Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Косово менен Сербия «тарыхый келишимге» кол койгону жарыяланды


Косовонун премьер-министри Абдулла Хоти (оңдо), АКШ президенти Дональд Трамп (ортодо) жана Сербиянын президенти Александр Вучич Вашингтондо келишимге кол коюп жатышат. 4-сентябрь, 2020-жыл.
Косовонун премьер-министри Абдулла Хоти (оңдо), АКШ президенти Дональд Трамп (ортодо) жана Сербиянын президенти Александр Вучич Вашингтондо келишимге кол коюп жатышат. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Сербия жана Косово Республикасынын расмий өкүлдөрү 4-сентябрда Вашингтондогу жолугушууда экономикалык мамилелерди турукташтыруу боюнча келишимге жетишти.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 4-сентябрда Сербия лидери Александр Вучич жана Косовонун премьер-министри Абдулла Хоти менен кездешүүдө билдирди.

Келишимде Сербиянын Косовонун көз карандысыздыгын таанышы, тараптардын ортосундагы саясий макулдашуу жөнүндө сөз жок. Вучич келишим түздөн-түз Косово менен эмес, АКШнын ортомчулугу аркылуу түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, документ Косовону эл аралык укук субъектиси катары тааныбайт.

Косовонун премьер-министри келишим өз ара таанууга алып барышы керек деген оюн айтты.

Мындан тышкары Косово Израилди таанып, аны менен дипломатиялык алака түзө турганы айтылды.

АКШ алгач июнда Косовонун президенти Хашим Тачи менен Сербия президенти Вучичтин жолугушуусун пландаган. Тачи Эл аралык кылмыш соту тарабынан аскердик кылмыштарга айыпталганы үчүн жолугушууга келүүдөн баш тарткан.

Брюссел, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү жана АКШ Косово менен Сербияны эки эгемен мамлекет деп эсептейт.

Косово 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Белград жана Москва аны тааныбай келатышат.

Июндун этегинде Гаагадагы сот Косовонун президенти Хашим Тачиге согуш кылмыштары үчүн айып койгондон кийин премьер Хоти Вучич менен сүйлөшүүлөргө катышпай, Вашингтондон шашылыш кеткен.

Тачи 1998-99-жылкы согуштагы кылмыштарга аралашпаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG