегени өзгөчө көңүлүмө жагып, көчүрүп алып, кайра-кайра окуй берчүмүн жадабай.

Ал кездеги кинолор “Авария - дочь мента”, “Легенда о Нараяме”, “Курьер” ж.б. Ушулардын баарын “Ала-Тоо” кинотеатрынан көрдүм. Анда эркек балдар кыздар менен акча жөнүндө тамашалашчу эмес. Кыз кишиге “жууп бербейсиңби?”, “майлабайсыңбы?”, “акча бере турчу”, – деген жок эле. Мындай нерсе "кайра куруу", "айкындык" мезгилинен кийин башталды. Ага чейин балдар менен таанышып, ашканага кирип тамактанып, киносуна барып кайра жолукпай койчубуз. Балдар деле аны түшүнүшчү.

ФАЗга ГАЗ-53 алыш үчүн бүткүл СССРден келишчү эле. Алармандар отургучтарда уктап, биз жумушка келгенде туруп, кезекке тизилип калышчу. Ал жерде да эки китепкана иштечү. Техникалык жана көркөм китептер жалаң. Мен айланчыктап көп барам. Адатынча ал жерге да акын Ташмат Арыков агай келип, аны менен жолугуштук. Бир күнү бир атеист келип, ал да лекция окуду. Диний салттардын эли-жерине, аба-ырайына байланыштуу экендиги, ар бир дин таркатуучу өзүнүн маданиятын таңуулаганга аракет кылгандыгы жөнүндө көпкө сүйлөдү.

Ошол кездерде ырларымды “Кыргыз маданиятына” Кыялбек Урмамбетовго алып барсам, бадырайтып чыгарып коюптур. Ошол гезитти көпкө чейин делбектеп көтөрүп жүрдүм.

Бир жолу жумуштан профком Ленинградга кимиңер барасыңар деп калды капыстан эле. Дароо эле мен барам деп, камданып калдым. Ошондо Институт земледелия жакта элдер жер алганы жатышыптыр деп угуп, мен да документтеримди даярдап жүргөм. “Ашар” дейби, “Асаба” партиясы дейби, жүрүш кылабыз дейби... Айтор мен документтеримди алып барсам, бир вагон турат, анын ичинде да, тегерегниде да бир жан көрүнбөйт. Эмне кылмак элем, колумдагы документтеримди айнегинен ыргыттым да кете бердим Ленинградга.

Санкт-Петербургдагы сүрөт тартчу автоматка биринчи жолу киргем. 1992-жыл.
Санкт-Петербургдагы сүрөт тартчу автоматка биринчи жолу киргем. 1992-жыл.

​Бир жолу заводго машиненин корпустары мурдагыга караганда көп келди. Тим эле заводдун короосуна толтуруп салышты. Бизге кезектештирип кайтартып коюшту. Көрсө, ошол акыркы иш жылдары экен. Ал запастар бүткөндөн кийин иш сейрек тартып, келишимдер бузулду. Ишкана бартер кылып машине берип, картөшкө, эт, байпак, кийим, суу май, шекер алып таркатты. Ошол күндөрү начальник менен чоңдор бизди чогултуп алып, приватизацияны түшүндүрдү. Канча жыл иштесеңер, ошого жараша купон берилет, ошого парикмахерский же дүкөн сатып алсаңар болот дейт. “Менин кесибим андай эмес, аны эмне кылмак элем?”, - деп бирөө чыкты. Кайра-кайра түшүндүрүшөт, же биз түшүнө койбобуз. Кантип эле жабылып калсын? Планды толтура албай «чёрная суббота» уюштуруп, эки эселеп төлөшчү эле го.

"Аламүдүн" базарында таежемдин алмасын сатып тургам, бир киши келди жаныма: “КДК деген партияга киресиңби?” – дейт. “Жок, мунун баары иллюзия”, – деп коем. Анда эки күндүн биринде эле чоң билборддорго жарыясын бадырайта илип, Батыштан келген миссионерлер кудай жөнүндө лекция окушчу. Эски аэропорт жакта чатыр тигишип, майрам кылып жатышкан экен ошолор. Мен да кошулуп барып калдым “Жүрөгүңөрдөн кандай үндөр чыкса, ошо менен сүйлөшө бергиле, сыртыңарга чыгаргыла. Кудай түшүнөт”, – деди миссионер лектор. Алардан кийин башкалары да агылып келе башташты. Чыгыш жактан Шрила Прабхупаданын, Сан Мён Мундун окуусу келди. Радиодон Аум Сенрикенун берүүлөрү уктурулуп турду.

“Бхагавад Гита” да көрктүү экен. Түшүмө кирчү. Ал окууну кармангандар менен таанышып, китебин окугандан кийин элге акыл үйрөтө баштадым. Бир жигит түшүндүрчү дейт, жакшылап. Экөөбүз “Тюльпандын” (дом быта) жанындагы, азыркы “Хаяттын” маңдайы, жаңы ачылган тоок грилге бардык. Кришнаизм боюнча эт, жумуртка жебеш керек эле. А тиги тооктун эти, өлгүдөй даамдуу экен. Мен эт жебеш керектигин түшүндүрүп жатам, кайра өзүм тооктон улам сугунуп коем. Кетип бара жатып ал: “Эт жебегени жаман экен... А так, ничо”, - деп коёт. “Ммдаа.., бирок ойлонуп көргүлө”, – деп койдум мен да калбаат, өзүмдөн уялып.

ЦУМдун бери жагында китеп саткан күркө бар эле. Ал жерден “Тибетская книга мертвых” ж.б. китептерди, “Путь к себе”, – деген журналды сатып алдым. Деги өзүм ошол жерден чыкчу эмес элем. Анан ошол эле “Бхагавад Гитадан”: “Лучше заниматься собственным делом, даже выполняя его несовершенно, нежели в совершенстве исполнять чужое. Обязанности, предписанные в соответствии с природой каждого, никогда не вызывают греховных реакции”, – дегенин окудум да кыргызмын да, кыргыз тагдыры менен жашаш керек экен дедим.

Кыркаяк Момункул кызынын күндөлүгүнөн:

31-май, 1997-жыл.

Эсенбай Нурушев. Сот Бекташ Шамшиевди орус тилинен кыргыз тилине которгону үчүн 1,5 жыл журналисттик иштен ажыратты. Бу тоталитаризм убагында да болбогон иш. Сот бийлиги чиновниктерди эмес, карапайым калкты коргоого тийиш эле. Сарыгулов сотко “мени мамлекеттик ишмер катары коргогула” – дегени күлкү келтирерлик. 93-бет.

ЦУМдун маңдайында болсо челноктор кийим-кече сатчу.

Ошол мезгилде Ленин китепканасында “От өчпөгөн коломто” ийрими иштей баштаган. Биздин башыбызды акындар Светгүл эже менен Медер байкелер бириктирип, колунда бар тамагын ортого коюп, поэзия кечелерин өткөрүшчү.

Бир иш-чарадан кийин
Бир иш-чарадан кийин

Үйүнүн жанында жайылып отурчубуз. Ошол мезгилде жазгандар: улуулардан – Дүйшөн Жапаров, Майрамбек агай, Барчынбек агай, Нургүл, Шоола, Болдукан, оо, ого эле көп болчубуз. Анда Жаныбек агайдын: “Таанышың болсо танкасың..” – деген ыры, Дүйшөн байкенин “Отурсам үйдө чай менен, Очоёт төрдө кайненем...” – деген ырлары чыгып кеткен. Кийинчерээк эле ырдалган: “Жегениң шоколад, өзүңө жарашат...” – деген саптар жагдайды таасын билдирип турбайбы.

“От өчпөгөн коломто” ийриминде ыр окуп жатканым. 1990-жылдар.
“От өчпөгөн коломто” ийриминде ыр окуп жатканым. 1990-жылдар.

Этап менен кыскартуу болду. Бир таежемден акча сураганга барсам купон берди эле, аны сатып жибердим. Жумуштагы купондор акцияга айланып калыптыр, купон берээрин билсем, аны да сатып жибермекмин да, азыр жылына бир барып, акционер катары 300 сом алып коём

Кудай жалгап, кыйналганымдын акыбети кайтып, окууга өттүм. Бартерден алган суу майларым, шекерлердин пайдасы тийди ошондо. Үйдө туздалган жусай менен ун эле бар. Оромо жасап жей берип эсибиз оогон. Окууга барам, ачмын, шаардын четиндеги агамдыкына тамак жегенге барчумун. Ал мени маңдайына отургузуп алып, өз колу менен тамак жасап бергенди жакшы көрөт эле, бирок+ “тарбиялык сааты” бар. Аны угушум керек. Жебесем курсактагы бала тебинет. Акча жокто китептерди сатып, болуп калса кайра сатып алчубуз.

Бир күнү жаңы жыл тоскону Элмира курбумдукуна бардык. Саат 12ге аз калганда ошол райондун борборуна чыктык. Жолдо бир жигит “Бир тал ширеңке” деген китептин автору группалашым Нургүлдү түртүп, орой тийишип калды. Мен чыдабай, ага болуша кеттим эле,тиги мени жаактан ары катуу бир чаап калды. Көрсө, кызуу экен. Мен өңгүрөп эле жанымда биз менен бараткан досубузга “кантсе да эркек эмеспи" дегенчелик болушат го деп карап калдым. Ал колундагы ымыркайды бирөөгө бере салып, мени чапкан немеге чуркап барды. Мени чапкандын досу бир нерселерди айтып эле, аке-жакелей баштаса, тиги жөлжүрөгөн неме жаратылышынан эле маданияттуу эле, муюп калсачы. Ардана түштүм. Көзүмдүн жашым он талаа, ыйлап-сыктап келе бердим. Абдан ыза болуп калдым кектеп. Эмнеге... аялга болуша албаган...“Теңелбечи!”, – дейт, башкалар да ошентимиш болуп жүрүп кеттик андан нары. Көзүмө баары жаман көрүнүштү. Эмнеге булар байкамаксанга салышат. Ушундайларга “Теңелбечи”, “Мейличи! Эми ошентип коюптур да”, – деп басып кетип жатып өз башыбызга муш болду булар мамлекеттик деңгээлде...

Апам: “Мейли!” – деген сөз жаман, “Мейли” – түбүңө жетет” десе түшүнчү эмес экенмин. “Аа, мейли”, – деп койчумун ого бетер жинин келтирип.

Ошол учурда коом, бардык карапайым адамдар, интеллигенттер кор болду, жүдөштү, көбү биримдигинен ажырашты. Ушундай бейадепсиздер күчүнө кирди. Бирөөнү тоноп, алдап, сабап жатса, унчукпай басып кетмей, карап турмай.

Менин күндөлүгүмдөн

Маяна алганда Ош базарына барып, азык-түлүк алып, кино көрсөтүүчү кычык-пычыктарга киребиз.​

Күндөлүгүм
Күндөлүгүм

Ошол жерден нан менен колбасаны жеп жатып, индийский кино көрчүбүз. Каткырып күлүп, буркурап ыйлап алып баштыктарды шытыратып суу издейбиз.

Ии, бир жолу эртең менен эрте туруп, пальто алганы барып, кечке жүрдүм темтейип, анан арзан куртка, эки индия киносу жазылган дискин алдык. Кечке кино көрдүк. Ии, байкуштар, турмуш оор, акчалары жок. Эми кантээр экен десең...

2006-жылы июнда Альгимантас Видугристин кечеси өткөн

Анан Ош базарынан кире беришинде баары эле текчелерде соода кылышчу. Кеч киргенде тамак да сатылчу. Иштен келе жаткандар ошол жерге, жапыз столдорго отура калып эле тамактанышчу. Бир таанышым ошол жерде жип-шуу, майда-бачек сатчу эле. Кийин зоотехник болгондугу үчүн павлин алып, элди сүрөткө тартып жүрдү. Ары-бери өтүп жатып ошо кишиге токтойбуз, сүйлөшөбүз. “Балдарыңыз хирург ээ?” – дейм. Ал: “Бир күнү үчөөнү тең чакырдым да, “ишиңерди таштагыла, ушу маңдайдан дүкөн алып койдум. Ошону иштетесиңер” – дедим. Уулдарым макул болгону менен бир келиним ажырашып кетип калып, кайра келди. Алиментти кантип өндүрөт эле? Эри мамлекетте иштебесе?!. Ошондо-ой”, – дейт.

Кудай билет

Ошо киши дагы да эсимде, себеби жетимиштерге таяп калса да кардар жокто англис тилин үйрөнүп отурчу. А мен мамлекеттик ишканада иштебей койгондон коркчумун. Өзүмдү катардан түшүп калгандай сезчүмүн.

Эл деген эл экен, мамлекетин кандай кыйналса да багып кетет тура. Жаманын да, жакшысын да көтөрүп, бири-бирин жөлөп-таяп. Акыры көтөрүлө баштады окшойт. 25 жылдын оордугу биздин мойнубузга түштү. “Жазганың кимге керек? ” – дегенине карабай жазгандар көп. Филармонияда концерттер базардагылар келмейин башталчу эмес. Азыр болсо иш-чараларды убагында башталганга аракет жасалат. Шаар башкача демге, көрккө бөлөндү.Ушундан жазбай, элибиз эркин жана бардар жашаса экен.

Айсулуу КӨКӨЕВА

XS
SM
MD
LG