Максат Жангазиев Кыргызстандагы 40 жашка чейинки акындардын көрүнүктүү өкүлү. Анын алгачкы ыр кечеси 2014-жылы, 22 жашында өткөн.
"Андан кийин 2019-жылы үч акын менен бирге, 2020-жылы жеке чыгармачылык кечем өткөн. Көптөн бери чыгармачылыктан алыстап кеткендей сезим болуп жүрдү. Жан дүйнөмдө ыр окугум келген мүнөттөрдү жашап жаттым. Жаздын соңку күндөрүнө калтырбай ыр кечемди өткөрүп алсам деген тилегим бар эле. Бул нерсе бат эле болуп кетти. Ыр дүйнөдө даярдык, элге жаңы ырларды тартуулоо максатында да өтүп жатат", - дейт акын.
Максат Жангазиевдин “Жүрөк үнү" деген ыр жыйнагы 2014-жылы жарык көргөн. Акын андан бери көз карашы, табити өзгөргөнүн, бирок сүйүүнү өмүр бою жазарын белгиледи.
"Алгачкы китебим чыккандан бери 12 жыл өттү. Өзүмө болгон сын ойгонуп кеткендиктен андан бери китеп чыгара албадым. Шарт бар бирок ички даярдыктан улам чыгына албадым. Көз карашың өзгөрөт экен, өзүңө болгон сын ойгонгондон кийин дагы жазуу кыйын болуп калат экен. Буюрса экинчи жыйнагымды даярдап жатам. Поэзияда түбөлүктүү темалар бар да. Өзүбүзгө жакын тагдырды, махабат, жашоо дегендей. Сүйүүнү чал болгуча жазам го".
МАКСАТЫМ...
Бала кезде: "Кубат топтоп билимден,
Барктуу акын болом – дегем – кийин мен!"
"Ак сүйүүңө жетпе анда – дейт сынчы,
Акын болгуң келсе чындап дилиңден!"
Ооба анда жакшы ой дилге түнөткөм,
Ой деп, ыр деп канча уйкусуз түн өткөн.
"Мыкты саптар консун десең багыңа,
Махабатың учур – дейт ал жүрөктөн…"
Эми минтип тапкан кезде ашыгым,
Эх сынчы дос, шулбу айткан ачыгың?
Арзуумдан мен айрылаарым эстесем,
Акын болгум келбей кетти катыгүн…
Ах кыялдар… үбөлөндү күкүмдөй…
"Акын болом" депмин көптү түшүнбөй…
Дүкүлдөгөн жүрөгүн таап жердин да,
Дүйнө сырын билгим келген бүтүндөй…
Мейли ар ким каалагандай какшасын,
Мен сүйүүгө жетүү – бийик максатым!
"Акын болбой калдым эх" деп кейибейм,
Алган жарым төрөп берсе жакшы акын…
Аткарылды деп билээрмин максатым,
Арзыганым "белек кылса" жакшы акын…
Максаттын кичи мекени - өнөрпоздордун өрөөнү атыккан Кетмен-Төбө. Бабасы Жангазы Отунчиев айтылуу Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Мындан улам ал соңку жылдары төкмөнүн чыгармачылык өмүр жолун дагы өз алдынча изилдеп келет.
Рыскан Чимиянованын айтымында, баласы 6-7-класста окуп жүргөндө эле ыр жаза баштаган экен.
"Бала кезинен эле жамактап ыр жазып калчу. Атасы ушундай эле ыраматылык. Мен дагы анда-санда жазып койчумун. Биринчи ыры мектепте окуп жүргөндө эле жазылган. Мекен, ата-эне, достору жөнүндө жазчу. 6-7-класста окуп жүргөнүндө “Башат” деген чакан китеп чыгып ага баламдын ыры кирген. Толкунданып ыйлаган күндөрүм болгон. "Атама” деп ыр жазчу, мекенге, мага, досторуна арнап дагы жазып жүрдү. Кийин борборго келди. Баламдын ушул даражага жетишине чөйрөсү, достору дагы таасир этти деп ойлойм. Кыргызга таанымал адамдар менен жанаша жүрбөйбү".
Максат жети жашында атадан айрылган. Жашоодогу тирегине болгон сагыныч, өксүк кийин ырга айланды. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, бөпөлөп чоңойткон энесине да көп ырларын арнады.
КҮЛЧҮ, АПАКЕ!
Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды,
Ырасында билбейм пайда табамбы.
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи,
Доктур болбой, «акын» болгон балаңды.
Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң,
Турмушумда баарын сизден үйрөндүм.
Бирок сиздей асыл адам боло албай,
Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн!
Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш,
Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас.
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын,
Менин кылар миң мээнетим татыбас.
Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң,
Башка сиздей данакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн Жер огунда айланып,
Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн.
Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп,
Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп,
Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке,
Аалам өзү кетет мага жок болуп!
Күлчү, апаке, ошол бакыт, керемет!
Күлкүңүздөн жазга айланат төгөрөк!
Азабыңдын актабасам бир күнүн,
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп!
Мээримиңдин актабасам ирмемин,
Мен алдыңда өтөйүнчү чөгөлөп!
Максат Жангазиев 34 жашта. 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон. 2021-жылы Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыгын алган.
Жазуучулар бирлигинин төрагасы Каныбек Иманалиев күнүмдүктү кууган журналистиканын тегирменинде жүрүп Максаттай сезимталдыгын, романтиканы сактап калган адамдар саналуу экенин белгиледи.
“Ушул куракта элге таанылуу көбүнүн эле колунан келе бербейт. Былтыр Баткенде өткөн “Өрүкзар поэзиясы” фестивалынын лауреаты болду. Лирик акын. Калеминин сыясын кургатпай иштесе, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдей чоң акын болот деп ойлойм. Бизде Казакстан менен көкбөрү, айтыш болуп турат. Эгер эл аралык деңгээлде жазма акындардын сынагы болсо, Максатты таптап туруп салса, улуттук намысты коргочу акындардын бири. Дагы бир жагдай, менин түшүнүгүмдө журналистика адамды романтикадан, поэтикадан алыстатып салат. Бирок ошого карабай "Азаттыкта" күнүмдүк журналистика менен иштеп, чыгармачыл мамилени, романтиканы сактап калган Шайлообек байке (Дүйшеев-ред), Бурул эже (Сарыгулова-ред.) анан Максат болду. Максаттын дагы бир өзгөчөлүгү обон созуп ырдайт. Поэтикасы болсо такшалып калган акындардыкындай. Биз жаш дегенибиз менен элге таанылып, өз күйөрмандарын эчак тапкан".
Ыр кечеге келген акын, журналист Атахан Кожогулов калемдешине поэзияны жүрөк менен жазган акын деп баа берди.
"Поэзияны түшүнүү, поэзия менен жашоо ар кимдин эле колунан келбейт. Анткени ар бир экинчи кыргыз ыр жазат да, бирок анын баарын чыныгы поэзия дегенге болбойт. Ырда калп айтууга болбойт. Ырда жашаш керек. Жүрөктөгү сезимди, эң башкысы чындыкты жазышы керек. Ыр жазуунун техникасын түшүнүп алып, жазып койгондор бар. Бирок андай ыр менен поэзияны талдаган, ырдын табиятын билген адамды алдай албайсың. Максат ырда калп айтууга болбосун түшүнгөн, өз жолун тапкан акын. Бөлөк акындардан айырмаланып, ырларын жатка да айтат. Абдан окумал, интеллигент. Келечекте изденсе, дагы мыкты чыгармаларды жазат".
Кыргызда "Акын менен элчиге өлүм жок" деген. Мунусу акындар эч качан адилетсиздикке кайдыгер боло албайт, туйганын, билгенин ачык айтат дегенди билдирген.
Бул жагынан алганда Максат журт башына оор сыноолор келгенде айрым өзү курдуу акындардай жалтактап, арзыбаган тыйын үчүн одаларды жазып же социалдык тармактарда кошоматты жаадырбады.
Мүнөзү жумшак болгону менен поэзияда кашкөй акын экенин Баткендеги чек ара алмашуудан кийин көчүрүлгөн Достук айылынын тургундарына, ала качуунун курмандыгы болгон кыздарга арналган ырларынан көрүнүп турат.
Туулган жер менен коштошкон эл же чырактай кезинде зомбулуктан кыйылган өмүр тууралуу саптарды окуганда каңырык түтөп, көзгө жаш келет.
КОШ, АЙЗАДА...
Кош, Айзада тирүүлөрдүн тобунан...
Кош, Айзада, кеттиң аргаң жогунан...
Балбылдаган бакыт табар чагыңда,
Ажал таптың бир зөөкүрдүн колунан.
Арсыз коомдо алсыздарын кордогон,
Бизге сабак болбойбу деп ойлоном...
Кош, Айзада, ачылбаган он гүлү,
Кош, Айзада, али эне болбогон...
Акын Кутмырза Жакыбалиев калемдешинин ар бир сабы жүрөккө кыттай уюп каларын байкаган.
"Максаттын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү ойдун тереңдиги. Ырдын салмагы андагы айтайын деген ой, сөздүн төркүнү. Анан ошол терең ой уюлушкан ыргактык, уйкаштык менен жуурулушуп турса, сөзсүз адамдын жүрөгүнөн түнөк табат. Мыкты ырлар бир окуганда эле жүрөккө кыттай уюп калат. Максаттын ырлары шыр окулат. Жөнөкөй сөздөр менен эле терең ойлорду айтып коет. Ошонусу менен окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет. Котормолорду дагы түп нусканын өзүндөй же андан ашырып берген учурлары көп".
Максат коңшу элдердин акындарынын ырларын дагы которуп келет. Айрыкча орусиялык окумуштуу, математик Игорь Аглицкийдин "Жашоо жөнүндө жүз сөз" деген ырынын котормосун кыргыз окурмандары жылуу кабыл алышкан.
Ак бешик. Жалаяк. Бөбөк. Ый.
Сүйүнүч. Көрүндүк. Төрөт үй.
Оюнчук. Алгачкы кадамдар.
Бир тууган. Бейтааныш адамдар.
Ак мектеп. Дептерлер. Парталар.
Ак көйнөк. Бала кез чаң салар.
Топ. Аянт. Ызы-чуу. Мушташтар.
Топ балдар. Сынган тиш. Көз жаштар.
Институт. Жаз айы. Асыл чак.
Сессия. Жай айы. Жашыл бак.
Экзамен. Диплом. Тост. Шараптар.
Эстүү да, эссиз да адаттар.
Узун кыш. Махабат. Оттуу ырлар.
Убакыт. Учкан саат. Топ жылдар.
Той. Төркүн. Кайын-журт. Сунуштар.
Ый. Күлкү. Каталык. Уруштар.
Үй-бүлө. Акча. Иш. Маселе.
Ак бешик. Жалаяк. Ата-эне.
Ак жолдо: Сооп. Бата. Камкордук.
Кир жолдо: Күнөө. Кек. Канкорлук.
Сыйлашуу. Табият: Гүлдүү. Кооз.
Чырдашуу. Сынык дил. Түрдүү дос.
Карыздар. Кредит. Банк. Мал дүйнө.
Муз көңүл. Жаралуу жан дүйнө.
Небере. Сүйүнүч. Жаңылык.
Көз айнек. Кош балдак. Карылык.
Муундар бош. Кош тизе чөгөлөп,
Муздак түн. Үшкүрүк. Керебет.
Депрессия. Палата. Ак халат.
Диагноз. Ак үмүт. Ак барак.
Муң-арман. Дос-тууган топурап,
Коштошуу. Ый. Табыт. Топурак.
Акыркы жылдары чыгармачыл кечелер башка жаңыча форматта өтө баштады. Жаштар арасында социалдык платформаларда ыр окугандар арбын. Алар аркылуу кыргыз поэзиясына кызыгып, ыр кечелерине келгендер да жок эмес.
Бишкектин тургуну Назира Касымова акындын ырлары менен Өзгөрүш Абакировдун окуусунда таанышканын айтты:
“Максат Жангазиевдин поэзия кечесине келдик. Ушундай кечеге биринчи келишим. Мен өзүм Өзгөрүштүн күйөрманымын. Инстаграм баракчасынан көрүп, көрөлүчү деп келип калдык. Аябай жакты, мен ойлойм ушундай акындарды, чыгармачыл адамдары дагы колдошубуз керек. Мен өзүм кыргыз мектепте окуганым менен шаарда чоңойгом. Биз эс тартып жаткан убакта орус адабиятынын, кинолорунун таасири күч эле, ошолор менен чоңойдук. Акыркы жылдары интернет аркылуу кыргыз поэзиясы, прозасы менен тааныша баштадык. Ушундай чыгармачыл кечелер көп өтсө, аны колдоп келип турсак эне тилибизди жайылтууга колдоо болмок”.
Максаттын көптөгөн ырларына обон жазылган. Кечеде аларды Сыймык Бейшекеев, Майрамбек Осмонов, Арууке Абдыкалыкова ж.б. ырчылар көрүүчүлөргө аткарып берди.
Максат Жангазиев акындыктан тышкары журналистиканы да аркалап, бир катар медиаларда эмгектенген. 2021-жылдан 2025-жылга чейин “Азаттыктын” маданий кабарчысы болгон. Анын ушул аралыкта даярдаган макала, видео жана аудио баяндары менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Шерине