Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:47

1991-жыл: Күрмөнтүдөгү саясий ачкачылык

"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады.

Мындан 15 жыл илгери Түп районунда “Күрмөнтү цемент” заводу боюнча бийлик менен жергиликтүү элдин ортосунда тирешүү чыгып, эл 1991-жылдын 11-сентябрында саясий ачкачылык жарыялаган. Бул учурунда абдан таңкалууну жана кызыгууну жараткан окуя болгон. Жергиликтүү эл “Күрмөнтү цемент” заводунун жееткчилигине бир канча талап коюшкан. Алардын катарында заводдун моруна чыпкалоочу жабдуу орнотуу, жер, кен байлыктарын коргоо, экологияны таза сактоо маселелери болгон.

Бул жагдайды иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын катчысы А.Н.Гребенюк, Үй-бүлө жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын катчысы И.К.Прошин жана КДКнын укук коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акун Күрмөнтүгө барган.

Анда “Күрмөнтү цемент” заводу ААКнын президенти Д.Шалабаев маселени чечүүгө убада берип, ал үчүн 1992-жылдын ноябрына чейин мөөнөт сураган. Ошентип беш күндүк саясий ачкачылык өз ара макулдашуу, бири-бирин түшүнүшүү менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG