Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

«Азаттыктын» кабарчысы Жангазиев Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты болду


Улукбек Омокеев, Калича Жакыпова, Афина Бакирова, Алтынбек Исмаилов жана Максат Жангазиев. Сыйлыктын жеңүүчүлөрү. (солдон оңго карай)
Улукбек Омокеев, Калича Жакыпова, Афина Бакирова, Алтынбек Исмаилов жана Максат Жангазиев. Сыйлыктын жеңүүчүлөрү. (солдон оңго карай)

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, маданият темаларын чагылдырган Максат Жангазиев акын Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты болду.

Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы Гүлзар Абдимиталипова билдиргендей, кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн ушундай эле сыйлык менен акындар Алтынбек Исмаилов, Афина Бакирова, Калича Жакыпова, Улукбек Омокеев сыйланып, 30 миң сомдон акчалай байге алышты. Сыйлык 1-2-апрель күндөрү Ош шаарында Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулган иш-чарада тапшырылды.

Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1957-1962-жылдары борбордогу Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө, 1969-1971-жылдары Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан билим алган.

Анын «Отту сүйөм», «Жашыл аалам», «Убакыт», «Ырлар», «Мезгилдин элеси», «Буруул таңдын жомогу», «Суунун өмүрү», «Жарышкан суулар», «Атка токум салгыла», «Жүз жашка тол кылым», «Башат жана Мухит» аттуу поэтикалык жыйнактары күйөрмандарынын алкоосуна татыган.

Жолон Мамытов 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында Москва шаарында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG