Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Косово лидерлери оор кылмышка айыпталууда


Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын саясий лидери Хашим Тачи. Македониядагы качкындар лагери. 16-июнь, 1999-жыл
Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын саясий лидери Хашим Тачи. Македониядагы качкындар лагери. 16-июнь, 1999-жыл

Гаагадагы атайын прокуратура согуш кылмыштары үчүн айыптагандан кийин Косовонун президенти Хашим Тачи Вашингтондогу сапарын аягына чыгарбай Приштинага кайтууну чечти.

24-июнда Косово боюнча атайын прокуратура президенттен тышкары парламенттин мурдагы төрагасы Кадри Весели жана дагы бир нече кишини 1998-1999-жылдардагы куралдуу жаңжал учурундагы адамзатка каршы кылмыштары үчүн айыптаган. Тачи жана калгандар күнөөсүз экенин айтышууда.

Атайын прокуратуранын 24-июндагы билдирүүсүндө шектүүлөр «жүз чакты адамды өлтүрүү» жана «адамдар дайынсыз жоголуп, кыйноого жана куугунтукка кабылганы» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп айтылат.

Эми Косово боюнча сот прокуратура тапшырган документтер менен таанышып чыккандан кийин гана чечим чыгармакчы. Бул жараян жарым жылга созулушу ыктмал.

Тачи жана Весели Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын кол башчылары болчу. Этникалык албандардан турган кошуун 1998-99- жылдардагы согушта Белграддын коопсуздук күчтөрүнө каршы күрөшүп келген.

Прокурорлор кылмыштардын курмандыктары арасында косоволук албандар, сербдер, цыгандар жана башка улут өкүлдөрү менен катар саясий оппоненттери да болгонун белгилешти.

Весели ушу тапта Косовонун Демократиялык партиясын жетектейт жана парламент депутаты. Шаршемби күнкү билдирүүсүндө ал «согуш кылмыштарына аралашпаганын» кайталады.

Кадри Весели маалымат жыйында. Приштина, 24-июнь 2020-жыл
Кадри Весели маалымат жыйында. Приштина, 24-июнь 2020-жыл

"Эркиндик согушкерлери 1998-99 жылдары колуна курал кармап өз элин, үй-бүлөсүн, үйүн жана ар-намысын Сербиянын аракеттеринен коргоп чыгышкан. Алар ушундай кемсинтүүгө эмес, урматка жана даңазалоого татыктуу".

Прокуратуранын айтымында, расмий күнөө тагууга “бир топ убакытка созулган тергөө” негиз берди жана “бардык дооматтарды” далилдей алышат. Атайын прокуратура Тачи менен Весели “сот жообунан кутулуу үчүн” алардын ишине тоскоол болууга аракет кылышканын белгиледи.

Косовону Боштондукка чыгаруу армиясын буга чейин эле адам органдарын сатканы үчүн күнөөлөп келишкен. Бул тууралуу биринчи болуп 2008-жылы Гаага трибуналынын мурдагы прокурору Карла дель Понте билдирген.

2011-жылы ушундай эле айып Европа кеңешинин докладында да айтылган.

Тачи жана Весели согуш кылмыштарына аралашканын башынан эле танып келишет.

Прокуратуранын жарыясынан кийин Тачинин кеңсеси президент АКШга сапарын аягына чыгарбай, бейшембиде Косового кайтып келерин билдирди.

Ал 27-июнда Ак үйдө ортодогу мамилелерди оңдоо максатында Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолукмак. Сүйлөшүүлөрдү Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти улантары кабарланып, бирок кийин ал Вашингтонго баруудан баш тартты.

"Прокурордун чыныгы мотиви саясатка негизделген деген күмөн саноо да тынчсыздандырат. Айыпты Ак үйдөгү жолугушууга саналуу күн калганда тагышты. Бул бекеринен эмес деген ой пайда болбой койбойт. Бир да прокурор саясий мотивдерге жетеленбеши керек", - деди Весели.

Косоводогу Стагово айылы, 2019-жыл
Косоводогу Стагово айылы, 2019-жыл

Албандар үстөмдүк кылган Сербиянын провинциясында 1998-99-жылдары элдик козголоң башталып, Белград аны күч менен баскан.

НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен. Жаңжалда 10 миңден көп киши өлгөн, 1 600дөн ашуун киши азыркыга чейин дайынсыз.

Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, аны 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү таанышкан.

Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө аны дагы деле Сербиянын бир бөлүгү катары санашат.

Косово боюнча сот ал жакта согуш маалында жана андан кийин жасалган кылмыштарды иликтөө үчүн 2015-жылы түзүлгөн.

Европа Биримдигинин басма сөз катчысы Питер Стано блок атайын прокуратуранын же соттун чечимдерине комментарий бербей турганын, бирок алардын ишин "толук колдорун" билдирди.

Ал тапта Приштина өкмөтү элди тынчтыкка чакырып, сот өкүмү чыккыча эч кимди күнөөлүү деп айтууга болбосун эскертти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG