Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи тергөө абагына отургузулду


Хашим Тачи.
Хашим Тачи.

Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи аскердик кылмыштар боюнча сот жараянына катышуу үчүн кызматын тапшырып бергенден кийин Нидерланддагы тергөө изоляторуна которулду.

1990-жылдарда Сербиядан көз каранды эмес өлкө болуш үчүн жүргөн согуштагы лидер Тачи менен кошо Косовонун Боштондук армиясынын мурдагы эки мүчөсү да Гаага шаарындагы изоляторго отургузулду.

Тачи ага аскердик жана адамзатка каршы кылмыш жасаган деген расмий айып коюлганын 5-ноябрда билдирген. Прокуратура кылмышка шектүүлөр «100дөй кишини өлтүрүү» жана «адамдардын дайынсыз жоголуп, кыйноого жана куугунтукка кабылганы» үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш деп билдирген. Айып быйыл жайында коюлган, бирок айыпталуучулар ага макул эмес экенин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG