“Куугунтук курмандыктары” подкастында дүйнөдө кеңири жайылган саясый жана тарыхый бейне түзүү, мемуар жазуу, анын тарыхка салымы тууралуу жазуучу, академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
Кыргызстандагы соңку окуялардан соң жумшаруу тууралуу улуттук талкуу зарыл. Мындай пикирин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал соңку окуяларга, коомдогу талкууга, идеологияга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Мамат Сабыровдун аңгемесинде тарыхый инсан Кудаяр хан баяны сүрөттөлөт. Үч жолу хандык такка отуруп, соңунда Шиберге сүргүнгө айдалып, Ооганстанда мусапырчылыкта көз жумган тагдыры татаал адамдын өмүрү башкача өңүттөн баяндалган.
Оштун Өзгөн районунда аламан улак оюнун көргөнү келген эки кишинин кырсыкка кабылышы коопсуздук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды
Кыргызстанда 1980-1990-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнү эңсеген кыймылдар тууралуу азыноолак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык?
Өтүп бараткан жумада кыргыздын көрүнүктүү дизайнери, этнограф Айдай Асангулова дүйнө салды.
Кыш капортолоп калганда кыргыз адабиятынын бир капшыты эңшерилди. Алтымыш жылдан ашуун өмүрүн “Манас” эпосун изилдөөгө арнаган окумуштуу Раиса Кыдырбаева дүйнө салды. Анын орус тилинде жазган макалалары кыргыздын улуттук мурасынын дүйнөгө таанылышына чоң салым кошкон.
Жыл жыйынтыктап жатканда "Азаттыктын" студиясына өзгөчө ырдоо стили менен таанылган Адик Жумабеков конокко келди. Адик кыйла жылдан бери өнөр дүйнөсүндө жүрүп, музыкалык аспаптардын коштоосунда фонограммасыз ырдаганга артыкчылык берип келет.
Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамынан кийин он күндөй эс алат. Бул аралыкта айрым окурмандар бош убактысын китеп менен өткөргүсү келиши мүмкүн. Каникулда телефон тиктебей, балам китеп барактасын деген ата-энелер бар. Бирок көбүндө кайсы китепти окуш керек деген суроо турат.
“Ак илбирс” улуттук cыйлыгы 2024-жыл үчүн ыйгарылганын тактай кетели. Ага ылайык, алыстар тобу Руслан Акунду мыкты режиссер деп тапкан. Анын “Бейиш эненин таманында” тасмасында башкы ролду аткарган Анара Назаркуловага мыкты актриса, Эмил Эсеналиевге мыкты актер сыйлыгы ыйгарылды.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.
Дагы жүктөңүз