Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:21

Жарым кашык кумшекер


кумшекер
кумшекер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыкчу бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө Махабат Абдылдаеванын Нарындан жиберген чакан аңгемесин сунуштайбыз.

Ал адатынча кумшекерди чай кашык менен сузуп оозуна салды. Эч качан кумшекерден кыя өтпөгөн адаты бар. Оозго салгандан кийин бир аз убакыттан кийин кумшекер толугу менен нымдашып, муздак болуп, жагымдуу тартат. Шекерди идишинен кашык менен оозго салбай жаласа да болот. Эң эле жакшысы - кашыгы менен чыныдагы чайга акырын төкпөй чөмөрүп, толук нымдашкан соң соруп-соруп жеген сонун. Бул даамга азыр дүкөндөрдө толуп турган шоколаддар жете албайт.
Ал үчүн дүйнөдөгү эң даамдуу таттуу - кумшекер.

Балалыгы союздан кийинки жокчулукка туш келип, кумшекер салып чай ичүү анда-санда майрамдарда гана болор эле. Анан мейман келгенде. Андан дагы толтура кашык эмес, жарым кашык салыш керек эле. Бул меймандан уялгандыктан эмес, кумшекердин аздыгынан. Капталы көгүш сызыктуу кичине чынынын жарымынан салынган шекерди тиктей, канча ирет толо кашык салууну кыялданды? Келген коноктор деле кумшекерге өзгөчө мамиле жасашчу. Анткени конокко элдин бардыгы эле кое алчу эмес. Бирөөнүн үйүнө конокко барганда кумшекерлүү чайдан беш-алты чыны ичишип, айрымдары экиден кашык салып ичип кеткенди олжо көргөн жылдар эле.

Иниси экөө апасынын чөнтөгүндөгү ачкычты акырын кытып алып, далай ирет кумшекер уурдап жешти. Апасы кандай каткан күндө да эптеп бир айласын табышчу. Ошондой күндөрдүн биринде алар кылмыш үстүнөн кармалып калышты. Ошондо жеген таягы эсинен эмгиче кетпейт. Апасы инисин өз уулу экендигине карабай чыңырта сабады.

Айтмакчы, апасы өзүнүн апасы эмес эле. Өз энесинин көзү өтүп кеткен соң атасы кошуна Майрам эжени үйгө киргизип алган. Анын бир уулу бар эле. Өгөй деген баары бир өгөйлүгүн кылат экен. Жаңы апасы бирде болбосо, бирде аны оордоп турчу. Атасы каза болуп калгандан бери анысы ого бетер күчөдү. Кумшекер уурдап кармалган өгөй кызын чачтан алып сүйрөп, тепкиледи. Ушул күндөн тарта кыз кумшекерден таптакыр кагылды. Жинденген апасы майрам күндөрү таттуу салынган чыныны үстөлдүн алдына жашырып, уулунун гана чайына кашык менен салып берет. Иниси эжесине боор тарта, чайды өтө көп аралаштырбай ичет. Кумшекер уюп калган чайдын түбүн эжеси дасторкон жыйнап жатып тамшана ууртайт...

...Андан бери кыйла заман өттү. Бир кашык кумшекерге зарыл болгон секелек баралына келип, табышкер адамга айланган. Бирок бала кезинде таттууга канбай калган анын табити дасторконго коюлган кумшекерден таптакыр кыя өтө албайт.

Махабат Абдылдаева, Нарын

XS
SM
MD
LG