Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Издөөдөгү Младич Сербияда кармалды

1995-жылкы Сребреница кыргынында аман калган босниялык мусулман айым Сабахета Фейзич мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младичтин кармалганы тууралуу кабарды сыналгыдан көрүүдө. 2011-жылдын 26-майы.

Босниядагы согуш кылмыштары үчүн шектелип, узактан бери издөөдө жүргөн Ратко Младич Сербияда кармалды. Ал 16 жылдан ашуун БУУнун трибуналынан изин жашырып жүргөн.

Сербиянын президенти Борис Тадич согуш кылмыштары үчүн шектелип, издөөдө жарыяланган мурдагы босниялык аскер коммандири Ратко Младич 16 жылдан ашуун жашырынып жүрүп, бейшембиде Сербияда кармалганын тастыктады:

Серб президенти Тадич: Ратко Младич кармалды

x
Серб президенти Тадич: Ратко Младич кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Түз линк

- Сербия Жумуриятынын атынан мен бүгүн Ратко Младичти камакка алганыбыз тууралуу жарыялайм. Аны экстрадиция кылуу иштери жүрүүдө.

Бул – Сербиянын Гаага трибуналы менен толук кызматташуусунун мөмөсү болду.

Биз дайыма стратегиябызга жана бул жүрүм менен алектенгендердин иш-аракетине ишенип келдик. Бүгүн биз жакынкы тарыхыбыздын бир бабын жаптык, бул – бизди аймактагы толук элдешүүгө жакындатчу дагы бир кадам болду.

Менин ишенимимде, башка өлкөлөрдүн баары тең өздөрүнүн тарыхый бабын жабуу үчүн жоопкерчиликтүү мамилесин көрсөтүшү керек. Бардык кылмыштар толук иликтенүүгө тийиш. Бардык согуш кылмышкерлери адилет жазасын алууга тийиш.

Младичтин кармалышын мурдагы Югославия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун согуш кылмыштары боюнча трибуналынын прокурору Серги Браммерц расмий Белграддын өзүнө алган «эл аралык милдеттемелеринин бирин аткаргандыгы» катары баалады.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча коммисары Кэтрин Эштон айым бейшембиде (26-майда) Сербияга иш сапар менен келди.

- Мен Белградда туруп, президент Тадичти, серб бийликтерин Младич мырзанын кармалышы менен куттуктадым. Младич мырзаны сотко тартуу боюнча аракеттерди президент Тадич менен талкууладык. Биз бүгүн анын натыйжасын көрдүк», - деген Эштон айым бул окуя аркылуу «Сербия үчүн жана улуттар аралык адилеттик үчүн маанилүү кадам» жасалганын белгиледи.

Согуш кылмыштары үчүн айыпталган Ратко Младич Сербиянын Европа биримдигине кирүү жараянындагы бирден-бир бөгөт болуп келген.

Буга чейин расмий Брүссел Сербияны Европа Биримдигине талапкер өлкө катары каттоодон баш тартып, Белградга бир катар эл аралык милдеттемелерди жүктөгөн.

Президент Тадич мурдагы колбашчы Младич кармалгандан кийин дагы Белград Бириккен Улуттар Уюмунун трибуналы менен кызматташууну улантып, согуш кылмыштарын жүзөгө ашырды деп шектелген Младичтин жан-жөкөрлөрүн кармоо аракети жүрө берерин айтты.

Сербиянын ички иштер министри кармалган мурдагы босниялык серб колбашчы Младич «Милорад Комадич» деген ат менен өлкөдө жашырынып байырлап жүргөнүн билдирди.

Младичтин өлкөдө 16 жылдай из жашырып жүргөнүнө серб өкмөт мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жоктугу дагы иликтенмекчи.

Президент Тадич издөөдөгү мурдагы жикчил лидерлердин бири - «Сербиялык Краина» жумуриятын түзүп, өзүн президент атап алган Горан Хажичти өз ыктыяры менен келип колго түшүп берүүгө чакырды.

Согуш кылмышкери катары издөөдө жүргөн Ратко Младич кармалды

x

Согуш кылмышкери катары издөөдө жүргөн Ратко Младич кармалды

1993-жылдын 5-августунда Ратко Младич  Пале шаарында босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен. - 1993-жылдын 5-августунда мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич  Пале шаарында босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда.
1/10 1993-жылдын 5-августунда Ратко Младич Пале шаарында босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен. - 1993-жылдын 5-августунда мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич Пале шаарында босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Ратко Младич ошол кездеги босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда.  - Ратко Младич ошол кездеги босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда. 1995-жылдын апрели.
2/10 Ратко Младич ошол кездеги босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда. - Ратко Младич ошол кездеги босниялык серб жетекчиси Радован Каражич менен баарлашууда. 1995-жылдын апрели.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Ратко Младич бир тараптуу жарыяланган Босниялык Серб Жумуриятынын Пале шаарындагы парламентинде.  - Ратко Младич бир тараптуу жарыяланган Босниялык Серб Жумуриятынын Пале шаарындагы парламентинин отурумунда. 1995-жылдын ноябры.
3/10 Ратко Младич бир тараптуу жарыяланган Босниялык Серб Жумуриятынын Пале шаарындагы парламентинде. - Ратко Младич бир тараптуу жарыяланган Босниялык Серб Жумуриятынын Пале шаарындагы парламентинин отурумунда. 1995-жылдын ноябры.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Ратко Младич аскердик "Drina Wolfe" деген жаңы бирдикти кабыл алууда.  - Ратко Младич аскердик "Drina Wolfe" деген жаңы кошуунду кабыл алууда. Власеница жергеси. 1995-жылдын 2-декабры. Сараевонун түндүк-чыгышы.
4/10 Ратко Младич аскердик "Drina Wolfe" деген жаңы бирдикти кабыл алууда. - Ратко Младич аскердик "Drina Wolfe" деген жаңы кошуунду кабыл алууда. Власеница жергеси. 1995-жылдын 2-декабры. Сараевонун түндүк-чыгышы.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Младич менен Каражич. - Ратко Младич менен Радован Каражич Власич тоолорунда. 1995-жыл.
5/10 Младич менен Каражич. - Ратко Младич менен Радован Каражич Власич тоолорунда. 1995-жыл.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
1995-жылдагы кыргындан калган сөөктөрдү чогултуу.  - 1995-жылдагы Сребреницадагы кыргындан калган сөөктөрдү чогултуу. Босниядагы Високо шаарынын өлүкканасы. 2010-жылдын июлу (теке айы).
6/10 1995-жылдагы кыргындан калган сөөктөрдү чогултуу. - 1995-жылдагы Сребреницадагы кыргындан калган сөөктөрдү чогултуу. Босниядагы Високо шаарынын өлүкканасы. 2010-жылдын июлу (теке айы).
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Ратко Младич менен жубайы Босилка Младич чогуу түшкөн сүрөт. - Ратко Младич менен жубайы Босилка Младич (Босиљка Младић) чогуу түшкөнү жоромолдонгон бул сүрөт 2009-жылы тартылган видео тасмадан алынган. Босилка Младич быйыл апрелде өз күйөөсүн "кайтыш болду" деп айткан болчу.
7/10 Ратко Младич менен жубайы Босилка Младич чогуу түшкөн сүрөт. - Ратко Младич менен жубайы Босилка Младич (Босиљка Младић) чогуу түшкөнү жоромолдонгон бул сүрөт 2009-жылы тартылган видео тасмадан алынган. Босилка Младич быйыл апрелде өз күйөөсүн "кайтыш болду" деп айткан болчу.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
2009-жылдагы сыналгы берүүсүндө Младичке окшош киши бир айым менен бийлеп жатканы чагылдырылган. - 2009-жылдагы сыналгы берүүсүндө Ратко Младичке окшош киши бир аты белгисиз айым менен бийлеп жатканы көрсөтүлгөн.
8/10 2009-жылдагы сыналгы берүүсүндө Младичке окшош киши бир айым менен бийлеп жатканы чагылдырылган. - 2009-жылдагы сыналгы берүүсүндө Ратко Младичке окшош киши бир аты белгисиз айым менен бийлеп жатканы көрсөтүлгөн.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Младичтин колдоочусу анын сүрөтүн өбүүдө. - Сербиянын ордосу Белград шаарында Ратко Младичтин тарапкери болгон аял Младичти жактаган демонстрация маалында анын сүрөтүн өбүүдө. 2008-жылдын 6-майы.
9/10 Младичтин колдоочусу анын сүрөтүн өбүүдө. - Сербиянын ордосу Белград шаарында Ратко Младичтин тарапкери болгон аял Младичти жактаган демонстрация маалында анын сүрөтүн өбүүдө. 2008-жылдын 6-майы.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Младичтин туулган күнүн белгилөө. - Ратко Младич 1943-жылы 12-мартта мурдагы Югославиянын Божановичи (Божановићи) кыштагында туулган.  2011-жылы мартта Младичти жактаган улутчулдар анын туулган күнүн белгилешти. Мында эки серб айымы Ратко Младичтин сүрөтүн өбүүдө.
10/10 Младичтин туулган күнүн белгилөө. - Ратко Младич 1943-жылы 12-мартта мурдагы Югославиянын Божановичи (Божановићи) кыштагында туулган. 2011-жылы мартта Младичти жактаган улутчулдар анын туулган күнүн белгилешти. Мында эки серб айымы Ратко Младичтин сүрөтүн өбүүдө.
БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы издөө жарыялаган мурдагы босниялык серб колбашчысы Ратко Младич 26-майда Сербияда камакка алынды. 26.5.2011.  ЭЕ/АҮ.
Артка
Алдыга
68 жаштагы Младич Босниядагы серб күчтөрүнүн бир кездеги кол башчысы болгон.

Ал мурдагы Югославия боюнча эл аралык согуш трибуналы тарабынан 1995-жылкы тукум курут (геноцид) саясаты, согуш кылмыштары, анын ичинде 12 миң киши өлтүрүлгөн Сараеводогу камалоо (блокада), 7 миң мусулман эркек жок кылынган Сребреница кыргыны, жалпы эле Босниядагы «улуттук тазалоо» саясаты үчүн шектүү деп табылган.

Бул кыргындар Европа аймагында тээ Экинчи дүйнөлүк уруштан кийинки доордогу адамзатка каршы эң ири өлчөмдөгү кылмыш деп таанылган.

Эми Ратко Младич Эл аралык сотко өткөрүлүп берилсе, анын соту мурдагы Югославия президенти, маркум Слободан Милошевич менен 2008-жылы колго түшүп, учурда иши Гаагада каралып жаткан Радован Каражичтин иштеринен кийинки эң ири соттук териштирүү болот.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG