Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Косоводо жаңы өкмөт куралды


Косовонун жаңы премьер-министри Альбин Курти
Косовонун жаңы премьер-министри Альбин Курти

Өткөн айда шайланып келген Косовонун парламенти премьер-министрликке “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясынын лидери Альбин Куртини шайлады. 22-марттагы парламенттин жыйынында 120 депутаттын 67си жаңы премьер-министрди колдоп, добуш берди.

Курти жетектеген “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясы 14-февралдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. Бул партия парламенттеги 120 орундун 58ин ээлеген. Бул сан өкмөттү куроо үчүн жетиштүү болбогондуктан Курти парламентке келген серб азчылыгынын өкүлдөрү менен эсептешүүгө туура келди. 15 министрден турган өкмөттүн төрт мүчөсү азчылыктардын өкүлдөрүнөн куралды.

Эми жаңы өкмөт пандемиялык кырдаалда экономикалык кризиске туш болгон Косовонун көйгөйлөрүн чечиши керек.

Сербиянын курамында болуп келген Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялаган. Аны АКШ, Евробиримдиктин бир топ өлкөлөрү тааныган. Бирок Белград жана Москва, ошондой эле бир нече мамлекет Косовону дагы деле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG