Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Косоводо экинчи айым президент ишке киришти


Вйоса Османи айым президенттин милдетин аткаруучу катары Евробиримдиктин атайын өкүлү менен жолугушуусунан кийинки маалымат жыйынында. Приштина, Косово. 2-март, 2021-жыл.
Вйоса Османи айым президенттин милдетин аткаруучу катары Евробиримдиктин атайын өкүлү менен жолугушуусунан кийинки маалымат жыйынында. Приштина, Косово. 2-март, 2021-жыл.

Косоводо 38 жаштагы реформачыл юрист Вйоса Османи президент болуп шайланды. Ал Косовонун согуштан кийинки тарыхындагы жетинчи мамлекет башчысы жана экинчи аял президенти болуп калды.

Косовонун эң популярдуу саясатчысы деп мүнөздөлгөн Вйоса Османи 4-апрелдин кечинде ант берип, мамлекет башчылык кызматка киришти. Бийликтеги «Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») кыймылынын талапкерин Косовонун 120 орундуу парламентинин 71 депутаты колдоду.

Добуш берүүнүн үчүнчү айлампасына 82 депутат катышты. 11 бюллетен жараксыз деп табылды. Османинин атаандашы, партиялашы Насуф Бейта бир дагы добуш алган жок. Османи айымдын талапкерлигин Косовонун премьер-министри Албин Курти өзү колдогон.

Ишемби күнү Косовонун парламенти президентти эки айлампада шайлай албай калган. Буга жыйынга 80ден аз депутат катышып, кворум түзүлбөй калганы себеп болгон.

Парламенттеги оппозиция жана серб тегиндеги депутаттар президентти шайлоого бойкот жарыялашкан болчу. Эгерде 5-апрелге чейин мамлекет башчысы шайланбай калса, анда кезексиз парламенттик шайлоо дароо дайындалмак.

Мындай чукул шайлоо премьер-министр Албин Куртиге өкмөттү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жол ачаары кабарланган эле. Кантсе да жекшембиде Курти менен Османи президентти шайлоо үчүн зарыл болгон көпчүлүктү топтой алышты.

Вйоса Османи президент болуп шайланган учур, Приштина, 4-апрель, 2021-жыл.
Вйоса Османи президент болуп шайланган учур, Приштина, 4-апрель, 2021-жыл.

Османи президент болуп шайлангандан кийинки сөзүндө парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгын демократиянын көрсөткүчү деп атады.

"Бүгүн биз демократиялык шайлоолордун бир бөлүмүн татыктуу жыйынтыктап гана тим болбой, жарандарыбыздын эркин толук сыйлоо менен демократия иштеп жатканынын мыкты үлгүлөрүнүн бирин көрсөттүк", - деди жаңы президент.

Косовонун жаңы мамлекет башчысы ким?

38 жаштагы Вйоса Османи Косоводогу реформачыл юрист жана негизинен патриархалдык коомдогу аялдардын укугун алга сүрөгөн саясатчылардын бири катары мүнөздөлүп келет. Ал Митровица шаарында төрөлүп өсүп, Косоводогу Приштина университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Кийинчерээк АКШдагы Питтсбург университетинен магистрдик жана доктордук даражага ээ болгон. Ал албан тилинен тышкары англис, түрк, серб тилдеринде эркин сүйлөйт. Испан тилинде да баарлаша алат.

Османи адеп Приштина университетинде дарс окуган жана Косовонун демократиялык лигасы партиясынын жогорку тепкичтерине чейин көтөрүлгөн. 2006–2010-жылдар аралыгында президенттин администрациясын жетектеп, Косовонун Конституциясын даярдоого катышкан.

Ошондой эле ал Косовонун көз карандысыздыгын жарыялашы боюнча Эл аралык соттун отурумдарында өз республикасынын таламын талашкан.

Ал парламенттин төрт чакырылышына депутат болуп шайланган. Муну менен Османи айым Косовонун тарыхындагы эң көп шайланган аял саясатчы жана парламенттик шайлоолордо эң көп добуш алган экинчи саясатчы болуп калган.

Османи 2020-жылдын февраль айында Косовонун биринчи айым спикери болуп шайланып, бул кызматта март айынын соңуна чейин иштеди. Былтыр ноябрда ошол учурдагы президент Хашим Тачи кызматтан кетип, Османи мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткарып калган.

Ал быйыл февраль айындагы парламенттик шайлоого бийликтеги «Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») кыймылынын атынан катышып, 300 миңден ашуун добуш топтогон жана мындай көрсөткүч менен эң популярдуу саясатчы катары мүнөздөлгөн.

Вйоса Османи Косовонун эгемендик майрамына арналган иш-чарада, Приштина, 17-февраль, 2021-жыл.
Вйоса Османи Косовонун эгемендик майрамына арналган иш-чарада, Приштина, 17-февраль, 2021-жыл.

Эми ал Косовонун тарыхында 2011–2016-жылдар аралыгында президент болуп иштеген Атифете Яхьяга (Atifete Jahjaga) айымдан кийинки экинчи айым мамлекет башчысы болуп калды.

Османи айым 4-апрелде парламенттин жыйынында:
"Бүгүн Косово кайрадан аял президентти шайлады. Бизди азыр көрүп жаткан бардык кыздар бүгүн айткан сөздөрүмдү дайыма эстеп жүрөт деп ишенем. Кыздар өздөрү каалаган жерде, өздөрү кыялданган, өздөрү талыкпай эмгектен жерде өз ордун таба алат. Бардык кыялдарыңар орундалат", – деп билдирди.

Бийликтеги партиянын кезектеги жеңиши

Президент шайлангандан кийин АКШнын Косоводогу элчиси Филип Коснетт Вйоса Османи айымды "Твиттер" аркылуу куттуктады.

"АКШ болочоктогу тынчтыкты, адилеттикти жана бардык жарандар үчүн өнүгүп өсүүнү камсыз кылуу үчүн Косово республикасы менен жакын өнөктөштүк мамилесин улантат", – деп жазды элчи.

Калкы эки миллионго жетпеген Косоводо президенттин ыйгарым укуктары церемониалдуу мүнөзгө ээ. Ошентсе да мамлекет башчысы тышкы саясатта алдыңкы ролду ойнойт. Мындан тышкары президент Косовонун куралдуу күчтөрүн жетектейт.

Вйоса Османинин президент болуп шайланышы менен бийликтеги «Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») кыймылы Косоводогу үч негизги саясий кызматты көзөмөлдөп калды. Косовонун премьер-министри да, парламент спикери да дал ушул кыймылдан тандалган.

“Ветевендосйе” быйыл февралдагы шайлоодо 120 орундун 58ин жеңип алып, серб эмес этностук азчылыктардын өкүлдөрүнөн турган тогуз депутат менен бирдикте башкаруучу коалиция түзгөн.

Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачинин былтыр кызматтан кетишине өзүнө коюлган айыптар түрткү берген. Ал 1998–1999-жылдардагы Косоводогу серб-албан куралдуу жаңжалы учурунда адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштарын жасаган деп айыпталган. Тачи өзүнө коюлган доолорду четке кагууда. Хашим Тачи өз ыктыяры менен Гаага трибуналына барган.

Балкан өрөөнүндө жайгашкан Косово 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялап, аны 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү расмий таанышкан.

Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө Косовону дагы эле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG