Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Косово парламентинин мурдагы төрагасы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Косовонун парламентинин мурдагы төрагасы Якуп Красничи кармалып, Гаагадагы тергөө изоляторуна камалды. Бул тууралуу 4-ноябрда Косовонун Атайын прокуратурасы билдирди.

Мекеме Красничи аскердик кылмыштарга тиешеси бар деп шек саналып жатканын, аны кармоодо косоволук полицияга функционалдык жана материалдык-техникалык жардамды Европа Биримдигинин мыйзам үстөмдүгү боюнча миссиясынын кызматкерлери көрсөткөнүн айтууда.

Красничи Косовонун Боштондук армиясынын басма сөз катчысы болуп, кийин өлкө өзүн республика деп жарыялагандан кийин парламент төрагалыгына келген. 2011-жылы президенттин да милдетин аткарып турган. Ал буга чейин 2019-жылдын июль айында суракка алынган.

1998-1999-жылдары Косово Сербиядан бөлүнүп чыгыш үчүн күрөшкөн. Эки жылга созулган согуш НАТОнун аскерлери кийлигишкенден кийин токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG