Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Младичтин соту: талаштуу өкүм


Босниялык сербдердин мурдагы аскердик кол башчысы Ратко Младич.
Босниялык сербдердин мурдагы аскердик кол башчысы Ратко Младич.

Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы босниялык сербдердин мурдагы кол башчысы Радко Младичти өмүр бою эркинен ажыратты. 22-ноябрда чыккан Гаага сотунун чечимин айрымдар "адилеттүүлүктүн жеңиши" десе, Сербиянын президенти "келечек тууралуу ойлончу күн" деп атады.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Ал-Хусейн 22-ноябрда чыгарылган Гаага сотунун өкүмүн "адилеттүүлүктүн жеңиши" деп атады.

- Младич - караөзгөйлүктүн уюткусу жана Младичке чыгарылган өкүм - эл аралык адилеттүүлүктүн көрсөткүчү. Младич жана Каражич экөө мурдагы Югославияда Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери боло элек кыргын жана кыйратуу алып келишкен. Тилекке каршы, бул Европанын тарыхындагы кыйын мезгил болду.

Босниялык сербдердин мурдагы аскер башчысы Ратко Младич 22-ноябрда өмүр бою түрмөгө кесилди. Душмандары “Босниянын касапчысы” деп ылакап атка кондурган Младич геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталган эле. Алардын арасында 1995-жылдын июль айында Босниядагы Сребреница деген жерде 8 миндей мусулман эркектер менен балдардын өлтүрүлүшүнө байланыштуусу да бар. Ал окуя Европа аймагында Холокосттон кийинки чоң кыргын деп табылган.

Өкүмдү сотто төрагалык кылган судья Альфонс Ори окуду:

"Бул кылмыштар үчүн сот Ратко Младичти өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарды".

Бул өкүм окулаардын алдында Младич "Силер калп айтып жатасыңар!" деп улам кыйкыра бергенине байланыштуу сот залынан чыгарылган. 75 жаштагы мурдагы колбашчы ага тагылган он бир айыптын бирөө - айыл-кыштактардагы геноцид боюнча акталды. Младичтин адвокаты Драган Иветич соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышарын журналисттерге айтты.

Младич улам кыйкыра бергендиктен аны сот залынан чыгарып салышты.
Младич улам кыйкыра бергендиктен аны сот залынан чыгарып салышты.

Мурдагы Югославия боюнча трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерц бул чечим сербдерге каршы өкүм эмес экенин айтты.

"Младичтин күнөөсү - анын жеке күнөөсү"-деди Браммерц.

Сербдердин улутчулдары трибуналда соттолгондордун көбү сербдер экенин жүйө келтиришип, ал серб улутуна каршы багытталганын айтып келишет.

Младичтин иши 1993-жылы Гаагада негизделген трибуналда каралган соңку иш болуп калды. Трибунал 1990-жылдардагы Балканда болгон согуш маалындагы кылмыштарды иликтөө үчүн негизделген.

Босния жана Герцеговинанын премьер-министри Денис Звиздич соттун чечимин кубаттап, "согуш кылмышкерлери кайда барбасын сот адилеттүүлүгүнөн качып кутула албастыгы" дагы бир ирет ырасталганын айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул чечим "мыйзам үстөмдүүлүгү иштеп жатканынан кабар берерин" айтты.

Ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич чечимге таң калбаганын жашырган жок:

- Мен бир гана Сербиянын жарандарына эмес, аймактагылардын көбүнө айткым келет: бүгүн кубанчу да, кайгырчу да күнү эмес. Бүгүн биз баарыбыз өзүбүзгө кандай келечек керек экенин ойлоно турган күн болду деп ойлойм.

Сербиянын президенти Александр Вучич.
Сербиянын президенти Александр Вучич.

Тагылып жаткан айыптардын оордугун эске алганда Младичтин иши Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогон Нюренберг процессинен кийинки эң ири сот жараяны болуп калды.

Прокурорлордун айтымында, Младичтин кол астындагы аскерлер БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы голландиялык контингентти сүрүп чыгарып, айылга кирип барышкан. Андан кийин Улуттар Уюму тарабынан коопсуз тилке деп жарыяланган Сребреницадагы абышка-кемпирлерди, аялдарды жана балдарды автобустарга, жүк ташыган машинелерге отургузуп, босниялыктардын карамагындагы чөлкөмгө жөнөтүшкөн. Эркектер менен өспүрүмдөрдү шаар четиндеги жерге алып барып, атып өлтүрүшкөн жана чогуусу менен көмүп салышкан.

Бул кыргын 2007-жылы трибунал тарабынан геноцид деп таанылган. Прокурорлордун айтымында Младич, Босниядагы сербдердин согуш маалындагы лидери Радован Каражич жана мурдагы Югославиянын согуш учурундагы президенти Слободан Милошевич Боснияны серб эместерден тазалап, Югославиядан "Улуу Сербияны" бөлүп чыгууну көздөшкөн.

Трибунал Младичке каршы айыптоолорду 1995-жылы таккан, бирок ал Сербияда жашырынып, Белград аны 2011-жылдын май айында гана кармап, трибуналга өткөрүп берген. Сот жараяны 2012-жылы башталган.

2016-жылы Гаага трибуналы Радован Каражичке Младичтикиндей эле айыптарды тагып, анын ичинде геноцид боюнча күнөөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен. Ал трибуналдын өкүмүн апелляцияга берген.

Ал эми Слободан Милошевич 2006-жылы эл аралык трибуналдын түрмөсүндө көз жумуп, ага өкүм чыкпай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG