Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:54

Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) аймагында жашаган кыргыздарга окуу-методикалык, көркөм адабий китептер чогултулуп жатат. Былтыр жазда жер титирөөдө жабыркаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири журналист Жолдош Турдубаевдин “Азаттык” радиосуна айтканы боюнча, жыйналган китептерди май айында дарегине жеткирип берүү пландалды.

“Азаттык”: Жерге-Талдагы кыргыздарга китеп чогултуп жатасыздар. Демилгени коомчулук колдоп жатабы?

Жолдош Турдубаев: Былтыр жер титирөөнүн очогу Жерге-Талда болуп, анын эпкини Чоң-Алайга да тийген. Кыргызстандыктар Чоң-Алайдын тургундары үчүн акча чогултуп, каралашты. Бирок Жерге-Талга жардам болгон жок.

Ошол кезде бул жактан жок дегенде бир-эки машина барып, аттуу-баштуу адамдар эл менен жолугуп келгенде жакшы болмок, кичине дем болуп калмак деп сунуштап, президентке, өкмөткө, депутаттарга да жаздык.

Тажикстандагы Лахш же мурдагы Жерге-Тал району
Тажикстандагы Лахш же мурдагы Жерге-Тал району

Бирок былтыр элдин баары эле шайлоого алаксып, көңүл бурулбай калды. Ишкер Жамалбек Ырсалиев "жол киресин жана башка чыгымдарын көтөрөлү, китеп болобу же башкабы өзүбүз чогултуп жеткирели" деген демилге көтөргөн.

Эгер депутаттар барса алар чыгымын өзү төлөсүн, акын, ырчы, маданий ишмерлер болсо алардын чыгымын ишкерлер көтөрөлү деген ой айтылды эле.

Ошол демилгенин негизинде азыр “Ай тумар” билим борборуна топтоп жатабыз. Май айынын орто ченинде жеткирип берели деген планыбыз бар.

“Азаттык”: Ушул убакка чейин канча китеп чогултулду?

Жолдош Турдубаев: Тил комиссиясы Жерге-Талдагы кыргыз мектептери үчүн баш-аягы 10-15тей аталыштагы китепти 30 нускадан берди. Акыркы эки жылда чыккан жаңы китептерден да беребиз деп убада кылган. Өзүнүн автордук китептерин таштап кеткендер бар. Жалпы санын тактай элекмин, бирок биз болжолдогондун үчтөн бири да топтоло элек.

“Азаттык”: Негизинен кандай китептерди топтоп жатасыздар?

Жолдош Турдубаев: Чогултулган китептерди бир сыйра иргеп, өтө керектүүлөрүн гана жөнөтөбүз го. Китептен сырткары окутууга керектүү каражаттар: компьютер, принтер, проектор болсо дагы жакшы болмок. Мисалы, проектор сурагандар абдан көп. Былтыр жарандык активист Асылбек Жооданбеков өзүнүн ноутбугун берем деген, ал азыр даяр деп жатат.

“Азаттык”: Кандай китептерге басым жасалат?

Жолдош Турдубаев: Биринчи кезекте математика, физика деген жалпы мазмундагы окуу китептери керек. Улуттук мазмундагы тарых, география дегендерди тигил жактан өткөрбөй коюшу мүмкүн.

Тил, адабият, көркөм адабий чыгармаларды, сөздүк, энциклопедия, кызыктуу тестке, олимпиадага даярдана турган илимий-популярдуу басылмаларды дагы алып барабыз.

Мисалы, активист Чоробек Сааданбек “Сорос” фондусунун колдоосу менен ар бир мектепке бирден флешка даярдап койду. Мындан сырткары комуз алып баралы деп пландадык эле. Жерге-Талда комузду кармап көрбөгөндөр көп, кээ бир айылда бирден дагы комуз жок. Комузчу Нурак Абдрахмановдун комуз чертүүнү өз алдынча, нота билбеген адам дагы өздөштүргөнгө үйрөткөн китеби бар. Ошол китептен болсо алалы дегенбиз.

“Азаттык”: Кимдер барат деп болжолдоп жатасыздар?

Азыр кудайга шүгүр 90-жылдардагыдай каатчылык эмес, кийим бүтүн, курсак ток. Жерге-Талда байып жаткан кыргыздар деле бар. Бирок балдардын эне тилинде билим албай, китептер жок, көңүл сыртында калганы зээнди кейитет.

Жолдош Турдубаев: Элге таанымал аттуу-баштуу кишилер да барса жакшы болмок. Маданият же Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, ырчылар, депутаттар барса деп кыялданып жатабыз.

Апрель айында дагы уюштуруу иштерин талкуулап, ким бара алат деп сунуштайбыз. Өздөрү барам дегендер чыгышы ыктымал. Экинчиден, ал жакка барганда канча күн жүрө алабыз. Эч кандай тоскоолдук жаралбашы үчүн расмий жагын да эске алуу зарыл. Жерге-Талдын тургундары менен макулдашып, ал жактагы расмий өкүлдөр кабардар болушу керек.

Кыргызстан маданий байланышты бекемдеп, журтташтардан кабар алып, аларга көңүл буруп турса чоң дем болмок. Мектептерге дагы анча-мынча колдоо көрсөтүлүп турса, ал жактан бери көздөй көчкөндөр да азаят эле.

Азыр кудайга шүгүр 90-жылдардагыдай каатчылык эмес, кийим бүтүн, курсак ток. Жерге-Талда байып жаткан кыргыздар деле бар. Бирок балдардын эне тилинде билим албай, китептер жок, көңүл сыртында калганы зээнди кейитет.

Биздеги тажик мектептерге Тажикстан жакшы көңүл бурат, китептерин сунуштайт. Маданий жагынан дагы ошондой.

Аларга салыштырмалуу Тажикстандагы кыргыз мектептерге расмий деңгээлде дээрлик эч кандай көңүл бурулбайт деп койсо болот. Бир гана жогорку окуу жайларга орун берилет, ошол иштеп жатат.

Бирок ошонун деле натыйжалуулугун, канчалык ал майнаптуу болуп жатканын караш керек. Окууга дилгир, шыктуу, жөндөмдүү, окуусун бүтө алгандай, кайра барып иштегендей балдар иштеп жатабы же туш келди эле акча бергендер окуп жатабы? Ошол жагын да караш керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG