Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Косово менен Сербиянын лидерлери сентябрда Вашингтондо жолугушат


Авдулла Хоти (солдо) жана Александр Вучич.
Авдулла Хоти (солдо) жана Александр Вучич.

Вашингтондун Сербия жана Косово сүйлөшүүлөрү боюнча атайын чабарманы эки өлкөнүн лидерлери эмки айда Ак үйдө жолугушууга макул болушканын билдирди. Бул тууралуу Ричард Гренелл 14-августта «Твиттерге» жазды. Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти жана серб президенти Александр Вучич 2-сентябрда кездешерин өз-өзүнчө бышыкташты.

Ошол эле учурда серб лидери Гренелл колдонгон «сүйлөшүүлөр» деген сөз туура эмес экенин, Белград башка мамлекеттин өкүлдөрү эмес, каршы тарап менен кездешерин белгиледи.

Бирок Брюссел, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү жана АКШ Косово менен Сербияны эки эгемен мамлекет деп эсептейт.

Косово 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Белград жана Москва аны тааныбай келатышат.

Июндун этегинде Гаагадагы сот Косовонун президенти Хашим Тачиге согуш кылмыштары үчүн айып койгондон кийин премьер Хоти Вучич менен сүйлөшүүлөргө катышпай, Вашингтондон шашылыш кеткен.

Тачи 1998-99-жылкы согуштагы кылмыштарга аралашпаганын айтууда.

XS
SM
MD
LG