Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Ошто "Каратегинден кат" тасмасы коюлду


Жаңыл Жусупжандын тасмасы ОшМУнун залында коюлду.
Жаңыл Жусупжандын тасмасы ОшМУнун залында коюлду.

Тажикстандын Жерге-Тал аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аттуу даректүү тасманын бет ачары ОшМУнун искусство факультетинде өттү. Ага жүздөн ашык студенттер, окуу жай жамааты жана тажикстандык кыргыздар катышты.

Фильмде Жерге-Талдагы этникалык кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, алардын тарыхый мекенине болгон кусалыгы чагылдырылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан. Анын айтуусунда, бетачардын максаты – жергеталдык кыргыздардын жашоосу тууралуу коомчулукту көбүрөөк кабардар кылуу.

Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Буга чейин апрель айында Бишкекте тасма алгачкы жолу көрүүчүлөргө тартууланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG