Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Июнь коогасы кайра иликтенмей болду


Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 11-июну. (Фото архивден)
Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 11-июну. (Фото архивден)

Президент Садыр Жапаров УКМКга 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырды. Эл аралык, мамлекеттик, депутаттык комиссиялар буга чейин иликтеп, жыйынтык чыгарган 11 жыл мурунку коогалаңды кайра кароого эмне себеп болууда? Мамлекет башчынын бул чечими коомчулукта талкуу жаратты.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Ош жана Жалал-Абаддагы кооганы кайра иликтеп чыгууну атайын кызматка тапшырганы 2–апрелде белгилүү болду. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова буларды айтты:

«Президент 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза таап, адамдар жарадар болуп, жабыркаган кайгылуу июнь окуяларын иликтөөнү УКМКга тапшырды. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу толук маалымат берүү жана мыйзамдуулукту сактоо тапшырмасы берилди».

“Кылым шамы” коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова президенттин июнь коогасын иликтөө боюнча тапшырмасын колдойт.

Укук коргоочунун айтымында, июнь коогасын иликтеген мамлекеттик жана депутаттык комиссиялар бир тараптуу иш жүргүзүп, кимдер тарабынан курал колдонулду, каза болгондордун улуту боюнча тизмеси, укук коргоо органдарынан курал-жарактар кайсыл улут тарабынан тартылып алынды, кайсы бийлик өкүлдөрү жоопкер, деген суроолорго жооп берилбей калган.

“Садыр иним да, Камчы иним да эгерде ушуну ийне-жибине чейин изилдей алганга кудурети, кубаты жетсе гана баштасын, болбосо токтотуп койсун. Себеби - бул өтө терең окуя. Бул жерде аябай чоң тарыхый маселелер бар, чоң саясий оюндар бар. Азыр ойлонуп көрсүн, ойлонгонго убактылары бар. Болбосо токтотуп койсун. Өзүм түштүктүн кызымын, эл эми бири-бирине жакындашып, бири-биринен кыз алып, кыз беришип тойлордо чогуу болуп жатышат. Элдин жарасын улам-улам козгой беришпесин”.

2010-жылы июнь окуясында Жалал-Абадда болгон журналист, эксперт Абдымомун Мамараимовго президенттин тапшырмасы күтүүсүз болду. Ал июнь окуясы боюнча буга чейин соттор тарабынан чыккан адилетсиз чечимдер көп болгонун, ошол себептен улам жаңы иликтөө жасалса ал чын эле акыйкатты орнотуу максатындабы же башка бир башка себептери барбы, деген суроо салат:

«Азыркы учурда бийлик ордуна келип, системалуу иштей баштаганга чейин (бул темага) кайрылбай турган оң болот эле. Негизи ошол маселени карап, ар бир ишти иликтеп, тактап, адилеттүү чечимдер кабыл алыныш керек деп эсептейм. Экинчи жагынан (президенттин) материалдарды иликтеп чыгууну тапшырганы биз айтып аткандай, биз ойлоп аткандай натыйжа береби же жокпу - аны убакыт көрсөтөт».

Июнь окуясы 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликте турганда болгон. Ошол себептен Ош окуясын бийлигин жоготуп, Беларустан баш паанек тапкан бакиевчил реваншист күчтөр уюштурду деген да көз караштар бар. Ошол эле кезде Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга чет мамлекеттеги үчүнчү күчтөр, жикчилдер жана маңзат соодасын көзөмөлдөгүсү келген криминалдык топтор ишке ашырган деген пикирлер да болуп келатат.

Коогадан кийин өткөн парламенттик шайлоодо Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер жетектеген “Ата-Журт” партиясы бийликчил партияларды утуп, Жогорку Кеңешке келген. “Ата-Журттун” жеңиши июнь окуясынан кийинки маанай менен мүнөздөлгөн.

Ошол жолку шайлоодо "Ата-Журт" партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Жылдызкан Жолдошева июнь окуясын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Жылдызкан Жолдошева 2010-2011-жылдары укук коргоо органдарын Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жетектеп тургандыктан, калыс юридикалык баа берилбей калган деген пикирде:

“Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутаттык комиссия түзүлгөн, бирок биз юридикалык баа бере алган эмеспиз. Биз колубузда бар документтер менен гана иш алып барганбыз. Ал кезде укук коргоо органдарын Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көзөмөлдөп, жетектеп турган. Азыркы учурда эл талап кылып жатат. Шайлоо учурунда да эл Садыр Жапаровдон июнь окуясына юридикалык баа бергиле деп катуу талап кылган. Ушуну эске алып Садыр Жапаров тапшырма берсе керек”.

Июнь окуясы тушунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган (2010-2011) Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы июнь окуясы толук иликтенген деп эсептейт:

“Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча ошол кездеги атайын өкүлү Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия иликтеген. Андан кийин Абдыганы Эркебаев баштаган мамлекеттик, Токон Мамытов төрагалык кылган депутаттык комиссия иликтеген. Мындан тышкары Башкы прокуратура да текшерди. Анын жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңеште, соттордо, эл аралык деңгээлде каралып, жооптору берилген. Текшерүү жетиштүү эле болгон. Эми азыркы бийлик кайра текшеребиз десе текшерсин. Жаңы бир нерсе табаарына көзүм жетпейт”.

Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:31 0:00

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп турган Исмаил Исаков июнь окуяларынын кайра иликтениши боюнча пикирин кийинчерээк билдирерин айтты.

Июнь окуясын иликтөө менен азыркы бийлик Убактылуу өкмөттү жаманатты кылууга жана жоопкерчилигин козгоого аракет кылууда деген көз караш да болууда. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буларга токтолду:

«Бул июнь окуясын он бир жылдан кийин кайра иликтеп чыгуу деген тарыхтын талабы эмес, бул Минскинин талабы болуп жатат, дегенге толук кошулам. Июнь окуясына кайрадан кайрылып келүү же болбосо ага көңүл буруу, бүгүнкү болуп жаткан саясий кырдаалды башка нукка буруу аракети катары кабыл алам. Мунун убактысын да карагыла, 7-апрелдин алдында ушундай тапшырма берип жатат».

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова (КСДП) он бир жыл мурунку коогалаңды кайрадан иликтөө кимдин сунушу жана талабы менен болуп жатат болду экен деген суроону коёт:

«Июнь окуялары иликтенип, анын жыйынтыгы да чыгып бүткөн. Июнь окуяларын кайра иликтегенде кайра акыйкаттык болобу-болбойбу мен билбейм. Кандай максатта иликтенип жатат, кимдин сунушу, кимдин талабы менен? Бул жөнүндө жагдайды жакшы билбейбиз. Бир максат болбосо андай комиссия түзүп, иликтөөнүн зарылдыгы жок да. Кандайдыр бир өздөрүнүн максаты бар окшойт ошол комиссия менен жыйынтыктаганга».

2010-жылкы июнь окуясына биринчи баа коогалаңдан бир жылдан кийин бериле баштаган. Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Тыянакта комиссия айрым жагдайларды адамзатка каршы кылмыш, деп баалаган.

Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок, өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Ошол кезде бул баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болбой, Кильюненди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган.

Ошол эле 2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жасап, куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду, деген корутунду чыгарган.

Абдыганы Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия мындан сырткары окуянын алдын албаганы үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн. Кийин Токон Мамытов жетектеген Жогорку Кеңештеги комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, окуянын чыгышына Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдуллаева сыяктуу сепаратисттик саясатчылардын аракеттери себепчи болгон, деп тапкан. Депутаттар ошондой эле кооганын башталышына уюшкан кылмыштуу топтордун, наркобизнестин да салымы бар, деп жыйынтык чыгарган. Бирок, комиссия мүчөлөрү бири-бири менен макул болбой, үч бүтүм жарыялашкан.

Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек.

Коогалаң учурунда укук коргоо органдарына жана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү 1058 ок атуучу куралдар, жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары 6 чопкутталган аскер техникасы мамлекеттик органдардан тартылып алынып, кийин кайра кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары күч органдарына өткөрүлүп берилген.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52синин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп берилип, 55 аскер адамына айып коюлду. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.

Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG