Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Косовонун президенти Хашим Тачи Гаагада сурак берет


Косовонун баш калаасы Приштинадагы парламент имаратында илинген "Согуш баатырлары" деген Хашим Тачи менен Кадри Веселинин сүрөтү, 13-июль, 2020.

Косовонун президенти Хашим Тачи 13-июлда Гаагада эл аралык аскер прокуратурасына көрсөтмө берет.

Косоводогу кылмыштар боюнча соттогу атайын прокуратура өткөн айда Хашим Тачи жана парламенттин экс-спикери Кадри Весели баштаган бир канча адамга 1990-жылдардын аягындагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштардан улам айып койгон. Косовонун президенти жана башкалар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Тачи буга чейин куралдуу кагылыштарда анын өлкөсү жапа чеккени менен согуш кылмыштарын иликтеген эл аралык сот менен кызматташып жатканын билдирген. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына соңку эки жылдан бери аны менен ийиндеш согушкан косоволуктардын көбү атайын комиссияга сурак бергенин жазган.

24-июнда Гаагадагы атайын прокуратура кылмышка шектүүлөр «жүз чакты адамды өлтүрүү» жана «адамдардын дайынсыз жоголуп, кыйноого жана куугунтукка кабылганы» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп маалымат тараткан. Косово боюнча сот прокуратурадан келген документтер менен таанышып чыккандан кийин гана чечим чыгармакчы. Бул жараян бери дегенде жарым жылга созулушу мүмкүн.

Косово боюнча сот ал жакта согуш маалында жана андан кийин жасалган кылмыштарды иликтөө үчүн 2015-жылы түзүлгөн.

Тачи менен Весели согуш кылмыштары тууралуу дооматтарды негизсиз деп эсептешет. Косово президенти эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, кызматтан кетерин айткан.

"Урматтуу жарандар, мен балким саясий ката кетиргендирмин, бирок эч качан аскердик кылмышка барган эмесмин. Мен сиздерди дагы бир жолу ынандырып коёюн, эгер коюлган айыптар далилденсе, президенттик кызматтан кетем".

Хашим Тачи менен Кадри Весели 1990-жылдары Косово Боштондукка чыгаруу армиясынын кол башчылары болгон. Этникалык албандардан турган кошуун 1998-1999- жылдардагы согушта Белграддын коопсуздук күчтөрүнө каршы күрөшүп келген. Весели ушул тушта Косовонун Демократиялык партиясын жетектейт жана парламент депутаты.

Албандар үстөмдүк кылган Сербиянын провинциясында 1998-1999-жылдары элдик козголоң башталып, Белград аны күч менен баскан. НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен. Жаңжалда 10 миңден көп киши өлгөн, 1600дөн ашуун адам азыркыга чейин дайынсыз.

Косовону Боштондукка чыгаруу армиясын буга чейин эле адам органдарын сатканы үчүн күнөөлөп келишкен. Бул тууралуу биринчи болуп 2008-жылы Гаага трибуналынын мурдагы прокурору Карла дель Понте билдирген. 2011-жылы ушундай эле айып Европа кеңешинин докладында да айтылган.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан эгемен өлкө деп жарыялаган. Анын көз карандысыздыгын дүйнөдөгү 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү таанышкан. Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө Косовону дагы эле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

Эки өлкө тең Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө умтулуп келатышат. Шаркеттин шарттарына ылайык, алар өз ара сүйлөшүп, ортодогу маселелерди чечүүгө тийиш.

Өткөн аптада Европа Биримдиги Cербия жана Косово лидерлеринин сүйлөшүүлөрү жанданганын билдирди. Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти менен серб президенти Александр Вучич шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Йозеп Борреллдин арачылыгы менен уюштурулган онлайн жолугушууга катышты.

Акыркы жолу эки өлкө жетекчилеринин саммити 2018-жылдын ноябрында өткөн. Евробиримдиктин чабарманы Мирослав Лайчактын айтымында, Вучич менен Хоти Брюсселде 16-июлда жолугушат.

XS
SM
MD
LG