Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:33

Шумовский: Зулумдукка мүңкүрөбөгөн арабист


Теодор Шумовский.

“Куугунтук курмандыктары” түрмөгүндө атактуу советтик арабист Теодор Шумовскийдин сталиндик доордо жазыксыз жерден абакка эки ирет салынгандыгы жана көөнөргүс мурасы тууралуу макаланы сунуштайбыз.

Алгы сөз

Адатта, китеп окуганда, чыгармага сүңгүйбүз да, анын автору ким экендигине кийинчерээк гана кайрылабыз.

Мен да оболу Теодор Шумовскийдин (1913—2012) орто кылымдардагы даңазалуу арап деңизчиси жөнүндөгү окурманды арбап алчу китебин окудум. Андан кийин гана анын өмүр баяны менен акырындап тааныштым.

Дароо эле бул кишинин чыгыш таануудагы орчун салымын айта кетейин.

Ал арап эли жалаң гана кумдуу чөлдө төөлөр чиркешкен кербендер менен көчүп конуп жүргөн калк болуп чектелбестен, орто кылымдарда алардын кемелери мухиттерди кескен улуу деңиз жолун багынткандыгын, араптардын ичинен мыкты деңизчилер жана деңиз илиминин аалымдары болгондугун арап тилиндеги жазма булактардын негизинде тастыктаган чыгаан илимпоз.

Дал ушул арап деңизчилеринин кылымдар карыткан тажрыйбасы, Шумовскийдин оюнча, европалыктардын деңиздеги багыттоо илимине башат болуп берген.

Орусиянын поляк тектүү атуулунун жаш чагы

Сөз кылынып жаткан илимпоздун толук ысымы — Теодор Адамович Шумовский. Ал 1913-жылы бирдин айынын (февралдын) 2синде падышалык Орусиянын Житомир шаарында теги поляк үй-бүлөдө туулган.

Чыгыш таануучу Теодор Адамович Шумовский (1913—2012).
Чыгыш таануучу Теодор Адамович Шумовский (1913—2012).

Анын атасы Адам Викентьевич Шумовский (1873—1928) банк кызматкери болуп иштеген. Энеси Амалия Фоминична Каминская (1884—1933)пианистка болгон. (Теодор 5 жашар кезинде эле энеси каза болгон).

Теодор балалык чагын Азербайжандын Шемаха жергесинде өткөргөн. Бир кездери Ширван хандыгынын борбору болгон бул жайдагы эски мусулман мүрзөлөрүндөгү жана мечиттердеги сырдуу жазууларга далай ирет таңыркаган Теодор акырындап арабистикага кызыга баштайт.

Ал оболу Маскөөдө Тоо-кен институтунда студент болуп, андан соң Донбасска келип, кенчи болуп иштеп жүргөндө да, арап таануу жаатындагы кыялын таштаган эмес.

Акыры 1932-жылы ал Ленинград шаарындагы Тарыхый-лингвистикалык институтка студент болуп калды. Бул институт кийинчерээк Санкт-Петербург университетинин чыгыш таануу факультетине айланган.

Теодор Шумовский Н.В.Юшманов, В.В.Струве сыяктуу чыгаан чыгыш таануучулардан сабак алган. Ошол жылдары ага дарс окуган залкар арабист, академик Игнатий Юлианович Крачковский (1883—1951) бул дилгир студентке арап тилиндеги бир өтө маанилүү жазма булакты көрсөтөт. Бул — Васко да Гама жүзөгө ашырган деңиз саякаты маалында анын деңиздеги багыттоочусу (лоцман) болгон арап окумуштуусу жана деңизчиси Ахмад ибн Мажид жазган эмгектер эле.

Бешинчи курста окуп жүргөн чагында эле Теодор Ахмад ибн Мажиддин «Белгисиз үч деңиз каттамнаамасы» эмгегин арапчадан орус тилине которо баштаган. Анын бул чыгармачыл ишмердигинин аякташына сталиндик каргашалуу ГУЛагга жазыксыз жерден кириптер болушу зор тоскоол болгон.

Абак жылдары. 1938—​1956

1938-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин үч студентине тири укмуштай жалаа аркылуу күнөө тагылган. Алар чекисттердин айыптоочу кагаздарында гана болгон бир партиянын — Прогрессчилер партиясынын жаштар канатынын жетекчилеринен болгон имиш! (Кыргызстанда да «Социал-Туран партиясы» делген чекисттер ойлоп тапкан бир уюмдун мүчөсү катары канчалаган атуулдар ойдо жок жерден абакка камалып, алды атылган, арты узак жылдардан соң абактан чыккан эмеспи).

Бул үч студенттин бири — Теодор болсо, берки экөө — болочокку атактуу түрколог Лев Гумилёв менен жаш кезинде абакка айдалып, жайран болгон Николай Ерехович болчу. Оболу алар Ленинграддагы «Кресты» («Чырым») аталган сурак абагына камалышкан. (Андан соң Николай Ерехович алыскы, суук Колымага айдалып, 1946-жылы эле ошол жакта набыт кеткен...)

Теодор өзү 1938-жылы 11-февралда камакка алынгандыгын, анын жатаканасында калган өзгөчө олуттуу кол жазмалар жана китептер, анын ичинде 1592-жылы Римде чыккан “Курандын” таш басмасы кийинчерээк дайынсыз жок болгонун эскергени бар.

Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети. Астана. 16.7.2018.
Лев Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети. Астана. 16.7.2018.

Теодор Шумовский менен Лев Гумилёвду оболу алыскы Воркутага чогуу айдашкан, андан соң алар башка-башка лагерлерге жиберилген.

Теодор Шумовскийдин айыпталышы үчүн чоң шылтоо — анын өз устаты, илимий жетекчиси, академик Игнатий Крачковскийди ачык коргоп чыккандыгы болгон дешет. Айрым сталинчилер академик Крачковскийди капиталисттик «Батыштын алдында бөйпөңдөгөн» деп курулай жаманатты кылып чыгышканда, Шумовский мындай жалааны четке каккан. Андан тышкары Шумовскийди «өзүнүн поляк тегинен экенин жаап-жашырган» деп да күнөөлөшкөн. Ал кезде Польша буржуазиялык демократиялык жумурият, демек, «кас душман» болчу.

Теодор Шумовский түрмөдө жүрүп да илим-билимин арттырууну көздөгөндөрдү колдоп, «абактагы университет» дегенди түзүүгө катышкан. Бул — Санкт-Петербургдагы (ал кезде Ленинграддагы) башка жактардагы абактарга которуп жиберүүгө чейинки өткөөл маалда кармалгандардын түрмөсүндө болгон кези эле.

Башка абактарда, лагерлерде жүргөндө да Теодор Шумовский өзүнүн илимий жана адабий чыгармачылыгын тынымсыз уланта берген. Албетте, бул далаалатты ал күн сайын абактагы кишинин азаптуу иш-аракетине удаа ишке ашырган.

Ал абактагы башка этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин үйрөнүүгө аракеттенген. Маселен, Ленинград цниверситетинин абакка түшкөн окутуучусунан испан тилин үйрөнсө, Котлас жергесиндеги лагерде жүргөн чагында мурдагы Карел-Фин ССРинин эл комиссарынан фин тилин өздөштүргөн. Абакта жүргөн грузин диниятчысы ага грузин тилин үйрөткөн (жалпысынан, полиглот Теодор Шумовский 22 тилди мыкты өздөштүргөн дешет).

ГУЛагдын түрмөлөрүндө жүргөн чагында Т.Шумовский мурда эске тутуп калган арапча ырлардын тексттерин эстеп, аларды орусчага которуп, кагаз жоктоөз котормо вариантын тек гана көөдөнүндө сактаган учурлары болгон.

Шумовскийдин абак мөөнөтү 1944-жылы аяктагандыгына карабастан, адам укуктары менен «жумушу болбогон» сталинчилер аны экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнгө чейин лагерлерде кармай беришкен.

1946—48-жылдары ал лагерден жайкын сүргүнгө чыгарылган. Дал ушул маалда ал Новгороддогу мугалимдердин таалимин өркүндөтүү институтунда иштеп, ара-чолодо Ленинград мамлекеттик университетиндеги окуусун аяктаган жана «Ахмад ибн Мажиддин белгисиз үч деңиз каттамнаамасы» («Три неизвестные лоции Ахмада ибн Маджида») деген темада кандидаттык диссертациясын коргоого жетишкен. Ага филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Баса белгилесек, сүргүндөгү Теодор Шумовскийге кандидаттык диссертациясын коргоого жана илимий чыйырын андан ары улантууга мүмкүндүк берүү — бул ошол кездеги ленинграддык чыгыш таануучу устаттарынын жана илимий жамааттын да эрдиги болчу.

(Далай чыгаан конструкторлор да советтик абактарда кармалып, илимий иштерин улантышкан, бирок алардын темалары коргоо, космос иликтөө, учак куруу, өзөктүк курал өндүрүү тармактары үчүн зарыл болгондуктан, аларга атайын шарттар да түзүлгөн. Шумовский үчүн болсо бул — өзүнүн өмүрдүк чыгармачыл темасына байланыштуу жеке демилгеси болгон).

Заманасы андан ары тарып, Теодор Шумовский 1948-жылы кайра камакка алынып, алыскы Шибердин Красноярск (Кызыл-Жар) аймагындагы Озёрлаг деген лагерине айдалган. Бул жерде ал А-499 деген жеке номур менен жүрүүгө милдеттенген.

Ал СССР Жогорку Кеңешине кат жазып, «советтик чыгыш таануудагы жаңы багытты өнүктүрүүсү үчүн» абактан бошотууларын суранган. Бирок анын өтүнүчү жоопсуз калган.

Акыры, Иосиф Сталин өлгөндөн кийин 3 жылдан соң гана, 1956-жылы окумуштууну эркиндикке чыгарышкан. 1963-жылы анын эки жолку абакка жазыксыз жерден салынгандыгы тастыкталган да, ал толугу менен акталган.

Атаганат, 1938—56-жылдары анын эң мыкты жылдары абакта коротулбаганда, бул чыгаан арабист эмне деген жаңы чыгармаларды жаратмак! деп эрксизден кейибей койо албайбыз.

Академиялык жылдар

Теодор Шумовский 1956-жылдан 1979-жылга чейин СССР Илимдер академиясынын алкагында эмгектенди.

Оболу ал академик И.А.Орбелинин колдоосу менен СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтутунун Ленинград бөлүмүнө илимий кызматка алынган.

Шумовскийдин тилеги кабыл болуп, бул институтта ал Ахмад ибн Мажиддин белгисиз үч деңиз каттамнаамасынын кол жазмаларын жарыкка чыгарган. Бул эмгек кийинчерээк арап жана португал тилдерине которулган.

1965-жылы Т. Шумовский «XV кылымдагы араптардын деңиз энциклопедиясы” (“Арабская морская энциклопедия XV века”) деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон жана тарых илимдеринин доктору даражасын алган.

Бул диссертация Ахмад ибн Мажиддин “Деңиз илиминин негиздери жана эрежелери жаатындагы пайдалуу китеп” («Книга польз об основах и правилах морской науки») деген деңизчилик терминдерге жыш өзгөчө татаал чыгармасынын арап тилинен орусча которулушуна жана текстологиялык изилденишине негизделген.

Араптарды деңиз саякатчылары катары дагы даңазалаган бул китеп чыгыш таануучулар арасында ар кыл талаш-тартыштарды жараткан.

Илимпоз Т.Шумовскийдин “Арабистика деңизинин кылаасында” («У моря арабистики»; 1975), “Арабисттин эскерүүлөрү” («Воспоминания арабиста»; 1978) деген эмгектери да учурунда жандуу талкуу жараткан. Ал СССРдеги чыгыш таануу тармагын реформалоого чакырган.

Чыгармачылыгын акыркы демине чейин уланткан ардагер

1979-жылы СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинграддагы бөлүмүндөгү жумушунан кеткен соң да, Теодор Шумовский илимий, котормочулук жана адабий ишмердигин эч токтоткон эмес.

Ал “Арап деңиз энциклопедиясы” эмгегин кайра жаңыртып жарыялаган (1984—1985). Башка да чыгыш таанууга арналган китептерин чет-четинен басмадан чыгарган.

Ал эми 1992—2011-жылдардын аралыгында ал “Куран” китебин түп нускадагы арапча уйкаштыгын сактоо менен ыр түрүндөгү ыкмада орус тилине которуп чыккан.

Айтылуу “Ыклас” сүрөөсүнүн Т.Шумовский которгон ыр түрүндөгү вариантын сунуштай кетелик:

Единственный — скажи о Боге — Он!

Для наших душ опора — Божий трон.

Бог не родит детей и не рожден.

Нет равных Богу, всех превыше Он!”

(Караңыз: Коран: Священная книга мусульман. / Пер. с араб. Т. А. Шумовского. — М., Терра. 1995. — 528 стр.; — 2-е изд.; Священный Коран: Страницы вечных мыслей. — М.-СПб: Диля, 2001. — 3-е изд. — М., АСТ, 2004. — 532 стр. )

Мында саптардын акыры “он – трон – рождён – он” деп уйкаш аяктаган.

Бул 112-сүрөөнүн арапча түп нускасынын саптарындагы уйкаштыкты да бул тексттен сезсе болот:

Қул хува л-Лаху ’ахад

Аллаху с-самад

Лам йалид ва лам йуулад

Ва лам йакуун лаху (айтылганда: йакул лаху) куфу’ан ’ахад”.

(Мында саптардын акырындагы “’ахад – самад – йуулад – ’ахад” уйкаштыгы айдан ачык көрүнүп турат).

Бул сүрөөнүн кыргызча сөзмө-сөз (уйкаштыгы жок) котормосун да сунуштай кетелик:

Айткын: Алла — тек (б.а. жападан жалгыз),

Алла — түбөлүктүү,

Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес,

Ага теңдеше алчу эч ким жок”.

Бул чакан мисалдан айгинеленгендей, өзүнүн илимий жетекчиси Игнатий Крачковский сыяктуу эле, Теодор Шумовский да “Куранга” мусулмандардын ыйык китеби жана араптардын адабий мурасы катары өзгөчө аяр мамиле кылган.

Т. Шумовский жүзөгө ашырган “Курандын” орусча ыр түрүндөгү котормосунун аудио китебинин мукабасы. 2009.
Т. Шумовский жүзөгө ашырган “Курандын” орусча ыр түрүндөгү котормосунун аудио китебинин мукабасы. 2009.

2009-жылы Орусиядагы "Покидышевъ и сыновья" басма үйү Теодор Шумовский жүзөгө ашырган “Курандын” орус тилиндеги ыр түрүндөгү котормосун алгачкы ирет аудио тасма катары жарыялады. Александр Клюквин мырза бул орусча көркөм жана илимий котормонун текстин кырааты менен окуп берди. Айрым сүрөөлөрдүн котормосун Теодор Шумовский өзү да окуп берген.

Бул аудио китеп Орусия Федерациясынын Муфтийлер кеңешинин төрагасы, шайык Равил Гайнутдиндин колдоосуна ээ болгонун да белгилей кетелик.

(Караңыз: Священный Коран: Аудиокнига / переводчик Теодор Шумовский; исполнитель аудиокниги Александр Клюквин. — М.: Изд-во "Покидышевъ и сыновья", 2009.— MP3 форматта жазылган; 2 CDден турат. )

Өмүрүнүн соңку жылдары Теодор Шумовский өзүнүн ыр жыйнактарын даярдоо менен да алектенген.

Т.А.Шумовскийдин бейити. Санкт-Петербург.
Т.А.Шумовскийдин бейити. Санкт-Петербург.

Теодор Шумовский 2012-жылы 28-февралда, б.а. 99-туулган күнүн белгилеген соң, бир кылымга караган курагынын чайын жаңы иче баштаганда, дүйнөдөн кайткан.

Анын сөөгү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Волковск көрүстөнүндөгү Адабиятчылар көпүрөчөсү аталган жайда өзүнүн устаты, академик Игнатий Крачковскийдин бейитинин жанына коюлган.

Көөнөргүс из

Бир кездерде чыгыш таануу адабиятында мусулмандар ачкан илимий ачылыштардын бардыгын араптарга гана таандык кылып салган жоболор жайнап кеткен.

Кийинчерээк, анын тескерисинче, мусулман кайра жаралуусу доорунда жана андан кийин бардык илимий жетишкендиктер арап эмес элдердин өкүлдөрү тарабынан гана жасалган, араптардын буга эч кандай тийешеси жок, деген жоболор да чыкты. Мындай анти-араптык кескин пикирлерди азыр да “Фейсбук” сыяктуу коомдук тармактардагы талаш-тартыштан учуратууга болот.

Ал эми чындык — дал ушул эки карама-каршы жоболордун дал ортосунда.

Мусулман элдеринин илими менен маданиятына түрк калктары, перстер, мусулман европалыктар, азиялык жана африкалык мусулман этностор кандайча зор салым кошсо, арап элинин өкүлдөрү да ошондой бараандуу салым кошуп келген.

Теодор Шумовскийдин башкы салымы — орто кылымдардагы араптар деңиз изилдөөгө да баалуу салым кошконун арапча кол жазма булактар аркылуу тастыктагандыгында.

UТ.А.Шумовскийдин “Арап деңиздеринин акыркы арстаны” китебинин мукабасы. 1999.
UТ.А.Шумовскийдин “Арап деңиздеринин акыркы арстаны” китебинин мукабасы. 1999.

Араптардын деңиз саякаттары тууралуу практикалык мааниси зор болгон чыгармаларынын бир даары... ыр түрүндө жазылган. Андагы уйкашталган ыр саптарынын ичинде катылган атайын деңизчилик терминдерин чечмелөөнүн өзү эле тозоку иш болгон.

Сөз оюндары аркылуу шөкөттөлгөн бул саптарды чечмелөө үчүн ал саптарга ошол доордо ар кыл мамлекеттерде деңиз жолу менен саякатта болгон билимдүү-таалимдүү жана эр жүрөк деңизчинин көзү менен кароо керек болгон. Бул чыгармаларда кеме куруудагы техникалык терминдерден тышкары, деңизде сүзүп баратып жылдыздарга байкоо салуу, шамал багыттарын иликтөө, аларга атайын аталыш берүү сыяктуу күндөлүк иш-аракеттер аркылуу кылымдар бою чогулган эмпирикалык тажрыйбанын терминдик казынасы да ширетилген.

Дал ушул татаал көйгөйдү чечмелеп, XX кылымдын ортосунда мыкты иликтөө жазган Теодор Шумовскийди арап деңиз саякат чыгармаларын мыкты иликтеген Габриэл Феррандан (1864—1935) кийинки мыкты окумуштуу катары таанып калышкан.

(Г. Ферран тууралуу караңыз: Relations de voyages et textes géographiques arabes, persans et turks relatifs à l'Extreme-Orient du VIIIe au XVIIIe Siècles; traduits, revus et annotés, by Ferrand, Gabriel, Paris E. Leroux, 1913-14, vol. 1-2; in French.

Voyage Du Marchand Arabe Sulaymân En Inde Et En Chine, rédigé en 851, suivi de: Remarques Par Abu Zayd Hasan (vers 916), Traduit de l'arabe avec introduction et glossaire, par G. Ferrand, Éditions Bossard, Paris, 1922, pages 1-113 et 141-144; ж.б.)

Албетте, араптардын деңиз саякаттарын саясий жактан туруктуу жана географиялык жактан кеңири өлчөмдө уюштурууга алар жашаган мамлекеттер — Түндүк Африкадагы мемлүктөр султандыгы, Кичи Азиядагы селжуктардын султандыктары, жалпы Ортоңку Чыгыштагы Осмон Түрк султандыгы да кызыкдар болуп, шарт түзүп тургандыгын айтуу абзел. Бул жаатта — арап деңиз таануу илиминин өзү да көп-этностуу мүнөзгө эгедер. Алардын тажрыйбасы Африкадагы жана Индиядагы жергиликтүү деңиз таануучулардын тажрыйбасы менен билимине да ширелтилген, деп Шумовскийге саал тактоо киргизсек болот.

Калыс чыгыш таануучу Теодор Шумовский Орусиянын этностук-саясий жана маданий тарыхы боюнча да ой бөлүшүп, орус элинин түрк элдери менен кылымдар карыткан карым-катнаштарына басым жасаган жана орустарды да чыгыш эли катары мүнөздөгөн. Ал байыркы орустар байырлаган Чыгыш Европадагы аймакты “Батыш Азия катары караш керек” деп санаган. Албетте, анын мындай пикири Орусиядагы европа-чордончул илимпоздорго жаккан эмес.

Орусиялык даңазалуу чыгыш таануучу Теодор Шумовскийдин көзү өтсө да, анын илимий табылгалары жана талаш-тартыш жараткан жоболору, “Курандын” ал жараткан орус тилиндеги ыр түрүндөгү котормосу, анын илимий-публицистикалык эмгектери, сталинизм доорундагы залимдик окуяларын фактыга негиздеп ашкерелеген баалуу эскерүүлөрү — ушулардын бардыгы анын элесин түбөлүккө калтырчу бараандуу мурас болуп калды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG